Кыргыз коомунда интеллигенттер барбы?


Интеллигент деген өзү ким? Интеллигенция катмарына кириш үчүн сөзсүз эле илимпоз болуу керекпи же катардагы эле коомго пайда алып келген инсан да интеллигент боло алабы? Дегеле интеллигент деп атоо зарылбы?

“Диалог Евразия” коомдук фондунда “Интеллигенция ким? Коомдогу орду кандай?” темасында талкуу болуп өттү. Белгилүү эксперттер катышкан кызуу талкууда коомдогу бир топ маселелер көтөрүлдү. Модераторлукту белгилүү журналист Бакыт Орунбеков аркалап, учурдагы интеллигенция термининин мааниси, ролу айтылды.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Интеллигенция деген ким? Бизде интеллектуалдар, коомдун элитасы деген сөздөр бар. Интеллигенция деген сөз совет доорунда көбүрөөк пайдаланылган. Коомдун алдыңкы өкүлү же жогорку билимди алган киши интеллигентпи? Азыркы учурда кыргыз коомунда интеллигенция өкүлдөрү деп кимдерди атай алабыз? Интеллигенция эгер коомдун алдыңкы өкүлү боло турган болсо, коомду жакшы жакка сүрөп жатабы? Кыймылдаткыч бир күчкө ээби? Болбосо анда эмне кылыш керек деген маселени талкууласак.

Тынчтык Чоротегин тарыхчы, журналист:

– Тарыхта адамдын өнүккөнү боюнча хомосапиенс – аң-сезимдүү киши деген сөз бар эмеспи. Ал коммунинттерден аң-сезимдүүлүгү менен айырмаланган. Ошолордун ичинен биз азыр интеллигенция деп бөлүп жатпайбызбы. Бул интеллектуал, ойлоо мүмкүнчүлүгү кеңири дегендей аванс катары берилген аталыш. Аны кыргызчага биз “айдың” деп жакында которо баштадык. Бул билими терең көз карашы менен айырмаланган, кокту-колоттун деңгээлинде эмес, дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өздөштүрүп, ошонун негизинде жөн эле ой жүгүртпөй жаратмандык менен иштеген дегендикке жатат. Бул интеллигенциянын орду деген кыргыз коому үчүн эле эмес, жалпы планетардык деңгээлден караганда да өтө актуалдуу нерсе. Быйыл тогуздун айында “Ысык-Көл шеринеси”(Ысык-Көл Форуму-ред) дегендин 30 жылдык маарекеси болду. Бирок ошондо эле Чыңгыз Айтматов “Башка деңгээлде өзүбүзгө көз жүгүртөлү. Дүйнөлүк деңгээлди унутпай, саясий режимдерден эркин бололу” деген чакырык жасаган. Мисалы үчүн, жакында Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилесинде жакшы жышаан пайда болду. Бирок ага алдын ала даярдык кылып, биздин интеллигенция деген өкүлдөрүбүз көпүрө боло алдыбы? Жакында Ала-Букадагы окуядан жакшы эле кабардар болдуңуздар го. Бир чоң апа башка динге өтүп алгандан кийин анын сөөгүн көмдүрбөй, үч жолу казып чыкты. Ошондо биздин интеллигенттерибиз кандай пикир айтышты же кайдыгер карап отуруп бердиби? Азыр интеллигенциянын ичинен дагы жаңы маалымат технологиясын үйрөнбөй, түркөй болуп жаткандары да бар. Фейсбук дейби же башка соцтармактарга кирип, коомдо өзүнчө агартуучулук ролун аткарыш керек. Бул жагынан да бизде өксүктөр бар.

