Category Улуттук оюндар

Ерлан Сержанулы: «ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК ОЮНДАРЫ – ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТРИУМФУ»


Жакында Кыргызстанда Олимпиада оюндары менен Азия оюндарынан кем калышпаган чоң эл аралык мелдеш өтөт. “Түрк оюндары спорттук мелдеш гана эмес, ал – түрк маданияты менен этносунун триумфу”,- дейт уюштуруучулардын бири, казакстандык меценат Ерлан Сержанулы. Бул маекти окуганда сиздерде жылмаюу, сыймыктануу жана сыйлоо сезими жаралса, ажеп эмес. – Ерлан мырза, Түрк оюндарын уюштуруу идеясы качан жаралган? […]

Кыргыз тайгандары


“Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн “Доор” программасынын алкагында нарындык тележурналисттер кыргыз тайганы тууралуу сюжет даярдашыптыр.

Сыдыктын күлүктөрү


Улуу Жибек жолунун боюнда 30-чакырымда миллионер чарбаны, асыл-тукум жылкыларды эң алгачкы уюштурган, Социалисттик Эмгектин Баатыры Кочкорбай уулу Исактын колодон тургузулган эстелиги жана анын өмүр жолун сүрөттөгөн мемориалдык үй-музейи бар. “Бул үй-музейинде күлүктөрдүн даанышмандары Сыдык акем менен Исактын өмүр баяны, кылган эмгектери биздин балдарыбызга таңкы чолпон жылдыздай жол көргөзүп турат”, – деп эскерүүсүн баштады Исактын байбичеси […]

Төө жана жамбаштаган кыргыз (төө сатуу, төө чечмей)


Илгерки кыргыздардын жашоосунда төө абдан чоң орун ээлеген. Ал 300-400 кг көтөрө алгандыктан, 45 күндөй суусуз жүрө алгандыктан көчүүлөрдө эң мыкты жардамчылардын бири болсо да, кыргыздардын ар кандай оюндарында катышкан. Ошондуктан “Кыргыздардын шаан шөкөттөрү” аттуу орус тилиндеги китептен төмөнкүдөй маалыматты кыргыз тиленди чыгарууну чечтим.

Төрөбай Өмүрзаков: "Таза кандуу күлүктөрдүн жоголуп кетүү коркунучу бар"


– Төрөбай ага, учурда сизди ата-бабыздын көөнөргүс мурастарынын бири болгон саяпкерликке ык койгон замандаштарыбыздын бири катары таанып отурабыз. Маегибиздин башында өзүңүз тууралуу кеңири кеп салып, азын-оолак өмүр жолуңузга токтоло кетсеңиз? – Орто билим алып мектепти бүткөндөн кийин эле кайра мектепте иштеп калдым. Төрт жыл катары менен кенже класстарга сабак берип, андан соң кесип алмаштырууга туура […]

Салт улаган cалбурун, барбы кыргыз алгырың?


Буга чейин ар жылы өткөрүлүп келаткан “Салбурун” фестивалынын алтынчысы өткөн жумада Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөрүлдү. Бул жолку “Салбурун-6” фестивалын “Салбурун” федерациясы, “Жолчоро” кайрымдуулук фонду, “Айкөл” үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи уюштурса, каржы маселесин федерацияга президент болуп дайындалган Темир Сариев өз мойнуна алган.

Көчмөндөрдүн кайталангыс өнөрү


30-октябрда “Санат-Кумай” федерациясынын,  Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Дасмия” компаниясынын колдоосунда “Ак кула” ат майданында болуп өткөн “Ынтымак” фестивалы адам азыркыдай техникалык мүмкүнчүлүктөргө, мылтыктардын түрүнө ээ боло электеги, накта мээнети жана эмгекти талап кылган мергенчилик салтына кайрадан жаңы дем берип, улуттук мергенчилик салттарын өнүктүрүү жана элди ынтымакка чакыруу максатында уюштурулду. Анын уюштуруучулары жаратылышка шайкеш жашоо мергенчиликте […]

“Салбурун” – кыргыздардын аңчылык өнөрү


Улуттук аңчылык спорттун түрлөрү боюнча уюштурулган “Салбурун” фестивалы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтүп жатат. «Салбурун» федерациясынын түзүлгөнүнө беш жылдын жүзү болот. Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган. “Салбурун” деген сөз – кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа […]

Манат Эшимбеков: Цирктеги ат өнөрү ата-бабабыз эзелтеден мурастаган нарктуу өнөр


Учурда айтылуу цирк чебери, Кыргызстандын эл артисти Манат Эшимбековдун жетекчилиги астында кыргыз цирк өнөрпоздорунун тобу Германиянын шаарларында өз өнөрүн көрсөтүүдө. Алар дарчы-акробаттык жана чабендестик өнөрлөрү менен немис калкынын кол чабуусуна арзууда. Манат Эшимбеков мырза 10-октябр күнү өз тобу Майнц шаарында оюн көрсөтүп жатканда “Азаттыктын” кабарчысы Тынчтыкбек Чоротегин менен баарлашып, өз тобунун саамалыктары, ийгиликтери жана заманбап […]

Кыргыздын канча улуттук оюну бар?


Кыргызча Интернеттен кыргыз улуттук оюндары тууралуу маалыматты көп эле таба бербейсин. Жокко эсе десек да болот. Биздин блогдогу ушундай аталыштагы бетти кеңейтүү (толуктоо) максатында Интернетте саякаттап жүрүп Арстанбек Илебаевдин тарых илимдеринин кандидаттыгы үчүн жазылган “Кыргыздын оюн-зооктору” аттуу илимий ишинин авторефератына туш болдум. Авторефераттан ар-бир оюн тууралуу кенен-кесири маалыматтарды таппасам да, кээ бир кызыктуу маалыматтарды ала […]

Көк-бөрү боюнча республикалык чемпионат


26-31-октябрда Бишкекте Көк-бөрү боюнча 10-республикалык чемпионат өтмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк-бөрү федарциясынын генералдык катчысы Темир Дүйшекеевдин сөзүнө таянуу менен «24.kg» МА билдирет.

Ат – адамдын канаты


Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү. Ат чабыш Кыргыз элинде: “Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө. Ат, аттан кийин жат”,-деген макалдар бекеринен айтылып калбаса керек. Кыргыз эли байыркы замандан бери мал чарбачылыгы менен кесип кылып, […]

Согуш токтоткон турналар


Тоолуу Алтайдын Оңкудай районунун Эло айылында эки жылда бир ирет “Элоюндары” өтүп турат экен. Бул улуттук оюндар туурасында жергиликтүү телерадиостанция болгону он гана мүнөт убакыт берээрин бизге айткан улуттук “Көк бөрү” федерациясынын мүчөсү Артур атуу жигит, биздин делегациянын кийимдерине кызыгып, өзүнүн шайыдан жасалган улуттук көкбөрүчүнүн көйнөгү менен алмашуусун өтүндү эле, жигиттерибиздин бири алтайлык тууганыбыздын көңүлүн […]

"Бөрүлү" ак тулпарлуу болду


Республикабыздын эгемендигинин 19 жылдыгына карата “Ак кула” ат майданында улуттук “Көк-Бөрү” оюну боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу өткөрүлдү. Оюндун жыйынтыгында үчүнчү орун үчүн Таластын “Биримдик” командасы Нарындын “Дордой” командасы менен беттешип, жыйынтыгында теңиртоолуктар жеңишке жетишти.

Камбартеп толукталды


“Камбартеп – кыргыздын эр өнөрү” макаласы толукталды.

Камбартеп – кыргыздардын эр өнөрү


Кубанычбек НАЗАРОВ: "Камбартеп" – кыргыз рухунун түбөлүк кыймылы"


Кубанычбек Назаров- “Камбартеп” мектебинин негиздөөчүсү. Аксы районунун Каражыгач айылында туулган. Ушу, цигун менен шугулданган. Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат. – Кубанычбек мырза, кытайлардын ушусу, жапондордун каратэси сыяктуу эле байыркы кыргыздардын […]

Тогуз коргоол кантип тогуз кумалак болду?


16-18-июль күндөрү Чехияда тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Кыргыз-казактын акыл оюнуна быйыл Кыргызстандын командасы келген жок. Байгелүү орундар бүт казактардын энчисине тийди. Тогуз коргоолду тогуз кумалак деп атаган казактар аны эл аралык деңгээлде күжүрмөн сүрөөнгө алып жаткандыктан, Пардубицедеги мелдеште оюндун казакча аталышы үстөмдүк кылып кеткени байкалды. Казакстандын тогуз кумакалчысы Шерхан Пардубицедеги мелдеште, 16-июль, 2010-жыл

Таалай ЭСЕНАЛИЕВ: "Чыгыш оюндары долбоорума Кытай кызыгууда"


Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, коомдук ишмер, Улуттук маданиятты, көчмөндөрдүн салтын изилдөө жана Чыгыш элдеринин улуттук оюндарын түзүү боюнча эл аралык илимий долбоорунун, 57 илимий эмгектин, Чыгыштын мушташ искусствосунун филоофиясы боюнча бир катар публикациялардын автору коомчулукка өзүнүн 29 долбоорун алып чыкты. Анын бири – Кыргызстанда Чыгыш элдеринин олипиада оюндарын түзүү демилгесинин айланасында маек курдук.

Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!


Кыргыз элин кылым кыйырынан, доорлордун бүктөмүнөн бүгүнкү күнгө жеткирген баарыдан мурда алдындагы карабайыр аты болду окшойт. Бир жагынан астындагы тулпарын ушунчалык сүймөнчүлүк, көркөмдүк менен эпикалык деңгээлге жеткире ырдаган (Аккула, Тайтору ж.б.) кыргыздай эл барбы деп сыймыктанып да кетесиң. Кыргыздын “ат, аттан кийин жат”, “аттай арка, тоодой медер” деген ылакап сөзүнүн ар жагында “атка теңдеп алчу” […]

"Алышка Африка, Америка да кызыгууда"


“Алыш” эл аралык федерациясынын 1-вице-президенти Алмамбет Анапияев менен маек. Моюнга алыш керек, кыргыздын улуттук оюндарынын эл аралык спорттук аренага чыга алгандарын эсептей келсең беш манжаң жумулбайт. Ал эми алыш белбоо күрөшү, ошол жумулган манжалардын бири. Жакында Бишкекте алыш боюнча Азия биринчилиги өткөрүлдү. Бул боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн “Алыш” федерациясынын жетекчилигине кайрылдык.

Салбурун


Салбурундун негиздөөчүсү Алмазбек Акунов менен маек Ит агытып, куш салып, Салбурундап жер чалып, Бабалардан калган иш. Манастан Биздин ата-бабалар аңчылык өнөрдү аздектеп келген. Күз келгенде биринчи жааган карда, жигиттер топтолуп алышып, алыска аңчылыкка чыгышкан. Кыргыздын маңдайына жазган мындай азем-өнөр акыркы кезде кайрадан жанданып, кайсы бир деңгээлде калың элдин катмарына тарап келаткандай өңдөнөт. Түйшүгүн көтөрүүдө жана […]

"Күзгүбү, таракпы?"


Бул – жаштардын тамашалуу оюндарынын бири. Мында көрүнө элек эки жолдоштун бирөө акырын байкатпай келип, беркинин көзүнөн басып: “Күзгүбү, же таракпы?” – деп сурайт. “Күзгү” – десе, колун дароо тартып алат. Шашып, “тарак” деп жиберсе, колун тартып учурашат. Бул эки теңтуштун тамашалуу жолугушуусу болуп саналат. “Кыргыз Web” сайтынан алынды

Эмил Бокошев: "Такымдагы улакты жулуп кетем…"


Улуттук ат оюндардын эл арасында кеңири тараганы, кызыктуулугу жагынан көк бөрү өзүнчө бөлүнүп тураарына шек жок. Эмил бала чактан бери айыл жергесинде улак тартып такшалган. Өлкөбүз эгемендикти алган алгачкы жылдардан тарта көк бөрүнүн көркүн чыгарып келгени келген. Чабандес менен ат жалына казан асып, азыноолак маек курдук.

КЕЛИН ЖАРЫШ, КЫЗ ЖАРЫШ


Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы өстүрүүнү жакшы көрүшөт. Анткени, жылкы кыш күндөрү көбүнчө талаадан кар тээп оттойт, колго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине өз убагында жеткирет, ишеничтүү унаасы болот. Ошондуктан, кыргыз эли бүгүнкү күндө да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны өстүрүүгө көп көңүл бөлүшөт. Дүйнөгө белгилүү […]