Category Акындар. Кыргыз поэзиясы

ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»


Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЖАРАЛГАНДА ЭЛЕ БАНКРОТ БОЛЧУ, МЕН ЭМИ БАНКРОТ БОЛДУМ – Салижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралелек жатып эле банкрот? -Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, Совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар […]

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу: «Экономика ордунда эле турат. Эл башындагылар начар»


– Чолпонбек мырза, жыйырма жылдан бери өлкөбүз руханий кризиске кабылып келет. Андан чыгуунун жолдорун жазуучулар айта алабы? Чыгармачыл адамдар мындайда кандай жардам бере алат?  – Өткөөл мезгилди башынан өткөзүп жаткан биздей мамлекеттер үчүн руханий кризистин болушу бир чети мыйзамченемдүүлүк. Бизде бир коомдук формация толук талкаланып жаңысы курулуп жатпайбы. Коммунисттер бай-кедейи жок теңчилик коом курабыз деп жаратылыштын берген […]

Жыпар Акунованын жаңы ыр китеби


Жыпар Акунова өткөн жылдын аяк чендеринде өзүнүн жаңы ыр китебин чыгарды. Ал «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…» деп аталат. Акындын ырларын баалагандар, кызыккандар бул китепти бул жерден окуй аласыздар. КМБ

Нарсулуу Гургубаева менен Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырларынан


* * * Жашалбаган жашоо кандай таттуу да, Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза… Адам таппай жакшылыгын айтууга, Балким, мага эртең бирөө кат жазат… Узун жазат, шашпай жазат… Жүрөктөн, Сурайт менин ден соолугум, абалым. Жооп жазыш үчүн балким, сүрөттөп, Бүгүн ооруп атам, бүгүн жаманмын. Ооруп атам, ооруп… Жалгыз башымы, Батыралбай ушунча кең дүйнөгө. Жалгыз туткан жалгыздыктан […]

“Кар” сынагы: Калича Жакыпова


Кар жана балалык Асмандан жаткан өңдүү ун эленип, Акырын жерге түшүп, үбөлөнүп. Ааламды аруулукка бөлөгөндөй, Аппак кар, жаап жатты, себеленип. Кар жааган ар бир айлуу, кышкы кечте, Капылет өткөн кезим түшөт эске. Санаада бир бүркүм ой жашап келет, Сабалап алга карай мезгил өтсө. Кыш кирсе, баары тегиз бубактанып, Калчу эле кайран көңүл кубаттанып. А бирок, […]

“Кар” сынагы: Жыпар Акунова


Аячумун Үшүгөндөй сезилчү эле дарактар, Көтөрө албай калың кардын салмагын. Аяз таңда турган сымал дирилдеп, Аячу элем бутактарын арчанын. Аячумун кыштын ызгаар таңында, Тереземден тиктеп турган даракты. Үшүп, үшүп мен тарапка талпынып, Кол булгалап келаткандай каратчу. Айды аяп, түн кечирген күн болгон, Кышта суукта сыртта калды жалгыз деп. Үшүдү го, үйү жокпу айдын деп, Балалыкта […]

Жолдошбек Зарлыкбеков жана анын ырлары


Мен бул күндөрү, орусчадан такма так которо турган болсок, Жолдошбек Зарлыкбеков менен “ооруп” жүрөм. Биздин “Journalist news” гезитибиздин ар бир санында табияты жакын деп журналистика менен жан багып келе жаткан акындарыбыздын ырларын басып турабыз (акындык менен бүгүн эч ким өзүн багып кете албас). Шайлообек Дүйшеев, Жазгүл Жамангулова, Олжобай Шакир, Жыргалбек Касаболотов, Жыпар Арыкова, Зайырбек Ажыматов […]

“Кар” сынагы: Сулайман Турганбаев


“Карсезим” (түрмөк) Бозоргон талааларды кыроо басып Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип… Тигилип терезеге уза-ак-узак Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз. * * * Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан О-о сулуум, көрдүм сени! Чачыңды сууланышкан Кол менен каптал жакка сылай тарап, Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң Бекемдеп […]

“Кар” сынагы: ELZ&BOTA


“Карсезим” (түрмөк) Бозоргон талааларды кыроо басып Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип… Тигилип терезеге уза-ак-узак Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз. * * * Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан О-о сулуум, көрдүм сени! Чачыңды сууланышкан Кол менен каптал жакка сылай тарап, Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң Бекемдеп […]

“Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов


Таңкы бурганак Муздак жел кышты жулмалап, Уюлгуп ак кар буйдалат. Ак таңда чыксам ак дүйнө, Аймалайт жүзүм бурганак. Кечип мен аппак иримди… Келатам салып изимди. Ааламдан түшкөн аппак кар, Агартчы көңүл, дилимди? Сөгүлүп аткан таң сыңар, Сөөгүмдөн, жандан зар чыгар. Аруулай турган дүйнөнү, Аппак кар силер барсыңар. Ак бороон сени күтүнбөй, Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй. […]

Зайырбек Ажыматов. “Сайра эне” (поэма)


Биздин таенебизди айылдагы кийинки муун Сайра эне деп коюшчу. Атабыз мен төрт жашка келгенде, эң кичинекей иним сегиз айлыгында каза болуп, кийинчерек апабыз турмушка чыгып, ошол кемпир бизди сары ооз балапан кезден багып өстүрүп, эң улуусу мен 32 жашка келип бала-чакалуу болуп калганымда инимдин колунда 85 жаш курагында дүйнө салды. Таенемдин каза болушу менен мен […]

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев 80 жашта


Ырлары кыргыз жыттанган, чыныгы элдик акын Байдылда Сарногоев агайыбыз тирүү болгондо 14-январда туптуура 80 жашка чыкмак экен. Эмне үчүн тирүү болгондо? Жок, ал тирүү! Көбүбүздөн бир кыйла тирүүрөк! Анткени, акындын ырын жок дегенде бир адам билип, сүйүп окуп турса, ал акын дайым тирүү болот. Ал эми Байдыкебиздин ырлары жалпы кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланып, кыргыздын жан […]

Төлөгөн Мамеев


Кайраттуу акындын канаттуу ырлары


Мындан үч жыл мурда жетимиштин кырын ашкан, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наамын алган учурда ага тушташ Төлөгөн Мамеевдин “Бийиктик” басмасынан “Ыйманды тазалай көр, жаңы кылым” аттуу жаңы ыр китебинин чыгышы акындын өмүрүндөгү кубанычтуу окуя болду. Мен мындан туура он жыл мурда акындын “Ата журт ажары” аттуу ыр китебине жакшы пикирим жазылган […]

Шайлообек агайдын ырлары


Шайлообек агайдын ырларын окуган сайын таңгалып окуйм. Күтүүсүз, таңгалычтуу салыштыруулар,  жөнөкөй, бирок ошол эле кезде жүрөккө жеткен сөздөр, интонациясы… айта берсе бүтпөс бул тизмек.

Сырга БӨКӨНБАЕВА, Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери: “Атам кыргыздын Пушкини эле”


Бөкөнбаевдер менен Адышевдердин өрнөктүү өмүрү, кылган кызматы, жазып калтырган кол жазмалары ар бир окурмандын кулагына күмүш сырга болсун деген ой менен кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын кызы Сырга Бөкөнбаева менен эскерүү-маек курган элек. Ушул маекти сиздер менен бирге эшитсек…

Татаал тагдыр табылгасы


(КР эл акыны Э.Турсунов менен маек) (башы №18 санда) О.Тенти: Эрнис ага Жусуптун “Энемесинен”, “Ук жер жүзүнөн” соң мага мындай бир ой келип жатат. Айталык, он сегиз жылдан бери мурдагы СССРдин курамынан бошоп Кыргызстан өзүнчө эгемен өлкө болуп келе жатат. Жусуптун дүйнө салганына эле 70 жылга чукулдап калыптыр. Мен сурайын дегеним “Ук жер жүзү!” деген […]

Кыскалык – таланттын сиңдиси


Сен киши! Жер шимшиген ит эмессиң, Сен киши! Музда сүзгөн кит эмессиң. Сен киши! Ит агытып, балык жеген, Сен киши! Киттин ичин жарып жеген. Сен киши! Боору катуу, жүрөгү таш, Сен киши! Мээси калың, жумуру баш. Жер бетин такырлантып, жакырлантып, Жеп-жутуп алганың мол, бергениң аз. Сен киши! Жер-энеге кайрым кылбас. Сенейип калмайынча жаның тынбас. Көзүңдөн […]

Жусуп Турусбеков


Улуттук адабияттын новатору унутулбаса


Кыргыз улуттук адабиятынын классиктеринин бири – Жусуп Турусбеков. Анын жетимдикти башынан өткөргөн балачактагы катаал тагдыры, Октябрь революциясынан кийинки билимге умтулган таланттуу жаштардын катарында таанылгандыгы кыргыз журтчулугуна маалым. Мына ушул керемет акындын туулган күнүнө быйыл жүз жыл толуп олтурат. Ал тууралуу замандаштарынын бири Түгөлбай Сыдыкбеков биринчи жолугушуусу тууралуу эскерүүсүндө мындай деген: “Жыйырма экиге жаңы толгон жашында […]

Эрнис Асек уулу. “Записки от скуки”


Сагыныч Киши сагынат экен. Жыргалбек досумду сагындым. Чоюн байкени сагындым. Шайлообек байкени сагындым. Түгөлбай байкени сагындым. Алым байкени сагындым. Төлөгөндү сагындым. Жолдошбек Зарлыкбековду сагындым. Асланды сагындым. Кенжебек Алдаярды сагындым. Анан, анан Мелис байкени сагындым. Маңдайымда олтурган Сурат байкени сагындым. Сагыныч ушундай экен. Сагын эжени сагындым. Сагынчу кишилер өтө эле көп экен. Салтанатты сагындым. Анан бир […]

Кызганчаак, түнт, согушка барбай калганына кейиген Алыкул


Аз жашаган өмүрүндө артына өлбөс-өчпөс атын калтырып кеткен алп акын Алыкул Осмоновду кимдер билбейт. Жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күнү Алыкул Осмоновдун өмүрдөн кеткени кандайдыр бир мистикадай таасир калтырат. Азыр да классик акындын сырлуу ыр дүйнөсү, жеке жашоосу жөнүндө жазылып бүтпөй келет. Мисалы, жазуучу, журналист замандашыбыз Мундузбек Тентимишов акындын арзып алган ак никелүү жары болуп, […]

Кубанычбек Маликов менен кеткен кыргыздын бүтүндөй доору


Акын, драматург, котормочу, эл акыны Кубанычбек Маликов кыргыз адабиятынын бир өңүтүн алып жүргөн адам болгон. Калемдештери, кыргыз адабиятынын өкүлдөрү К.Маликовдун ат көтөргүс эмгегинин бири – “Манас” эпосун убагында коргоп, кыргызга тиешелүү улуу руханий дүйнө экендигин талашкандыгын айтып келишет. Азыркы муундар мындай өңүттөгү маалыматтарды, улуулардын эмгектери туурасында аз билишет, бир даарынын кабары жок. Андыктан бул кенемтени […]

Эл эмне үчүн китеп окубай калды же азыркы адабиятыбыз эмнеге муктаж?


Учурда китеп окулбай калды деген пикир көп айтылат. Себеби эмнеде? Мындай карасаң басмалардан жаңы китептер чыкпай койгон жок, чыгып жатат. Бирок, кандай чыгып жатат, балким биз сурообузга  жоопту так ушул көрүнүштөн аларбыз. Чынында базар экономикасынын шартында  сапатка караганда сандык өсүш эркиндиги ээ-жаа бербей кетти. А, табити бар окурман тандап окуйт да, кеп ошондо. Учурунда “Орусча-Кыргызча” […]