Category Элдик жасалга өнөр

Кыргыз оюмдарында көп сырлар жатат


Улуттук атрибуттарыбыздын бири болгон кыргыз оюмдарынын ар бири өзүнчө сөз кылууга татыйт. Ар биринде табиятка жакын, көчмөн рухтуу ата-бабаларыбыздын ой-санаалары,кыял чабыттары, жашоо тиричилиги камтылып тургансыйт. Тилекке каршы алардын сырын биз — кийинки муундар жакшы билбей калдык. Ошондой болсо дагы кыргыз деген улуу журттун тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын окуп, изилдеп, эң сонун чечмелеп берчү таберик дүйнө күткөн […]

“Дербиштер”


Гүлжан ИРЕШ – дизайнер. Ал “Жибекчиликти жана жибек токуучулукту өнүктүрүү” коомдук уюмунун директору жана “Саймалуу-Таш” көркөм галереясынын арт-директору. Улуттук баалуулуктарыбызды, салттык маданиятыбызды сактайлы деп далалат кылган Гүлжан айым чебер саймачы, жибек изилдөөчү катары коомчулукка таанымал. Учурда анын “Дербиштер” аттуу жаралган жаңы коллекциясы көпчүлүктүн көөнүн кызыктырууда. Бүгүнкү сөз учугу мына ушул “Дербиштердин” тегерегинде болду. – Гүлжан […]

Кытай кийизинен жасалган калпак каптап кетти


Ак калпак Ала-Тоону символдоштурган мырзалардын баш кийими. Өтө чеберчилик менен жасалган баш кийим улуктардын бири катары улагада эмес, төрдө илинип турган. Элибиздин эзелтеден жамандык-жакшылык күндөрү ак калпагын башынан түшүрбөй, «ак калпактай бийик болгула» деген улуулугун даңазалаган эчендеген ураандар эл оозунан түшпөйт. «Бабабыз кийген ак калпак,/Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат. Кыргыз […]

Кымыз идиштерин ийге келтирген Кайырбек ага


Бөкөнбаев айылынын тургуну Токтосунов Кайырбек кымыз идиштерди жасагандан тышкары, жыгачтан эмне жасалса, баарын жасайт. Ага бул өнөр тукумунан берилген. Тагыраак айтканда, чоң атасы Токтосун чоң уста болуп, баласына үйрөткөн. А баласы Асаналы өзүнүн баласы Кайырбекке… Азыр болсо Кайырбек ага балдарына үйрөтүп бүтүп, небере-чөбөрөлөрүнө өткөн. Өзүнүн 6 баласы бар. Үч кыз, үч эркек. Үч уулуна эмне […]

Өчпөгөн өнөр


Элибиз эгемендүүлүккө жетип, мамлекетибиз өз алдынча көз карандысыз өнүгүү жолуна түшкөнүнө быйыл жыйырма бир жыл болду. Элибиздин башынан бул жылдары көп эле окуялар өттү. Кыйынчылыктар болду, анткени эгемендүүлүк менен ээрчишип жашоо-турмушубузга кирип келген базар экономикасы элибизди ары-бери чайкап, жакшы эле майыштырды. Бирок, канткен менен уюткулуу журт экенбиз, алды-артыбызга карап, тырмалап оокат кылганга, изденгенге көндүк. “Кыбыраган […]

Кийиз дүйнө


Ак калпакчан ат минген, Кыргызымды сагындым. Ай тийсе тоодо жашынган, Жылдызымды сагындым. Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым… Сагыныптырбыз. Будуң- чаң түшкөн күлала турмуштун агымында азып, тозуп, ала салып бараткан улуу кичүүнүн Улуу кусасы ушул жолу даана байкалды. “Боз үйдүн тою” Тоңдун Кызыл-Туусунда болот экен” дегенде айыл эмес, аймак бүт көтөрүлдү. Көчмөндухтун касиети, […]

Байыркыга бөлөнгөн үч күн


“Айылдын байыркы адамдары башкача эле, жүздөрүндө азыркыдай алкынуу, көздөрүндө жуткунуу жок эле…” деп далай укканым бар. Чын эле, тээ байыркы, илгеркини эмес эле 1930-40-жылдардагы эле сүрөттөрдү алып карап көргүлөчү, андагы ата-энелерибиздин, чоң ата, чоң энелерибиздин сүрөттөрдөгү отурушунан, жүздөрүнөн эле токтоолугун, эмгекчилдигин, нарктуулугун, адептүүлүгүн, мээримин көрө алабыз. Муну эстегенимдин себеби, Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы фестивалга барып […]

