Кочкор өрөөнүндөгү аламаат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши


yiyk-muras

Төрт-Күл, Кырк-Чоро шаарынын эмне сыры бар, эмне үчүн Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаарлардын тарыхта өз орду так көрсөтүлбөгөндүгү, бул шаардын урандыларынын үстүндө 69 жылдан бери, эмне деген шаар деп жашап, 41 жылдан бери изилдеп келебиз. Азыркы чалдыбарлары дайынсыз жок болуп кетүү коркунучу тургандыктан, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн, көптөгөн чыгармаларды, тарыхый маалыматтарды изилдеп окуп, баардык аныктамаларды, фактыларды бири-бирине салыштырып ушул макаланы жазууга аргасыз болдук. Бул өрөөндөгү шаарлардын данаа атын табууну максат кылдык. Бул жазылган версияны тарыхчы окумуштуулар кабыл албашы ыктымал бирок ошого карабай ушул изилдөөнү көпчүлүккө жеткирүүгө аракет кылабыз.

Кочкор өрөөнүндө бештен ашык шаар болгон деп айтылат. Алар Кул-Шуб, Жул-Шуб, Кулан, Касра-Бас жана Суяб. Орус тарыхчысы, Россиянын Кашгардагы консулу болуп (1889 жылдан 1908 жылга чейин иштеген Н.Ф. ПетровскийК.К.) да ал шаарлар Александр хребеттинин (Кыргыз Ала-Тоосу К.К.) түштүк жагында деп жазган. В. В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долина.399 стр. Бишкек.1996-год.

(Төрт-Күл, Кырк Чоро) Кочкор-Башы шаар чалдыбарын изилдеген адам болгон эмес. Орус чыгыш таануучусу В.В.Бартольд 1893-жылы бул шаар жөнүндө угуп, араба жолу жок келген эмес. 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А.Н. Бернштам келип сепилдин дубалына салынган күмбөздөрдү сүрөткө тартып 18-19-кылымдардагы кыргыз мыктыларынын мүрзөлөрү экенин аныктаган. Дөңсөөлүү дубалы бар 12 -кылымдагы шаардын калдыгы бар экен дешкен. Суяб шаары Карахандарддын кан ордосу деп тарыхта жазылат. Карлуктардын, түрктөрдүн, түргөштөрдүн,сары уйсундардын ордосу делет. Бул шаар эмне болуп жок болуп кетти?

Суяб шаарынын жок болуп кеткени жөнүндө СССРдин байыркы шаарлардын тарыхы боюнча жазылган тизмеде эмне болуп жок болуп кеткени белгисиз деп турат.

Тараз педагогика университетинин профессору ,тарых илимдеринин доктору С. Байтлен, Казакстандык окумуштуу, тарыхчы К.М. Байпаков түрк каганатынын ордосу Суяб шаары Х кылымга чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып андан кийин жок болгон кайда деп жазышат.

В.В. Бартольд Суябды Чүй суусунун баш жагынан издегиле деп, кийин айнып Токмок шаарынын жанындагы Ак Бешимдин сепилин болжолдосо, Н.А.Аристов Кичи Кеминдеги Кара булак айылында десе, А.Н. Бернштам Чоң Кеминдеги Новороссийка (Шабдан) сепили менен байланыштырган.

Көпчүлүк тарых изилдөөчүлөр Токмоктун түштүк батышындагы Ак бешим шаарынын чалдыбарын Суяб деп келишет. Ак Бешимди изилдеп археологиялык казууларды жүргүзгөн Л.Р. Кызласов Караханиддерге тийиштүү артефактылардын аз экендигин жана бул шаар сепили Суяб эмес экендигин ачык эле айткан. Казууларды жүргүзкөндө түрк эллине тийиштүү буюмдардын аз экендигин жана мүрзөлөрдө түрк элине тийиштүүлөр жок экенин байкаган.

Эрте орто кылымда Суяб шаары Орто Азияда негизги шаарлардын бири, Жетисуунун борбору Батыш түрктөрдүн (Кыргыз каганатынын. К.К.) Түргөштөрдүн жана Карлук каганаттарынын борбору болгон.

В.М. Массон жана В.Д. Горячеванын эмгектеринде Сюань Цзань «Суй е Шуй» коңшу мамлекеттердин соодагерлери чогулган жери түрк, түргөштөрдүн кагандарынын жана карлук башкаруучуларынын борбору Суябды Ысык-Көлдүн батышында Чүй суусунун башталышынан тапканын жазат.

Томашек Суяб Ысык-көлдүн батышында деп окуйт. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.О христианстве в Туркестане в домонголский период. Бишкек.1996-год. 272 стр.

Ибн Хордадбек жана Кудамалар да Суяб шаарын Ысык-Көлдүн батышында деген жыйынтыкка келишкен.

Сюань Цзань достигнув юго восточного берега ИссикКуля,проехал 500 ли вдол берега озера и дальше на северо запад до упомянутого города. Из этого видно, что город, как заставляет предпологать уже его название следует искать на берегах Чу.

В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долина. Бишкек.1996-год.400 стр.

В.Д.Горячева Суяб жана Ордо жөнүндө ар түрдүү ойлор бар экенин, жайгашкан жери так аныкталбагандыгын бир маалыматта Чүй суусунун сол жагында десе, бир маалыматта оң жагында дешкенин кээ маалыматтарда «Кара Ордо» кээде «Күз ордо» дешкенин жазат. Кытайдын Тан императорунун сарайындагы чиновниктери жана саякатчылары тунук көлдүн (Ысык Көл) батышынан 100 лиден (50 км) кийин Суй е дарыясында Суйап шаары турат деп жазышкан. В.Д. Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли. Фрунзе.1983г .

Эч качан Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Кара ордо жана Күз ордо деп аталышы мүмкүн эмес, Kүз ордо жана Кара ордо деп аталуу Чүй суусунун башындагы ордо кент Суяб шаарына карата айтылган, ар тараптан келген кербендер жана жолоочулар кыштын күнү кар баскан өрөөндөрдөн кар жатпаган кара Кочкор өрөөнүнө келгенде, кар деңизинен өтүп келдик деп Суябда өргүү кылышкан. Ой бул жер кыштын күнү, күздүн күнүндөй турбайбы, жер кара дешип хандар,бектер султандар кышында Кочкор өрөөнүнө кышташкан.

Кагандар (хандар) Цзетань (Кетан) тоосунда эл башкаруучуларды дайындаган. Цзетань тоосу ыйык тоо болуп ,ага түрктөр сыйынган. Ага согдиликтер да сыйынган.Түрктөр ал тоону Узун Агач, Узун Ардж деп аташкан (кыргызча Узун адыр,Узун Дөбө. К.К) В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли.Фрунзе. 1983г.

Бул тоо азыркы Кочкор-Ата мазары, Кочкор-Башы – Суяб шаарынын түндүк-батышында, байыркыдан бери бул тоого сыйынышып, кан көтөрүү ыразмысы өткөрүлүп келген. Кочкор-ата мазарына азыр да бөтөнчө совет мезгилинен кийин келип сыйынуу көбөйдү. Кыргыз элинин башы көрүнгөн атка минерлери чиновниктери бири калбай мазарга сыйынып кетишет. Кан такты деген ташка отуруп кетишет. Бул ыйык тоодо кандар такка отуруу расмисин жасоо өткөн дегени чындык, азыркы Кочкор-Ата мазары өз кызматын аткарып келет. Кыргызда айтылат эгерде бала сурасаң Манжыл-Атага, мал сурасаң Чолпон Атага, бийлик сурасаң Кочкор-Атага бар дешип илгерки кандарды ушул тоодо кан көтөрүшкөн.

Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп Суйе (Чүй) дарыясынын жээгинде жана Каштек (Кашат, Шамчы, Занби, Шамшы. К.К.) ашуусунун түштүгүнөн орун алган. 7-кылымда эле бул шаарда ар түрдүү өлкөлөрдөн соодагерлер жашашкан. 103бет В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Тюрки. Бишкек. 1996-год.

(Каштек ашуусунун Кемин жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаарлар жок.К.К.)

Сюань Цзань Ысык-көлдү жээктеп чыгышынан түндүк батышка 500 ли (250 км) жол басып, Суйе дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим,шаар айланасы менен 6-7 ли экен,бул жерде ар кайсы мамлекеттердин соодагерлери жолугушуп, соодасын жүргүзүшөт. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм өсөт экен. Жапайы чыккан токойлор жокко эсе. Аба ырайы суук жана аркыраган шамал жүрүп тургандыктан жашоочулар кийизден тигилген кийим кийишет экен.230 бет. Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Географические известия о западном Тяншане по Сюзань Цзану и другим китайским источникам. Бишкек. 2001-г.

Кочкор өрөөнүндө токойлор жок. Азыркы шаардын сепили айланасы Кум-Дөбө айылынын орду менен алты- жети ли болот. Башка өрөөндөрдөй болуп тоолордо карагай өспөйт, Кочкор өрөөнүндө катуу шамал басымдуулук кылат. Ал эми таруу, арпа, буудай жана алма өрөөндө өсөт. Ак-Бешимде же Чүй өрөөнүндө аркыраган катуу шамал болбойт. 250 кмдин 178 кми көлдүн узундугу, көлдөн Кум-Дөбөгө чейин 72 км болот – 178+72=250 км.

Тарыхчылар В.Д.Горячева. К.Байпаков, Е.Клауссон, Б.Аманбаева, В.М.Массондор жана башка кыргыз тарыхчылары Ак-Бешим Суяб шаары дегенден кайтышпай жазып келишет. Кыргыз тарыхчылары орус чыгыш таануучуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн жазганын көзүр кармап, бул версияны бекем пир тутуп олтурушат.

Семенов–Тян-Шаньский Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, ал эми Миң-Булак өрөөнүн Түркестандын жанына жайгаштырган( Миң-Булак Кочкор өрөөнүндөгү Сарала-Саз жайлоосу болгон.) Бузулган суунун сели жүргөндөн кийин суу ылдыйлап Сарала-Саздын коктуларынан булактар чыкпай калган. Жайкы убактарда хандар, байлар жана султандар ысыктан качып Кочкор өрөөнүндөгү салкын жерге келип, эс алышкан, (тарыхты, санжыраны караңыздар) жайында ысыкта Түркестандын тегерегиндеги жерлерге эч ким чыдай албайт, ысыгы 40 градустан ашып турат , Казахстандын тааласынан соккон ысык желге эч ким токтобойт. Семенов–Тян-Шаньский кербендер Боом капчыгайы аркылуу өткөн деп жазган, өзүнүн башынан өткөн окуялардан байкаса болмок, капчыгай аркылуу кербен жол өткөн эмес. Капчыгайдын ичи менен тоо-зоокалардын кыры менен кой жол деген жалгыз аяк, бир адам өткөн жол болгон, негизги ашуулар Шамшы (Кашат, Шамчы) ашуусу жана Калмак-Ашуу – Чоң-Кемин болгон). Терс суусу – Чүй (Кочкор)суусунун башталышы, Орто Азияда жападан жалгыз чыгышка аккан тетири суу, ошондуктан Терс деп аталган. Ал эми Түркестанда чыгышты көздөй аккан суу жок, атайын барып изилдедик, ал жерде Талас суусунан бөлүнүп батышка аккан Терсы суусу бар экен.

Боом капчыгайы бул чөлкөмдөгү эң коркунучтуу кербен жол болгондугу байкалып турат. Бернштам А.Н. Чуйская долина. Труды Семиреченской археологической экспедиции. МИА.1950. № 14. с.26.

Кастек (Кашат, Шамчы, Шамшы К.К.) ашуусу өткөн тоо түрктөрдө алардын ишеними боюнча ыйык тоо болуп эсептелет жана Теңирдин болуп кеткендиги айтылат. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Тюрки. Бишкек. 1996-год. 110стр.

Тянь-Шанга жана Нарын Ат-Башыга барчу жол Шамшы Кочкор ашуусу аркылуу өтүп турган. А.Н . Бернштам. Исторические география Тянь-Шаня и Памиро-Алая Бишкек-Шам. 1997-год. 417бет

Кашат, Шамчы, Шамшы ашуусу орто кылымда, Кашгар, Ат-Башы, Кочкор-Башы-Суяб шаарларын Чүй өрөөнү менен байланыштырган бирден бир ашуу болгон

Ашуунун түбүндө кербендер теңирге, кудайга сыйынышып шам жагып, белден аман-эсен өтүп кетели деп зыярат жазагандыгы жана Кашат ашуусу Шамчы, Занби, Шамшы болуп өзгөрүлүп кеткендиги эл ичинде айтылып жүргөндүгү жөнүндө Шамшы айылынын тургуну 87 жаштагы Жумагазыдан уктум.

Сюань Цзань үч көл бар экен деп жазат. Ошол кезде үч көл болгон. Ысык-Көл, Көк-Мойнок көлү жана Туз (Шор) көлү болгон. Ушул жерден айта кете турган сөз Сюань Цзань Боом капчыгайы менен эмес, Кызарт же Караккол ашуусу менен Талас тарапка кеткени ортодон Суяб шаарын тапканы, ал азыркы Кум-Дөбө айылындагы Кырк-Чоро, Төрт-Күлдүн чалдыбары экени анык.

Бардык тарыхый маалыматтарда кургакчылдык (регрессия) 10-кылымда башталып бир нече кылымга созулганын жазышат. Чүй суусунун башындагы, түндүк жагындагы Кочкор-Башы-Суяб шаары караханиддердин (кыргыздардын) ордо кенти (азыркы Кум-Дөбө) деп айтууга толук негиз бар.

Караханиддердин ордосу экендиги 2012-жылы жайында айдоодон табылган үч жез (фелс) тыйындан байкалды анда 444-449-жылдарга (1052-1057-жж) таандык экендигин тарыхчылар аныкташты. Карахандардын бийлигинин убагында 435/454-жж (1043-1044-жж). Шереф ад Дин (Арслан хан Сулейман) мамлекетти экиге бөлүп, өзүнө Кашкар менен Баласагунду калтырып, калган жерди туугандарына бөлүп берген. 281 стр. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. О христианстве в Туркестане в домонголский период. Бишкек. 1996 год.

Муну жазып жаткан себебим: биз тапкан тыйындардын бирөөндө бир жак бетинде “Лаа илаха иллоху мухаммадур расуулулох”, экинчи бетинде Шараф ад дин деп титулу (унван) жазылганы окулду, калганы өчүп калган. Бул жерде байланыш бар экендиги байкалып турат. Карахан Кыргыздын атасы экенин санжырада жазылганын эске алышыбыз керек.

Бул жерде сепилдин ичинде тегирмен, бышкан кыш устаканасы, карапа идиш бышырган устаканалар, монета чыгарган устакана, айнек эриткен устакана, темир устаканалары, мечит, медреселер жана ханакалар болгондугун, кан сарай, аскерлердин жайлары болгон деп маалыматтарда жазылган. Азыркы убакта сепилдин ичинде бир топ бышкан кыштан салынган үйлөрдүн көмүлүп жатканын билебиз. Жакында сепилдин ичинен тыйын чыгарган устакананын калдыктарын жана тыйындын калыбын, даяр тыйындарды да таптык. Жакында телевизордон Камышев деген сүйлөп жатат, кыргыздардын тыйыны болгон эмес деп, ошол карахандардын тыйыны кыргыздардын тыйыны, араб тамгасы менен чыккан.

Миң жылдан бери бул жер далай жолу казылып уйгурлар, монголдор, калмактар, кыргыздар байлык издешкен. Орустардын келиши менен Кочкор өрөөнүндөгү Темир-Болот жана Борукчу болуштугунда кыргыздар мүрзө казыптыр деп ар түрдүү буюмдарды таап алышкандарын жана эл арасына атайын кыргыздардан баканооз адамды коюшуп, табылган буюмдарды жана артефактыларды Ташкентке алып кетип турушкан. Негизи кыргыздар мүрзөлөрдөн башка, шаарлардын ордуларынан, сел менен агып өрөөндүн талааларында жана тоонун этектеринде топуракка көмүлүп чачылып калган буюмдарды жана артефактыларды таап алышып, сарттарга жана татарларга сатып турушкан. Орустардын келиши менен сатууга катуу тыюу салынган. Бул жөнүндө ошол кезде Ташкенттен чыгып турган Туркестанские Ведомости деген газетанын 1897-1910-жылдардагы сандарына жарыяланып турган. Сыртка чыгып турган бышкан кышты алышып башка курулуш курушкан. Мисалы Бектен деген бай адамдын күмбөзү сепилдин бышкан кыштары менен курушкан. Совет мезгилинде мешке бузуп кетишкен.

Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар. Бир нече суткалар бою суу толбогон боштуктар бар. Бул боштуктарга кирип да көргөнбүз. Жер астындагы боштуктагы (пустота) курулуштарды 1965-жылдан кийин булдозер менен топурак-таш менен толтуруп айдоого айлантышкан.

2011-жылы июль айында Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын археолог окутуучулары Ороз Солтобаев жана И.Москалев башында турган студенттик практикада биринчи жолу (Төрт-Күл, Кырк-Чоро) (Кочкор-Башы??) Суяб шаарынын борбордук сепилинин чалдыбары изилденип, сепилдин аянты (870х410 метр) 35 гектар, 36 мунаралуу, 4 капкалуу (дарбаза) жана дубалдын калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 8 метр экендиги аныкталды. Изилдөөнүн жүрүшүндө шаардын аймагынан табылган артефактылар байыркы доорлордон бери адамдар жашаган сактар, усундар, түрктөр, кыргыздар болгондугу байкалды. Табылган тыйындар 10-кылымга таандык экени, артефактыларда кыргыз элине мүнөздүү оймолор түшүрүлгөнү байкалды.

chyrak_chorgo

Анын бири жогорудагы көрсөтүлгөн эки сүрөттө кыргыз элине мүнөздүү оюу түшүрүлгөн буюмдан көрүүгө болот. Баардык археологиялык табылгаларды карап көргөндө бир да жерде мындай оюу менен жазалган буюмдар табыла элек. Мындай артефактылар биздин музейде гана бар.

Бул Кочкор-Башы-Суяб шаарынын борбордук сепили Х кылымдын биринчи жарымында сел каптап, сепилдин дубалдары көпчүлүк жерлери урап дөңсөөгө айланган, чыгыш жак бөлүгү селдин топурагы менен толуп катмар 2 метрге чейин көтөрүлгөн. Сепилдин сыртындагы карапайым калк жашаган аянттар (рабад) 2-2,5 метрге чейин топурак, кум жана шагыл менен көмүлгөн. Ысык-Көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда миңдеген адам сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Кочкор-Башы Суяб шаарында 15-10 миңдеген адамдар жана өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы элдин көпчүлүгү оокат мүлкү менен селдин агымына кеткен.

Кочкор өрөөнүндө ойдуңдары, дөңсөөлөрү жок тегиз талаа пайда болгон.

