Category Фольклор

1001 макал-лакап


Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүүсү, Кишинин жакшысы сөз көтөрүмдүүсү. Ким болсо да өзүнө кийим тандаганда, кир көтөрүмдүүсүн тандайт. Анткени кир көтөрүмдүүсү – кийимдин жакшысы, себеби кайра-кайра жууп, убактың кетип убара болбойсуң. Ал эми кишинин сөз көтөрүмдүүсү жакшысы болгону, сөз көтөрүмдүү адам токтоо, оор басырыктуу болуп, оңой менен чычалабаган, сени жөндөн – жөн “мындай сүйлөдүң, андай сүйлөдүң” […]

БУРУЛЧА – эркиндиктин символу


Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан. Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда […]

Мээрим КАРЫПБЕКОВА, ырчы, дастанчы: "Фольклорсуз жашай албайм"


– Азыр көбүнчө ырчы болууну самагандар шоу бизнеске ыктап, эстраданы тандап атышпайбы. Фольклорго басым жасап, дастандарды ырдап калышыңыздын себеби эмне? – Себеби, мен бала кезден эле фольклорго кадам шилтеп, он эки жашымдан дастан айтып калдым. Эстрада жаатында замандын талабына жараша фольклор аралаштырып биз деле ырдап жүрөбүз. Бирок, канга сиңип калган нерсени тышташ кыйын экен. Мектепте […]

Жаратылыш менен айкалышкан ырлар


Баш багып кирип келген койон жылы дүйнө элдеринин фольклордук чыгармалары “Азаттыктын” обосунан жаңырды. Жакында Алтай элинин көрүнүктүү акыны Бронтой Бедюров Бишкекке келгенде “Алтай-Кай” аттуу белгилүү фольклордук тобунун ырлары жазылган диск берип жатып, Ала-Тоодогу кыргыздар көмөкөй менен ырдаганды унутуп калышканын белгиледи. Бронтой мырза берген дискти угуп, алтайлыктардын “Эл ыры” деген чыгармасы апамдын бешик ырына окшоштугу бар экенин […]

Саргашка акын Амантай КУТМАНАЛИЕВ менен маек


– Амантай мырза, азыр сиз адабий китеп окуйсузбу? – Окуйм. Кечээ жакында эле “Нуска” китеп дүкөнүнөн Мурза Гапаровдун “Экөөсү ээн бакта” жана Бейшебай Усубалиевдин “Түн” деген китебин сатып алып окуп чыктым. Азыр жаш жазуучу, иним Данияр Исановдун сыясы кургай элек эсселеринин жыйнагын окуп жатам. Чындыгында өзүмдү адабий чыгармаларды баса калган окурман деп эсептебейм. Бирок мурдатан […]

"Бөксөрбөй, бөксөң толсо экен,/Жолборсум, жолуң болсо экен…"


Жакында манасчы, КРнын Эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу жарык көрдү. Китепти манасчынын 75 жылдыгына карата жеке ишкер Тилек Мураталиев каржылап, “Турар” басмасында 2000 нуска менен чыгарган. Манасчы У.Мамбеталиев 50 жылдан ашуун убакыттан бери “Манас” үчилтигин айтып келет. Башка бардык залкар манасчылар сыяктуу эле Уркаш агайдын да дастан айтып калуусуна табигый таланты менен бирге […]

Жаңы нерселер


“Кыргыз маданият борборуна” жаңы макал-лакаптар жана накыл-кептер кошулду. КМБ

Тагдыр


(икая) Бир күнү күүгүм ченде кайырчы үйүнө кайтып келатып, тагдырына наалып, кейип-кепчийт: – Бакыт деп коюшат… Кана ал Бакыт?.. Жолу болсун ошол Бакыттын?.. Кайырчынын наалыганы тандырдын жанына батат да, анын арыз-муңун угуп келүүгө Бакытты жиберет. Тигил оозун ачып тагдырына жаңы эле доомат кое баштаганда Бакыт шап этип кайырчыны колдон алат:

Сабиз, жумуртка жана кофе тууралуу


(икая) Бир күнү кызы атасына келип арызданат: – Атаке, жашоом ушунчалык оор, кыйынчылыктардан арылбас болдум го… Өмүр бою аракет кылам, бирок, майнап чыкпайт. Мындан ары эмне кылышым керек?! Атасы кызына боору ооруп, жооп кайтарыштын ордуна, унчукпастан, үч казан асып, ага суу толтуруп коёт. Биринчисине – сабиз, экинчисине – жумуртка, үчүнчүсүнө – кофенин дандарын салат. Бир […]

Максат Кулуев, КМАД театрынын актеру: "Кымыз ичкен кырдагы кыргыздаймын"


Артист Максат менен Соң-Көлдө кезиктим. Бозүй ичинде комузун толгоп, керегедей керилип, санат-термеден төгүп атыптыр. Үнү сөзүнүн маанисине куюлушуп, кымызга тойгон кызыл бет кыргыздардын жүрөгүн толкутуп атат тимеле. Кыргыз баласы микрофону жок эле бийик тоодо ырдаса, би-ир сонун ачылат экен, ов!..

Семетейчи Сейдана


Өздүк архивимди аңтарып атып, алты жыл мурун Семетейчи Сейдана апа менен болгон маегимди таап алдым. Ал мезгилде мен апанын батасын алайын деп атайын Токтогулга издеп барган элем. 85 жаштагы Сейдана апанын айткандары мага жомоктой сезилген. Апанын күпүлдөп семетей айтканын, анын аялдык, энелик тагдырын угуп көзүмө жаш алганым бар. Ошол маекти бүгүн кайрадан гезит бетине жарыяладым. […]

Таланталы БАКЧИЕВ: «Бабабыз Манас Чоң казатты баштаган»,- деди Жусуп Мамай аксакал»


Ушул жылдын 8-12-июлунда Акыйкатчы Турсунбек  Акун баштаган делегация, курамында «Мана-мурас» коомдук фондунун жетекчиси Баткен Шерниязов, манасчы Таланталы Бакчиев болуп, Кытай эл республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном областында залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушкан сапары тууралуу кабарчыбыздын маеги.

Андрей Ли: Эр Төштүктүн жолу менен


Ушул күндөрү мамлекетибиздин күчтөнүшүн, бутуна туруп кетүүсүн ойлоп, ошого колдон келчү салымын кошкусу келгендер элибизде көп эле экен. Ошолордун бири “Бигим” студиясынын аткаруучу директору Андрей Ли. Андрей менен маек куруп отуруп, жакшылыкты аркалагысы келген адам дайыма изденип, өзү жакшы көргөн Эр Төштүкчөсүнөн этин оорутуп, ойбазарын удургутуп тураарына ынандым. Үмүт-тилегинин бийиктигине суктанып, ага ак жол гана […]

Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн орус тилинде ыр түрүндөгү «Манас» эпосу жарык көрдү


Кыргызстанда биринчи жолу орус тилинде балдарга ылайыкташтырылган ыр түрүндөгү “Манас” эпосу жарык көрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдирет. Чыгарманын автору Татьяна Вепренцова-Учар маалымдагандай, китеп 150 беттен турат жана түстүү сүрөттөр менен коштолгон. Китепти даярдоого 12 ай кеткен. Басылманын бет ачаары 12-июнда Кыргызстандын эл аралык университетинин алдында өтмөкчү. Ал жожго, Баялинов атындагы китепканага, балдар […]

Кеңеш


Бир күнү шакирт өзүнүн суфий-устатынан минтип сурайт: – Устат, менин жыгылып кеткенимди уксаңыз эмне дээр элеңиз? – “Тур” демекмин, – деп жооп берет устат.

Улан ИСМАИЛОВ, манасчы: "Бизди онунчу "кылымдан калган "кишидей көрүшөт"


Байыртан эле чыныгы манасчы манас айтып жаткан учурда маңдайындагы угармандар укмуштай дем, күч-кубат, кайрат ала алышкан. Ал касиет кыргыздан жоголбой, кылымдап уланууда. Касиет демекчи, буга чейин “болбогон жомок” делип келинген улуу руханий манас дүйнөсүнүн касиетин кыргызга гезит аркылуу ачып берүү, жеткирүү, анын ааламынан баян куруу “Көк асабанын” милдет-парзы. Манасчылыктагы аян, колдоочу пирлер, касиеттүү күчтөр – […]

"Манаска кириш оңой, чыгыш кыйын"


Ар бир улуттун, элдин өзүнө таандык сыймыгы, чаң жугузбай кастарлаган ыйык нерсеси болору талашсыз. Муундан-муунга өтүп, эчендеген доорлорду басып, учурда улуттун күзгүсү, таянар тоосу болуп турган “Манас” эпосу кыргыз элинин бирден-бир сыймыгы. Тилекке каршы, манасчылыкка мамлекет тарабынан анчалык маани берилбей келет. Ошентсе да Манасты ыйык тутуп, учурда аны аруулап айтып келаткан манасчыларыбыз да жок эмес. […]

Түрк мамлекеттери "Манасты" кыргыз эпосу катары таануу боюнча расмий кайрылуу жасайт


Измир шаарында 19-26-апрелде “Түрк дүйнөсү – тарых, тил жана маданият” аттуу Экинчи Конгресс өттү. Бул туурасында КР Маланият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган конгрессте белгилүү кыргыз окумуштуусу, география илимдеринин доктору, Ош Мамлекеттик университетинин профессору Курманалы Матикеев ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине «Манас» эпосунун Кытайдын атынан киргизилүү маселесин көтөрүп чыкты. Буга байланыштуу көптөгөн окумуштуулардын […]

«Манас» эпосун изилдөө боюнча мамлекеттик программа иштелүүдө


Маданият мамлекеттик агенттигинин деректиринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков аталган агенттиктин алдындагы Эпосту сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча атайы комиссияга «Манас» эпосун изилдөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине агенттиктин басма сөз катчысы Мамасалы Апышев билдирет.

Жети кило салмактагы “Манас” чыкты


Бишкектеги “Хан Теңир” басмасынан манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 9 томдук “Манас” 7 кило салмак менен бир китеп болуп басылып чыкты. Азырынча сигналдык нускасы колго тийип, 1000 нуска менен чыгып жаткан “Манас” 163 миң саптан ашык болуп чыкты. Совет учурунда бул вариант 60 миң сап менен гана чыккан болчу.

"Манас" эпосу Интернетте


Мен “Манас” эпосунун кыргыз тилинде Интернетке чыгарылганын кезиктире элекмин. Бир карасаң бул жеңилирээк, анткени аны башка тилге которуунун кереги жок. Алдың да жайгаштырып койдуң. Бир гана маселе болушу мүмкүн, ким аны компьютерге түшүрөт.

“Талант тагдыры”: Молдобасан – манасчы, дастанчы


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ар тараптуу шыктагы шайыр Молдобасан Мусулманкуловдун манасчылык, дастанчылык чыгармачылыгына арналды. Молдобасан Мусулманкулов созолонто обон созуп ырдоо, таңшыта комуз чертүү, боздото баян-кыяк тартуу менен бирге күпүлдөтө “Манасты”, мунканта дастандарды, жомокторду жобурата айткан жомокчу да болгон. Ал мен манасчымын деп “Манас” айткандардын ичинен комузда баянда ойногон, ырдаган күү черткен, көзгө басар шайырдан […]

Көлдөгү мүрөк суу, же эки кылым карыткан "жаш келин"


Кыргыздар менен кытай ортосунда XIX кылымдын аягында ХХ кылымдын башында соода иштери жакшы жүрүп турган экен. Ошол убакта менин бир тууган агам Жээналы Серкебай уулу эки жолдошу менен Кытайга аттанат. Бул үч соодагер Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылынын мурдагы орду болгон “Ийгилик” айылынын тургундары эле. Үч соодагер Кытайга барышып, Кулжа тарабынан соодаларын бүтүрүшүп, кайра тартышканда […]

Султан РАЕВ, Маданият агенттигинин жетекчиси: "Кытайлар жан-дүйнөңөрдөгү "Манаска" кол салып,алып кеттиби?"


Кытай мамлекети тарабынан “Манастын” ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы коомчулукта ар түрдүү көз карашты жараткан дүрбөлөңдү пайда кылды. Ачуу сындар айтылды. “Манасты” коргоо жана даңазалоо үчүн “Манас Эл” кыймылы түзүлүп, иш алып бара баштады. Мына ушул багытта иш алып барууга түздөн-түз тиешеси бар, руханий дөөлөттөрүбүздү, маданий асыл баалуулуктарыбызды кадырлап-барктоочу, даңазалоочу тармакты тейлеген, Мамлекеттик маданият агенттигинин жетекчиси Султан […]

Манастын түпкү мекени Сары-Колбу?


Манас кыргыз улутунун улуу сыймыгына айланганын эч кимибиз тана албайбыз. Ар бир кыргыз айкөлдүн арбайына сыйынып келгени да тандыра койбойт. Бирок, турмуштун катаал сыноолоруна туш болгон баатыр бабабыз Манастын окуясын баяндаган эпостун тагдыры учурда дагы талашка түшүп отурат. Биз билгенден буга чейин эле Манас эпосун бир топ улут өзүнө энчилөөнүн амалын көрүп, далилдей албаган соң, […]