Кыз-жигитке жарашкан кийимдер, кереметтүү оюулар


Жакында борбордо улуттук баалуулуктарга, кийимдерге кызыккандар үчүн улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Улуттук кийимдерди бир нече жылдан бери изилдеп, элдин табитине ылайыкташтырып ар бир жарандын чөнтөгүнө ченеп эмгектенген Динара ИБРАИМОВАны кепке тарттык. – Кичинемде кийиз жасап, шырдак шырып, жүн тытып, сайма сайып апама жардам берип чоңойдум. Мектепти аяктагандан кийин экономисттин окуусун бүтүргөм. Ошол кезде мамлекет […]

Далай Лама суктанган оймолор


Бурул ЖАКЕЕВА кесиби боюнча – физик. Оюу өнөрү менен көптөн бери алектенет. Көптөгөн чет өлкөлөргө барып, көргөзмөлөргө катышкан. Мындан тышкары ыр жазат, обон чыгарат. Комузда кол ойнотот. – Бурул, сиз эл арасында оймочу катары белгилүү болуп калдыңыз. Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев сизди оюу өнөрүнүн ренессансын баштаган дептир. Оймочулуктун мааниси тууралуу айтып берсеңиз. – Илгертен […]

Татьяна Воротникова: “Менин негизги багытым – Кыргыздын кийимин дүйнөгө таанытуу”


Татьяна Воротникова деген ысымды уктуңуз беле? Бүгүн мен дал ушул айым менен баарлашып, анын аты орус улутуна таандык болгону менен жүрөгү кыргыз деп согоруна ынандым. Алдыдагы анча чоң эмес макалага көз салсаңыз, сиздин көкүрөктө да ушундай бир тамчы жылуулук жараларына ишенем.

Бешик түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу


Наристе-эне… Бул экөөнүнүн ортосундагы сезимдин, энелик мээримдин байланышын жүргүзүп турган баалуу нерселердин бири – бешик. Албетте бешик карт тарыхка ээ баалуулук катары түрк тилдүү элдердин арасында бүгүнкү күнгө чейин өз маанилүүлүгүн жана уникалдуулугун сактап келе жатат…

Ак калпак – Ала-Тоонун символу


Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жайлуу, жеңил баш кийим. Бирок калпактын түзүлүшү, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат. Ошол маанилер эл ичинде кандайча чечмеленет? Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын […]

Мухамбетали Абдырахман уулу : “Лиондон” кийингим келчү. Анан турмуш ушул өнөргө түрткү кылды”


Кыргызда колунан көөрү төгүлгөн мыкты усталар, кол өнөрчүлөр, тигүүчүлөр көп. Бүгүн мен, мына ушундай мыкты өнөргө ээ, “элим үчүн дайыма кызмат кылам” деген мекенчил мырзанын үйүнө конокко келдим. Мага анын таза кайыштан бут кийим жасап, ага кыргыздын оюларын түшүргөнү абдан таӊ калычтуу болду. Анда эмесе, Абдырахман уулу Мухамбеталинин өзү менен болгон маекке назар салыӊыздар.

Кыргыздын эски чапанынын жаӊы жашоосу


14-апрель күнү Бишкек шаарындагы Менеджмент жана дизайн университетинде «Уз» студиясынын заманбап түспөлүндөгү чапандар коллекциясынын ачылышы болду. Колдон суурулуп, көздөн учуп кеткен көп баалуулуктарыбыздын бири – шырылган сымбаттуу чапандарыбыз кайрадан жаӊы жашоо алып, ушул күнү ачылыш салтанатына келген адамдардын баарын ар бир чапандын жаӊыча өзгөчөлүгү, колго сайылган саймалары, ыӊгайлуу белдемчи жана куржундары суктандырып, сүйүнтүп турду. Эмесе, […]

Расия Жуманазарова: Кыргыз улуттук буюм-тайымдарына кызыгуу күчтүү


Ташкентте өтүп жаткан “Bazar-Art. Spring 2012” традициялык көргөзмө-жарманкеге катышып жаткан өзбекстандык жергиликтүү кыргыздардын өкүлү, ишкер жана дизайнер Расия Жуманазаровага «Кабар» агенттигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Төлөнбай Курбанов кээ бир суроолор менен кайрылды.

Асылбек Содоков, кол өнөрчү: “Падышанын үйүнө барбасак да, буюмдарыбыз барат”


Акыркы жылдары улуттук колориттеги кооздук буюмдарга болгон суроо-талап күчтүү болгондуктан, Бишкектеги атайы дүкөндөрдөн, “Кыял” соода бирикмесинен, “Айчүрөк” дүр-дүйүм дүкөнүнөн жана башка жерлерден ар кандай каражаттардан жасалган ар түрдүү буюмдарды сатып алса болот. Буга чейин биз гезит бетинен далай кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин тааныштырып келгенбиз. Ал эми бүгүн, кол өнөрчү, С.Чокморов атындагы көркөм окуу жайды окуп бүтүргөн […]

