Киши китеп же залкар энциклопедиячы Закон Бейшеев


Наристеге ат коюуда ошол учурдагы окуяны кошуп жиберүү салты бар кыргыздар Улуу Октябрдан кийин балдарына Колхозбек, Зоотбек, Сьезбек, Чтз ж.б. аттарды бергенин билчүмүн. Бирок Закон деген өтө сейрек учураган атты өткөн кылымдын соңунда Тил комиссиясынын жыйынында биринчи жолу уктум. Анда Корбашовдун (туурасы Горбачев) “кайра куруусу” кайра курутуу менен аяктап, ишенген ГенсекЕльцинден төбөгө жеп, СССРди сел алгандан кийин ар улут өз алдынча тал кармаган учур эле. Акаев этегине түшкөн бийликти эптеп кете албай же башкага ыраа көрбөй, улам бир хитромудрый амал ойлоп таап, “кудаа кааласа, кудай буюрсасын” жума сайын кайталап, астыртан уяң жылмайып, чирип бараткан бийлигин узартуу үчүн элге тил эмизип турду. Энциклопедия деген мекеме бар экенин, ал Илимдер академиясы сыяктуу эле мамлекеттин маданий деңгээлин, тарыхын, илим-билимин, рухий дөөлөтүн чагылдыраарын эч ким эстебей калган маал. Социализм, совет, партия деген сөздөр “чума” деген өтө жугуштуу оорудай коркунучтуу угулуп, колхоз-совхоз дегендер тап катары талоонго түшүп жаткан. Айлык-маяна төлөнбөй, от жагылбай, энциклопедиянын жамааты тарап кеткен. Эки кабат заңгыраган заманбап имаратты менчиктемек болгон карга-кузгундардан кайтарып төрт-беш кызматкер келип-кетип, мекемени маанектеп жүргөн.

Тил комиссиясынын ошол жыйынында “Кыргызстан” деген көп томдуу жаңы улуттук энциклопедия чыгаруу маселеси талкууланды.

Анын негизги демилгечиси жана уюштуруучусу жазуучу Казат Акматов отуруп иштей турган жай бар экенин, айлык акы чечилерин айтып келип, энциклопедия чыгарууга адистешкен кадр калбаганын айтып кейиди. Учурунда бул мекемеде иштеп кеткен Салижан Жигитовго кайрылды:

– Саке, сизде тажрыйба чоң, энциклопедиянын ишин уюштуруп бербейсизби?

– О, кудай урган десе, иштеп эле берет элем. Бирок, бүгүн капитализм да! Сен Казат, мага түрктөр берип жаткан пулду бере аласыңбы? Баягыдай, партиялык тапшырма деп зордой албайсың. Энциклопедия деген абдан тозок жумуш. Илимдин докторумун деп жүргөн авторлордун көбү чала сабат. Ошолордун чийгенин оңдойм деп отуруп жинди боло жаздагам. Жашым да өтүп калды. Сен андан көрө Закон деген бар. Ошону тап.Ошол бүт ишиңди жолго салат,- деди каадасынча каткырып.

Закон деген да ат болот экен ээ? деп таңгалып калдым. Ошондон көп өтпөй Закон Бейшеевич деген кишини көрдүм. Советтик Армиянын запастагы полковнигиндей зыңкыйган орто бойлуу, арыкчырай, тармал чач, кара-сурунан келген каксоо адам бир караганда өтө суз кишидей көрүндү. Апас Жумагулов кейиптенип дайыма чарчаңкы жүргөн бул адамдын өмүрү кагаз менен өткөнү жүзүнөн окулуп турду. Оңой менен киши жакпаган Салижан аке кошо иштешкендердин ичинен ушул адамды жетекчиликке сунуштаганы мээме кыттай уюду.

Кийин биз (комиссия) Ак Үйдөн куулуп, Эркиндик-56га (энциклопедиянын имараты) баргандан кийин бул өтө тамашакөй, жайдары киши менен тез эле тил табышып, ага-ини болуп кеттик. Закон Бейшеевич да башкы редактор, академик Үсөн Асанга (кытайлык кыргыздардын жолоюна салып, -евич, -овичи жок эле ушинтип айтсак кандай сонун угулар эле!) окшоп илимдин, кагаз казгандын баба дыйканы экен.

Качан кирсең үстөлүндө үймөк китеп, кагаз… Сүрүлүп, чийилип, оңуп, өзү өңдөнүп картая баштаган үстөлү, кирген-чыккандар көчүк баскан ошондой эле эски отургучтар, анан киши киргенде кагаздан башын көтөрүп сүйүнүп кеткен Закон абам. Кагаздын туткунунда камалып жата бербей кен издеп, карылыктан качып тоо-ташты кезип кете бербейби, кайран геологдеп ойлоп кетем. Жок, бул киши бүткүл турган турпаты, билим көрөңгөсү, ички маданияты жана да толгон-токой башка касиеттери менен энциклопедия үчүн гана жаралгандай таасир калтырат…

Эгер Закон Бейшеевич болбогондо деле Кыргыз ССРинин 8 томдук, 7 томдук “Кыргызстан” улуттук энциклопедиялары чыкмак. Аны менен иштешкен Алышбаев, Үмөталиева, Табалдиев, Орузбаева, Борбугулов, Карыпкулов, Стамов, Асанов деген башкы редакторлор жетекчилик кылып, китепке аттары жазылмак. Бирок, бул адамдын сейректиги, бөтөнчөлүгү ушул аттары аталгандар менен гана эмес, энциклопедияга тикелей же кыйыр түрдө автор болушкан жана ага аттары жазылган жүздөгөн илимпоздор, жазуучулар, коомдук-саясий ишмерлер ж.б. белгилүү адамдар менен жарым кылымдан бери эки энциклопедияны чыгаруудатең баштан-аяк толук иштешкен жападан-жалгыз жетекчи кызматкер болуп жатпайбы. Менин баамымда Закон Бейшеевичти жамааты атасындай, агасындай урматтайт. Мындай сыйга терең билими, уюштургучтугу менен эле эмес, өтө жөнөкөйлүгү жана чексиз адамгерчилиги менен жетсе керек. Тубаса тамашакөйлүгүнө адамды уга жана баалай билген сейрек касиети айкалышып турат.

Дагы бир мага жаккан жагы кемселинин жакасынан дайыма орок-балкасы бар советтик кызыл желектүү төш белгилер түшпөйт.

Биздин эки мекемеге (Тил комиссиясы менен Энциклопедия) орток Тайлак деген аксакалыбыз бар. Көптү билген, куйма кулак, таланттуу киши. Эгер жаш кезинде тайраңдап оюн салып кетпегенде, эчак академик болмок деген кептерди уккам. Токсонго таяган менен он алты мүчөсү ойдогудай иштейт, акыл-эси, баскан-турганы жайында. Баарыбыз менен баарлашып турат, өзгөчө ургаачыларга ынак. Бир курдай бирдемени талаша кетип, мени сартча ашата сөктү. Тура калып кол салаарда качып кутулдум. Закон Бейшеевичке калыска түшсөм, укпай эле күлөт. Көрсө биздин чырды Тайлак баатырдынөзүнөн уккан экен.

– Аалы, сен агайыңын алдына түш. Ал киши ошондой эрке киши, ага эч ким теңелбейт,- деди, аке-шешеден эчтеке калтырбай сөккөн аксакалды уяткарабы десем. Шар эле “Шахтерскийди” көтөрүп келсем, Тайлак акем жылмайып колумду кармады. Кийин ал киши менен көп талашпай калдым.

Бир күнү Закон аба чакырганынан келсем, бир жаңы китепти көрсөтүп, “мобул Аттокур Жапанов деген сенин иниң экен. Кыркка чыкпай жатып жүзгө жакын китеп чыгарыптыр. Арасында тармактык энциклопедиялары да бар экен” деди.

– Кочкордон мага окшогон жалкоолор эле эмес, Жапановдой жаны жоктор да чыгат,- дедим стахановчуиниме чындап сыймыктана. Ичимден: “энциклопедиядагы отуз кишинин ордуна Закон Бейшеевич менен Аттокурду отургузуп койсо, казынага үнөм болбойт беле” деп ойлодум.

Закон Бейшеевич академиктердин жазганын оңдоп-түзөп жүргөнү менен, чыгынып илимий ишин жактап койбой, өмүр бою орун басарлык кылып жүрдү. Бирок, биринчи жетекчи чеччү маселеге кийлигишип, чечкиндүүлүк кылган учурларын угуп жүрдүм. Бир курдай жеке маселеге байланышкан катка академик Асанов агам кол коё албай тарткынчыктаганда Закон абам күпүлдөп, күчкө салып эле көндүрүп салган.

Демейде кагаздан башын көтөрбөгөн Закон Бейшеевич бир курдай башбаксам Саруунун сакалдууларын кабыл алып, күпүлдөп көрсөтмөлөрүн, кеп-кеңешин берип жаткан экен. Ошондон көп өтпөй жол тосмойлор токтоп, Кумтөргө байланышкан ызы-чуу басыла түштү. Көрсө, Көлдү солкулдатып жаткандардын анабашылары Закон абамдын үкөлөрү көрүнөт.

Сексенге келип калганына карабай өзүн сергек сезип, сергек кармаган даңазалуу энциклопедиячы Закон Бейшеевичтин балалык кези, өспүрүм учуру Улуу Ата Мекендик согушка, андан кийинки бүлүнгөн өлкөнү калыбына келтирүү сыяктуу өтө оор учурга туш келген. Эл менен кошо, эл ичинде чоң сыноону башынан өткөргөн адам. Чыныгы советтик тарбиянын таасири жүргөн-турганынан эле эмес, кийингенинен да байкалып турат. Өмүр бою китеп окуп, китеп жаза берип өзү да билимди, акылды, чындыкты, тарбияны, адилеттикти боюна сиңирген бал китеп болуп, китепке айланып кеткен инсан.

80 жаштын 50 жылын энциклопедияга берген “киши китеп” Закон Бейшеевичти юбилярлардын тизмесине киргизип, маарекесин өкмөттүк деңгээлде өткөрүүнү тиешелүү органдарга табыштап, биздин бийлик туура иш кылды. Ошол эле учурда, СССРдин тарыхындагы эң даңазалуу күнү –бүткүл дүйнө жүзүнө социализм жаралды деп жарыяланган 1936-жылы 5-декабрдаЖуукунун боюндагы атактуу Саруу айылында жарык дүйнөгө келип, азан чакырылып Закон деген ат коюлуп, өмүр бою закондой так, закондой адилет, закондой ыймандуу жашап келаткан “киши китепке” ал демилгелеп чыгарган эки томдук адабий энциклопедия “Манастын” атындагы сыйлыктын бир даражасын ыраа көрбөй турушканы мага түшүнүксүз.

Бүткүл жашоо-турмушу менен өзүнчө бир сатандарт-эталонго айланып кеткен адамдын сиңирген эмгегин эске алып, өзүнө татыктуу сый көрсөтө албасак, анда эмнеге мамлекеттик масштабда маареке өткөрүп жатабыз деген ЗАКОНдуу суроо туулат.

aaly_moldokanovАалы Молдоканов,
Элге билим берүүнүн, Мамлекеттик кызматтын, Маданияттын мыктысы,
«Кыргыз тили»

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: