Category Эстутум

Чубак Сатаев. ЧАГЫЛГАН ИЗИНДЕЙ ӨМҮР


Чыныгы талант кандай мезгилде болсо да, өз баасын ала алат. Чубак Сатаевдин аткаруусундагы кыргыз жыттанган ырлар азыр да элдин эсинде. Биз гана эмес, казак боордоштор агабыздын ырларын жактырып, жаңы өмүр берип жаткандары сыймык эмей эмне! Эл оозунда калган Чубак Сатаевди эскерүү кечеси 10-мартта болду. АККОРДЕОН ШЫГЫН ОЙГОТУП… Чубак ага 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында […]

Салижан Жигитов: "МЕН КЕТТИМ… ЖАКШЫ КАЛГЫЛА!"


Биз… ал-абалын көрүп келели деп барып… мен Салижан акенин керебетинин аягына олтуруп, ага көргөзбөй диктофонду “ачып” койгон элем. Алгач, өзүнө айтып эле, ээн-эркин жазып алсамбы деп, бирок, өмүрүнүн акыркы күндөрүн санап олтурган бул адамга ошентип кайрылганга батыналбадым. Оозунан чыккан сөзүн, үнүн, күлкүсүн жазып олтурдум.

Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен


1964-жылы баш кошушкан. Бир уул, бир кыздын ата-энеси. Үч неберенин чоң ата, чоң апасы. – Кимия эже, “Тирүү өлөт, жердин койну – жатагы. Изи калаар, болсо жакшы атагы” деп Жусуп Баласагын айтып кеткендей, Салижан агай жашоого из калтырып, атагы алыска кетпедиби… – Үй-бүлөсү… Китепкана бөлмөсү… Агайыңардын жыйнаган китептери… Бардыгы эле ордунда турат. Бир гана жаркылдаган […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ «Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…»


Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, “үйдөсүңбү?” дейт. “Тышта болсом телефонду алат белем? десем, “Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам” деп […]

Кеңеш Жусупов: «Акыл дарыгери»


Жетиктик Эстесем, Салижанды билгениме элүү жылдын чамасы экен. Мектепти бүтүргөн соң университетке тапшырганы шаарга алгач келгенбиз. Бишкек калаасында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада айылдаштар жолукчубуз. Бир жолу китепканада акындар менен жолугушуу өттү. Шаардагы мектепти жаңыдан бүтүп жаткан чепилдеген баланын талтөөндөй зирек ойлоруна, сынына, билим дареметине көңүлүм толгон. Аны кийин сурамжыласам жаш сынчы Салижан Жигитов экен.

Эсенбай Нурушев: «Сөздүн генийи»


Ыракматы Салижан агайды ушинтип өз аты менен атай турган маал келди. Албетте, муну апыртсын баа деп айтчулар да табылат. Ошондуктан алдын ала “гений” деген түшүнүктүн өзүн биртке тактап коёлу. Көөнө латын тилиндеги genius сөзү адегенде эр адамдын, андан соң үй-бүлөнүн жана коомдун көзгө көрүнбөс сыйкырдуу колдоочусу, пири дегенди билдирген. Кайра жаралуу доорунда “гений” деп түшүнтүп […]

Нуралы Капаровдун эскерүүсүнөн… (С.Жигитов тууралуу)


* * * “Бир күнү эң жакшы көргөн ини-досу Аман Токтогулов: “Саке, “Шуулдаба, теректеримдин” биринчи варианты мыкты чыкты, эми бул ырды мындан мыкты классика кылып иштеп чыгалы, мен ар бир сабын, сөзүн, уйкашын талдап, сындап, керек болсо талкалап берейин, сиз жадабай, оңдоп-сызып, бузуп, улам бир жаңы вариантын жаза бериңиз, акыры көгөрүп олтуруп ушул ырды чыныгы […]

САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ОКТОЙ ТААМАЙ СӨЗДӨРҮНӨН


Салижан аке илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун, байкаган, түшүнгөн кишиге жигитовдук кайталангыс үнү менен өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, кыргыз өнсө, өссө дегенде жанын сабаган, жалбырттаган патриот […]

Таабалды Эгембердиев: Мен сыйлаган үч залкар


Улуттун тагдырына, келечегине байланышкан көп маселелердин тегерегинде маалымат каражаттарында эле эмес, беш кыргыздын башы бириккен жерде деле талаш-тартыш башталган заманда жашап жүрөбүз. Кээде ошондой талаш- тартышта, мен да катышып калган учурларда, өз көз карашымды бекемдеш үчүн, сөзсүз түрдө Салижан Жигитовдун авторитетин калкан кылып коргонууга аракет кылам. Ал адатымды Салижан агамдын тирүү кезинде эле жазылган менин […]

"Айтышка" жүрөгүн берген Ашыке…


КР Эл артисти, “Манас” орденинин ээси, жаш төкмө акындардын устаты, белгилүү обончу, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев тирүү болгондо 8-мартта 83 жашка толмок. Кыргыз маданиятына зор эмгек жумшап, өзгөчө төкмөлүк өнөр үчүн жүрөгүн берген Ашыкени байбичеси Наиля апа эскерди. Ашыкем төрөлгөн 8-март – Абышкамдын өлгөн күнүнө эки жыл, беш ай болду. Көзү тирүү болгондо 8-мартта […]

"Салижан кыргызга күйүп жүрүп өтүп кетти"


Улуу илимпоз, акын, изилдөөчү, адабиятчы, сынчы, философ, котормочу ж.б. көп кырдуу талантка эгедер 100 жылда бир жаралчу феномен Салижан Жигитов агай, быйыл тирүү болсо 75 жашка чыкмак. Салижан Жигитовичти эскерген замандаштарынын бардыгы агайдын тамашакөйлүгүн, улуу акылмандыгын, өз элин сүйүп, бирок, кемчилигине, кенебестигине жаны ачып айткан катуу сындарын учкул сөзгө айлантып аңыз кеп кылып, тамшанып, сыймыктанып […]

Сабира Күмүшалиева – кыргыз театрынын Умай энеси


“Ай баратат” берүүсү театр жана кино өнөрүнүн чебери, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын элесине арналды. Сабира Күмүшалиева 75 жыл сахнада, кинодо ар түрдүү кейипкерлердин кулк-мүнөзүн түзүп, кайталангыс таланты менен элдин эсинде калды. Эпизоддук ролдордун чебери Ал айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасында Керез аттуу кемпирдин ролун ойноп, тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, […]

Кадыр Өмүркулов: "Айтматов кезикпесе кинобуздун тагдыры белгисиз болмок"


“Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөтүшү-кинодогу Океев, Шамшиев, Өмүркуловдор менен бирге вокалдык искусстводогу Миңжылкыевдердин чыгышына төп келди. Ал эми музыкадагы К. Молдобасанов жана актердук искусствобуздагы М. Рыскулов, С. Чокморов, ошондой эле сүрөт өнөр жаатындагы ачылыштарды айтсак сөз арбыйт”. Мынабул эки сүйлөм “Жетилген курак” макаласындагы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу А. Стамовдун калемине таандык. Бул жерде калемдешибиз өтө кыска бирок […]

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: «Гүл ордуна тикен кетти тукумдап, Улам кырсык тооруп калды утурлап…»


Аскар Акаев президент болуп турганда Курманжан датканын 180 жылдыгы өткөрүлдү. Ошондо катуу даярдык болуп, Курманжан датка менен Шабдандын элди-жерди сактап калалы деп сүйлөшкөндөрү тууралуу ж.б. документтерди жакшылап окуп чыккан элем. Курманжан датканын 180 жылдыгы түштүктө белгиленди. Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Жылдыз Жолдошева ал учурда Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болчу. М.Садыркулов райондун […]

Опера ырчысы Роза Багланова дүйнө салды


Казакстандын маданияты оор жоготууга учурады. СССРдин, Казакстан жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү ырчы Роза Багланова узакка созулган оорудан кийин 89 жаш курагында 7-февралда көз жумду. Казакстандын эл баатыры, сопрано үндүү опера ырчысы Роза Багланова кыргыз-казак маданий мамилелерине, достук байланыштарына, ырчылык өнөрүнө кошкон зор салымы болгонун СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартпаева айтат.

Бүт өмүрүн адабиятка, анан Мекенге арнаган…


Кыргыздын биринчи романчысы, акын, котормочу Мукай Элебаевдин эң алгачкы ыры “Кыргыз Туусу” (андагы “Эркин Тоо”) гезитинин 1925-жылдагы № 6 санына жарыяланган. Мукай Элебаевдин заман-даштарынын, калемдештеринин эскерүүлөрүнө таянсак, акындын ошол:

“Уркуя эжебиз Акылкарачачтай акылдуу, Акмөөрдөй сулуу болгон”


Төөлөс айылындагы  Уркуя Салиеванын музейинин  директору Зуура Нуркамилова бизди ээрчитип алып, басмачылардын  колунан  каза тапкан кыргыздын жалын жүрөк кызынын өмүрү,  кейиштүү тагдыры, музейдеги  экспонаттардын таржымалы  тууралуу  маалымат берип жүрдү. – Музейибиз  1980-жылы ачылды.1993-жылга чейин колхоздун эсебинде болгон. Төрт жыл эч кимдин карамагында болбой, 1998-жылдан бери “Сулайман Тоонун” филиалыбыз.Төрт жыл кароосуз калганда имарат кадимкидей талашка түштү.

"Колуңдан түшпөй таңшыган, комузуң турат үн катпай…"


СССРдин Эл артисти, ак таңдай залкар акыныбыз Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80ге чыкмак. 2005-жылы 10-октябрда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Эстебес агабыз өмүрүнүн акырына чейин төкмө акындык өнөрдү аркалап, улуу муундун узун сабагын улап, аны кийинки муунга калтырып, кыргыз маданиятына ат көтөргүс зор эмгек өтөдү. Анын чыгармачылыгы, улутубуздун көөнөрбөс элдик мурасына айланган десек […]

Турар сүйгөн Нуржамал


30-январь – Турар Кожомбердиевдин каза болгон күнү Бүгүн биз акын Турар Кожомбердиевди эскерүү иретинде акындын өзү жөнүндө жана анын жаш чагындагы сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиева тууралуу сөз кылалы дедик. Т.Кожомбердиев өзүнүн кыска өмүрүндө махабат темасындагы нечендеген ыр саптарды жаратса, ага бирден-бир себепчи болуп, түрткү берген бул –  Н.Иманалиева болгон экен. Көрсө, акындын калеминен биздин Нуржамал […]

Шабданбай акенин көркөм ааламы


Элүүнчү жылдары Шабданбай Абдырамановдун “Каркыра” (1955), “Май түнүндө” (1957) поэма, ырлар жыйнагы жарык көргөн. Адабиятка ынтызар, а кездеги айылдык мектеп директору ошол эки поэтикалык жыйнагынын аркасы менен жазуучулардын катарына кошулуп, Москвадан адабият окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Аты чыга баштаган жаш акындын айылдаштарынын көңүлүн кушубак кылган иш өздөрү күндө көрүп, жанынан өтүп жүргөн Кызкөл тууралуу […]

Рая Деркимбаева, Эстебес Турсуналиевдин жубайы: "Эстекем бүтүндөй өмүрүн Филармонияга арнады эле…"


Сейрек учурай турган төкмөлөк өнөрдө медер тутуп, көркөм өнөрдөн көөнөрбөс мурастарын даңазалап, жарым кылымдан ашык өзү сүйгөн элинин жарпын жазып келген Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Көзү өткөн залкарларды эскерүү артында калган урпактардын милдети эмеспи. Ошол пенделик парзыбызды аткаруу, залкар талантты эскерүү максатында Эстебес Турсуналиевдин жубайы Рая Деркимбаева апаны кепке тарттык.

Бишкекте жазуучу М. Элебаевдин 105 жылдыгына байланыштуу көргөзмө ачылат


Бишкекте Улуттук китепкананын имаратында 21-январда жазуучу жана котормочу Мукай Элебаевдин туулганына 105 жыл толгондугуна байланыштуу китеп-көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирет. Көргөзмөдө жазуучунун жашоо жолун камтыган китептер, гезиттик жана журналдагы макалалар жана иллюстрациялар коюлат. Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер жана жазуучунун туугандары катышмакчы.

Сюита АБДЫКАДЫРОВА, Р. Абдыкадыровдун кызы: "Атам менен апамдын мамилесин тасмага тартканда трагикомедия жаралмак"


– Сюита деген музыкалуу ысымыңызды атаңыз өзү ыйгарса керек? – Ооба, атам менин музыкант болушумду аябай эңсеген, ишенген, өзүнүн чыгармачылыкта жетпей калган ойлоруна мени жетсе экен деп максат кылган. Аны өзү дайым айтаар эле, “Сенин атыңды Сюита деп бекеринен койгон эмесмин. Ишеничимди аткарасың деп ойлойм, кызым”. Бирок турмуш деген дайыма эле сен ойлогондой боло бербейт […]

Рыспайдын ырлары – жан дүйнөнүн сырлары


Кыргыз музыкасына эбегейсиз зор салым кошкон көрүнүктүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 12-январда 70 жашка чыкмак. Музыка таануучулар Абдыкадыровдун обондорундагы башкаларга окшобогон лирикалуу маанайды айтып бүтпөй келатышат. Бул элдик ырга айланган “Издейм сени” аттуу чыгарма ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып, аны уккан бөлөк улуттагы адамдарды да кайдыгер калтырбайт.

Өнөр кереметине айланган өмүр


Кыргыз улуттук кино искусствосунун кереметин жараткандардын алдыңкы сабында турган Төлөмүш Океевдин көзү тирүү болсо 2010-жылы 75ке чыкмак. Төлөмүш  Океевдин ысмы, кино чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги аттын кашкасындай таанымал. Замандын залкар сүрөткери Төлөмүш Океев кыргыздын улуттук кино секисинде чыйыр салган бирден бир адам. Ал тууралуу замандашы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Төлөмүш Океев, биринчиден, кыргыз кинематографиясынын пайдубалын […]