Category Билим

Нооруз майрамына карата күн төлгө


Нооруз майрамы жуманын кайсы күнүнө туура келгенине карап жылдын кандай болоору тууралуу 14-15-кылымда эле атайын түзүлгөн жылнаамада жазылган божомолдорго көз чаптырсак. Дүйшөмбү 1. Нооруз дүйшөмбүдө келсе, ал күн Айга таандык. Бул жылы арзанчылык болбос, бирок жамгыр көп жаап, эгин көп болор. Жамгыр жыл башында жаайт. Падышачылыктын кудурети кетүүсү мүмкүн. Аймактарда табигый кырсыктар болот. Айрым иш […]

Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”


– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң? – Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити […]

Бишкекте «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот


15-февралда КР Улуттук китепканасында кыргыздын алгачкы «Алибфе яки тута окуу» китебине 100 жыл толгондугуна байланыштуу «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Кыргыз элинин биринчи агартуучу – илимпозу, алгачкы алиппенин автору, И. Арабаев Уфадагы жогорку диний мектеп «Медресе – Галиядан» окуп жүргөндө эле Х. Сарсекеев деген казак студент экөө тарабынан кыргыз, казак балдарына […]

Кыргыздын саламы – «Арыбаңыз», алиги – «Бар болуңуз»


Салам-алик – адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан  өтө  байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын аман-дыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «аны-буну (му-ну)», «ары-бери» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн […]

Байыркы Барсхан шаары тууралуу баян


Албетте, эми Барскоон айылын чалдыбар деп айтуу кыйын. Себеби, качандыр бир мезгилде дүркүрөп өсүп, кайра кыйрап жокболгон шаардын үстүнө заманбап кыргыз айылы өсүп чыккан. Азыркы Барскоон айылы Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде, Жети өгүз районунда, жайгашкан. Барсхан кайда жайгашкан? Байыркы жазуучу, тарыхчылардан калган маалыматтарга таянсак, шаар YIII-ХIII кылымдарда дүркүрөп өнүгүп-өскөн экен. өзүнүн ынгайлуу географиялык абалы боюнча […]

Кошой-коргон коргоого муктаж


Кошой-Коргон Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан. Биздин күнгө чейин бул коргондун табышмактуу сыры али күнгө толук ачылбай келет. Жалпы аянты төрт гектарды түзгөн сепилдин туурасы 5, бийиктиги 6-8 метрди түзөт. Кылымдар бою бузулбай сакталып келген коргондун топурагында кандай кошулма бар экендиги да белгисиз. Келечекте тарыхчы болууну самаган айылдын тургуну Нур Кенжебеков бул тууралуу мындай дейт: […]

Алгачкы жана азыркы "Алиппе", же И.Арабаев жана С.Рысбаев


Кылымдардын кыйырында бирде күчөп зор аймакты ээлесе, бирде алсызданып жоголуп кетүү коркунучуна туш болуп, эчендеген татаал да, катаал да замандарды башынан кечирип келген кыргыз эли акыркы кылымдарда жазуусунан айрылып, бир мезгилде жазуусу болсо да сабатсыздыкка кабылганы белгилүү. Өткөн кылымдын башталышында, тагыраак айтканда, 1911-жылы Уфа шаарынан Ишенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин “Алиппе жаки төтө окуу” деген […]

Дастан Сарыгулов: "Тогоол – бир гана кыргыз элине таандык!"


Кыргыз элинин улуулугун салты, үрп-адаты, нарк-насили менен баалап жүрөбүз. Дегеле, кыргыз элинин билимдүүлүгү, олуялыгы турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдарынан баштап, жыл сүрүү, ай-күн санагы менен далилденип келет. Эмесе, окурмандарыбыздын суроо-талабын орундатуу максатында Тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды Улуу Эл деп даңазалап, тарых барактары менен тастыктаган Сарыгулов Дастан Исламович менен болгон маекти тартуулайбыз.

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж


Ооган парламентинин мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында. Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт. Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди.

АКИpress маалымат агенттигинин «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоору


АКИpress маалымат агенттиги «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоорду ишке ашыра баштады. Агенттик кыргыз тарыхы боюнча изилдөөчүлөрдү жаңы рубриканын автору болууга чакырат. Жаңы долбоордун алып баруучусу болууга макулугун Турусбек Мадылбай билдириптир. Жакшы жөрөлгө. Бирок кыргыз тилинде да ушундай долбоор ачылып, аны ушундай колдоого алышса, кандай жакшы болот эле!

Кытайлык боордоштор боор толгошот


Бир жердешимдин өрөөндүү өлкөдө он күндөй жүрүп, көргөн-билгендерин айтып отурса өзүм да ошол өрөөндө жүргөндөй болдум. Адам адам болуп жаралгандан бул дүйнө толуп-ташып, бөксөрүп тургандай… Материк деген ушундай кубулуштуу. Ызгаары-ысыгы бирде батышка, бирде чыгышка ооп турат. Өрөөндүн калкы өнөрпоз, илимдүү-билимдүү экени жашоо тиричилигинен эле көрүнөт.

Кыргыз арибиндеги компьютердик тергич чыкты


Кыргыз арибинде даярдалган компьютердик тергич жакын арада сатыкка чыкканы турат. Кыргызча тергичти (клавиатураны) “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” мүчөсү, ишкер Нурмухаммед Абдыкадыров иштеп чыккан. Ал жаңы табылгасын алгач өкмөттүк мекемелерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына сунуштаганы жатканын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?


Манастын туусун кайрадан колго алып… Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз. Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан, табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыс. Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай […]

Кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасы


Кыргызча Уикипедиянын казынасы бөксө


15-январда интернеттеги акысыз Уикипедия энциклопедиясынын түзүлгөнүнө он жыл толду. Дүйнөнүн 271 тилинде маалыматтарды таап берген бул энциклопедиянын кыргызча бөлүмү макалалардын саны боюнча башка тилдерден кыйла эле артта калып келет. Жергиликтүү адистер мунун себебин түшүнүктөрдү кыргызчага которууда жана макала жазууда бирдиктүү аракеттин жоктугу жана ыкшоолук менен байланыштырышат.

Латын графикасына өтүүгө кандай карайсыз?


Биринчи макала Курманбек Токтоналиев, филология илимдеринин доктору, профессор Тарыхтан бир үзүм Биздин өлкөдө тил маселеси өтө эле саясатташып кеткен. Албетте тилдин социалдык маселелери саясатка кирет деңизчи, бирок совет мезгилиндеги тап күрөшүнүн идеологиясы тилдин структурасына чейин саясатташтырып жиберген. Өзгөчө мындай саясат И.Сталиндин заманында өзүнүн апогейине жетти көрүнөт. Анын тил маселелери боюнча жазган каттары, эмгектери тилди өтө […]

Олег Бондаренко: Кыргызстанда 2010-жылдын китеби “Манас” эпосу болду («24.kg» МАга берген интервьюсунан, кыскартылып которулуп берилүүдө)


Советтер Союзу учуруда «Китеп – билим булагы” деген сөз көп айтылат эле. Бактыбызга, азыркы заманда да Кыргызсанда китеп жазып, китеп окугандар да аз эмес. Буга кирнеттеги китепке байланыштуу форумадарда кызуу талаш-тартыштарды окуп күбө болосуң. Ал жакта дүйнөлүк жана ата-мекендик жаңы китептер гана эмес, классикалык чыгармалар да жандуу талкууга алынып турат. Бул кубандырбай койбойт. Анткени китеп […]

Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш


Кыргыз элинин тарыхындагы эң залкар инсаны – Манас менен монгол элинин башчысы Чыңгыз хандын ортосунда байланыш бар экени мен үчүн таң калаарлык болду. Ошондуктан, мен төмөнкүдө ошол окуяны айтып берейин деп ойлодум. Манастын кырк чоросунун бири, замандашы, биринчи манасчы Жайсаңдын айтымы боюнча, Манас бабабыздын 19 гана мууну болгон. Эпостон бир аз маалымат. Ала-Тоодогу кыргыздардын эр […]

Төрт түлүк мал


Төрт түлүк – бул төө, жылкы, уй, кой-эчки. Ар биринин колдоор пири бар: Жылкыныкы – Камбар Ата, Койдуку – Чолпон Ата, Төөнүкү – Ойсул Ата, Уйдуку – Зеңги Баба.

"Ала-Тоонун кулундары жабырап,/Ала калбай болсун баары лауреат" (Акбар Рыскулов)


Жолборс жылы жоболоңдуу башталганы менен аягында айрыкча маданият тармагынын маңдай тери бааланбай жүргөн адистери үчүн ийгиликтүү бүткөнсүдү. Чындыгында өткөн жылдын соңунда мамлекеттик сыйлык берүү жөрөлгөсү буга чейинкиден өзгөчө нукта өтүп, аркы жээк менен берки жээк аралашып, өмүр бою бийликке оппозиция болуп келген, дагы деле сатып алганга болбой турган принципиалдуу журналисттер, кошомат кылганды билбегени үчүн буга […]

Кыргызстандын китеп мурастары


Bektour га рахмат, ушундай аталыштагы сайтты тапканга жардам берди. Менимче, эң керектүү жана пайдалуу сайт. Кыргызстандагы төрт ири китепкана: Улуттук китепкана,  Илимдер академиясынын китепканасы, Баласагын атындагы Улуттук университеттин жана Ысык-Көл университетинин китепканалары Кыргызстанда басып чыгарылган же болбосо Кыргызстанга тиешелүү тарыхый сейрек китеп мурвстарын санариптеп, Интернетке жайгаштырууну колго алган экен. Эң жакшы жөрөлгө. Бир гана өкүнүчтүүсү […]

«Манастаануу» окуу китеби жарыкка чыкты


Жаңы жыл алдында жогорку окуу жайлары үчүн өзүнчө жаңылык деп айтаарлык,саамалык болду. ЖОЖдордун студенттери үчүн көптөн күткөн “Манастаануу” окуу китеби жарыкка чыкты. Жогорку окуу жайларына “Манастаануу” сабагы киргизилип, бирок студенттер аталган сабакты окуу китебисиз окуп жатышкан. “Манастаануу” боюнча студенттердин курч муктаждыгына жооп берип, окуу китебин белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев жазып берип отурат. Илимпоздун патриоттук демилгесине […]

“Айкөл Манас” дастаны үч тилде сүйлөйт


Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы коомчулукка тартуулаган “Айкөл Манас” дастанынын 10 томдугу эл оозуна алынып калды. Дастандын 1-тому орус тилинде чыкты. Казак, англис тилдерине да которулууда. Кыргыз элинде ар бир доорго, мезгилге ылайык өзүнүн дастанчы, манасчылары болгон. Кеңеш доорунда да залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” дастаны коомчулукка жеткен.

"Окуучуларга англис тилин үйрөнүүгө шарт түзөбүз"


“Кыргыз жер” илимий агартуу коому тил үйрөнүүчүлөр үчүн англисче-кыргызча-орусча жана кыргызча-англисче сөздүгүн чыгарып, мектептерге жеткире баштады. Бул сөздүк мугалимдерге окуучуларга, студенттерге англис тилин үйрөтүүдө көмөктөш болмокчу. Аталган сөздүктүн өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу сөздүктү түзүүчүлөрдүн бири, “Кыргыз жер” коомунун төрагасы Эдилбек Сарыбаев “Кутбилимге” курган маегинде айтып берди. – Мындай сөздүк мектеп окуучулары үчүн биринчи жолу чыгып […]

Уктап жатып "Манас" айткан Нурбек


Калыбек уулу Нурбек 1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Азыркы учурда 20-лицейде 1-курста окуйт. Нурбектин талантын угуп, атайын маектешүү үчүн бардык, “Манас” айтканын карап отуруп, бир чети аяп, бир чети белгилүү манасчылардан кем калбаган талантына баа берип кайттык. – Нурбек, Саякбай Каралаевдин небереси болом деп атасың, кандайча небереси болоруңду айтып берсең? – […]