Category Искусство

Чубак Сатаев. ЧАГЫЛГАН ИЗИНДЕЙ ӨМҮР


Чыныгы талант кандай мезгилде болсо да, өз баасын ала алат. Чубак Сатаевдин аткаруусундагы кыргыз жыттанган ырлар азыр да элдин эсинде. Биз гана эмес, казак боордоштор агабыздын ырларын жактырып, жаңы өмүр берип жаткандары сыймык эмей эмне! Эл оозунда калган Чубак Сатаевди эскерүү кечеси 10-мартта болду. АККОРДЕОН ШЫГЫН ОЙГОТУП… Чубак ага 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында […]

КРнын эл артисти Гүлсүн Мамашева менен маек


“Сагынуу”, “Кыштак четинде”, “Айбыгуу”, “Сенин элесиң” аттуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Гүлсүн Мамашева чыгармачыл чөйрөгө 17 жашынан баштап аралаша баштаган. Азыр эжени “Жер каймактагандагы Гүлсүн Мамашева” деп кайда барса жылуу тосуп алышат. Алгачкы эстрада карлыгачтарынын бири болгон Гүлсүн эжебиз 7-март күнү президенттин чечими менен КРнын эл артисти наамын алып, элдин куттугуна тунуп […]

Түгөлбай КАЗАКОВдун эжеси Мөөркан Кыштакбекова: "Атамдын атын Аман алыска угузса, Түгөлбай чоң атабыздын ысымын таанытты"


“Элегия” менен “Жамгыр төктү…” – бул эки ыр канча мезгил өтсө да, адамдын жүрөгүнөн бекем түнөк таап алышкан. Бул чыгармалардын автору, белгилүү обончу Түгөлбай Казаковдун, алп Айтматовдун “Кыяматын” кыргызчалаган белгилүү акын, журналист Аман Токтогулов экөө бир тууган экенин жакында билдим. Экөөнүн чыгармачылыгын айта берсе сөз түгөнбөсө керек. Андыктан, жөнөкөй тил менен айтканда, алардын адамдыгын эжеси […]

Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти: "Мени сурабай, ырымды сурагыла"


СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, эң сонун ырчы, болгондо да опералык да, элдик да ырларды машына жеткире ырдаган Кайыргүл Сартбаева үстүбүздөгү жылдын ортосунда тактап айтканда 20-июнда 75ке чыгат экен?! Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деген сөз бекерден-бекер чыкпаса керек. Кыйыргүлдүн атасы да өзү айткандай ырга жакын, шайыршат адам болуптур. Кайыргүл деген эң кенже кызына […]

Рысбай Исаков: "Манасчылар жоголуп бараткан динозаврлардай эле"


Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана улуу эпосубуз “Манас” деп келебиз. Ошол улуу эпостун учугун улаган Манасчы Рысбай Исаковдун “Манаска” гана эмес, маданиятка болгон көз карашын билгенге аракет кылдык. – Акыркы учурда маданиятка көп көңүл бөлүнбөгөнү байкалып жатат. Азыркы маданияттын деңгээлине кандай баа бересиз? – Маданият баш аламан өсүп атат. Себеби, […]

Драматург, театр сынчысы Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Кыргыз театрлары канткенде жанданат?»


– Жаныш байке, театр сынчысы, драматург катары айтсаңыз, учурда кыргыз театрлары кандай жашоо өткөрүп атат? Эмнегедир жымжырттык өкүм сүрүп жаткансыйт? – Биринчиден, театрлардын айрымдарында  ремонттоо иштери  жүрүп жаткан кез.   Демек, бул –иш процесси токтоп турат дегенди билдирет. Алардын арасында  Кыргыз академиялык драма театрыбыз да ремонтто турду эле, үч айдан бери кичи сахналары иштеп атат. Чоң […]

Ырысбек ЖАБИРОВ, кинорежиссёр, продюссер: “5-март – Ак калпак күнү!..”


– Ырысбек, өзүңдүн кесибиң экономист экен, анда искусствого, тактап айтканда кино тармагына кандайча ооп келдиң? – Экономист болгонум менен, жандүйнөмдө чыгармачылыкка бала кезимден эле жакынмын. Андыктан, киного капысынан эле келип калдым деп айта албайм. Айрымдар кээде суроо берип калышат: “Киного акча табуу  үчүн келсең керек?” – дешип. Жок, андай эмес. – Анда эмне үчүн? – […]

Боз үй кимдики, кыргыздыкыбы же казактыбы ?


Кереметүү боз үй кѳптѳгѳн чет элдиктерди таң калдырып келет.  Жакында, «Кыял» бирикмесинин директорунун радиодо берген маегин угуп калдым. Анын айтымында,  Японияда ѳткѳн кѳчмѳн элинин цивилизациясына арналган кѳргѳзмѳдѳ казак туугандар 60 тан ашык боз үй тигип, кѳргѳзмѳгѳ келгендерди  таң калтырыптыр. Алардын айтымында, бул боз үй казактарга таандык экен.  Баса белгилеп кетчү нерсе, ал боз үйлѳр Кыргызстанда […]

Сабира Күмүшалиева – кыргыз театрынын Умай энеси


“Ай баратат” берүүсү театр жана кино өнөрүнүн чебери, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын элесине арналды. Сабира Күмүшалиева 75 жыл сахнада, кинодо ар түрдүү кейипкерлердин кулк-мүнөзүн түзүп, кайталангыс таланты менен элдин эсинде калды. Эпизоддук ролдордун чебери Ал айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасында Керез аттуу кемпирдин ролун ойноп, тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, […]

Ырчы Токтобек АСАНАЛИЕВ: "Эмне үчүн Манас таануу факультети жок?"


