Category Эпостор

Рысбай Исаков: "Манасчылар жоголуп бараткан динозаврлардай эле"


Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана улуу эпосубуз “Манас” деп келебиз. Ошол улуу эпостун учугун улаган Манасчы Рысбай Исаковдун “Манаска” гана эмес, маданиятка болгон көз карашын билгенге аракет кылдык. – Акыркы учурда маданиятка көп көңүл бөлүнбөгөнү байкалып жатат. Азыркы маданияттын деңгээлине кандай баа бересиз? – Маданият баш аламан өсүп атат. Себеби, […]

Үмөт уулу Жайсаң


ЮНЕСКО «Манас» эпосу боюнча маселени кароо үчүн эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр


10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө депутат Карганбек Самаков жакында жумушчу иш сапары менен АКШга барган учурда «Манас» эпосунун Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын тегерегинде айтып берди. Ал ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, «Манас» эпосу боюнча кабыл алган чечимин кайра кароосу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу, тагыраак айтканда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк рухий мурастар […]

"Кыргылчалдын балдары", оозуңду тарт!..же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп


Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Кытай Шинжаңдан чыгуучу “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору Редакциядан: Өткөн жылы кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосун Кытай өлкөсү аз улуттардын маданиятын коргоо максатын көздөө менен ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда ар кандай каршы көз караштар пайда болуп, ЖМКларда жарыя болгону маалым. Бул тууралуу […]

Майрамкул Асаналиев, сүрөтчү: "Кыргыздын жигити колго түшсө кул болбойт, кызы күң болбойт"


“Аян бул графикадагы жаңы ачылыш. Муну көп кылымдардан берки ой менен убакытты синтездеген ата-бабабыздын өзүнчө философиясы же формуласы десек болот. Майрамкул Асаналиевдин графикалык баракчаларында Ааламдын эшигин тарс этип ачып, тынчтыкты, даанышмандыкты жайылткан сырдуу күч бардай”. Юристанбек Шыгаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер – Майрамкул ага, бул “Манас” баатырдын сүрөтүн эмне болуп тартып калдыңыз? Айрым сүрөт […]

"Манас" эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы"


Ниенке ван дер Хейде, социалдык антропология илиминин доктору, Нидерланды өлкөсүнүн окумуштуусу, манастаануучу. «Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» аттуу бул китеп менин 5 жыл бою Кыргызстанда жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы – китеп түрүндө жарык көргөн доктордук диссертациям. 1996-жылдан 2001-жылга чейин мен Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө, батыш-чыгышында болуп, төмөңкү эки маселени, эки объектини – «Манас» […]

"Аккуланын мамысын уурдап кетишти"


Тарыхый эстеликтер аты эле айтып тургандай, элибиздин байыркы маданияты, сыймыгы. Бирок канга сиңген кайдыгерлигибиздин айынан, улуттук уңгубуз, эзелки изибиз болгон тарыхый эстеликтер четинен жок болууда. Аны менен кошо мамлекетибизге таандык бүтүндөй доорлор, кылымдар күбүлүп түшүүдө. Баса, Манас дейбиз. Дал ушул Манасыбызга таандык делген эстеликтердин алды уурдалып, арты кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин […]

Кыргызстанда “Элдик манасчы” наамын киргизүү сунушу көтөрүлүүдө


“Кыргыз элинин энциклопедиясы болуп саналган “Манас” эпосун жайылтууга, маданиятыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келаткан манасчыларга “Элдик манасчы” деген наам берүү керек. Бүгүнкү күндө улуу манасчыларыбыз Балык, Келдибек, Сагымбай, Саякбайлардын улуу көчүн улантып келаткан 50дөй манасчыларыбыз бар. Алар табиятынан манасчы болуп жаралган таланттуу адамдар. Алды Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиевдердин жашы жетимиштен ашып калса, эң жашы 9-10 […]

Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш


Кыргыз элинин тарыхындагы эң залкар инсаны – Манас менен монгол элинин башчысы Чыңгыз хандын ортосунда байланыш бар экени мен үчүн таң калаарлык болду. Ошондуктан, мен төмөнкүдө ошол окуяны айтып берейин деп ойлодум. Манастын кырк чоросунун бири, замандашы, биринчи манасчы Жайсаңдын айтымы боюнча, Манас бабабыздын 19 гана мууну болгон. Эпостон бир аз маалымат. Ала-Тоодогу кыргыздардын эр […]

АЙТЫЛУУ БАЛЫК (БАЛЫКООЗ)


ХVIII кылымдын аягында сарыбагыш уруусунун чоңарык уругунан тарагандардын арасында ынтымак ыдырайт. Эл бийлегендердин зомбулугуна чыдай албаган Кумар баштаган үч атанын балдары айласы кетип, аргасы түгөнгөндө «Таарынсаң Таласка кет» болушуп, Таласка көчө качышат. Кумардын барган жери акжолтой болуп, 1793-жылы Бекмурат аттуу уулдуу болот. Ал боорун жерден көтөргөндөн эмгек десе эт-бетинен кеткен эмгекчил, кепкөй, сезимтал, сергек өсөт. […]

Жайсаң Үмөт уулунун 10 томдук «Айкөл Манасы» Интернетте


Жайсаң Үмөт уулу айткан «Айкөл Манастын» 10 томдугу толугу менен «Биздин.KG» сайтына жайгаштырылды. Аталган сайт билдиргендей, китептердин электрондук тексттери менен “Бийиктик” басмасы камсыз кылган. Белгилей кетсек, бул китептер “Бийиктик” басмасында 2009-жылы басылып чыгарлыган болчу. Китеп менен таанышкысы келгендер бул жерге кайрылгыла. 

“Айкөл Манас” дастаны үч тилде сүйлөйт


Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы коомчулукка тартуулаган “Айкөл Манас” дастанынын 10 томдугу эл оозуна алынып калды. Дастандын 1-тому орус тилинде чыкты. Казак, англис тилдерине да которулууда. Кыргыз элинде ар бир доорго, мезгилге ылайык өзүнүн дастанчы, манасчылары болгон. Кеңеш доорунда да залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” дастаны коомчулукка жеткен.

Уркаш Мамбеталиев, манасчы, КРнын эл артисти: "75 жашка куру кол келген жокмун…"


Кыргыз искусствосунун тунгуч карлыгачтарынын жолун улап, алардын ар бир басып өткөн изин жандандырып, ага жаңыча көрк кошуп, улуу “Манас” эпосунун өнүгүүсүнө зор салым кошуп, күнү-түнү күпүлдөтө Манас айткан айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиев агайды кимдер билбейт. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун жандандыруучулардын бири болгон, бүгүнкү материалдык байлык басымдуулук кылган кыйын күндө, эзелтеден келе жаткан […]

Уктап жатып "Манас" айткан Нурбек


Калыбек уулу Нурбек 1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Азыркы учурда 20-лицейде 1-курста окуйт. Нурбектин талантын угуп, атайын маектешүү үчүн бардык, “Манас” айтканын карап отуруп, бир чети аяп, бир чети белгилүү манасчылардан кем калбаган талантына баа берип кайттык. – Нурбек, Саякбай Каралаевдин небереси болом деп атасың, кандайча небереси болоруңду айтып берсең? – […]

Жаңы толуктоолор


Сайттын “Үйрөн” бети жаңы шилтемелер менен толукталды. Алар негизинен кыргыз тилин үйрөнгүсү келген орус, англис жана кытай тилдүүлөр үчүн окуу куралдары. Ошондой эле “Манас” Интернетте” баракчасына англис тилиндеги “Манас” жайгаштырылган сайтка шилтеме кошулду.

“Улуу Баян” коомдук фонду манасчыларга ай сайын берилчү сыйлыктарды тапшырат


Республикада түзүлгөн «Улуу Баян» коомдук фондунун иши – эң оболу манасчыларга сый-урмат көрсөтүүгө жана аларды колдоого багытталган. Фонд тарабынан «Эл манасчысы» деген коомдук наам жана ал наамдын ээлери үчүн бир жолку 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, таза күмүштөн жасалган төш белги жана 2000 (эки миң) сом өлчөмүндөгү өмүр бою, ай сайын берилип турчу […]

Калкың каалап укпаса, Кан Манас келбейт айтууга


Алтайдан ат арытып катуу келген кан Манас Көлдүн баш жагына келип токтоп: “Кандай керемет, Алтайдагы  көлдү кудум көтөрө келгендей болдук го, чиркин!”, – деп Ысык-Көлгө абдан таңдана, кадимкидей суктанып, бир топ убакыт өргүү кылган экен. Көлдүн күңгөй-тескей тарабына кенен бастырып эс алган баатырдын демин, баатырдын сугун туздуу көл өзүнө оп тарта терең сиңирип, жай чайпала […]

Айкөл Манас болгондо


«Азаттыктын» «бетме-бет» студиясынын бул күнкү көчмө жыйыны «Манас» дастанынын Кытайдагы аз улут өкүлдөрүнүн көркөм табериги катары ЮНЕСКОдо катталышы боюнча Бишкектеги талкуудан уюштурулду. Элдик бай мураска коомдук мамиленин кандайлыгын кашкайта ачып көрсөткөн бу талаш маселенин талкуусу экинчи жылга баратат.