Өмүрзак Мамаюсупов педагог, коомдук ишмер:

– Интеллигенция деген бул оңой-олтоң маселе эмес экени көрүнүп калды. Бул эми социологиянын предмети сыяктуу чыгууда. Социалдык түзүмдөгү орду бар бир социалдык топ катары чыгып жатат. Интеллигенттер жөнүндө сүйлөшөрдөн мурун ошонун ордун билип алсак. Совет мезгили учурунда эл үч топко бөлүнчү. Шаарда завод, фабрикаларда иштегендерди жумушчулар, айыл-чарбада иштегендерди дыйкандар, колхозчулар, ал эми ушул экөөнүн ортосундагы бир катмарды интеллигенция деп бөлчүбүз. Коммунисттик партия ушул жумушчу тобуна таянчу, дыйкандар колхозчуларга таянып, ал эми интеллигенцияга аяр мамиле кылчу. РСДПнын экинчи съездиндеги Лениндин төмөнкү сөзүн көп айтышчу. “Интеллигенттер эртеңки күндү ойлоп, позициясынан, принцибинен тайып кетет” саткын дегендей кылчу. Ал убакта интеллигенция тууралуу диссертациялар жакталган, мамлекеттик китептер бар болчу. Акыл эмгеги менен иштеген мугалимдер, доктурлар, жазуучу, акындарды интеллигенттер деп эсептешкен. Ал убакта жазуучу, акындар көп болчу. Алар коммунисттин кандай боло тургандыгынын үлгүсүн элдерге айтып берчү. Анткени элдер өз көзү менен көрүп турган коммунист жакшы деле болчу эмес. Бүгүнкү күндө интеллигенция ким өзү, ал барбы же жокпу? Социалдык катмар өзгөрүп кетти. Мисалы, интеллигенттер деп мектептердин же университетердин эле мугалимдерин алалы. Ушулар интеллигенциябы? Азыр интеллигенттер орто, чоң бизнесте болуп жаткандай туюлат. Эгерде коомдо бир нерсе болуп кетсе, алар чыгып реакция бере алабы? Ошондой учурда интеллигент катары чыга алабы же өзүн-өзү баккан, жумушчу ордун берип жаткан бизнестин өкүлү болуп чыгабы? Бирок азыр интеллигенттер жоголуп кеткен жок да. Мурдагы жазуучулар азыр деле бар. Анан биз Акаевдин режим учурунда аларды деле көрбөдүкпү. Саясий иш болордо аксакалдар деп телевизорлорго чыгарып, гезиттерге жазып калышпадыбы. Анда алар интеллигенциябы? Мына биздин президентибиз Нарынга барып, Нарын каскадынын ачылышында мындан бир жыл мурун сүйлөбөдүбү. Ал жерде талаага үстөлдөрдү коюп, элдерди чакырды. Алдына аксакалдарды отургузуп коюптур. Президентибиз ошондо аларга: “Мен ак сакалдарды ак шакалдар деп айтчу элем. Анткени алар туура эмес саясатты колдоп келишкен. Алар интеллигенция өкүлүбү” деп айтып жатпайбы. Биздин коомдо кандай процесс жүрүп жатат. Совет доорундагы интеллигенция деген биздин муунда калды. Бирок реалдуу жашоодо интеллигенттер барбы?

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Совет деп калбадыңызбы, советтик коммунисттик идеологиянын жарчысы катары советтик бийлик интеллигенцияны чыгарып, кайра аны курал катары өз максатына пайдаланчу. Бүгүнкү күндө ошол коомдун алдыңкы өкүлдөрү айталы, ошол демократияны жайылтууга, бекемдөөгө салым кошуп жатабы? Кыргыздын баалуулуктарына, биримдигине салым кошуп жатабы же тескерисинче, болуп жатабы? Мисалы, мына бизде чоң саясий окуяларда интеллигенттердин үнү угулбай, алардын бар экени да билинбей жатпайбы.

