Category Жаңылыктар

Чарчап, чарчабас Омор


Далай китептер текчеме батпай ыргытылды. Же бирөөлөргө берилди. Бирок, Омордун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген жыйнагын мурда окугандыктан нечен жолу ыргытып жиберейин деп ыргыткан жокмун. Ыргыта албай койдум. Анткени, андагы “Кусалык” деген биринчи эле ыр алгачкы жолу окуганда эле жанымды сыздаткан. Ырда согуш маалында энеси көкүрөк оорулуу болуп, тоодогу жылкычынын боз үйүн каралап алачык тигип, кымыз […]

«Адеп» журналынын жаңы саны жарыкка чыкты


Ноябрь айынын алгачкы жумасында «Адеп» журналынын кезектеги, №3 саны жарык көрдү. Басылманын бул саны Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий иштер боюнча өкүлү Мохаммад Хоссейн Абедининин маеги менен башталган. Ал аталган өкүлчүлүктүн аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берген. Маданий өкүлчүлүк өз ишмердүүлүгүн баштаган алгачкы күндөн баштап эле кыргыз жана иран элдеринин достугун чыңдоо максатында […]

Коттбус шаарында XX эл аралык кинофестивалда “Свет-аке” тасмасы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду


Германиянын Коттбус шаарында XX эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Алыкул Осмоновдун "Көл толкуну" кайрадан жарык көрдү


Кыргыз поэзиясынын атасы, залкар акын Алыкул Осмоновдун атын укпаган, ырларын окубаган кыргыз жок болсо керек. Дагы бир атактуу инсаныбыз акын жана котормочу Эрнис Турсунов “Эгер, Ысык-Көлгө тил бүтсө, өзүн тунук поэзияга чайкап, жарык дүйнөгө даңазалаганы үчүн эң биринчи алкышын Алыкулга айтат эле..”-дегендей, кыргыз бермети аталган кереметтүү Ысык-Көлүбүздү Алыкулча даңазалаган, сүйгөн адам жок десек ашыкча болбос. […]

Бакыт Токубек уулу: Кыргызча үйрөнүүгө кызыккандар көп


Жаш тилчи Бакыт Токубек уулу чет элдиктер үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган “Кыргыз тилин үйрөнүңүз” аттуу окуу китебин чыгарды. “Азаттык”: Бакыт мырза, дегеле Кыргызстанга келип, кыргыз тилин үйрөнөбүз деген чет элдик жарандар, алар гана эмес мобу Бишкекте эле жүрүшкөн орус тилдүү кыргыздар деле тил үйрөнүүгө китеп жок дешет. Сиз англис тилдүүлөр үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” […]

Салт улаган cалбурун, барбы кыргыз алгырың?


Буга чейин ар жылы өткөрүлүп келаткан “Салбурун” фестивалынын алтынчысы өткөн жумада Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөрүлдү. Бул жолку “Салбурун-6” фестивалын “Салбурун” федерациясы, “Жолчоро” кайрымдуулук фонду, “Айкөл” үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи уюштурса, каржы маселесин федерацияга президент болуп дайындалган Темир Сариев өз мойнуна алган.

Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы БЕКТЕНАЛИЕВ: «Эми керт башыбыз менен жооп беребиз»


Жалпыга маалым болгондой, Президентибиз Роза Отунбаева жакында эле “Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Буга ылайык мамлекеттик статс-катчылардын статусу жогорулаганы менен, алардын жоопкерчилиги да күч алды. Андыктан, биз Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы Бектеналиевге аталган жарлыктын негизинде эмне иштерди аткарып жатканы тууралуу сурап кайрылдык.

Көчмөндөрдүн кайталангыс өнөрү


30-октябрда “Санат-Кумай” федерациясынын,  Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Дасмия” компаниясынын колдоосунда “Ак кула” ат майданында болуп өткөн “Ынтымак” фестивалы адам азыркыдай техникалык мүмкүнчүлүктөргө, мылтыктардын түрүнө ээ боло электеги, накта мээнети жана эмгекти талап кылган мергенчилик салтына кайрадан жаңы дем берип, улуттук мергенчилик салттарын өнүктүрүү жана элди ынтымакка чакыруу максатында уюштурулду. Анын уюштуруучулары жаратылышка шайкеш жашоо мергенчиликте […]

Бишкекте балдар үчүн «Тумар» комикси тартууланат


Бишкекте 8-ноябрда балдар үчүн «Тумар» комиксинин бетачары өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташуу бюросунун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Турсунай Чодурова билдирет. Комикстин негизги идеясы – рухий жана турмуш баалуулуктарын көрсөтүү, ошондой эле ар бир баладагы рухий маданияттын күч алышын колдоо жана өнүктүрүү. «Тумар» кыргыз элинин салт-санаасын, республиканын географиялык маалыматтарын өзүнө камтып, […]

Театр – коомдун күзгүсү


Т.Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театры мындан үч жыл мурда оңдоп-түзөө иштерине жабылып, каражаттын тартыштыгынан улам алигүнчө толук кандуу иштебей турат. Бирок быйылкы 84-сезонун театрдын кичи залында 15-октябрда ачып, чакан спектаклдерди коюп жатышат. Кыргыз драма театры үч жыл оңдолду Улуттук кыргыз драма театры 2007-жылы ноябрь айында оңдоп түзөө иштерине жабылган болчу. Каражаттын тартыштыгынан улам театр […]

Сулайман Тоодо сыр түгөнбөйт экен


Кийинки жылдары Сулайман Тоосундагы Ак үйгө келгендерди жылуу тосуп алып, бата-дуба кылып олтурган бул инсанды көбүбүз таанып калдык. Ал киши Бишкектен чыгарган “Ыйык Сулайман Тоосунда катылган сырлар” деген китеби менен дагы бир жолу таанышканы кыйла мартаба сезилген. Алымбек Култаев аксакал минтип баштайт: “Мен өзүм Сулайман Тоонун шайыктарынын башчысы болуп иштеп баштаган 2002-жылдан бери көп кызык […]

Залкар акын, драматург Жалил Садыков дүйнө салды


Кыргыз маданияты, адабияты чоң жоготууга учурады. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салды. “ Тарых эбак таптаган, далилдеген, Талант пири Садыков Жалил деген. Жүз жашка да жетиңиз кадыр менен, Жүз жашты да тосуңуз жаңы ыр менен”,- деп акын Акбар Рыскулов мындан үч жыл мурда Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, белгилүү драматург […]

Садык Шер нияз, маданият жана маалымат министри: "Кескин өзгөрүүлөрдөн алысмын. Менин мүнөзүм бунтардык мүнөз эмес"


Жаңы келе турган ЖКга маданият тармагы бир кыйла мыйзам кабыл алынышы керектигин сунуштаганы турат. – СССРдин эл артисти, КР эл сүрөтчүсү С.Чокморовдун айкели алигиче тургузулбай келет. Агасы Сүйөркул абанын айтымында каражат деле бар болчу, марафон уюштурганбыз, маданият министрлиги ал чогулган акча макетке эле жеткен деп жатат. Тилекке каршы, маданият тармагын жетектеген министрлер тез-тез алмашып, бул […]

Эл акыны Эрнис ТУРСУНОВ – 75 жашта


Эрнис Турсунов: өзү жалгыз Филология илиминин доктору, профессор, КРнын эл жазуучусу Кеңешбек Асаналиев узак жылдар бою кыргыз адабиятынын алптары А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун, К.Тыныстановдун, А.Осмоновдун чыгармачылыгын такай изилдеп, “жиликтеп”, талдап, илимий жыйынтык чыгарып келген ири окумуштуу, чыгаан адабиятчы-сынчы. Анын “Адабий Ала-Тоого” 2005-жылы № 8, декабрь-январь айына жарыяланган Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгына карата терең жана […]

"Темирландын теги кыргыз"


Жазуучу Асыкбек Оморов буга чейин “Чынгызхан” тарыхый китебин жазган. Эми Аксак Темирге “асылып” “Темирлан” аталган жаңы чыгармасын жаратыптыр. Төмөндө ушул китеп тууралуу учкай сөз болду. – Асыке, Темирлан тарыхтагы таасын инсан. Ал сиздин оюңузча ким экен? – Анын теги кыргыз. Чынгызханда Бууданчардан тарап отуруп, Эрдентүп барлас менен Тоодой барлас деп монгол тилинде (кыргызча баарлаш) айтылат. […]

КОЖОМКУЛДУН ЭРДИКТЕРИНЕН


15-октябрь – даңазалуу Каба уулу Кожомкулдун каза болгон күнү. Суусамырдын визиттик карточкасы болгон айтылуу балбандын жаш кезинен эле жылкыларды куйруктан силкип токтотуп, кулундарды колтугуна кысып чакырым жерге көтөрүп, ат такаларды жалгыз колдоп кабыштыра ийип, чала кургаган тал-теректерди суусун чыгара кармап, көлөмү торпоктой болгон таштарды көтөргөн эрдиктери эл эсинде сакталуу. Андыктан биз Кожомкул алпты эскерип, таң […]