Табылган миңдеген адам сөөктөрү, карапа буюмдардын жана бышкан кыштын сыныктары жөнүндө орус изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун чыгармасында толук жазылган.

Н.А.Аристов Кочкор өрөөнүндө тоо этектеринде мүрзөлөр көп экендигин, бирок турак жайлар кайда деп, адам жашаган жайларды тапкан эмес. Себеби: турак жайларды, шаарларды сел каптап, тегиздеп топурак, кум-шагыл менен көөмп салган.

Чыгыш таануучу Н.А. Аристов жазат:

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда Ысык Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүк же түндүк-батыштан бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат. (Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. 2001г. 53-бет.) Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат. (Н.А.Аристов. 29 стр.)

Миңдеген адамдардын сөөгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүшүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгелде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз көп адамдардын сөөгү менен кошо көптөгөн бышкан кыштын жана карапанын сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын. 44 бет. Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. 2001-год.

Ушул Н.А.Аристовдун жазганын окугандан кийин Кочкор өрөөнүндөгү сел элди мал мүлкү жана турак жайы менен көлгө Ак өлөң тарабынан агызып кеткендиги даана билинди. Мен бул сел жөнүндө эски кишилерден , көбүнчө атамдан көп угаар элем.

Ысык-Көлдүн чыгыш жагы чөгүп кетишинен, чөккөн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш-Чокунун түбүнөн 3500 метр бийиктиктен оргуштап атылып чыккан миллиондогон куб суу, өтө чоң болгондуктан бир өрөөндүн таш топурагын, кумун жана тоо башындагы мөңгүлөрдү кошуп Сарала-Саз жайлоосун аралап, Х кылымдын биринчи жарымында Кочкор өрөөнүнө сел болуп каптаганы байкалат.

Сел Кочкор-Башы Суяб шаарынын борбордук бөлүгүн сепилдин дубалын талкалап киргенде, бул жерде мечиттер, медреселер, кандын ордосу, жоокерлердин жашаган жайлары бай адамдардын үйлөрү селдин ылай топурагынын астында калган.

Байкоолордо караганда суу эл тынчып калган кечки же түн ичинде жүрсө керек. Себеби: азыр тиричилик үчүн казган убакта чыккан сөөктөр көмүлбөй адамдар отурган абалда калгандыгы байкалган. Ал эми айыл ичиндеги бала бакчанын жер пайын казуу учурунда 1988-жылы, бир жерден 18 адамдын сөөгү чогуу чыккан. Таалай Дүйшөнбеков деген жигиттин үйүнө погреб казган убакта төрт адамдын отурганы, ортодо кумарасы турган экен. Отурушкан жеринен селдин топурагы басып калган.

Бузулган суу 1904-жылы жана 1911-жылы да өтө катуу кирген дешет. 1904-жылы киргенде Бугучу айыл элинин боз үйлөрүн агызып өрөөндүн түштүк жагындагы Айгыржал тоосунун бетине жеткирген. Ошондон бир ай өткөндөн кийин тоонун бетине барышып боз үйлөрүн, алачыктарын алышканда, алачыкта байланган чаначтагы кымыз ошол бойдон экенин көрүшкөн. Суу оргуштап болуп атылып чыгышын 1911-жылдагы жер титирөөнүн убагында да көрүшкөн, тоо башынан үйдөй болгон мөңгүлөр кошо агып, Айгыр Жал тоосуна барып урунган, тоо башында эч кандай көл болгон эмес. Жергиликтүү эл ал жерде көл жок экенин, суу жердин астынан таштардын арасынан чыгаарын жана көрүктүн үнүндөй үн чыгып тураарын айтышат.

Түз аккан селдин суусу Сарала-Саз жана Ак-Бел жайлоосунун ортосунан жарып өтүп, Ортоктун (Кара Тоого) тоосуна урунуп Кашат (Шамшы) капчыгайынан чыга бергенде түндүк-чыгышты көздөй каптап, ал өрөөндөгү шаарларды турактарды көөмп, андан ары түштүк-чыгышка диагональ боюнча агып Теңдик айылынын түштүк жагындагы тоого урунуп ал тоонун бетине ак чополуу жарчаларды пайда кылган. Өрөөндөгү шаарлардын курулуштарын каптаганда кээ бир жерде 15 метрге чейин, кээ бир жерлери 10-11 метрге чейин көмүлгөн. Шамшы суусунун мурунку өстөн нугу кум, топурак жана ташка толуп нугу өзгөрүлүп, суу Кочкор-Ата мазары тарапка оогон.

Ал эми түштүктү көздөй аккан селдин суусу Кочкор-Башы-Суяб шаар-сепилин каптап, өрөөндү жарып өтүп Айгыр-Жал тоосунан ашып түшүп Сандык тоонун жана Туздун тоолоруна жаба берген. Суу тоолордун бетине чопо топурактарды жаба бергени көрүнүп турат. Туз тоолорунун коктулары аркылуу өткөн суу туздардын кандайдыр чоң бир бөлүгүн көлгө агызып кеткен. Селдин күчтүлүгүгүнөн Кыйшык, Байит, Кара Таш жана Боктуу-Коонун аянтарына үйдөй таштарды агызып чыккан.

tashtar

Шаарлардын, турак жайлардын селге аккан бышкан кыштарын, карапаларын жана артефактыларды сууга акканда сынып сүрүлүп жешилгендерин Ак-жардын Күржү-Булуңунан таптык. Сүрмө жаргылчактар эки-үчкө бөлүнүп сынган. Бышкан кыштар сүрүлүп жылмаланып сынган. Карапа буюмдар да сынып майдаланган. Күржү-Булуңга имерилиш болгондуктан сайроондоп көптөгөн артефактылар калып калган.

tash_kuraldar

sel_agyzgan 

Көлдүк элдин ичинде “айланып келген суу” деген уламышта калган сөз бар, себеби көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенде, жер массасы баскан жердин астындагы суу Шамшы ашуусунун батышынан Шиш-Чокунун түбүнөн чыгып, Кочкор өрөөнүн каптап, кайра көлгө куйгандыгы байкалат.

  1. Ак-Бешим шаары Суяб шаары дегенге окшошпойт, орус чыгыш таануучуларынын жана тарыхчыларынын бир макулдашууга келбегендиги, В.В. Бартольд, А.Н Бернштам, Н.А.Аристов үч башка ойду айтышат.
  2. Ак-Бешим шаары Чүй суусунун түндүк жээгинде жайгашкан эмес, Суяб шаары тарыхый маалыматтар боюнча Чүй суусунун башталышында Кочкор суусунун түндүк жагындагы жээкте орун алган. Ак Бешим шаары Чүй суусунун негизги өстөнүнөн 18 кмдей алыс.
  3. Ак-Бешимден табылган артефактылар жана курулуштар християн, Будда, несториан жана манихей диндерин туткан элдерге көбүрөөк таандык экенин, түрк элине түргөштөргө, карлуктарга же караханиддерге (кыргыздарга) тийиштүүсү аз экенин малымаатар айтып турат. Л.Р.Кызласовдун Ак-Бешимди казып изилдөөсү боюнча Ак-Бешим жана Бурана Суяб жана Баласагун шаарларына окшошпогондугу жана тең келе албастыгы даана жазган.
  4. Суяб шаары Суйе дарыясынын башталышында түндүк жегиндеги бекемделген сепилдүү шаар деп Тан империясынын тарыхый маалыматтарында жазылып жатат. Суяб шаары караханиддердин (кыргыздардын) кан ордосу деп тарыхта жазылгандан кийин ал шаарда негизинен түрктөр, карлуктар, түргөштөр, ягма, чигилдер, кыргыздар жашашкан. Көне қытай жазба деректемелерінде Суяб қаласы Су-е-чэн, Су-е-шуй чэн (Суйаб өзені бойындағы қала) деп аталған. Казактар Суяб шаарын казак этносунун ата бабалары жашаган ордо деп жазып жатышат.
  5. Айтат эмеспи “киши жок, маселе жок”, ал эми шаар жок, маселе бар, ал шаар кайда? Ак-Бешим эч жакка жоголбой эле ордунда турат, шаардын калдыгы тургандан кийин Суяб деп атай берсе болобу? Суяб шаары тарыхый маалыматтарда Х кылымдын аягында тез эле жок болушу, биздин тарыхчыларда эмне үчүн? деген суроо туулбагандыгы таң калыштуу.

Суяб – 6-10-кылымга таандык шаар. Батыш түрк (кыргыз), түргөш жана карлук кагандыктарынын борбору болгон. Суяб 7-10-кылымдагы жазма даректерде эскерилет. Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда Суяб Чүй суусунун өрөөнүндө жайгашкан, бирок андагы орду али тактала элек. Айрым окумуштуулар Суябды Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат. Англиялык окумуштуу Ж.Клоуссондун пикири боюнча Суяб Ак-Бешим шаар чалдыбарына (Токмоктон 10–12 км түштүк-батыш тарапта) окшоштурулган. Ж.Клоуссондун Берлинде Суяб жөнүндө берген доклады 1961 жылы бир топ талаш тартыштан кийин кабыл алынган.

Чүй суусунун башталышындагы түрктөрдүн, карахандардын, карлуктардын жана түргөштөрдүн ордо кенти (Кара-Ордо же Күз-Ордо, Кыргыз каганатынын борбору) Суяб деп аты эле айтып турбайбы суунун жээгиндеги шаар экенин. Кыргыз каганатынын ордосу болгондугун жана анын ордосу Кочкор өрөөнүндө экендигин.

Ушул жогоруда жазылган жана табылган макалаларды топтоп жатып мен В.М. Плоскихтин “История и проблемы исследования затонувших памятников Иссык-Куля” деген макалаларына да кайрылууга аргасыз болдум жана андан төмөндөгү цитаталарды коштум.

ХI- XVI кылымдарда көлдүн суусунун дээңгели өтө ылдый (регрессия) болгон. (Умурзаков, Винник, 1975).

1000-1500 жыл мурун Ысык Көлдүн деңгээли азыркыдан 100 метрге ылдый болгон жана кургакчылыктан (регрессия) көлгө суунун кошулушу азайган А. О. Конурбаев.” Трангрессии и регрессии озера Иссык Куль: Проблема не решена”.

XIX кылымда Ысык-Көлдүн гидрогеологиялык жана археологиялык жалпы маалыматтарды талдап көргөндө төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.

  1. Ысык-Көлдүн трансгрессия жана регрессия себептерин ( өтө көп нымдуулук жана кургакчылык) жана көлдүн термелүүсүнүн өйдө ылдый болуусу азыркы убакка чейин аныктала элек, бирок тектоникалык жаракалардын термелүүсүнөн болгондугун байкоого болот деп жазат В.М.Плоских.
  2. Көлдүн түбүнөн табылган ар кайсы доордун тарыхый–археологиялык эстеликтерин бир гана жолу болгон селдин же өтө көп нымдуулуктун натыйжасы десе болот. Трансгрессиянын жүрүшүн тактоо үчүн археологиялык эмес башкача изилдөө жүргүзүү керек, трансгрессиянын акыркы мезгили Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголушу менен убакыттарынын дал келүүсү таң калтырат. В. Плоских. “История и проблемы иследование затонущих памятников Иссык-Куля”. (Баракелде 26-06-2012 )

Бул жерде байыркы доорлордогу элдердин сактардын, усундардын, түрктөрдүн, кыргыздардын орто кылымда жашаган башка элдердин мүлкү жашоо тиричилик куралдары Кочкор өрөөнүнөн жана Ысык-Көлдөгү турак жайлардан көлдүн суусунун ичинде аралашып калгандыгы байкалат.

Ал эми Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголо башташы, Ысык-Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү, Кочкор өрөөнүндөгү катастрофадан (топон суу жүргөндөн) кийин Кочкор-Башы-Суяб шаарынын элинин ошондой эле өрөөндөгү шаарлардын, башка турак жайлардын селдин суусуна кабылгандан кийин, жергиликтүү эл,кандар,бектер, жоокерлер жана карапайым букаралар, келген кербендердин, соодагерлердин селге агып, жок болуп кетишинен аймактагы өзгөрүүлөрдөн болгон.

Ушул жерде айта кете турган бир сөз: Кыргыз каганатынын жок болуп кетиши жөнүндө 2012-жылы 14-17-ноябрда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий конференцияда Новосибирск академиясынын академиги, кыргызовед, археолог Юрий Худяков минтип айтты: “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы”. Эмне үчүн бул сөз айтылды, адамдар эмне болуп жок болуп кетти?, эпидемия болдубу?, же согуштан кырылыштыбы же башка себеби барбы? Мына ушул айтылган сөзгө жооп болуп Кочкор өрөөнүндөгү аламаат жана Ысык Көлдөгү шаарлардын жок болуп кетишинен, Кыргыз каганатынын ордосу өзөгү болгон элдин жок болуп кеткенинен болгон.

Кыргыз каганаты Борбордук Азиядагы түрктөрдүн күч кубатынын соңкусу болот.

Кыргыз каганатынын кыйрашы, анын мааниси азыр жакшылап изилдене элек. Керек болгон маалыматтардын жоктугунан аны изилдеп үйрөнүү да өтө кыйын.

847-жылдан кийинки кыргыз тарыхы боюнча деерлик маалыматтар жок.

Е.Кычанов Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар.К.Жусупов. Кыргыздар, 2-том. 232 жана 248 бет.

Уйгурлар жеңилип калгандан соң кыргыздын зор мамлекети бир жүз жылга жетпестен тозгон. Б.Солтоноев. Кыргыздар каганаты. 4-бет.

АУЦАнын окутуучусу Чолпон Турдалиева өзүнүн Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу методикалык китебинде Америкалык дипломат Юджин Скайлер жөнүндө анын “Туркестан”китебинен Кыргыздар 10-13 кылымда экиге бөлүнүп кетишкендигин, теңи Тян-Шань жана Памир тоолорунда, теңи Енисей дарыясынын баш жагында жашап калышкандыгын жазат. Эмне үчүн экиге бөлүнүп кетишкен?

Кыргыз элинин көчмөн аталышы ушул аламааттан кийин болгонун сезип тактай алабызбы? Кыргыз эли дайым эле көчмөн болбой Х кылымдагы аламаатка чейин туруктуу жашап элдин үчтөн эки бөлүгү жер иштетип, аштык айдап, кол өнөрчүлүк кылып, устачылык кылып, кылыч, найза, жаанын жебеси жана тиричилик буюмдарын жазаган соотун соккон адамдар болгонун Х кылымдагы аламааттан кийин көчмөн элге айланып, Чүй суусунун түштүк жагы батышка, түндүк жагы чыгышты көздөй тентигенин, үзүлүп чачылганын сезе алабызбы? Кыргыз каганатынын ушул аламааттан кийин экиге бөлүнүп кеткенин сезе алабызбы? Ушул алааматтан кийин кыргыздар экиге батышка жана чыгышка бөлүнгөн деп тактап жаза алабызбы? Кыргыз элинин шаарларда жашап, өз мезгилиндеги маданияттын жана цивилизациянын жетишкендигин колдонуп, кол өнөрчүлүк, темир устачылык, бышкан кыштан салынган, суу түтүктөрү менен суу киргизилген үйлөрдө жашаган ж.б. тиричиликти баштарынан өткөргөн эл болгон десек болобу? Же курал жаракты жазоо, болгон тиричилигин көчмөндүүлүктө ат үстүндө өткөргөн дей беребизби? Кыргыз эл жомокторунда көлдүн ичине шаардын чөгүп кетиши, бирөө кетти Эренге, бирөө түшүп кетти Тереңге, бирөө кетти Кангайга, бирөө кетти Алтайга деген саптар балким ушул алааматтан кийин чыгып жүрбөсүн? Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган. Кырлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган деген каңырык түтөткөн сөздөр дал ушул алааматка карата айтылып жүрбөсүн? Жылаңач-Өрөөндө (Ак-Өлөндүн түштүк-батыш жагы) балким Чүй суусунун, Ысык-Көлдүн жээгинде чачылган сөөктөрдү көргөндө айтылгандыр. Жок жерден жомок имиштер жаралбайт.

Абул-газынын санжырасында көк бөрү каргап, Огузхандын балдарына сел каптатып, андан жалгыз Кыргыз деген баласы аман калгандыгын уламыш кылат. Күндөрдүн биринде Ордонун тегерегинде бир «көк бөрү» пайда болуптур. Огуз хандын 24 небереси бир жерге жыйылып, көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү муну билип калып, Теңирге жалынып, жер бетин кыян каптатып, суу бастырат. Эл-жер зыянга учурап, кыйрап жатканда, 24 неберенин эң кичүүсү Кыргыз бийик тоого карай качып, жер бетин каптаган кыяндан аман калат экен.

Үсөйүн ажынын санжырасы боюнча, Иапестин 8-баласы болуп, улуусу – Түрк экен. Анан андан нары: Түрктөн – Түтөк, андан – Дип Бакуйчан, андан – Күйүк хан, андан – Алынча хан, андан – Муңгул хан, андан – Карахан, андан – Угуз хан. «Угуз хандан тарагандар бүткүл Азияга хан болгон экен». Анын заманында ага күн чыгышы – Монголия, күн батышы – Орол тоосуна чейинки аймакта жашаган элдер биригип, мамлекеттин ордосу Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерде тигилиптир. Арийлердин түпкү ата теги каер? Байас Турал. КМБ. 27.01.2015

Кочкор өрөөнүндөгү селдин (топон суунун) жүргөнү тарыхый чындык, селдин зыян кесепеттерин, эл ичиндеги жомок, уламыштардан, жер бетиндеги өзгөрүүлөрдөн жана орус изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун чыгармасынан билүүгө болот.

Кыргыз жана орус тарыхчылары Кыргыз каганатынын болгондугун, гүлдөп өскөнүн жазышат, бирок эмне болуп жок болуп кулаганын толук аныктама бере алышпайт.

Биз каганаттын Кочкордо болгондугун, кыргыз эли көчмөн болбой эле туруктуу жашагандыгын жана кол өнөрчүлүк, курулуш куруу жакшы өнүккөндүгүн айлыбыздын аймагынан табылган орто кылымдын буюмдарынан аныктап бере алабыз.

kumara

surmo

Эмне үчүн Суяб жана Баласагун шаарларына кызыгуу ушул мезгилге чейин токтоло элек. Эмне үчүн тарыхчылар бул темага кайра-кайра кайрылышат. Анткени каганаттын борбору ордосу Самарканд жана Бухара шаарларынан кем эмес курулуштар курулуп гүлдөп өскөн шаар болгон. Селдин кесепетинен шаарлар жок болгон. Казах тарыхчы-окумуштуулары Суяб казах элинин борбору болгон деп да келишет.

Суяб шаарынын сепилинин ичинде он чакты жерде бышкан кыштар менен салынган үйлөрдүн ордун билебиз.

Азыркы убакта айыл өкмөттүн канторасынын түштүк жагында 25 метр жерде 50 см тереңдикте узуну 6х5 метр бышкан кыштан салынган курулуш жердин астында жатат.

Мындан сырткары кадалган баштар, кумарадагы берметтер, түрмөк кездеме, кылыч, канжар, коло балка,бири-бирине көмкөрүлгөн кеселер, орто алыштагы тегирмендин таштары, узундугу 10-12 метр мунара, өзүм кирип көргөн тереңдиги 8 метр зындан ор, эки-үч күн бир кулак сууну киргизсе толбогон чункурлар (туннелдер), суу түтүгү, жер айдап жатып бышкан кыштан салынган үйлөргө түшүп кеткен тракторлор болгон, бала кезде айнек стакан, кумараларды, сырдалган ар түрдүү идиштерди табаар элек.

Казылып калган чуңкурлардан башы чоң, жото жилиги 60-65 см болгон адамдардын сөөктөрүн көрүп жүрөбүз. Бул сөөктөр арийлердин түпкү ата журту Ысык-Көлдүн батыш жагында дешкен Байас Туралдын, Үсөйүн ажынын, А.П.Чайковскийдин, Е.Е.Кузминанын, Чоро Тукембаевдин аныктамаларына ылайык генелогияда галлотиби R1a1и 63%ти түзгөн кыргыздардын түпкү ата-бабаларыныкы болуп жүрбөсүн?

Суяб-Кочкор-Башы шаарынын аймагында бир топ балбал таштар болгон. 1970-жылдарда археолог Винниктин айтуусу менен 12 балбал таш Бурананын жанына алып барылган. Ал эми 1972-жылы 5 балбал таш Кочкордогу этнографиялык край таануу музейдин жанына коюлган. Азыр айылда 4 балбал таш бардыгы белгилүү. Мындан шаардын тарыхый тең салмактуулугу бузулган.

Азыр айылда ачылган музейде таш доорунан берки жана орто кылымдардагы адамдар колдонулган курал буюмдардын табылганын койдук, улам табылганы менен толуктап жатабыз. Бул табылган артефактылар үстүнкү 20-30 см катмардан эле табылганы эле. Эгерде казып изилдөө жүрсө, артефактылар мол экендигин айта алабыз, анткени бул шаарлар көчүп кетпей эле селдин топурагы куму басып калган.

Жогорудагы маалыматтарды жазып биз төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.

1. Суяб-Кочкор-Башы шаарынын жана башка шаарлардын Кочкор өрөөнүндө болушуна биринчиден климаттык шарт туура келген. Жоокерлерди машыктыруу аларды дайыма согуштук абалда кармап турууга жердин шарты ылайык болгон. Коргонууга жердин шарты да ылайык болгон. Ысык-Көлдөн келген жылуу абанын агымы, өрөөндө кургак жана ачык аба ырайын камсыз кылган. Турмуш тиричилик кылууга жана мал колду карабай кышында жайыттарга чыгарылышы, көп жеңилдик берген. Көпчүлүк өрөөндөрдөн кышында келишип, мал кыштатышкан. Чүй, Нарын, Жумгал өрөөндөрүнөн мал кыштатып жыл сайын келип турушкан. Ортоктун (Кара тоо) өрөөндүн орто жеринде болгондуктан хандар, кагандар тоону айланта корутуп анда жүргөн кийиктерди, бугу-маралдарды жоокерлерге азык катары пайдаланган. Атайын коруктарды түзүп ал жерлерде жоокерлердин аттарын кышында багып кармап турууга ылайык болгон.

17-18-кылымдарда калмактар бул өрөөнгө эки жолу борборун курушкан. 1926-жылы Кыргыз автономиялык республикасынын жетекчилери Алиев, Арстанбеков, Исакеевдер да борбор кылууга аракет кылышкан. Бирок орус революционерлери Иваницын, Щвец-Базарный, Логвиненколор Пишпекти борбор кылышы менен токтоп калган.

2. Кочкор-Башы-Суяб шаарынын стратегиялык жайланышы, түштүк жагы өзөн суу, сепилди суу менен эки жактан камсыз кылуу, түндүгү (Кашат, Шамчы) Шамшы ашуусунун чыга бериши, чыгышы Ысык-Көл, түштүк чыгышы Долон, батышынан Кызарт, Каракол ашууларынын дайыма көзөмөлдө турушу.

3. Шаарларды курууда колдонгон бышкан кышка кошуулуучу компонент Кочкор өрөөнүндө гана бар экендиги, кыш сапаттуу болуп бышыктыгы, бекемдиги жана ушул убакытка чейин өзүнүн сапатын жоготпогондугу менен айырмаланат. Балким орто кылымда Бурананы курууда кышка да кошууга Кочкордон алып барышса керек. Эчкинин майы, тыбыты колдонулган деген болбогон сөз, ойлоңуздар канча эчки, жүн, май кетээрин, кыш бышырганда май менен тыбыт күйүп кетээрин.

Чүй өрөөнүндө жалгыз Бурана бышкан кыштан салынган. Ак-Бешим-Суябда бир да бышкан кыш жок, Чүй өрөөнүндө изилденген уранды-чалдыбарлардын бирөөндө да бышкан кыштар жок, ал эми кыргыздын каганатынын борбору Суябдын курулуштары жалаң бышкан кыштан салынганын байкоого болот.

Кургакчылыктан 8-9-кылымда ташталып кеткен топурактан курулган Ак-Бешимди Суяб деп ЮНЕСКОнун номинациясына көрсөтүшүп, чыныгы Суябды Кочкордо десек макул болушпаган Кыргыз Академиясынын тарыхчы окумуштууларына таң беребиз. Биздин окумуштуу тарыхчыларыбыз тарыхый китептерди окуган менен жакшы чечмелеген эмес деп айта алам.

Кыргыз тарыхчы окумуштуу, археологдору Чүй суусунун башында, түндүк жээгиндеги Суяб шаарын Кыргыз каганатынын борборун, караханиддердин ордо кентин (азыркы Кум-Дөбө айылы жайгашкан жердеги шаардын чалдыбарын) Кочкордон табаарына толук көзүбүз жетет.

Бул жазган гипотезаны кыргыз окумуштуулары жана орус окумуштуу тарыхчылары кабыл албашы мүмкүн, анткени Суяб шаары Ак-Бешим деп канча адам сыя коротуп, калем жешилтип, Суяб боюнча наам алууну коргогон адамдарга катуу тийиши ыктымал. Бул өрөөндүн тарыхын 40 жылдан ашык убакыттан бери изилдеп келем. Ар кандай фактыларды бири-бирине салыштыруу менен ушул жыйынтыкка келдик.

Ак-Бешим-Суяб шаары жөнүндөгү ой-пикир толук тарыхта жана илимий чөйрөдө бекемделип калса дагы өзүбүздүн оюубузду жазууга туура келди.

Жыйынтыктап айтканда Кочкор өрөөнүндөгү шаарларды жана турак жайларды Х-кылымдын башында сел каптап Ысык-Көлгө агызып кеткени тарыхый чындык.

Илгерки тарыхчылар, саякатчылар аба ырайынын өзгөрүшүн, табыгий кырсыктарды, сел жүрүү, жер титирегендиктер жөнүндө жазышбагандыгы, жаратылыштын ар кандай кырсыктары бул чөлкөмдөгү элге зыян, тоскоолдук келтиргендиги жөнүндө эч кандай маалыматтардын жоктугу бир чети таң калтырат, бир чети өкүндүрөт. Бул аламааттын болгонун (топон сууну) айта турган, көргөнүн кабарлаганга адам калбаса керек.

Ушул жерде жашаган жергиликтүү адамдардын дили, жан дүйнөсү аң-сезими туулуп өскөн жердин ой-чуңкурун, өйдө-төмөнүн, жомокторун, уламыштарын, эл ичиндеги аңыз-кептерди, батыштан келген орус жана башка улуттарга караганда жакшы билишээрин, жан-дүйнөсү жакын экенин, бирок кайдыгерлик, жалкоолук жана билимсиздик ж.б. дартынан айрыла албай маани бербегенибиз менен башка улуттар үчүн жакшы тамак жем болуп келген экенбиз.

Жакында Түркия мамлекетинен «ТИКА» агентствосунун жетекчиси келип, музейди көрүп музейге керектүү жабдуулар менен камсыз кылып, Кочкор-Башы-Суябды казып изилдөөгө ниеттенгенин айтты.

Кочкор өрөөнүндөгү топурак кумдун астында калган Кочкор-Башы шаары Суяб шаары экенин тарыхый маалыматтардан алынып жазылды, бул шаар Кыргыз каганатынын кан ордосу экенин археологиялык изилдөөлөрдөн кийин да даана билинет, такталат.

Кайырбек Коңурбаев,
«ЫЙЫК МУРАС» тарыхый маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти,
СССРдин 3-даражадагы «Эмгек даңкы» орденинин,
«Эмгектеги артыкчылыгы» медалынын
жана СССР ЦК ВЛКСМынын,
КССР ЦК ЛКСМынын көптөгөн грамоталарынын,
СССР ВДНХасынын «Золотой колос» төш белгисинин ээси.
Тел. 0772 252 908, 03535 60 100, 0703 252908.
Email. konyrdaev48@mail.ru

 

Колдонулган адабияттар:

Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек-2001 стр:29,53,40,44,230

А.Н. Бернштам. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана т.1Бишкек-1997 стр: 416,417

Бичурин(Ианкиф ). Собрание сведений стр 758,759

А.Н. Бернштам. История кыргыз и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. стр. 89.

Махмуд аль Кашгари. Дивани лугат ат-Турк . 120,317,377 стр.

В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана .Бишкек-1996.

стр: 103,110,256,272,274,281,292,366, 399,403,418.

П.П. Семенов-Тян-Шанский . Путешествие в Тян-Шань в 1856-1857 годах. год 1908.

О. Солтобаев. М. Москалев. Кочкор-Башы шаарынын изилдениши . 2011.

А. Конурбаев, В. Мокрынин, В.Плоских. Город Великого Путешественника .Ф. 1994-г. стр.62,66,67

В.Д. Горячева. Городская культура тюркских каганатов на Тянь-шане( середина VI- началоXIII в.) Бишкек 2010 стр17,20,21,41,53.

Б. Дуйшеев. Память Тянь-шаня. Фрунзе. Мектеп. 1986.

К.М. Байпаков “ По Великому Шелковому пути”

Казахстан “Достопримечательности” интернет.

Интернет . Древние и средневековые города в территории СССР . город СУЯБ.

В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли . Фрунзе 1983 с 56,57-58,59,105 .

Е.И Лубо-Лесниченко.сведения китайских писменных источнников о Суябе ( городище Ак-Бешим) стр 115

Абу – Саид .Гардизи. Украшение известий Сайн ал –ахбар стр 8.

Арабские путешественники в щелковом пути. Баракелде.ру.

В.Плоских. История и проблемы исследования затонувших памятников Иссик-Куля . часть1,2 ,3.4, 5,6,7,8,9. Баракелде.ру.

В.Мокрынин. В. Плоских. Затонувшая столица на Великом шелковом пути.

Сайт интернета. О Суябе около 21 000 тысячи статей.

К.Табалдиев. Древние памятники Тянь-Шаня. УСА. 2011.стр. 107,108,146,283,284,285.

Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции. Москва. 1959г. 221,230стр.

Л.Р. Кызласов. Исследования на городище Ак-Бешим в 1953-1954 гг. — 155,137 стр.

А.К. Кибиров. Археологические работы в Центральном Тянь-Шане — 63

Асанов.т. Кочкор-Башы – караханий түрктөрүнүн байыркы шаары// Манас университети.Коомдук илимдер журналы. Бишкек. 2002,стр 6.

Ч. Турдалиева. Учебно- методический практикум для практических занятий по истории Кыргызстана. Бишкек. 2011. Стр.113,114 .115. 117.118.

Тарыхый булактарга ишенүүгө болобу?. Кыргызинфо.ру август 2012.

Улуу кыргыз дөөлөтү. Кыргыз инфо.ру.15.08.2012.

Иссык-Куль – затонувшие города, клады: факты и легенды. siar@mail.kg

Плоских В.Исследования древних цивилизаций Иссык-Куля.Exploration of ancient civilizations of I-Kul

А. О. Конурбаев . Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена.

Нам навязывали образ жизни кочевников». Вопросы истории и археологии Кыргызстана.

С.А. Байтлен. Города на Шелковом пути. (Казахстан). 2009-год.

Е.Кычанов .Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар. 13-15 кылым. Кыргыздар К.Жусупов. 248 бет.

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. 51,52,64,70,71,137,138,143,156,167 беттер.

Б.Аманбаева. Сакральные горы Кыргызстана 2004г.

 

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: