Category Тил

Р. Отунбаева: Манас эпосу ЮНЕСКОго жаңы номинация боюнча көрсөтүлөт


Манас эпосун ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине жаңы номинация боюнча көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн брифингде Президент Роза Отунбаева билдирди. Мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарында ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, анда эки-үч жылдан бери кызуу талашты жаратып келаткан Манас эпосу боюнча маселе талкуулангандыгын айтты. “Биз эпосту бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн жаңы […]

Георгий ВАСИЛИАДИ: "Көкүрөк тийгизген досторум Кыргызстанда"


“Мен Георгий Василиади- Кыргызстандын, Талас облусунун Бейшеке айылында туулуп- өскөм. Грецияга көчүп келип жашап атканыма 19 жылдын жүзү болду. Кыргызстандагы жердештерим, досторум менен пикир алышканда кадимкидей канат байлап калам. Дайыма туулган жеримдин музыкасын угам.” “Кыргызча жакшы сүйлөйм…” -деген жазууну окуп, грек улутунун өкүлү ушинтип өзүн бүткүл дүйнөгө интернеттен тааныштырып атканына бир чети ыраазы боло, бир […]

“Бизди “Манас” гана бириктире алат”


“Бөлүп-жар да башкара бер” – Акай мырза, жазмыштын буйругу менен ар кайсы жактарга чачырап кеткен кандаш элдерди кайрадан башын коштуруу аракетиңиз качан башталды эле? Акай КИНЕ, “Алтай” коомдук уюмунун президенти:  – Мен өзүм кесибим боюнча филолог болгондуктан студент кезден эле  кыргыздардын фольклорун окуп, жарык көрбөгөн кол жазмаларды чогултуп, жүрчүмүн. 1995-жылы Алтайда жаштардын биринчи курултайын уюштурдум. […]

Өмүр бедери


Жакында “Кыргыз Республикасынын жазуучулары” деген маалымдама китебин барактап олтурсам, далай замандаштарым, калемдештерим, досторум кинотасмага окшоп көз алдыман өттү, кылык-жоруктары эске түштү. Ар кимиси адабиятка, көркөм өнөргө жана маданиятка ак дилден эмгектенишип, улуттук рухий маданиятка өз салымдарын кошкон инсандар. Алардын көбү эми улуу муун аталып калды. Өмүр дегениң – сымап сымал жылт этме көз ирмем, колдон […]

Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”


– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң? – Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити […]

Ааламдашуу доорунда кыргыз тилинин кадыры кандай болот?


И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз тили жана маданияты азыркы замандын шартында” деп аталган кереге кеңеш баарлашуусу  болуп өттү. Ага Япониянын ЦУКУБА университетинин профессору, филология илиминин доктору Тошинобу Усуяма, мамлекеттик  тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси А.Ибраимов, кыргыз-түрк  “Манас” университетинин профессору Замира Дербишева, И.Арабаев атындагы  КМУнун профессору Курманбек Токтоналиев жана башкалар катышып, доклад жасашты. Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн, […]

Чокуңду билесиңби же чоочундарга бересиңби?


Өткөндө “окшошуп баратышат” деп бир жаздык эле. Башкага жагынган кошоматчылык жагынан бул өкмөт мурункуларга окшошмок тургай озуп түштү. Алыс барбай эле жакында болуп өткөн окуяларды санап берели. Биринчиден, бензиндин баасын арзандатып бергенине эрип кетиштиби, же дагы бир себеби барбы, айтор бийлик башындагылар жылан чакпай, жылкы теппей кыргыздын чокусуна Путиндин ысымын ыйгаралы деп демилге көтөрүп чыкты. […]

Жер аталыштары талкууланууда


Кыяз Молдокасымов, тарыхчы, серепчи, Акчолпон Койчиева, маекти алып барган Би-Би-Си продюсери Угармандарыбыз Кыргызстанда орусча аталган жерлердин тарыхый аталышын калыбына келтирүү маселесин кызуу талкулоодо. Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы А.Ибраимов көтөргөн бул демилгени Орус элчилиги улутчулдук деп атаган.

Арслан Койчиев, жазуучу-журналист: «Арманым – чоң жазуучулардан таалим албадым»


Адатта биздин шартта профессионал адабий чөйрөдөн чыккан татыктуу жаңы ысымдар дароо оозго алынып кетпейт, тескерисинче, кодура таланттардын шоораты угулуп, базары кайнап турган заман. Ошентсе да көркөм чыгарма жаратуучулар көмүскөдө калып кетпей, соңку адабий көч башындагы жаңы ысымдар бирин-экин жаңылык жаратканын атабай кетүүгө болбос. «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналыбыз өткөн жылдан тарта «Турар» басылмасынын демөөрчүлүгү менен жарык […]

Кыштактарды кыргызча атоону сунуштаган жетекчи иштен алынды


Жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп чыккан Мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагасы Азимжан Ибраимов президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 11-февралда кызматтан алынды. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди, айрымдардын нааразылыгын жаратты.

Кыргыздын саламы – «Арыбаңыз», алиги – «Бар болуңуз»


Салам-алик – адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан  өтө  байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын аман-дыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «аны-буну (му-ну)», «ары-бери» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн […]

"Кыргылчалдын балдары", оозуңду тарт!..же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп


Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Кытай Шинжаңдан чыгуучу “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору Редакциядан: Өткөн жылы кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосун Кытай өлкөсү аз улуттардын маданиятын коргоо максатын көздөө менен ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда ар кандай каршы көз караштар пайда болуп, ЖМКларда жарыя болгону маалым. Бул тууралуу […]

Алгачкы жана азыркы "Алиппе", же И.Арабаев жана С.Рысбаев


Кылымдардын кыйырында бирде күчөп зор аймакты ээлесе, бирде алсызданып жоголуп кетүү коркунучуна туш болуп, эчендеген татаал да, катаал да замандарды башынан кечирип келген кыргыз эли акыркы кылымдарда жазуусунан айрылып, бир мезгилде жазуусу болсо да сабатсыздыкка кабылганы белгилүү. Өткөн кылымдын башталышында, тагыраак айтканда, 1911-жылы Уфа шаарынан Ишенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин “Алиппе жаки төтө окуу” деген […]

Азимжан Ибраимов, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы: "Бардык чиновниктерди кыргыз тил сынагынан өткөргөнү жатабыз, Куловду болсо…"


– Азимжан мырза, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 21 жылдан ашса да, эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдар, токтомдор, айтор мамлекеттик иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлбөй, дээрлик бардыгы орус тилинде болуп келет. Мунун себеби эмнеде? Же кыргыз тилине болгон кайдыгерлигибиз болуп жатабы? – Туура, ушул күнгө чейин Мамлекеттик тил мыйзамы күчүн жоготуп иштебей келди. Себеби […]

Фирдоусинин Сиявушу


Хаким Абулькасим Мансур Хасан Фирдоуси Тусинин “Шахнамесинин” бир бөлүгү болуп эсептелген Сиявуш тууралуу дастанды Олжобай Шакир акыры которуп бүттү. Улуу чыгыш акынынын бул чыгармасын бул жерден окуй аласыздар.

Бирөөгө зар, бирөөгө кор таланттар


Өткөн жыл Кыргызстан үчүн кубанычтуу жылдардан болду. Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азиялык чемпионаттан спортсмендерибиз алтын, күмүш, коло медалдарын алып келип, кубанычыбыз коюнга батпай, чечекейибиз чеч болуп, абдан сүйүндүк. Мамлекет башчысы убада кылгандай эле, алтын медаль алган Данияр Көбөновго 15 миң АКШ долларын, күмүш байге ээлерине 10 миң АКШ долларын, коло байге алгандарга 5 миң АКШ долларын […]

Рая Деркимбаева, Эстебес Турсуналиевдин жубайы: "Эстекем бүтүндөй өмүрүн Филармонияга арнады эле…"


Сейрек учурай турган төкмөлөк өнөрдө медер тутуп, көркөм өнөрдөн көөнөрбөс мурастарын даңазалап, жарым кылымдан ашык өзү сүйгөн элинин жарпын жазып келген Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Көзү өткөн залкарларды эскерүү артында калган урпактардын милдети эмеспи. Ошол пенделик парзыбызды аткаруу, залкар талантты эскерүү максатында Эстебес Турсуналиевдин жубайы Рая Деркимбаева апаны кепке тарттык.

БУРУЛЧА – эркиндиктин символу


Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан. Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда […]

Башкырлардын Кыргыз уруусу тууралуу


[kml_flashembed movie=”http://www.youtube.com/v/4V88FHMVfAM” width=”425″ height=”350″ wmode=”transparent” /]

Ж.Касаболотов: Маалыматтык коопсуздук тилден башталат


Конфликтолог, Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” курган маегинде маалыматтык коопсуздук жаатында айтып берди. “Азаттык”: Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргыз мамлекети июнь коогасында маалыматтык кармашта жеңилгенин кайра-кайра белгиледи. Дегеле медиа эксперттер өлкөдө бирдиктүү медиа талаа болбогонун, өзгөчө кыргыз тилдүү маалымат каражаттары аксап […]

Кытайлык боордоштор боор толгошот


Бир жердешимдин өрөөндүү өлкөдө он күндөй жүрүп, көргөн-билгендерин айтып отурса өзүм да ошол өрөөндө жүргөндөй болдум. Адам адам болуп жаралгандан бул дүйнө толуп-ташып, бөксөрүп тургандай… Материк деген ушундай кубулуштуу. Ызгаары-ысыгы бирде батышка, бирде чыгышка ооп турат. Өрөөндүн калкы өнөрпоз, илимдүү-билимдүү экени жашоо тиричилигинен эле көрүнөт.

Кыргыз арибиндеги компьютердик тергич чыкты


Кыргыз арибинде даярдалган компьютердик тергич жакын арада сатыкка чыкканы турат. Кыргызча тергичти (клавиатураны) “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” мүчөсү, ишкер Нурмухаммед Абдыкадыров иштеп чыккан. Ал жаңы табылгасын алгач өкмөттүк мекемелерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына сунуштаганы жатканын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?


Манастын туусун кайрадан колго алып… Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз. Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан, табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыс. Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай […]

Кыргызча Уикипедиянын казынасы бөксө


15-январда интернеттеги акысыз Уикипедия энциклопедиясынын түзүлгөнүнө он жыл толду. Дүйнөнүн 271 тилинде маалыматтарды таап берген бул энциклопедиянын кыргызча бөлүмү макалалардын саны боюнча башка тилдерден кыйла эле артта калып келет. Жергиликтүү адистер мунун себебин түшүнүктөрдү кыргызчага которууда жана макала жазууда бирдиктүү аракеттин жоктугу жана ыкшоолук менен байланыштырышат.

"Манас" эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы"


Ниенке ван дер Хейде, социалдык антропология илиминин доктору, Нидерланды өлкөсүнүн окумуштуусу, манастаануучу. «Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» аттуу бул китеп менин 5 жыл бою Кыргызстанда жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы – китеп түрүндө жарык көргөн доктордук диссертациям. 1996-жылдан 2001-жылга чейин мен Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө, батыш-чыгышында болуп, төмөңкү эки маселени, эки объектини – «Манас» […]