Батанын касиети


(“Манас” эпосунун негизинде)

“Улууну урматта, сыйла, улуулардын батасы тийсин” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек элибизде. Сөз багып, сөз кадырлаган кыргыз эли, айтылган сөз атылган ок катары ооздон чыккан ар бир сөздүн мазмунуна терең маани берип, “айтыла элек сөз сенин кулуң, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусуң” деп улам кийинки муунду тарбиялап келген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү кыргыз элинде СӨЗдүн күчү жоголуп, мурункудай куюлуштура сүйлөп, уккан кулактын жарпын жаза адамдын рухий жан-дүйнөсүн байыткан сөзмөр, чечен адамдар азайып, анын ордун майда-барат, жеңил-желпи ыр-күүлөр, китептен жаттамалар басып бара жаткандай туюлат. Өзгөчө көп адамдар чогулган жайларда, кыргыздардын салт-санаасына байланыштуу үлпөт, тушоо кесүү же сүннөт тойлорунда бата тилеген жаштарга кээ бир улуу адамдардын эмне деп бата берээрин билбей, эки сөздү улам-улам кайталап, мукактанышы элдин аң-сезиминде батанын касиетине болгон ишениминин жоюлуп, батанын кадыр-баркы, дем-күчү төмөндөп бара жатканын түшүндүрсө, экинчи жагынан эл арасында сөз кудуретинин жоголуп келе жатканы жан кейитет.

Бүгүнкү күндө жүрүш-туруш, сүйлөшүү маданияты жагынан Батышты тууроо кеңири жайылып баратат. Албетте, Ааламдан артта калбай, жаңылануу, өсүү, ар тараптуу алдыга умтулуу керек, бирок, цивилизациянын өсүү жолунда биз кыргыз эли уюткуну Батыштан эмес, өзүбүздөн алганыбыз ийги. Кыргыздар дүйнөнү суктандырган карт тарых, оозеки чыгармачылык, өзгөчөлөнгөн маданияттын ээси. Өзүбүздүн ушул колдо бар байлыкты бул өткөндүн калдыгы деп кол шилтеп, башка элдин маданиятын тууроого умтулганыбыз менен ал бизге түбөлүктүү “жар” болуп бербейт, жана бул  убактылуу гана нерсе. Ал эми биздин улут катары өзгөчөлүгүбүздү сактап, бир эл, бир журт катары ынтымакта, биримдикте модерндешүүбүздүн башаты тээ тереңде, ата-бабаларыбыз укумдан-тукумга өткөрүп, сактап, байытып келген маданиятыбыз, адабиятыбыз, оозеки чыгармачылыгыбызда – “Манаста” жатат. Анткени, кыргыздардын жашоо маданиятын, дүйнөтаанымын ичине камтыган “Манас” баштаган түрдүү оозеки чыгармачылык элибиздин каны-жанына сиңип, аң-сезиминде байыр алып калган жана жаңыча ой жүгүртүп, өнүккөн цивилизациянын алкагынан чыкпай алга жылууда биз өзүбүзгө бабалар мурас кылып калтырып кеткен улуттук нарк-насилибизди тирек кылып алышыбыз керек. Айтаарыбыз сырттан жаңы келген маданиятка “жылаңач” кирип барбай, улуттук көрөңгү, улуттук колорит менен “кийинип” алып, өздүк байлыгыбызды жаңы менен жуурулуштура, мезгилдин талабына ылайык жаңыча көз карашта алып чыгуу өнүгүү дооруна маңкурт катары кирип баруудан алыстатат деп ойлойбуз. Мисалы,элибиздеСӨЗдүн эң асылдарын, эң жагымдууларын, эң таттууларын кучагына алып, адамга дем-күч берип кубаттандырган касиеттүүлүгү менен бийикте турган бата тууралуу айтсак, мисалы, азыркы жашап жаткан заманыбызда өзүн жаңыча көз караштагы модерн-заманбап деп эсептеген адамдын: “Мингениң мерседес, кийгениң адидас, кармаганың акча, ичкениң шарап, жегениң шакарап болсун!” деген сыяктуу айтылган батаны кубаттап “тамашалуу, сонун бата болду” – деп, күлүп калабыз.Ушундай баталар кабыл боло турган болсо ал адамдардын ички рухий дүйнөсү көңдөй бойдон калаары айдан ачык. Ошондуктан биз батаны да өздүк казынадан издегенибиз натыйжалуу болоор. Кургактан куурап бараткан бак-даракты, бозоруп, кеберсип чарт жарылган жер бетин көктөн куюлган жамгыр кандайча жашартып, жашылдантса, ак дилден айтылган ак бата да адамдын жан дүйнөсүнө рухий азык болуп зор таасир этээри бышык. Х.Карасаевдин сөздүгүндө бата үч мааниде колдонулганы жазылат. Анын үчүнчү мааниси: тилек тилөө, тилек айтуу.

Нукура кыргыздын турмушундагы ар бир маанилүү окуя бата менен башталып бата менен аяктаган. Батанын күчтүү касиети кыргыз элинин жан дүйнөсүндө абдан чоң ишеним менен байыр алып келген. Ошондуктан “бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”, “Элдин каарын эмес, батасын ал”, “Атаңдан бото калбаса да батасы калсын” деген философиялык, дидактикалык мааниси терең сөздөр айтылып, батанын күчү, таасири канчалык бийик деңгээлде экенин эл өзүнүн оозеки чыгармаларында да чагылдырып берген. Улуунун батасын алуу деген сөз бул, жөн эле айтылып калган сөз эмес. Биздин байыркы аталарыбыз батанын касиетине ишенген, бата алыш үчүн айлап, жылдап, зарыгып, күтүп жүрүп, батаны тилеп алышкан. Мисалы: “Манас” эпосундагы Кошойдун Каныкейге берген батасы, Манастын уулу Семетей ошол батадан туулган бала деп айтылат.

Бабам Кошой кийсе – деп,
Баласыз жүрөм ынтызар,
Батасы мага тийсе – деп
, Каныкей атайын карыя Кошойго арнап, анын батасын алуу үчүн айлап-жылдаган эмгек менен кандагай тигет. Кошойдун Каныкейге берген батасы:

Тилекти берсе бир Алда,
Туулса мындан бир бала
Ургаачы болбой эр болсун,
Аюу болбой, шер болсун,
Атышканын алсын – деп,
Күрөшкөнүн чалсын – деп,
Катылышкан душманын
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры тууса эркеги
Аты болсун Семетей!

Дагы бир манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусундагы Алмамбет баатыр менен Аруукеге Бакайдын берген батасы:

Болоттон соккон коргонум,
Айланайын Алмамбет,
Боз карчыга чолпонум,
Душманың сенден адашсын,
Туйгунуң сага жарашсын.
Аңдып жүргөн тууганың
Акылынан адашсын.
Тилегим кудай берсин – деп,
Тиктегеним келсин – деп,
Кабыл кылсын тилегим,
Эркек уул берсин – деп.

Манастан Семетей, Алмамбеттен Күлчоро туулат. Семетей да Күлчоро да атанын уулу эмес, жалпы элдин уулу болгонун алардын эли-жери, элдин эркиндиги, келечеги үчүн чын дилден жасаган иш-аракеттеринен көрүүгө болот. Мына, элдин күчтүү тилегинин, ак батага ишениминин керемет касиети! “Бата – сөз зээри. Батанын баркын сезсек, кадыры чыгаар. Ошондо ниет изгиленип, бири-бирибизге ыкласыбыз артаар, ишенич бекиир. Демек, бата элди бириктирип, улутту бир ынтымакка уютаар касиет күчкө ээ” – деп жазган Ч.Өмүралиев батанын касиети жөнүндө. Албетте эле, бата элди бириктирүүчү, ынтымакка чакыруучу, бир максатка көздөөчү кызмат аткарып келген. “Манас” эпосунда кыргыздын эр азамат жигиттери казатка аттанып жатканда бирдиктүү болууга, душманын жеңип келүүгө, Ата мекен үчүн жанын курбан кылууга сөз беришип, антташып, баталашканы айтылат.

Жогоруда эпосто да белгилүү болгондой батаны калк башында турган, эл кадырлаган, акылман, көсөм, касиеттүү, нускалуу улуу адамдар айткан. Мындан бата берүүнүн жоопкерчилиги канчалык чоң экенинен кабардар болобуз. Бата тилеген адам менен бата бере турган адамдын үмүт-тилектери, муңу-зары уюшуп келип, бир дилге, орток бир тилекке биригип жуурулушуп турганда гана тилегендин тилеги, бергендин батасы орундалат. Батанын керемет сырдуу күчү ушунда деп ойлойбуз. Чын дилден, жүрөгүң менен ишенип, каалап тиленген бата ар дайым аткарылат!

Өзгөчө быйыл ыймандуулук, адептүүлүк жөнүндө көбүрөөк кеп козгоп жатабыз. Ыйман, адептин башаты үй-бүлөдөн башталат. Үйдө ата-энесин сыйлаган адам, сыртка чыкканда да улууларга ошондой мамиле кылат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине сый мамилеси жана ата-эненин балдарына берген батасы бул, ата-эне жана баланын ортосундагы эриш-аркак мамилени түзөт. Турмуштук же кесиптик чоң максаттар менен узак сапарга аттанып жаткан жаштарга рухий дем-күч болуп берүүчү азык-зат – бул, ата-эненин ак батасы. Ата-эненин, элдин батасын алып жолго чыккан кишинин жолу шыдыр, ачык, жана маңдайы жарык болуп, иши шар бүтөт. Анан албетте, батага, каалоо-тилекке арзырлык адам болуш үчүн үлгүлүү жүрүш-туруш менен адал эмгек кылып, эл максатын көздөгөн инсан болуу талап кылынат. Жалпы элдин батасына татыктуу болуш, ата-энеден да өтүп барып элдин уулу болуу дегендик эмеспи. Ата-эненин, жалпы элдин батасына татыктуу инсан болуудан артык сыймык барбы!

Өмүралиева Жанар,
КРУИАнынкенже илимий кызматкери,
“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Комментарий кошуу