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

– Көтөрүлүп жаткан бул маселени коомдо аябай күтүп жатышат. Бизде интеллигенттер ким? Бизге кандай мамиле кылат? Эл аралык мамилелерде алардын кандай ролу бар? дешип. Ушул жерден мен Тургеневдин “Ася” деген чыгармасын эстедим. Баягы “господин Н” деген сүйүүсү жөнүндө жазат. Кийин мен аскерде жүргөндө мунун чоң китебин окуп түшүндүм. Көрсө, андагы комментарийлерде “господин Н” деп орус интеллигенциясынын сөлөкөтү айтылыптыр. Ошол учурдагы орус интеллигенциясынын коркоктугу, чечкинсиздиги деп аябай сүрөттөптүр. Интеллигент таптаза адамдар дегенди билдирет экен. Буларга адамдар суктанчу. Бул сөздү кыргыздар колдонбойт. Бизде болсо идеалдуу адамдар деп акыркы учурда окуп жүрөбүз. Бул жерден чындыгында, “Элди агартам” деп күйүп бышкан адамдар чыкканын билебиз. Алардын бири Ахмед Ясавий деген адам болгон. Ал окуучуларын ээрчитип кетип бара жатып: “ Эгерде сен алың жетпей кайсы бир жерден токтосоң, ошол жерди өнүгүп өстүр” деген экен. Мен болсо оюмда интеллигент деп аларды элестетип калдым. Биз болсо мындайларды көбүнчө айылдардан көрүп жүрөбүз. Азыр бардыгы таза адамдарга муктаж болуп калды. Бирок кыргызга бул түшүнүк керек. Сыйына турган дебейм, бирок идеалдуу адамга коом муктаж болууда. Коомчулук деп жатып-туруп, коом менен ооруган адамдардын тобу гана адамдарга күйгүдөй. Интеллигенция деп биз окумуштууларды айтабыз. Бирок ал кесип болуп калып жатат. Анын ичинде интеллигенти бар же жок болушу мүмкүн. Биз коомду оңдоп, коомдон интеллигенцияны чыгарабыз деген нерсе кыйын болуп калды. Ал үчүн ылдыйтадан интеллигенцияны чыгаруунун формуласын элге берип койсок, эл биз айткандай жашагысы келип калышы мүмкүн. Эл сөзгө, акылга да муктаж болуп жүрөт. Мунун жолдорун тапсак, бир гана Кыргызстанды гана эмес, дүйнөнү ээрчитип кетиши да мүмкүн. Эмне үчүн Жакынкы Чыгышта тополоң болуп жатат. Себеби,ал жакта чыныгы жетекчи, интеллектуалдар жок болууда. Биз болсо мындайга жол бербейбиз деп ойлойбуз.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Жакында эле Түп районундагы бир мугалим президенттин жарлыгы менен КРнын эмгек сиңирген мугалим наамын алды. Ал көрсө, 20 жылдан бери бир айылдан экинчи айылга барып балдарды окутат экен. Бул жерден интеллигент деген ким? Ошол эле учурда юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүн бүтүрүп алып, азыр депутат болгон мырзаларыбыз ким? Булар интеллигенттерби? Коомдун кайсы жеринен орун берилет? Экөөнүн салмагы кандай? Япония менен салыштырып айтып берсеңиз, Сейтек мырза. Ал жакта интеллигенттер барбы?

Сейтек Качкынбаев, чыгыш таануучу:

– Жапондор чындап эле аябай илимпоз кишилер. Калк менен жашап жүрүп интеллигенция деген сөздү дээрлик уккан жокмун. Азыр коомдо ар кимдин иши бар. Жумушчулар жана ошол эле мамлекет кызматкерлери. Совет учурунда тарбия берүүчүлөр интеллигенттер болуп келген. Жумушчуларда болсо китеп окуганга, өзүн өркүндөткөнгө мүмкүнкүнчүлүк болгон эмес. Ошого бизде интеллигенция деген сөз көбүрөөк отурукташып калгандай. Жапондорду карасак, калктын 90 пайызы шаарда, 10 пайызы айылда жашашат. Айылдагылар – карылар, жаш балдар. Ал жерде мүмкүнчүлүк толук. Ким эмнени кааласа, баары бар. Ал эми ошол шартты канчалык деңгээлде пайдалана алат ар бир адамдан көз каранды. Жапонияда биз билимдүүбүз, элди алып кетебиз деген интеллигенттер жок. Ар бири өз чөйрөсүндө. Мугалимдер болсо педагогика менен алек болуп, коомдо мындай болуп жатат деп айтышпайт. Коомдогу көйгөйлөрдү депутаттары чечишет. Буларда өздөрүнө таанымал адамдардын жүрүм-туруму кызыктуу. Мисалы, Мерген Тургандай жылдыздар бар. Элдердин баары буларды карап турат. Эгер булар мас болуп бир нерсе кылса, бир жума бою жаңылык болуп чыгат. Биздей болуп кимди ээрчисек деп адашып жүргөндөр дээрлик байкалбайт. Жапондордун чиркөөлөрүн карасаң, короосуна эшигин каккылап келип көйгөйүн айткан киши жок. Буларда баары мыйзамдуу. Алдын ала жазылуу менен барышат. Монахтар ритуалдык кызматтарды аткарып калган. Руханий кыйналган адамдар азайып бараткандай байкалат. Себеби бул жакта бири-бирине коммуникация жок болуп, автоматташтырылып, мыйзамдашып калган. Ар ким өз жашоосуна өзү ээ болуп, коомду тарта турган адамдар жылдыздар, спортчулар болуп калат экен.

Тынчтык Чоротегин тарыхчы, журналист:

– Совет учурунда таптарга бөлүнгөн коом менен иштеген жеңилирээк болчу. Бирок азыр педагогдук адистиги бар, кийин ишкер болуп кеткен, кийин жергиликтүү музейлерди куруп, спорт тармагына жардам берген киши бизнес өкүлүбү, же интеллигентпи? Балким массалык маданият өнүккөн коомдо такыр башка болушу мүмкүн. Ар бир инсан интеллигенциянын өкүлү болуш керек. Фермер болуп туруп дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар бар. Эки диплом алып, бирок эч нерсе билбегендер бар. Технологиялык жаңы секириктен кийин мээңе татынакай эле чипти орнотуп алып кайсы бир тилде сүйлөсөң да, ал сага дароо которуп берет. Ошол технология дүйнөсүнө аралашкандан кийин өзүңдүн улуттук маданиятыңды сактап калыш үчүн күрөшүүң керек болот. Же курсагың ток кадимки машина болуп калууң мүмкүн. Интеллигентти эки жактан караш керек.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Түркияда окуган студенттер мугалимдерди аябай сыйлашат. Алар бизди окутат, агартат деп көбү мугалимдикке окушарын айтышат. Мүмкүн мугалимдер интеллигенттерби?

Искендер Ормон уулу, коомдук ишмер:

– Толук өнүгө элек, өнүгүүгө талпынган, өзгөчө авторитардык коомдордо интеллигенция терминин колдонуу көбүрөк кездешет. Батышта же өнүккөн өлкөлөрдө көп колдонула бербейт экен. Негизинен бул термин Ренессанстан кийин колдонула баштаптыр. Атактуу социолог-окумуштуу Антонио Грамши интеллигенттерди экиге бөлөт. Биринчиси муундан-муунга өткөрүп берилген кесиптер – юристтер, темир устасы, мугалимдер. Экинчиси – органикалык интеллигенция деп айтылат экен. Белгилүү бир күчтүн таламын талашкан, белгилүү бир коомдун ичинде орун алып, күчкө ээ болуп, дайыма ошону күчтөндүрүп туруучу топ. Бул дагы өзү жашап жаткан доордогу белгилүү бир күчкө ээ болгондорду колдоочу, коштоочу деп дагы айтылат. Экиге бөлүнгөнү менен мындан башка үчүнчүлөр дегени да бар. Интеллигенция деген бул эч бир күчтү тааныбоочулук. Эч бир бийликке сыйынып калбай, коомдогу көйгөйлөрдү козгогон адам дешет. Ал өзүнө зыян келип калуу коркунучуна карабастан, дайыма карама-каршы болгон, кошоматчылык кылбаган деген мааниде. Дегеле шаблондук ойлонууларды жарган, ой жүгүртүүнүн топ бузары десек болот. Ал эми түрктөрдө болсо акыркы учурда айдын, муневвер деген сөздөрдү бизде колдонулуп жаткан интеллигент деген сөздүн мааниинде колдонуп жүрүшөт. Бул балким Француздардан жана кеңири колдонулуусу Советтерге коңшулаш болгондуктан көбүрөөк пайдаланылып калса керек. Азыр түрктөр интеллигенцияны муневвер, айдын анан интелектеул деп экиге бөлүп алышкан. Интеллигенттикти дагы жогору турган жана глобалдуу мүнөздө ой жүгүрткөн, өзүнө таандык чыгармачылдыгы, эмгектери болгон жана коомду аркасынан ээрчите алган сапаттагы дэңгээл үчүн колдоуп келишет.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Кечээ жакында президентибиз Кыргызстандын алдыңкы 61 студентине сыйлык тапшырганын баарыбыз көрдүк. Ал жерде өлкө башчысы: “Кыргыз коомунун алдыңкы элитасы, саясий чөйрөсү баары булганып бүттү. Ишенич силерде гана калды” деп айтты. Парламентке акчалуулар гана келди деп өзүнө өзү карама-каршы сүйлөдү. Ушундай учурда биздин саясий элитабыз эмне болуп жатат? Жөндөмсүз болуп жатабы? Азыркы реформабызга таасири тийип жатабы? Жаштарыбыз кандай?

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

– Азыр биз турмуштагы жок нерсени издеп жатабыз. СССР учурунда социализм жок болчу. Биз болсо аны жаман дедик. Азыр болжолдуу бизде демократия жок. Бирок ага шылтоолоп жатабыз. Жанагы сыйлык берилген студенттерди карап чыксам, көбү акча төлөп окугандар. Алар кийин келип мамлекетке иштейбиз дешкен жок. Менин оюмча, билим берүү министрлиги жакшы окугандарга гранттарды бөлүштүргөнүн жакшы түшүнбөйм. Мамлекет өзүнө керектүүлөргө акча төлөп берип окутуш керек. Жакшы, жогорку балдарды кайсы балдар алат? Алар жакшы мектептерге баргандар, репетиторлорго баргандар. Бюджетке алар келсе жөн эле окуп кетет. Мамлекет үчүн иштеп берейин деген ою жок алардын.

Референдум жакындаган сайын биздин интеллигентердин колдору коюлган нерселер гезитке, телевизорго чыга баштады. Телевизорго сындагандары чыгарбайт, алар электен өтүшөт. Интеллигенция деген азыр калптын куралы, кошоматчы болуп калган. Ошон үчүн аларга эмгек сиңирген деген наамдарды берчү. Алардын материалдык жагын партия камсыздачу. Биздин бийлик адилетсиз болгондугу үчүн өзүнө кошоматчыларды издеп жатат. Эгер Сингапур же Япониядай баары мыйзамдуу болсо башкача болмок. Биздин бийликти колдой тургандар орто жана чакан бизнестерге таяныш керек болчу. Интеллигенттердин баары ошол жакта. Элдерге маяк керек болуп жатат. Элдер кимге теңелем деген үлгү керек болууда. Бирок ал сөзсүз эле интеллигент болууга тийиш эмес.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Жакында Жети-Өгүздө “Кут билим” деген мектеп ачышты, Бир жигитибиз 4 кабаттуу жатакана куруп бериптир. Мүмкүн ушундайларга дем беришибиз керек? Мүмкүн коомду агарта турган нерсеге жете электирбиз.

Сейтек Качкынбаев, чыгыш таанучу:

– Мен өз акчама Кыргыз жерин кыдырып, илимий дааватка чыгып мектеп, жогорку окуу жайларга барып жүрдүм. Ошондо баарына эмне максатыңар бар деп суроо берип, болжолдуу үч түрдүү жооп алдым. Биринчи бир түрдүү жооп “Мен коомго пайда алып келе турган, элдин баласы болгум келет” деп жооп беришти. Экинчи түрдүү жоопто “Америкага барып окуп келгим келет” дешти. Үчүнчү жооп Лейлектен 3 окуучунун жообу канааттандырды. Бири “мен абдан күчтүү мугалим, бири дарыгер, кийинкиси фермер болгум келет” деди. Акыркы үчүнчү жооп так коюлган максат деп айтат элем. Элдин баласы болгум келет деген жакшы ниет. Бирок абстрактуу болуп калат. Чет өлкөгө билим үчүн эмес, максатка жетүү үчүн керек болгон илим үчүн баруу пайдалуу болот. Бүгүнкү күндө эң негизгиси – максатты билүү маанилүү. Ушундай багытта бүгүн интеллигенттер иш кылса жакшы болмок.

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

– Эгерде элдер күткөн нерсесин өкмөттөн алса жакшы болмок. Эл салык төлөп, кайра өкмөттү багып жатат. Германиянын Конституциясында билим берүү мамлекеттин иши деп жазылып турат. Бизде Билим берүү министрлигинин мектептер менен иши жок. Кеп келечек жөнүндө болууда. Билимге келгенде Өкмөттүн негизги иши ошо. Ошон үчүн эл салык төлөп жатат.

Искендер Ормон уулу, коомдук ишмер:

– Үч тармак коомду жарыкка чыгарат экен. Билим берүү, аскер, дин тармагы. Билим берүү бир өлкөнүн идеологиясын жаюу үчүн колдонулган система болуп келет. Ошондуктан мамлекет колунан чыгарбоого аракет кылат. Деги эле интеллигент деген топ бузуучу мүнөзгө ээ. Балким, бизде эң эле бузулган нерсе интеллигенция термини. Интеллигенция деген кошоматчы деген эле сөз болуп калды. Ар ким өзү кайсы тармак болсо да, өз пикирин айтып, жазуу ж.б менен чагылдыра берүүсү керек. Коом өзү тандап сапаттуусун иргеп алат. Ошол сапаттуу иш, сапаттуу пикир жана чыгарма (чыгарма ар кандай мааниде айтканда) коомдуу керектүү, жагымдуу жана пайдалуу жакка багыттаса, ошол интеллигенттик иш болот эле.

Модератор Бакыт Орунбеков:

– Бул маселеге азырынча үтүр эле коюп койсок болот. Жалпылай кетсек, эң негизги басым билим берүүгө коюлду. Биз коомду алдыга сүрөй турган муунду тарбиялашыбыз керек экен. Мектепте, бала бакчада, жогорку окуу жайда дагы агартуучуларды жандандыруу керек. Ал муундар коомду өзү эле алдыга алып чыгып кетет. Бизде кыргыз коому советтик системадан чыга албай жатабыз деген пикирлер айтылды. Мамлекет негизги багыттарда, өзгөчө, билим берүүдө жоопкерчиликтүү болуш керек. Бийликтин адилеттүүлүгү жөнүндө, маалымат технологиясы, кыргыз тилинин баркын көтөрүү болду. Ошону менен башка чет тилдерди үйрөнүп, колдоно билүү маселеси көтөрүлдү. Буларды чечсек, биздин коомубуз көтөрүлөт деген ниет бар.

Таңчолпон Бакытбек кызы, «Саресеп», 08.11.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: