Category Улуттук философия

Нооруз майрамына карата күн төлгө


Нооруз майрамы жуманын кайсы күнүнө туура келгенине карап жылдын кандай болоору тууралуу 14-15-кылымда эле атайын түзүлгөн жылнаамада жазылган божомолдорго көз чаптырсак. Дүйшөмбү 1. Нооруз дүйшөмбүдө келсе, ал күн Айга таандык. Бул жылы арзанчылык болбос, бирок жамгыр көп жаап, эгин көп болор. Жамгыр жыл башында жаайт. Падышачылыктын кудурети кетүүсү мүмкүн. Аймактарда табигый кырсыктар болот. Айрым иш […]

Кыз энеден үйрөнбөй өнүгө албас, /уул атадан үйрөнбөй сапар чекпес… же "Коркут-Ата китебиндеги" элдик таалим-тарбия


“Коркут-Ата китеби” (“Китеби деде Коркуд”) – түрк элдеринин көп уруулары жана тайпалары биздин аталардын калтырган мурасы деп сыймык менен айтып келе жаткан орто кылымдагы огуздардын бизге жеткен жападан жалгыз адабий эстелиги. Окумуштуулардын көбү ал чыгарманы ар тараптуу, эң биринчи салыштырма-лингвистикалык жактан талдап келип, огуз түрктөрүнүн (алар кийин соңу түркмөн, азербайжан, гагауз, анадолулук түрк болуп жиктелет) […]

Рысбай Исаков: "Манасчылар жоголуп бараткан динозаврлардай эле"


Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана улуу эпосубуз “Манас” деп келебиз. Ошол улуу эпостун учугун улаган Манасчы Рысбай Исаковдун “Манаска” гана эмес, маданиятка болгон көз карашын билгенге аракет кылдык. – Акыркы учурда маданиятка көп көңүл бөлүнбөгөнү байкалып жатат. Азыркы маданияттын деңгээлине кандай баа бересиз? – Маданият баш аламан өсүп атат. Себеби, […]

“Бизди “Манас” гана бириктире алат”


“Бөлүп-жар да башкара бер” – Акай мырза, жазмыштын буйругу менен ар кайсы жактарга чачырап кеткен кандаш элдерди кайрадан башын коштуруу аракетиңиз качан башталды эле? Акай КИНЕ, “Алтай” коомдук уюмунун президенти:  – Мен өзүм кесибим боюнча филолог болгондуктан студент кезден эле  кыргыздардын фольклорун окуп, жарык көрбөгөн кол жазмаларды чогултуп, жүрчүмүн. 1995-жылы Алтайда жаштардын биринчи курултайын уюштурдум. […]

Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”


– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң? – Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити […]

Кыргыздын саламы – «Арыбаңыз», алиги – «Бар болуңуз»


Салам-алик – адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан  өтө  байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын аман-дыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «аны-буну (му-ну)», «ары-бери» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн […]

Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси көтөрүлдү


Кыргызстанда 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө демилгеси көтөрүлдү. Саамалыкты баштагандар ушул күнү кыргыздар жабыла ак калпак кийип чыкса деген сунушун айтышты. Ушул аркылуу улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтөбүз деген тилегин билдиришти. Ал ортодо кыргыз калпагынын сапаты төмөндөп кетти деген дооматтар да айтылууда.

"Кыргылчалдын балдары", оозуңду тарт!..же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп


Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Кытай Шинжаңдан чыгуучу “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору Редакциядан: Өткөн жылы кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосун Кытай өлкөсү аз улуттардын маданиятын коргоо максатын көздөө менен ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда ар кандай каршы көз караштар пайда болуп, ЖМКларда жарыя болгону маалым. Бул тууралуу […]

Дастан Сарыгулов: "Тогоол – бир гана кыргыз элине таандык!"


Кыргыз элинин улуулугун салты, үрп-адаты, нарк-насили менен баалап жүрөбүз. Дегеле, кыргыз элинин билимдүүлүгү, олуялыгы турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдарынан баштап, жыл сүрүү, ай-күн санагы менен далилденип келет. Эмесе, окурмандарыбыздын суроо-талабын орундатуу максатында Тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды Улуу Эл деп даңазалап, тарых барактары менен тастыктаган Сарыгулов Дастан Исламович менен болгон маекти тартуулайбыз.

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?


Манастын туусун кайрадан колго алып… Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз. Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан, табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыс. Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай […]

"Манас" эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы"


Ниенке ван дер Хейде, социалдык антропология илиминин доктору, Нидерланды өлкөсүнүн окумуштуусу, манастаануучу. «Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» аттуу бул китеп менин 5 жыл бою Кыргызстанда жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы – китеп түрүндө жарык көргөн доктордук диссертациям. 1996-жылдан 2001-жылга чейин мен Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө, батыш-чыгышында болуп, төмөңкү эки маселени, эки объектини – «Манас» […]

Төрт түлүк мал


Төрт түлүк – бул төө, жылкы, уй, кой-эчки. Ар биринин колдоор пири бар: Жылкыныкы – Камбар Ата, Койдуку – Чолпон Ата, Төөнүкү – Ойсул Ата, Уйдуку – Зеңги Баба.

АЙТЫЛУУ БАЛЫК (БАЛЫКООЗ)


ХVIII кылымдын аягында сарыбагыш уруусунун чоңарык уругунан тарагандардын арасында ынтымак ыдырайт. Эл бийлегендердин зомбулугуна чыдай албаган Кумар баштаган үч атанын балдары айласы кетип, аргасы түгөнгөндө «Таарынсаң Таласка кет» болушуп, Таласка көчө качышат. Кумардын барган жери акжолтой болуп, 1793-жылы Бекмурат аттуу уулдуу болот. Ал боорун жерден көтөргөндөн эмгек десе эт-бетинен кеткен эмгекчил, кепкөй, сезимтал, сергек өсөт. […]

Уктап жатып "Манас" айткан Нурбек


Калыбек уулу Нурбек 1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Азыркы учурда 20-лицейде 1-курста окуйт. Нурбектин талантын угуп, атайын маектешүү үчүн бардык, “Манас” айтканын карап отуруп, бир чети аяп, бир чети белгилүү манасчылардан кем калбаган талантына баа берип кайттык. – Нурбек, Саякбай Каралаевдин небереси болом деп атасың, кандайча небереси болоруңду айтып берсең? – […]

Жаңы шилтеме


Сайттын шилтемелер тизмегине “Айгине” маданий-изилдөө борборунун “Кыргызстандагы эл билими” сайтынын шилтемеси кошулду. Бул сайт 2005-2009-жылдары жыйналган кыргыз элинин салттык билимдерине байланыштуу материалдарды камтыйт.

КЫЗ СЕБИ МЕНЕН КӨРКТҮҮ


Байыртан ата-бабаларыбыз кыздын себин даярдоого олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Албетте, ар ким алына жараша калың берип, сеп даярдайт. Бүгүн биз базарларды, дүкөндөрдү аралап, орточо септи даярдоо капчыкты канчага жукартарын билүүгө аракет кылдык.

Байыркы кыргыздар деген жобону талкуулоо


Симпозиум – азыркы заманда Кыргызстанда аз угулуп калган иш-чаралардын бири дешет. Бирок кыргыз окумуштуулары эки мин он экинчи жылы эл аралык симпозиум өткөрүүгө белсенүүдө. Продюсер Арслан Капай уулу профессор Кадыраалы Конкобаевке кайрылып, мындай демилге кандайча жаралды деп сурады: Угуу: Бул жолу Кыргызстандык лингвисттер жана тюркологдор байыркы орхон-енисей жазууларын жараткан элдердин бири байыркы кыргыздар деген жобону […]

Чындыкты тапкан, телегейи тегиз Кубатбек Жусубалиев


Жазуучу Кубатбек Жусубалиев өткөн кылымдын акыркы 20 жылында адабиятта социалисттик реализмден чегинген, карапайым кыргыздын нукура образын тарткан чыгармалары менен дүң салган эле. – Мындан 10 жыл мурда журналистикага жаңыдан кирип, тажрыйбам жок кезде сизге барып, адегенде эле “чындык деген эмне” деп суроо узаткам. Сиз ошондо “атаңдын башы” деп жооп берип, анан “Ош шаарынан өзүң жашаган […]

Калкың каалап укпаса, Кан Манас келбейт айтууга


Алтайдан ат арытып катуу келген кан Манас Көлдүн баш жагына келип токтоп: “Кандай керемет, Алтайдагы  көлдү кудум көтөрө келгендей болдук го, чиркин!”, – деп Ысык-Көлгө абдан таңдана, кадимкидей суктанып, бир топ убакыт өргүү кылган экен. Көлдүн күңгөй-тескей тарабына кенен бастырып эс алган баатырдын демин, баатырдын сугун туздуу көл өзүнө оп тарта терең сиңирип, жай чайпала […]

Той башталды, жар-жар ай…


Күркүрөгөн күз келип, бышыкчылык жыттанып турат. Ушул күндөрү үй-бүлө куруу жөнүндө айткан адамдар да көп болсо керек. Албетте, үйлөнүү үлпөттөр бир канчалаган каражаттарды талап кылат. Андыктан үй-бүлө курууну максат кылгандар үйлөнүү тойду өткөргөндү да пландашы зарыл. Бышыкчылык келип базарда баары жайнаганы менен керектелүүчү буюмдарга коюлган баа ого бетер эле жогору. Мындай кырдаал чөнтөккө келген күч […]

«Оң», «сол» деп элди бөлбөгүн, Манасты кайра көмбөгүн!


Ата-Мекенине жан дили менен кызмат кылган кыргыз элинин даңктуу уулу Исхак Раззаковдун жаркын элесине арнайм. Түндүкмүн деп элирбей, Түштүкмүн деп көбүрбөй, Ортосунан оң солдун Мен чыккам деп сөгүнбөй, Уруум да кыргыз деп, Улутум да кыргыз деп, Жүрөлүкчү бөлүнбөй. (Б.Сарногоев) Мына ушундай УЛУУ, БИЙИК ой-пикирди ар бирибиз туу тутуп, жан дүйнөбүздө ар дайым бекем сактап, сүйүктүү […]

Бишкекте балдар үчүн «Тумар» комикси тартууланат


Бишкекте 8-ноябрда балдар үчүн «Тумар» комиксинин бетачары өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташуу бюросунун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Турсунай Чодурова билдирет. Комикстин негизги идеясы – рухий жана турмуш баалуулуктарын көрсөтүү, ошондой эле ар бир баладагы рухий маданияттын күч алышын колдоо жана өнүктүрүү. «Тумар» кыргыз элинин салт-санаасын, республиканын географиялык маалыматтарын өзүнө камтып, […]

"Кыргыздын адамзатка үлгү көрсөтө турган доору келди"


Демократия менен базар экономикасы өкүм сүргөн чалкеш заманда, рухий дөөлөттөргө, маданий баалуулуктарга маани берилбей, адамзат жан дүйнөсү терең кризиске учурады. Натыйжада, дүйнө-мүлктүн арааны жүрүп, теңсиздиктин, адилетсиздиктин доорун башыбыздан кечирип жатабыз. Мына ушул жагдайдан чыгуунун жолун бүткүл адам баласы издеп жаткан учур. Ошого байланыштуу өткөн жумада Казакстандын борбору Астана шаарында адамзаттын башына түшкөн кризистен чыгуунун жолун […]

Абдылдажан Акматалиев: "Манас" саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек?


– Кийинки кездерде “Манас” эпосунун текстерин жаш манасчылардан эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы жазып албайт деген суроолор пайда болуп жатат. Бул боюнча араекет жасап жатасыздарбы? – Түшүндүрүп кетейин, совет учурунда манасчылардын жазып алуу үчүн атайын каражат, техника жана транспорт бөлүнүп, манасчыга гонорар чегерилип, чыгармачылык шарттар түзүлүп берилген. Ошонун негизинде азыр “Манас” үчилтигинин 80ге жакын варианты […]

Манас Алтай жүрүшүнүн экинчи этабы башталат


Кыргызстан калкына аты бир кыйла тааныла түшкөн алтайлык боордошубуз Акай Кине Манас-Алтай жүрүшүнүн экинчи бөлүгүн аткаруу, Кыргызстанга кедр (Кыдыр) дарактарынын көчөттөрүн алып келүүнүн жол-жоболорун биргелешип чечип, анын убакыт-саатын тактоо үчүн Кыргызстанга келип кетти. Акай мырзанын бул жолку сапарында, белгилүү ишкер Таабалды Эгембердиев мырзанын “Супара” улуттук эс алуу борборунда жолугушуп, Акай мырза менен Таабалды агайыбыздын маегине […]