Бешик байыртадан келген таберик


Мезгил өткөн сайын адамзаттын жашоого болгон көз карашы да өзгөрүп келет, аны менен бирге күнүмдүк жашоодо колдонуучу буюмдар да замандын талабына жараша өзгөрүүдө. Ал эми кээ бир буюмдарды кылымдар бою пайдаланып келебиз. Алардын бири касиеттүү Умай энеден калган таберик – бешик. КӨЧМӨН ТУРМУШКА ШАРТТАЛГАН Ата-бабаларыбыз көчмөн калк болгондуктан, бешик биринчи ирет көчмөн турмуш үчүн шартталган. […]

Калпак


Кыргыз калпагына 5000 жыл «Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси иштеп чыккан кыргыз калпагынын 80 жаңы үлгүсү “Кыргыз калпагы” (Дело№ гезитиндеги макала) 

Кийиз өнөрү эл аралык фестивалда өз кереметин ачат


Айдай Асангулова, текстиль боюнча дизайнер, «Бүкѳн арт» студиясынын жетекчиси, кол ѳнѳрчүлүк боюнча бир катар эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү кѳргѳзмѳлѳрдүн жеңүүчүсү Учурда «Кийиз дүйнѳ» фестивалын ѳткѳрүү боюнча уюштуруу иштерин кызуу алып барып жаткан Айдай Асангулова менен бул долбоор туурасында элге тааныштыруу маегин куруп берүүнү туура таптык. Себеби, биз оюбузча, ар бир кыргыз айылы ѳнүгүүнүн бир […]

Кийиз өнөрү эл аралык фестивалда өз кереметин ачат


Айдай Асангулова, текстиль боюнча дизайнер, «Бүкѳн арт» студиясынын жетекчиси, кол ѳнѳрчүлүк боюнча бир катар эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү кѳргѳзмѳлѳрдүн жеңүүчүсү Учурда «Кийиз дүйнѳ» фестивалын ѳткѳрүү боюнча уюштуруу иштерин кызуу алып барып жаткан Айдай Асангулова менен бул долбоор туурасында элге тааныштыруу маегин куруп берүүнү туура таптык. Себеби, биз оюбузча, ар бир кыргыз айылы ѳнүгүүнүн бир […]

Канат ЖАПАРОВ, оймочу: «Ар бир эр азамат кемер кур тагынууга тийиш»


Өзгөчө касиет-шыгы бар Канат ЖАПАРОВ адам мүнөзүн, тагдырын, багыт-жолун кагазга оюу менен түшүрүп аныктагандыгы аркылуу коомчулукка таанылган. Бүгүнкү күнү ал кыргызстандагы мыкты зергер уста жана дизайнер-модельер менен биргеликте кыргыз кийими, кыргыз зер буюмдары жана кемер курлар боюнча долбоордун үстүндө иштөөдө. Булардын ичинен биз бүгүн кемер кур тууралуу сөз кылдык.   максаты – кыргыздын кемер курун изилдеп […]

Канат ЖАПАРОВ, оймочу: «Ар бир эр азамат кемер кур тагынууга тийиш»


Өзгөчө касиет-шыгы бар Канат ЖАПАРОВ адам мүнөзүн, тагдырын, багыт-жолун кагазга оюу менен түшүрүп аныктагандыгы аркылуу коомчулукка таанылган. Бүгүнкү күнү ал кыргызстандагы мыкты зергер уста жана дизайнер-модельер менен биргеликте кыргыз кийими, кыргыз зер буюмдары жана кемер курлар боюнча долбоордун үстүндө иштөөдө. Булардын ичинен биз бүгүн кемер кур тууралуу сөз кылдык.   максаты – кыргыздын кемер курун изилдеп […]

Кыргыз жибеги


Дизайнер, «Жибекчиликти жана жибек токуучулукту ѳнүктүрүү» коомдук уюмунун директору, «Саймалуу-Таш» кѳркѳм галереясынын арт-директору Гүлжан ИРЕШ менен маек. Кыргыздын мурасталган керемет өнөрлөрүн аяр сактап, дилин салып улантып келаткан жаштар жүрөк жылытып, элинин баалуулугун башкаларга таанытып келатканы ыраазылыкка гана эмес, терең таазимге да татыктуу. Ошондой жаштарыбыздын бири – Гүлжан Иреш. Эмесе, нукура кыргыз жибегин кол менен согуп […]

Кыргыз жибеги


Дизайнер, «Жибекчиликти жана жибек токуучулукту ѳнүктүрүү» коомдук уюмунун директору, «Саймалуу-Таш» кѳркѳм галереясынын арт-директору Гүлжан ИРЕШ менен маек. Кыргыздын мурасталган керемет өнөрлөрүн аяр сактап, дилин салып улантып келаткан жаштар жүрөк жылытып, элинин баалуулугун башкаларга таанытып келатканы ыраазылыкка гана эмес, терең таазимге да татыктуу. Ошондой жаштарыбыздын бири – Гүлжан Иреш. Эмесе, нукура кыргыз жибегин кол менен согуп […]