Маданият жана маалымат министри САДЫК ШЕР-НИЯЗ: “Бөгөт коюу – жакшы ыкма эмес…”


Учурдагы Маданият жана маалымат министрибиз байыркы кыргыз жазууларын сактап калуу боюнча мыйзам кабыл алыш керектиги жөнүндө демилге көтөрүүдө. Ага ушул жана башка суроолор менен кайрылдык. – Айтсаңыз, министр болуп дайындалганы ишти эмнеден баштадыңыз? – Ырасын айтканда, мен кызматка өтө оор учурда дайындалдым. Мендеги алгачкы максат – маданият чөйрө­сүндөгү ынтымак менен биримдикти сактап калуу болгон. Менимче, […]

Биздин Элнура “Алтын медалды” жеңип келди


Ар бир улуттун  атын чыгарган айжаркын таланттары, улуу инсандары болот. Улуттун жүзү тарыхта ошол аркылуу башкаларга таанылат. Боордош казак туугандардын маданиятынын тарыхында дагы өчпөс ысымга айланган залкар таланттардын катары көп. Алардын бири – легендарлуу ырчы, казак элинин булбул кызы, СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Бибигүл Тулегенова. Казакстандын маданий турмушунда анын аты өтө жогору […]

Тянь-Шандын темир айымы


Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Алардын бири Кыргызстандын тарыхында, маданиятынын басып өткөн жолунда ташка тамга баскандай өз изин калтырган Күлүйпа Кондучалова учурда Бишкек шаарынын ардактуу жашоочусу, эки кыз, бир баланын энеси, беш неберенин чоң эне, таянеси жана тогуз чөбөрөнүн чоң энеси жана чоң таенеси. Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри жана […]

С.Бактыгулов: Обончулар чыгармачылык жоопкерчиликти жоготуп коюшкан


13-октябрда обончулардын республикалык кароо-сынагына коюлган чыгармалардын деңгээли төмөн экенин калыстар тобу бир добуштан белгилешти. Обончулар болсо уюштуруу иштери начар болгонун, Маданият жана маалымат министрлиги аларга моралдык-материалдык колдоо көрсөтүүсү зарылдыгын билдиришти.

Миркасым Усманов: эдилдик чыгаан чыгыш таануучу


Түркология жана чыгыш таануу илими чоң жоготууга учурады. 11-октябрда чыгаан татар окумуштуусу, тарыхчы жана булак таануучу Миркасым Усманов 76 жашында каза болду. Ал кыргыз таануу тармагына да илимий жетекчи катары салым кошкон. Чыгаан татар окумуштуусу, чыгыш таануучу жана түрколог Миркасым Усмановду түбөлүк жайга узатуу жөрөлгөсү 12-октябрда Казан шаарындагы Алиаскар Камал атындагы Татар мамлекеттик академия театрынын […]

Көк-бөрү боюнча республикалык чемпионат


26-31-октябрда Бишкекте Көк-бөрү боюнча 10-республикалык чемпионат өтмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк-бөрү федарциясынын генералдык катчысы Темир Дүйшекеевдин сөзүнө таянуу менен «24.kg» МА билдирет.

Дагы жаңы шилтемелер


“TRT” телеканалынын кыргыз бети ВВСнин Кыргыз кызматы (Фейсбукта) Кыргызча музыка (шилтемелердин топтому) Ордо сахна Интернетти кыргыз тилине которгондордун сайты Кыргызча-орусча (орусча-кыргызча) он-лайн создүк

Говард Джейкобсон Букер премиясынын ээси болду


Британиялык белгилүү “Букер” адабий сыйлыгынын 2010-жылдагы лауреаты болуп 68 жаштагы жазуучу Говард Джейкобсон табылды. Бул сыйлыкка ал “Финклердин баш ооруулары” аттуу сатиралык романы үчүн татыган. Лондон шаарында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде ага 50 миң фунт стерлингге (75 миң АКШ долларына жакын) чек тапшырылган. Белгилей кетчү жагдай, сыйлыктын шарты боюнча бардык финалистерге да 2,5 миң фунт […]

"Башкалардын жаманаттысы филармонияга калбаса"


Өлкөбүздөгү оор абал элди мындан ары да жакырчылыкка батырып, эртеңки күнү дагы төңкөрүш болуп кетпейби деген чочулоо менен жашап калганыбыз жашыруун эмес. Театрларда, сахналарда адамдын көңүлүн көтөрчү концерттер да болбой калды. Болсо да эл ага учурдагы абалдан улам баргылары жок. Ошондон улам борбордогу улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониянын чыгармачыл таланттар тобу жакшы жөрөлгөнү баштайлы деп атыптыр. […]