Category Аралаш

“Санжыра” программасы: Көлдүк саруулар (видео)


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6471/kolduk_saruular_birinchi_boluk_dlia_saita_22_06_17.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6470/kolduk_saruular_ekinchi_boluk_dlia_saita_22_06_17.mp4   «Кабар» КУМА, 22.06.2017-ж. Advertisements

Кытай архивиндеги кыргыз китеби


Кыргыз тарыхы болуп да кыргыздардын бийлик-мамлекеттүүлүк тарыхы кытай жазмаларында өтө ишенимдүү сакталып калган. Кыргыздар 7-кылымдын башында эле күчтүү мамлекет (кытай жазмаларында жана Билге каган таш эстелиги сыяктуу түрк кагандарынын эстеликтеринде ушундай атаган) катары эл арага таанылып, дипломатиялык барды-келдиде болгону кытай архивдеринде айкын жазылган. Биз көргөн кытай архивинде, биздин санактын 843-жылдан баштап кытай императорунун кыргыз каганына […]

“Шырдакбек” эпосу жөнүндө 7 факты. Кесирлүү аял менен келишимдүү боз жорго


Бүгүн турмуштук жана баатырдык “Шырдакбек” кенже эпосу туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул чыгарманын негизинде эл оозунда Шырдакбектин боз жоргосу жана кесирлүү эрке аялдын чыккынчылыгы туурасында аңыз көп айтылат. Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баатыр “Шырдакбек” эпосунун сюжетине караганда окуя XVIII кылымдарда өтөт. Тарыхта кыргыздар чет жактан келген уйгур, монгол жана калмак баскынчыларына каршы эркиндик үчүн […]

Элчоро Курман, кытайлык кыргыз актёру: «Жеки Чан калпакты чечпей кийип жүрдү»


2015-жылы Кытайда «Ажыдаардын кылычы» аттуу тасма прокатка чыккан. Анда баш каармандын ролун белгилүү актёр Жеки Чан аткарган. Тасмага атактуу Голливуд актёрлору Жон Кьюсак менен Эдриен Броуди да тартылган эле. Аталган тасмада кытай падышалыгынын жоокерлеринин бирин кытайлык кыргыз актёру Элчоро Курман ойногон. Ал тасмага кандайча тартылганын жана өзү жөнүндө айтып берди. Аты-жөнү – Элчоро Курман Туулган […]

“Атамдай акыны болсо башкалар төбөсүнө көтөрмөк…”


Кыргыз поэзиясына кызыккан киши Турар Кожомбердиевдин акындык дараметине, улуулугуна суктанбай койбос. Ал эми анын чыгармачылыгын аздектеген кызы Нүргүл Кожомбердиева төмөнкүлөрдү айтып берди. – Турар Кожомбердиев деген ысым кыргызга сыймык, акын атанын кызы болуу жоопкерчилиги кандай экен? – Сыймыктануу менен кошо өтө зор жоопкерчиликти сезип, татыктуу болгонго аракет кылам. Жаш кезде көп деле билинбеген чыгар, а […]

7 дубандын өзгөчө салттары


Илгертен эле кыргыз эли салт-саналарга көңүл буруп келген. Жети аймак бири-биринен жайгашкан жери, ээлеген оорду менен гана айырмаланбастан, бүйүр кызыткан салттары менен да өзгөчөлөнүп турат. Баткен Башка дубандардан айырмаланган өзгөчө салттарынын бири -адам көзү өткөндө жакын адамдары бир жыл бою аза күтүп, көк кийим кийгенинде. Көзү өткөн адамдын баардык тууган-уруктарынын көпчүлүк бөлүгү көк кийим кийишип […]

Кыргыз тилин үйрөнгүсү келген англис тилдүүлөр үчүн сайт


Кыргыз тилин өздөштүргүсү келгендер үчүн окуу куралдарынын, жакшы курстардын, программалардын жоктугу көп айтылат. Учурда бул өксүктү кандайдыр бир деңгээлде веб-сайттар толтуруп жатат. Буга чейин негизинен кыргыз тилин өздөштүргүсү келген орус тилдүүлөр үчүн сайттарды гана кезиктирүү мүмкүн эле. Бүгүн англис тилдүүлөр үчүн ушундай сайтты таап алдым. Өзүм англис тилин начар билгендиктен бул сайт канчалык жакшы жана […]

Рыспайдын мурасын жыйнаган Борошев


 Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин мугалими Султан Борошев 18 жылдан бери таанымал ырчы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык мурасын жыйнап келүүдө.

Жаңы сайттар


“Изде.KG”  – кыргыз тилдүү жаңылыктардын агрегатору, б.а. кыргыз тилдүү сайттарга (азырынча алты интернет сайттар, алардын арасында биздин да блог бар!!!) чыккан материалдарга шилтемелер бир жерде чогултулган, такай жаңыланып турат.

КР Президентинин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү боюнча Жарлыгы


Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Төмөндө Жарлыктын тексти толугу менен келтирилет: Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө.

Кыргыз өзөгү кайда?


Редакциябыздын кат куржунуна белгилүү мударис К.Исаев менен таланттуу манасчы Т.Бакчиевдин “Кыргыз өзөгү” аттуу көлөмдүү макаласы түштү. Анда жалпы ааламдагы адамзаттын учурда башынан өткөрүп жаткан кырдаалына сереп салынып, анын ичинде кыргыз улутунун өзөк тамыры “Манас” эпосунан келгендигин таануу идеясы көтөрүлгөн. Ошол тамырды бекемдөө  менен  кийинки муундардын рухун азыктандыруу учурдун эң зарыл талабы экендиги козголгон.  Ошондой эле мында […]

Намазбек Уралиев, күүчү, комузчу: “Калмак хандын кызын олжого алган “Асказан” күүсү


Ордо калаабыздын чок ортосунда “Устат шакирт” маданий борбору бар. Ал жерде замандын талантуулары эмгектенет. Келечек муунду комузга, кыл кыякка жана кыргыздын ар кыл үйлөмө аспаптарында ойногонго үйрөтөт. Бу жерде күүчү, комузчу Намазбек Уралиев агабыз балдарга сабак берип, насаатын үзбөй айтып турат. – Намазбек ага, азыркы кезде комуз дүйнөсүнө болгон коомчулуктун көз карашы тууралуу кеп кылсак… […]

Аспаптардан азык алган


37 музыкалык инструмент. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КР эл артисти Курмангазы АЗЫКБАЕВ 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи виртуоздун репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктан ашырып […]

Улуттук күрөштүн туу чокусуна чыккысы келген Давран


Давран Иляхунов жыл жаңыраар алдында Индиянын Пуне шаарында ФИЛАнын улуттук күрөш боюнча өткөзгөн фестивалына катышып, а жерден эки күмүш, эки коло медалдуу болуп келди. -Фестивалда кайсы элдердин күрөшүнө катыштың? -Кыргыздын “Алыш” күрөшү, казак күрөшү, капчагай күрөшү, иран элинин жана украин элинин күрөштөрү болуп, анын төртөөнө катышып, төрт медалды жеңдим. Алыш күрөшү менен Капчагай күрөшүнөн күмүш […]

Оорукчан организмде дух болбойт…


Кубанычбек Назаров, архитектор, “Камбартеп” мектебинин негиздөөчүсү менен маек. К.Назаров кезинде Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, архитектуралык кесиптен тышкары да, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат. Өмүр таржымалынан К.Назаров 1949-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бегабад […]

Айнура ЖЭЭНТАЕВА: “Манасчы болуш үчүн сөзсүз эле аян алыш керек эмес”


“Манас” эпосу манасчылардын жардамы менен ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып отуруп ушул күнгө жетип отурат. Кыргызстанда манасчылар анчейин баркталбай келсе да, алар өз миссиясын жогорку чеберчиликте аткарып келишет. Тарыхка кайрылсак манасчылардын дээрлик көпчүлүгү эркектер экен. Мына ушул эркектерден кем калбай манасчылык өнөрдү аркалаган кыздарыбыз да арабызда жок эмес. Алардын бири Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин магистранты Айнура Жээнтаева. Өзүн […]

Мыкты күлүктөр тарыхта жашап келет…


“Жакшы ат бир камчы, жаман ат миң камчы”, “Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы элдин мүлкүдүр”, “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны”, “Ат – адамдын канаты” дешет кыргыздар. Байыркы убактарда бир ат үчүн кызынан, катынынан кечкендер да болуп, канчалаган кан төгүлгөн тарыхый окуялар бар. Жоокер адамдарыбыз болсо жалгыз жанын атына тапшырган. Күлүктөрдүн көрөгөч сынчылары  Сынчы […]

Оңолдун Рыспайды эскерүүсү


Быйыл кыргыздын залкар таланты маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулгандыгынын 70 жылдыгы коомчулугубуз тарабынан кызуу  белгиленип, ар түркүн иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгынан эли-журтубуз кабардар. Ырчынын жеке турмушундагы жашоосу, өткөргөн өмүрүндөгү ачуу-таттуу окуялар да окурмандардын кызыгуусун туудурары шексиз. Андыктан, бир кездерде Рыспай менен чогуу түтүн булатып, бир үйдө жашаган, учурда Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде эмгектенип жаткан Оңол Узакбаеванын […]

Нурак агайдын 17 ноталуу системасы менен комуз черткенди үйрөнгүсү келгендер үчүн


“Айгине” маданий-изилдөө борбору белгилүү комузчу Нурак Абдрахманов ойлоп чыгарган автордук система боюнча комуз черткенди үйрөнгүсү келгендерди чакырат. Агайдын билдиришинде, ал ойлоп тапкан эн белигилер колдонулган 17 ноталуу система комузда ойнолуучу күүлөрдүн өзгөчөлүгүн тагыраак ачат жана белгилейт. Окутууну агайдын окутуучусу Чолпон Алымбекова алып барат. Окутуу акы алуу негизинде жүргүзүлөт. Толук маалымат бул жерде.

Эмгегибиздин бааланганы жана блогдогу өзгөрүүлөр


Улан Жумашев деген жигиттин пикиринде, биздин блог кыргыз тилине байланыштуу  13 эң кызыктуу интернет булактардын катарына кирет экен. Бул тууралуу ал Taboo сайтындагы макаласында билдирет.  Биздин блог тууралуу айтып жатып, “кыргыз тилдүү булактардын эң белгилүүлөрүнүн бири” дейт. Мындай баага, сыймыктанбай коюга болбойт. Демек эмгегибиз текке кетпеген экен, башында алдыбызга койгон максатка жетүү жолунда экенбиз.

Жаңгак атмай


Оюнчулардын саны 2—6 киши. Оюн аянтчада өткөрүлөт. Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаңгактар. Даярдануу. Оюнчулар бирден жаңгактарын, катарга тизишип, жаңгак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Калдым


Оюнчулардын саны 6—10 киши. Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр. Оюнга даярдануу. Оюнчулардын кезегин аныктоо үчүн арадан чыгат да баарынан бирден чүкө чогултат, алаканына тизгенден кийин аларды жерге чачып таштайт. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал оюнчунун кезеги биринчи болот, «таа» экинчи. Андан кийин калган оюнчулардын кезектерин аныктоо кайрадан чүкөлөр ташталат. Эгерде эки оюнчунун чүкөсү бирдей болуп […]

«Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси иштеп чыккан кыргыз калпагынын 80 жаңы үлгүсү


«Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси «Кристенсен» фондусунун колдоосунда «Муундан муунга» деген долбоордун алкагында бир жылдын ичинде кыргыз калпагынын 80 түрүн иштеп чыккан. Долбоордун максаты – кыргыздын салттуу баш кийими болгон калпактын зоболосун көтөрүү, эл арасына жеткиликтүү маалыматтарды жайылтуу жана калпак дуушар болгон көйгөйлөрү менен күрөшү саналган.

Айкөл Манастын элеси – сүрөттө


Бишкектеги тарых музейинде “Улуу дастандагы өчпөс элестер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Жайсаң Үмөт уулунун варианты боюнча жазылган “Айкөл Манас” эпосундагы каармандардын 92 сүрөтү коюлду.