Category Жаңылыктар

Кыргыз тилиндеги сайттардын тизмеги


“Кыргыз маданият борборунда” кыргыз тилдүү сайттардын тизмегин түзгөнгө аракет кылдым эле. Учурда аларды өзүмдүн жаңы блогума которуп койдум. Жөн гана которбостон, жаңыча да иреттеп чыгууга аракет кылдым. Кыргыз тилдүү сайттарга кытайдагы бир туугандарыбыздын сайттары да кирет. Бирок, тилекке каршы, алар негизинен араб графикасында болгондуктан биз азырынча бул блогдогу тизмекке кирилл графикасындагы кытайлык кыргыздардын сайттарын гана […]

Сурамжылоо


Р. Отунбаева: Манас эпосу ЮНЕСКОго жаңы номинация боюнча көрсөтүлөт


Манас эпосун ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине жаңы номинация боюнча көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн брифингде Президент Роза Отунбаева билдирди. Мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарында ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, анда эки-үч жылдан бери кызуу талашты жаратып келаткан Манас эпосу боюнча маселе талкуулангандыгын айтты. “Биз эпосту бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн жаңы […]

Пикириңерди күтөбүз


Урматтуу “Кыргыз маданият борборунун” коноктору! Учурда жүрүп жаткан “Көктөм” атындагы бир ырдын сынагына катышкан ырлар боюнча пикириңерди күтөбүз. Анткени сынактын шарты боюнча, коюлган төрт байгенин бирөөсүнүн ээсин так сиздер аныктайсыздар. Ырларга жазылган пикирлердин негизинде “Кыргыз маданият борбору” блогунун окурмандарынын атайын байгеси тапшырылат. Катышыңыздар, сизге жаккан акындарды сүрөнгө алыңыздар! “Көктөм” сынагына катышып жаткан ырлар.

Атуулдарды ойготкон акын Шайлообек Дүйшеев


Кыргыздын азыркы чыгаан акындарынын бири Шайлообек Дүйшеев тууралуу анын туулган күнүн (23-февралды) утурлап айтылган учкай кеп. Ыры Кожомкулдай, өзү бекене Киши Айтылуу кыргыз акыны Байдылда Сарногоевдин: “Мен киммин, мен бир акын жаман сары, Колунда койкоңдогон калам сабы. Энекем эптеп төрөп койсо керек, Элимдин көбөйсүн деп адам саны”, – деген керемет саптары бар эмеспи.

«СВЕТ АКЕ» – эротика менен реалдуулуктун айкалышы


Жылдын эң чырдуу тасмасы атагын алган “Свет аке” жеңиштерден да куру кол эмес. Кыргызстанга келгенче чет элдиктердин оозун ачырып, кыйла жеңишке жетишкен тасма Актан Арым Кубаттын жемиштүү эмгеги десек болот. Тарткан өлкө – Кыргызстан Режиссёру – Актан Арым Кубат Сценарийин жазгандар – Актан Арым Кубат, Талип Ибраимов Продюсери – Алтынай Койчуманова Оператору – Хасан Кыдыралиев […]

Чокуңду билесиңби же чоочундарга бересиңби?


Өткөндө “окшошуп баратышат” деп бир жаздык эле. Башкага жагынган кошоматчылык жагынан бул өкмөт мурункуларга окшошмок тургай озуп түштү. Алыс барбай эле жакында болуп өткөн окуяларды санап берели. Биринчиден, бензиндин баасын арзандатып бергенине эрип кетиштиби, же дагы бир себеби барбы, айтор бийлик башындагылар жылан чакпай, жылкы теппей кыргыздын чокусуна Путиндин ысымын ыйгаралы деп демилге көтөрүп чыкты. […]

Жер аталыштары талкууланууда


Кыяз Молдокасымов, тарыхчы, серепчи, Акчолпон Койчиева, маекти алып барган Би-Би-Си продюсери Угармандарыбыз Кыргызстанда орусча аталган жерлердин тарыхый аталышын калыбына келтирүү маселесин кызуу талкулоодо. Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы А.Ибраимов көтөргөн бул демилгени Орус элчилиги улутчулдук деп атаган.

5-март – Ак калпак күнү


Жалпыга маалым 5-март күнүн АК КАЛПАК күнүн деп белгилейли деген сунуш менен белгилүү режиссер Рысбек Жабиров демилге көтөрүп чыкты. Бул эч кандай саясаты жок, позитивдик акция. Андыктан ушул күнүн жыл сайын УЛУТ жүзүбүз болгон АК КАЛПАГЫБЫЗДЫ кийип, жаз башталышын жакшы маанай менен тосуп алалы!

Кыштактарды кыргызча атоону сунуштаган жетекчи иштен алынды


Жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп чыккан Мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагасы Азимжан Ибраимов президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 11-февралда кызматтан алынды. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди, айрымдардын нааразылыгын жаратты.

Бишкекте «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот


15-февралда КР Улуттук китепканасында кыргыздын алгачкы «Алибфе яки тута окуу» китебине 100 жыл толгондугуна байланыштуу «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Кыргыз элинин биринчи агартуучу – илимпозу, алгачкы алиппенин автору, И. Арабаев Уфадагы жогорку диний мектеп «Медресе – Галиядан» окуп жүргөндө эле Х. Сарсекеев деген казак студент экөө тарабынан кыргыз, казак балдарына […]

ЮНЕСКО «Манас» эпосу боюнча маселени кароо үчүн эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр


10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө депутат Карганбек Самаков жакында жумушчу иш сапары менен АКШга барган учурда «Манас» эпосунун Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын тегерегинде айтып берди. Ал ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, «Манас» эпосу боюнча кабыл алган чечимин кайра кароосу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу, тагыраак айтканда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк рухий мурастар […]

Жаңы макал-лакаптар


Макал-лакаптар баракчасы дагы 65 макал-лакап менен толукталды. КМБ

Опера ырчысы Роза Багланова дүйнө салды


Казакстандын маданияты оор жоготууга учурады. СССРдин, Казакстан жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү ырчы Роза Багланова узакка созулган оорудан кийин 89 жаш курагында 7-февралда көз жумду. Казакстандын эл баатыры, сопрано үндүү опера ырчысы Роза Багланова кыргыз-казак маданий мамилелерине, достук байланыштарына, ырчылык өнөрүнө кошкон зор салымы болгонун СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартпаева айтат.

Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси көтөрүлдү


Кыргызстанда 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө демилгеси көтөрүлдү. Саамалыкты баштагандар ушул күнү кыргыздар жабыла ак калпак кийип чыкса деген сунушун айтышты. Ушул аркылуу улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтөбүз деген тилегин билдиришти. Ал ортодо кыргыз калпагынын сапаты төмөндөп кетти деген дооматтар да айтылууда.

Бир ырдын сынагы


Келе жаткан жазга арнап «Кыргыз маданият борбору» «Бийиктик» басмасы менен биргелешип «Көктөм» деген темага арналган БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялайт. Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы боюнча чектөө жок. Ошондой эле ырдын формасы жана көлөмү боюнча да чектөөлөр коюлбайт.

Фирдоусинин Сиявушу


Хаким Абулькасим Мансур Хасан Фирдоуси Тусинин “Шахнамесинин” бир бөлүгү болуп эсептелген Сиявуш тууралуу дастанды Олжобай Шакир акыры которуп бүттү. Улуу чыгыш акынынын бул чыгармасын бул жерден окуй аласыздар.

Турар сүйгөн Нуржамал


30-январь – Турар Кожомбердиевдин каза болгон күнү Бүгүн биз акын Турар Кожомбердиевди эскерүү иретинде акындын өзү жөнүндө жана анын жаш чагындагы сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиева тууралуу сөз кылалы дедик. Т.Кожомбердиев өзүнүн кыска өмүрүндө махабат темасындагы нечендеген ыр саптарды жаратса, ага бирден-бир себепчи болуп, түрткү берген бул –  Н.Иманалиева болгон экен. Көрсө, акындын калеминен биздин Нуржамал […]

Зааминден окуган Шүкүров


Мен дос үчүн таза жүрөгү менен күйгөн бир адамды көрдүм. Ал – Шерназар Шүкүров. Таланттуу акын, бир сырдуу жазуу­чу Абдыманап Жапаркуловдун көзү өткөндөн кийин 68 басма табак көлөмүндөгү эки томдукка барабар ырлар, поэмалар жана прозалык чыгармалар жыйнагын уктабай даярдап, чуркап жүрүп басмадан чыгарды. Ал эмгектер эртедир-кечтир өз баасын алып, адабиятыбыздан өз ордун табар күн алдыда. […]

12-декабрь Кыргызстандын улуттук адабият күнү


Жогорку Кеңеш 12-декабрь мындан ары Кыргызстандын улуттук адабият күнү болсун деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу жобонун долбоору 27-январда кабыл алынды. Бул дата кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө туураланган. Аталган кадам кыргыз акын-жазуучуларынын учурдагы армандуу абалына тийиштүү көңүл буруунун башталышы катары кабыл алынууда. Ылайым эле ушундай болсо экен. Анткени, канча жолу ушуга окшош катуу […]

Таркатмага жазылуу


Учурда “Кыргыз маданият борбору” блогунун таркатмасын уюштуруу иши жүрүп жатат. Жума ичиндеги блогго чыккан макалалар, блогдогу башка жаңылыктар тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турмакчы. Кимге ушундай таризде блогдогу жаңылыктар менен таанышып туруу ыңгайлуу болсо бизге kmborboru (@) gmail.com дареги боюнча билдирип койсоңор болот. Дарегиңерди таркатманын даректер топтомуна киргизип коебуз. Бир жумада блогго жарыяланган материалдар көп болгондуктан биз […]

Турса эгер эстелик,/турат элек эскерип…


Сүрөтчү, чебер актер, кыргыз элинин сыймыгы Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналып “Сүймөнкул Чокморов” атындагы коомдук фонд өз ишин баштады. Бул тууралуу актердун жакындары, бир туугандары, замандаштары, үзөңгүлөш достору маалымат жыйынында билдиришти. Маалымат жыйынына элге төбөсү көрүнгөн адамдар коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев өңдүү бир катар аттуу-баштуулар […]

Рая Деркимбаева, Эстебес Турсуналиевдин жубайы: "Эстекем бүтүндөй өмүрүн Филармонияга арнады эле…"


Сейрек учурай турган төкмөлөк өнөрдө медер тутуп, көркөм өнөрдөн көөнөрбөс мурастарын даңазалап, жарым кылымдан ашык өзү сүйгөн элинин жарпын жазып келген Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Көзү өткөн залкарларды эскерүү артында калган урпактардын милдети эмеспи. Ошол пенделик парзыбызды аткаруу, залкар талантты эскерүү максатында Эстебес Турсуналиевдин жубайы Рая Деркимбаева апаны кепке тарттык.

АКИpress маалымат агенттигинин «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоору


АКИpress маалымат агенттиги «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоорду ишке ашыра баштады. Агенттик кыргыз тарыхы боюнча изилдөөчүлөрдү жаңы рубриканын автору болууга чакырат. Жаңы долбоордун алып баруучусу болууга макулугун Турусбек Мадылбай билдириптир. Жакшы жөрөлгө. Бирок кыргыз тилинде да ушундай долбоор ачылып, аны ушундай колдоого алышса, кандай жакшы болот эле!

Бишкекте жазуучу М. Элебаевдин 105 жылдыгына байланыштуу көргөзмө ачылат


Бишкекте Улуттук китепкананын имаратында 21-январда жазуучу жана котормочу Мукай Элебаевдин туулганына 105 жыл толгондугуна байланыштуу китеп-көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирет. Көргөзмөдө жазуучунун жашоо жолун камтыган китептер, гезиттик жана журналдагы макалалар жана иллюстрациялар коюлат. Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер жана жазуучунун туугандары катышмакчы.