– Токтобек мырза, ырчы болуп калышы-ңыздын себеби эмне? – Кээ бирөөлөр айтат го, кошунабыз кошокчу болчу, атам чоң комузчу эле, мен чоң дарактын бүчүрүмүн, чоң токочтун күкүмүмүн, чоң дөбөттүн күчүгүмүн, Тоголок Молдо же Токтогулдун түздөн түз урпагымын деп. Мен карапайым эле бир чабандын үй-бүлөсүндө чоңоюп өстүм. Ар бир бака өзүнүн сазын мактайт эмеспи, ар бир […]

Кадыр Өмүркулов: "Айтматов кезикпесе кинобуздун тагдыры белгисиз болмок"


“Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөтүшү-кинодогу Океев, Шамшиев, Өмүркуловдор менен бирге вокалдык искусстводогу Миңжылкыевдердин чыгышына төп келди. Ал эми музыкадагы К. Молдобасанов жана актердук искусствобуздагы М. Рыскулов, С. Чокморов, ошондой эле сүрөт өнөр жаатындагы ачылыштарды айтсак сөз арбыйт”. Мынабул эки сүйлөм “Жетилген курак” макаласындагы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу А. Стамовдун калемине таандык. Бул жерде калемдешибиз өтө кыска бирок […]

Ободо толкуган обондор


Айтылуу Ысык-Ата курортуна бараткан жолдо тоо этегинде бак-шактуу Жар Башы деген айыл бар. Белгилүү композитор, обончу, дирижер Сардарбек Жумалиев ушул берекелүү айылда жарык дүйнөгө келген. Дүйнө табиятын тааныган, шоокум-ыргагын туюп, сулуулук ажарынан азыктанган ыйык кичи мекени ушул айыл. Байкаса бойго жыйган бардык жакшылыгы ушул айылдан башталыптыр. Азыр ойлосо, өзү чыгарып жүргөн обон деле табияттын керемет […]

«СВЕТ АКЕ» – эротика менен реалдуулуктун айкалышы


Жылдын эң чырдуу тасмасы атагын алган “Свет аке” жеңиштерден да куру кол эмес. Кыргызстанга келгенче чет элдиктердин оозун ачырып, кыйла жеңишке жетишкен тасма Актан Арым Кубаттын жемиштүү эмгеги десек болот. Тарткан өлкө – Кыргызстан Режиссёру – Актан Арым Кубат Сценарийин жазгандар – Актан Арым Кубат, Талип Ибраимов Продюсери – Алтынай Койчуманова Оператору – Хасан Кыдыралиев […]

Бузурман Одуракаев, КРнын эмгек сиңирген артисти: "Түрктөр Ч.Айтматовдун эстелигин тургуза албасаңар, биз тургузабыз деп жатышат…"


1990-жылы тартылган Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” кино тасмасында башкы каарман Ысмайылдын, Т. Ибраимовдун “Кошокчу” тасмасында башкы каарман Болоттун, Жаныш Кулманбетовдун “Таштанды кыз” – тасмасында башкы каарман Керимдин ролун жараткан ж.б. көптөгөн кино тасмаларга тартылган белгилүү актёр, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык жаштар клубунун вице-президенти Бузурман Одуракаев менен маектештик

Кыргыз искусствосунун кайраткерлери Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти: "Биздин көчөдөгү майрам эч нерсеге алмашкыс…"


Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры… Алгач эшигин ачып, босогосун аттаарың менен корифейлерибиздин бири – Бакен Кыдыкееванын сүрдүү, бирок, түпкүлүгүндө муңайым тиктеген портрети көзгө урунат. Калган көрүнүштөр эч кимди суктандыра да албас. Кайран имараттын эскилиги жетип, абдан көрксүз, кунарсыз абалда. Залкар адамдын атын алган театрдын эшик-төрүн мурда-кийин көрбөгөндөр таң калуу менен карашат. Түшүнбөйм. Маданият […]

Опера ырчысы Роза Багланова дүйнө салды


Казакстандын маданияты оор жоготууга учурады. СССРдин, Казакстан жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү ырчы Роза Багланова узакка созулган оорудан кийин 89 жаш курагында 7-февралда көз жумду. Казакстандын эл баатыры, сопрано үндүү опера ырчысы Роза Багланова кыргыз-казак маданий мамилелерине, достук байланыштарына, ырчылык өнөрүнө кошкон зор салымы болгонун СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартпаева айтат.

"Чын курандын жетисин" уккула


“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда барып жер жаңы” дегендей, ар мезгилдин өзүнүн ыры, созгон обону болот окшобойбу. Дүйнөлүк глобалдашуу маданий турмушубузга, жандүйнөбүзгө эшик чертпей кирип келгени аз келгенсип, төргө өткөндөн да тартынбай, күн өткөн сайын таасирин арттырып баратат. Түбүндө улуттук маданий уңгубузду чөлгө сүйрөгөн мындай көрүнүштүн кесепетинен кыргыздын кылым комузу, элдик өнөрү басынып, эстрада […]

Кыргыз композиторлордун чыгармалары каражат жоктуктан чаң басып жатууда


Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү төбөдөгү чачтан жыш экендигин баарыбыз тең сезип жаткандырбыз. Бир жагын бүтөсө бир жагы калат дегендей, кыйын заманга туш болдук. Кээде отуруп, ий, ушул кыргыз элим бактылуу бакубат жашоого туш болоор бекен деген ойлор да келип кетет. Бүгүнкү күндөгү жашоо турмуш өтө эле кыйынчылыкка батып кеткендигине баарыбыз күбөбүз. Бүгүнкү күн саясий-экономикалык жагынан гана […]

Хрущевге комуз чертип берген кыргыз деңизчи


“Шырылдаң” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы – экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов. Ал комузда кол ойнотуп, бош убактысында жорго таптап, фотоаппараты менен Кыргызстандын кооз жаратылышын сүрөткө түшүрдү. Жашы 70ке чукулдап калганда ирландиялыктардын стэп бийин биринчи болуп кыргызча ыргакка салып, өзүнчө бий кыймылын түзүп чыкты.

Баатыр кыздардын ролун жараткан Калича Сейдалиева


Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында Каныкей, Жаңыл мырза сыяктуу баатыр кыздардын жана башка ондогон драмаларда аялдардын ар кыл образдарын жаратып, ички темпераменти күчтүү актриса экенин далилдей алды. Театр адистери менен баарлашканымда алар Дааркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Гүлшара Дулатова сыяктуу улуу таланттардын жолун уланткан, Улуттук театр өнөрүндө ички сезими […]

Бакирдин Алиев, КРнын эл артисти: "Не деген сонун образдарды ачып берерде көзүм көрбөй…"


Кыргыз маданиятына, искусствосуна тоодой салым кошкон, кайталангыс таланттардын жолун улап, алардын ар бир басып өткөн изине жаңыча көрк кошуп, бүтүндөй өмүрүн искусствого арнап келе жаткан Бакирдин ата менен Кеңеш апаны кепке тарттык. “Сапырылган чаңдан кирпиктерибиз көрүнбөй…” – Биздин учурда азыркыдай кычыраган Мерседес машиналар жок, үстү ачык машина менен жүрчүбүз. Жолдун начардыгын айтпа. Машинабыз аңга-дөңгө түшүп, […]

"Колуңдан түшпөй таңшыган, комузуң турат үн катпай…"


СССРдин Эл артисти, ак таңдай залкар акыныбыз Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80ге чыкмак. 2005-жылы 10-октябрда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Эстебес агабыз өмүрүнүн акырына чейин төкмө акындык өнөрдү аркалап, улуу муундун узун сабагын улап, аны кийинки муунга калтырып, кыргыз маданиятына ат көтөргүс зор эмгек өтөдү. Анын чыгармачылыгы, улутубуздун көөнөрбөс элдик мурасына айланган десек […]

Маңдай тер, ак эмгектин үзүрү


Мен дайыма Мырзабек байкеме жолуккан сайын, 1965-1966-жылдар, мектепте окуп жүргөн кезим эсиме түшөт. О, андагы Фрунзе шаары, азыркы Бишкек бөтөнчө жашыл, күнү-түнү жап-жарык, элдин жашоосу да бөлөкчө сезилчү. Мырзабек байке жапжаш, күлгүндөй кези эле. Мен анда республикалык театр коомундагы “Актерлор үйүндө” Кыргыз ССРинин эл артисти А.Көбөгөнов атабыздын жетекчилиги менен 2 жылдык студияда окучумун. Артисттик биринчи […]

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА: "Датка жөнүндө көркөм тасма тартылат"


Жакында “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бул тасманы тартуу демилгесин көтөргөн “Курманжан датка” коомдук фондунун төрайымы, ЖК депутаты Жылдыз ЖОЛДОШЕВА менен кинонун тегерегинде сөз кылдык. – Курманжан датка тууралуу даректүү тасма тартуу идеясы эмнеден улам чыкты? – Он беш жылдан бери Курманжан датканын басып өткөн тарыхый жолуна байланышкан кыргыздын улуу инсандары тууралуу, деги эле […]

Турса эгер эстелик,/турат элек эскерип…


Сүрөтчү, чебер актер, кыргыз элинин сыймыгы Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналып “Сүймөнкул Чокморов” атындагы коомдук фонд өз ишин баштады. Бул тууралуу актердун жакындары, бир туугандары, замандаштары, үзөңгүлөш достору маалымат жыйынында билдиришти. Маалымат жыйынына элге төбөсү көрүнгөн адамдар коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев өңдүү бир катар аттуу-баштуулар […]