Манасчылык касиет жана саясат


“Айгине” маданий-изилдөө борбору өз ишмердигин баштаган алгачкы күндөн тартып манасчылар менен иштешип келатат. Манасчыларды биз кыргыздын руханий туу чокусу болгон “Манас” дастанын алып жүрүүчүлөр катары билебиз. Кийинки кездерде манасчылардын саясатка көбүрөөк аралашып баштоосу, элдин туу туткан ошол руханий көрөңгөсүнө канчалык жана кандай таасир этет? Жакында өткөн шайлоо жүрүшүнө манасчылардын катышышы коомчулук жана манасчылардын өздөрү тарабынан […]

Абдылдажан Акматалиев: "Манас" саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек?


– Кийинки кездерде “Манас” эпосунун текстерин жаш манасчылардан эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы жазып албайт деген суроолор пайда болуп жатат. Бул боюнча араекет жасап жатасыздарбы? – Түшүндүрүп кетейин, совет учурунда манасчылардын жазып алуу үчүн атайын каражат, техника жана транспорт бөлүнүп, манасчыга гонорар чегерилип, чыгармачылык шарттар түзүлүп берилген. Ошонун негизинде азыр “Манас” үчилтигинин 80ге жакын варианты […]

"Бөксөрбөй, бөксөң толсо экен,/Жолборсум, жолуң болсо экен…"


Жакында манасчы, КРнын Эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу жарык көрдү. Китепти манасчынын 75 жылдыгына карата жеке ишкер Тилек Мураталиев каржылап, “Турар” басмасында 2000 нуска менен чыгарган. Манасчы У.Мамбеталиев 50 жылдан ашуун убакыттан бери “Манас” үчилтигин айтып келет. Башка бардык залкар манасчылар сыяктуу эле Уркаш агайдын да дастан айтып калуусуна табигый таланты менен бирге […]

"Жакында Манастын төрөлөрүнө ишенем"


Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров айткандай, турмуштун оордугуна, каатчылыкка карабай учурда кыргыз киносу өнүгүп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Албетте бүгүнкү күндөгү жаш режиссерлордун жаратып жаткан тасмаларынын баарын мыкты дегенге болбойт. Ошентсе да алардын арасында кыргыз көрөрмандарынын, чет элдиктердин бүйүрүн кызыткан чыгармалар жок эмес. Буга чейин отузга жакын ар кандай чет элдик сыйлыктарга татыктуу болсо да […]

Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет


Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет. Бул туурасында бүгүн КР Маданият жана маалымат министрлигинде өткөн жыйында Түркиянын “Мармара Групп” фондунун төрагасы Аккан Сувер мырза билдирди. Аккан Сувер ушул жылдын 14-сентябрында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушаарын, анда “Манас” эпосунун Кытай Эл Республикасынын атынан Уюмдун Материалдык эмес маданий […]

Нурбек Эген: Кыргыздын жүрөгүндөгү Манасты тарттым


Кинорежиссер Нурбек Эген кыргыз элине “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасын тартуулаганы турат. Фильм Ата Мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт. Шайырбек Эркин уулу: – Нурбек, “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыздын “Манастын балдары” деген аталыштагы эл аралык варианты буга чейин эле даяр болгонун мурда […]

Максат Кулуев, КМАД театрынын актеру: "Кымыз ичкен кырдагы кыргыздаймын"


Артист Максат менен Соң-Көлдө кезиктим. Бозүй ичинде комузун толгоп, керегедей керилип, санат-термеден төгүп атыптыр. Үнү сөзүнүн маанисине куюлушуп, кымызга тойгон кызыл бет кыргыздардын жүрөгүн толкутуп атат тимеле. Кыргыз баласы микрофону жок эле бийик тоодо ырдаса, би-ир сонун ачылат экен, ов!..