Category Жазуучулар. Кара сөз

Жыпар Исабаеванын эки повести кошулду


Жыпар Исабаеванын өз баракчасына анын «Махабат мазары» жана «Кумайык» деген повестттери кошулду. Чыгарманын аталышын бассаңар аны pdf форматында окуй аласыздар. Ылдыйда «Махабат мазары» повестинен үзүндү сунуштайбыз. Махабат мазары Аз жашап, чоң сүйүүгө кезиккендер, Ээрчишип эгиз учуп кетишкендер. Мазары МАХАБАТТЫН болоор дайым – Экөөңдү кучагына бекиткен жер!.. (Автор) Бир күнү иштен келсем, тун кызым китеп окуп отуруптур. Кабагы бүркөө, көздөрүндөгү каканактаган ысык жаш […]

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЖАРАЛГАНДА ЭЛЕ БАНКРОТ БОЛЧУ, МЕН ЭМИ БАНКРОТ БОЛДУМ – Салижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралелек жатып эле банкрот? -Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, Совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар […]

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу: «Экономика ордунда эле турат. Эл башындагылар начар»


– Чолпонбек мырза, жыйырма жылдан бери өлкөбүз руханий кризиске кабылып келет. Андан чыгуунун жолдорун жазуучулар айта алабы? Чыгармачыл адамдар мындайда кандай жардам бере алат?  – Өткөөл мезгилди башынан өткөзүп жаткан биздей мамлекеттер үчүн руханий кризистин болушу бир чети мыйзамченемдүүлүк. Бизде бир коомдук формация толук талкаланып жаңысы курулуп жатпайбы. Коммунисттер бай-кедейи жок теңчилик коом курабыз деп жаратылыштын берген […]

Токтобек Үсөнов. «Жеңе»


(аңгеме) Кечээтен бери эмнегедир өзүмдү жеңил сезип, бактылуу болуп, жүзүмдө күлкү уялап, көздөрүм жадырап, кыймыл аракеттерим да шайдооттонуп, кубанып жүрөм. Үйгө майда-чүйдө алайын деп, жумуштан соң капысынан эле “Народныйлардын” бирине кире калгам. Өзүмө керектүү нерселерди алып бүтүп, эсептешкени кассага келип, көргөн көзүмө ишене албай туруп калдым. Аны көргөндө, адегенде мурункудай чуркап барып мойнуна асылып, ошол […]

Токтобек Үсөнов. «Экөө»


(новелла) Адам дайыма бараткан өмүрүндө бир багытта, бир тарапты карап гана жашай берет. Эгерде ал бир аз абайлап, айланасын каранса, миңдеген жаңы багыт, алда-канча көп жашоо боекторун көрө алмак (Автор) Ал бүгүн дагы бул жерде калууну чечти. Колдору компютердин клавишасын тыкылдата терип, агент аркылуу келген каттарга жооп жазат. Бирине жооп берээри менен экинчи бирөөнөн кат […]

Улукбек Есдаулет. “Түнөк”


(Аңгеме. «Абилхаят» китебинен) Студент кезим. Танаписте бирөө мага: – Сени акын Кеңчилик Мырзабеков чакырып туру — деди. Бардым. Жанында бизден курсу жогору бир студент бар экен. Кеңчилик мени Улкаш дейт эле. – Улкаш, акчаң барбы? — деди. — Бар болсо биз менен жүр. – Сабакты кантем? – Бүгүнчө ташта. Окуу деген бизден калган. Акынга көп […]

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) Дүйнөдө ушундай жөнөкөй окуган кишилер башкарат, совет өкмөтү жамандыр-жакшыдыр окутуп койгон экен, ошолордун ичинен эл башылар чыгып атат, мурда коммунист болбосо чоңоё алчу эмес эле, ошон үчүн баары коммунист болуп кеткен, эми демократ болбосо чоңоё албайбыз го деп баары демократ болуп алды. Эртеңки күнү демократ дегендин  коммунист дегендей эле абийири кетип, дагы бир кыймыл, […]

“Айтматовдун буту басып кирген жерге жакшылык кошо кирчү”


(Башталышы өткөн сандарда) Сооронбай Дыйканов менен маек. -Москвада Айтматовду коштоп жүргөнүңүздө ал кишинин келип-кетиши, жайгашы жагынан проблема деле болбосо керек? -Чыңгыз Айтматовдой улуу инсандын Москвага келиши эч байкалбай калчу эмес. Москва дүйнөдөгү ири илимий жана маданий борборлордун бири. Аны ким болбосун тосуп алып, сыйын көрсөтүүгө даяр болчу. Бирок, кайрадан эле баягы кыргыздар Айтматовду барктап-баалабаганын мындан […]

Кубатбек Жусубалиев: “Өмүргө келгенден кийин өлүм жок”


Рухий изденүүнүн улуу жолу. Улуу сапары. Жалгыз адам баратат. Түбөлүктүү адамдай. Турган турпаты, келбети туура түбөлүктүүлүктүн элесин көрсөтөт. Жолдор көп. Кыйма-чийме түшөт тимеле. Бирок ал жолдордо ошончолук түркүн адамдар да көп. Ал эми Кубат акенин өзүнүн жолу бар. Ал жол менен батынып эч ким баса албайт. Жакындай албайт. Ал жолдо Кубат аке жалгыз баратат.

Эл эмне үчүн китеп окубай калды же азыркы адабиятыбыз эмнеге муктаж?


Учурда китеп окулбай калды деген пикир көп айтылат. Себеби эмнеде? Мындай карасаң басмалардан жаңы китептер чыкпай койгон жок, чыгып жатат. Бирок, кандай чыгып жатат, балким биз сурообузга  жоопту так ушул көрүнүштөн аларбыз. Чынында базар экономикасынын шартында  сапатка караганда сандык өсүш эркиндиги ээ-жаа бербей кетти. А, табити бар окурман тандап окуйт да, кеп ошондо. Учурунда “Орусча-Кыргызча” […]

“Де-Факто” гезити адабий конкурстарды жарыялайт


Мен киммин? Мен бир акын жаман сары, Колунда койкоңдогон калем сабы (Б.Сарногоев) Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп бир жан дүйнөнү кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан-дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, […]

Кубат Жусубалиев: «Адамдын руханий изденүүсү тууралуу жазып жатам»


– Кубат аке, эң оболу сизди жалпы окурмандарыбыздын атынан жетимиш жылдык мааракеңиз менен куттуктайбыз. Жаңы роман жазып жаткан экенсиз, ал эмне деп аталат? – “Уй менен ат”. Кыргыздын уят деген сөзү ушу эки сөздөн турат экен. Жамбы “папа, как переводить на английский?” – деп сурап атпайбы. Англисче да, орусча да, дүйнөнүн эмне тилинде болсо  уй […]

Кубатбек Жусубалиев: “Жүрөктүн ичинде улуу сыр катылган”


“В тридцать я имел прочную опору. В сорок лет у меня не осталось сомнений. В пятьдесят лет я знал веления Небес. В шестьдесят лет я настроил свой слух. А теперь в свои семьдесять лет я следую зову сердца, не нарушая правил…” (Конфуций) Жылына бир жолу келет. Кубат акени айтам. Дамамы күн суук тартып, биз ичиркенип-тоңуп […]

Кубатбек Жусубалиев: “Дүйнөнү жек көрүү башкарып калды”


– Маркестин бир айтканы бар: “Жазуучу көп эле китептерди жазышы мүмкүн, бирок анын бир гана мыкты чыгармасы болот” дейт. Эгер Сизден да ошондой купулуңузга толгон, өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм толук ачылды деп эсептеген чыгармаңыз тууралуу сурашса кайсыны атайт элеңиз?  – Туруп тур. Сен өзүң кандай деп ойлойсүң? Мен адегенде сенин пикириңди уккум келет. – “Күн автопортретин тартып […]

Бир гений кетсе дүйнөдөн, бир гений келген дүйнөгө!


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде үстүбүздөгү жылы кыргыз адабияты үчүн жакшы жөрөлгөлүү күндү карап, мыйзамдаштырылганы жалпы жазуучу журтун кубандырды. Буга Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун көптөн берки өтүнүчүн ишке ашырууда депутаттар Эгемберди Эрматов менен Каныбек Иманалиевдин эмгеги зор. Натыйжада 12-декабрь – Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнү катары алгачкы жолу майрамдалганы турат. Бул күн – улуттук адабияттын классиктери […]

Кызыл алма


Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чакан аңгемесинин негизинде белгилүү режиссер Төлөмүш Океев 1975-жылы тарткан, “Кыргызфильмдеги” эң лирикалуу, эң романтикалуу көркөм фильм. Бул жөнүндө режиссердун кызы “Төлөмүш Океев” атындагы фонддун жетекчиси Азиза Океева менен маекти сунуштайбыз. – Атаңыз “Кызыл алманы” тарткан кез эсиңизде барбы? – Мен анда он алтыда элем. Режиссерлор да геологдордой да. Кино тартабыз деп […]

Соболо


Талант Улуттук маданияттын эзелтен берки тарыхына сереп салсак, ар кылымдын, ар бир муундун рухий жарышында озуп чыккан жеке залкарлары бар. Адабияттын тарыхында да ошондой жорук. ХХ кылымдын экинчи жарымынан беркини эле алалы, элүүнчү жылдары кыргыз окурманын ашкере кубанткан, туюктан жол таап, чеберчилик менен жаңы ой айткан жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме бет”, “Жамийла” повесттери болду. Ал эми […]

Нуралы Капаров


Кезегинде Жусуп Абдырахманов Сталинге да эскертүү бере алган


Менин маектеш агайым Зияш Бектеновдун ысымы окурман журтчулукка кыйла тааныш. Бул маек да мындан 20 жыл илгери ал да өзүнүн замандашы агасы мамлекеттик чоң ишмер, бул күндөрү ал кишинин да 110 жылдыгы төрөлүп-өскөн айылында белгиленип жаткан Жусуп Абдырахманов жөнүндө болгон эле. Эң сонун педогог, жазуучу жана окумуштуу Зияш агабыз үстүбүздөгү жылы 100 жашка толмок. Мына […]

Федерико Майор: Ысык-Көл оюмдан кетпейт


25 жыл илгери Кыргызстанда алгачкы Ысык-Көл шеринеси өтүп, ага дүйнөлүк абройу бар, салабаттуу инсандар чогулган. Аны негиздөөчүлөрдүн бири, илимпоз, ойчул, акын, дипломат, ЮНЕСКОнун мурдагы жетекчиси Федерико Майор ошол шерине кандайча уюштурулуп, анда кандай сөз болгонун эскерет. 1986-жылдын октябрь айында Чыңгыз Айтматовдун жеке чакыруусу менен Ысык-Көлгө атагы дүйнөгө тараган маданий ишмерлер, жазуучулар, ойчулдар келишкен. Ошондо СССРдин […]

Чындыкты жасалмасыз сүрөттөгөн


“Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы, жаманды жаман, адамды адам дей албасак, анда биз кимбиз?” Д.Казакбаев Белгилүү жана таланттуу жазуучу, публицист, сынчы  жана философ  маркум Дайырбек Казакбаев  быйыл 70 жашка толмок. Д. Казакбаев  көп жылдар бою “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген. Азыркы 50 жаштын ары-бери жагындагы  жазуучу-адабиятчылардын, философтордун өсүшүнө, бүтүндөй бир […]

Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери


(Үчүнчү макала) Учурда окурман журттун көңүлү китепке бурулбай, көбүнчө телевизор, компьютерге бурулуп калганы белгилүү. Мындай техниканын тез өнү­гүшүнүн бир керемет жери, – ал адамзатка албан кызмат кылган болсо, руханий байлыктын адамгерчилик касиетинин бөксөрүшүнө өбөлгө түзүүдө. Китеп окубаган жаштардан мээ­римдүүлүк,  кайрымдуулук алыстагандан алыстап барат. Адам баласынын мындай өзгөрүлүшү өзүн да, өлкөсүн да коргоп жарытпайт. Бул жалган […]

Өмүрдүн өр жолунда бара жатып…


Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кадыркул Өмүркуловдун бейнесине сүртүмдөр. Улуттук жазма адабиятынын белгилүү ысымдарынын бири – СССР кинематографисттер жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург Кадыркул Өмүркулов. Анын “Жылдыздуу түн”, “Жер касиети”, “Акжолтой”, “Миң булак”, “Мөңгү муңу”  аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнактары, орус тилинде онго жакын китеби которулуп басмадан жарык көргөн. Ал […]

Академик Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ: «Айтматовдун жанында 27 жыл жүрүп, үч эле жолу сүрөткө түшүптүрмүн»


Боордош казак элинин улуттук гезити – «Егемен Казакстандын» 2011-жылдагы сандарынын биринде КРнын УИАсынын академиги, УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиевдин маеги жарыяланды. Маектин «Егемендин» толук бир бетин ээлеши – залкар жазуучубуз  Чыңгыз Айтматовго, белгилүү окумуштуубуз  Абдылдажан Акматалиевге да көргөзүлгөн чоң урмат деп бааласа болот.  Профессор А.Акматалиевдин атактуу жазуучубуз жөнүндө айткандары […]

“Анарбайдын көпүрөсү – Европага байланыштырган көпүрө”


Республикабыздын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тоолуу аймагыбызда адабият сүйүүчүлөргө жана элибизге таанымал жазуучу Касым Каимовдун 85 жылдык мааракесин белгилемекчи болуп отурат. Улуу инсан катары аздектеген жазуучу Касым Каимовдун аңгемесин алгач орус тилине которгон Анатолий Алексеевич Сальников айтып бергени эске түшөт. Аңгемесинин аты “Анарбайдын көпүрөсү” эле…