“Олжобай менен Кишимжан” жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү


Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында чакан бирок, чоң сүйүү баянына арналган, анча-мынча сезимтал адамдардын көзүнө жаш алдырган дастан бар. Sputnik Кыргызстан дал ошол чыгарма — “Олжобай менен Кишимжан” тууралуу алты фактыны окурмандарга сунуштайт.

“Олжобай менен Кишимжан” кыргыздын лирика-эпикалык дастаны же лиро-романтикалык эпосу. Чыгарма бай-манаптык доор учурундагы окуялар, эки ашыктын кайгылуу тагдыры жөнүндө баяндайт. Олжобай менен Кишимжандын махабаты жана алардын алыскы тууган — жээн, таеже болгону айтылат. Дастан сюжетиндеги кагылыштар да ошол эки жаштын сүйүүсүнө байланыштуу чыгат да, алардын өлүмү менен чечилет. Окуянын мындан бир нече жүз жылдар мурун, тагыраагы 16-кылымдын башында болгондугу айтылып келет.

 

Ашыктык, ажал, трагедия

Чыгармадагы окуя, сюжет Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсүнүн тегерегине топтолгон. Эки жаш бири-бирине кошулууга жан-дили, бардык күчү менен аракеттенет. Ал экөөнүн аракети жекече өздөрүнүн кызыкчылык пайдасы үчүн гана болгон далалаттардан эмес. Бул алардын жалпы эле ошол мезгилдеги коомдук түзүлүштүн мораль, нраваларына каршы нааразылыктары. Мезгил, шартка жараша бирин-бири сүйүшкөн жаштар бирге боло алышпайт, тилектерине жетпей өлүмгө моюн сунат. Эл арасында чыныгы сүйүүгө бекем болуу идеясын даңазалаган чыгармаларда Олжобай менен Кишимжанды мисалга алып ырга кошкону бекеринен эмес.

 

Үй-бүлө, нике мамилелери

“Олжобай менен Кишимжан” поэмасында өткөн заманда кыргыздардын үй-бүлө, нике мамилелеринин ар түрдүү формалары чагылдырылган. Алсак, поэмада биринчи планда өткөндөгү кыргыз турмушунда үстөмдүк кылып келген үй-бүлө, никенин бир формасы, тактап айтканда макулдугун эске албай, ата-энелердин кеңеши, буйругу боюнча баш кошкон түрү жөнүндө да баяндалат. Ушундай үй-бүлө, нике формасынын негизинде келип чыккан калың берүү салты эпосто сындоо, ашкерелөө маанисинде сүрөттөлөт. Чыгармада үй-бүлө, нике мамилелери менен тыгыз бирдикте кыргыз элинин адат — салттары, нравалары да ачык элестетилген. Бул жагынан алганда “Олжобай менен Кишимжан” поэмасы кыргыздардын өткөндөгү этнографиясын үйрөнүүдө, сөзсүз баалуу чыгармалардан боло алат. Анда үйлөнүү тоюна мүнөздүү болгон адат, салттардын бардык этаптары кеңири сүрөттөлгөн

 

Кишимжан – эркиндикти сүйгөн, сүйүүнү өмүрүнөн кымбат койгон каарман

Анын образын түшүнүү максатында башка эпикалык чыгармалардын, айталык баатырдык эпостордун каармандары менен салыштырып караса болот. Ал – кайраттуу, сөзүнө турган, бир туруп назик, башкысы адилетсиздикке чыдабаган, моюн сунбаган инсан. Адабиятчылар анын образын “Кожожаш” поэмасындагы баш каармандардын бири — Зулайка, “Төштүк” эпосундагы Кенжеке, “Эр Табылдыдагы” Кардыгач,”Манас” эпосунда Каныкей, “Жаңыл Мырза” эпосундагы баатыр кыз Жаңылга катар коюп келишет.

 

Бир нече варианты бар

Варианттарынан кыйла көркөм иштелгени, сюжети кызыктуу түзүлгөнү Алымкул Үсөнбаев менен Сопубек Сакетаевдин варианттары. Алымкул Үсөнбаевдин айтуусу боюнча биринчи жолу 1940-жылы басмага даярдап чыгарылган. Кийинки басылыштары 1956-жана 1974-жылы ушул эле айтуучудан жазылып алынган вариантында өзүнчө китеп болуп чыккан. “Олжобай менен Кишимжандын” Үсөнбаевдин айтуусунан башка эки варианты бар. Биринчи вариант 30-жылдардын алдында Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жашоочусу Сопубек Сакетаевдин, экинчи вариант Оштун Чоң-Алайында Матрайм Кабылов деген адамдан жазылып алынган. Бул варианттыр учурда Тил, адабият институтунун кол жазма фондусунда сакталып турат.

 

Дастандагы көөнө сөздөр

Чыгарманы окуган адам кыргыздын көөнө сөздөрүн кезиктире алат. Акер (кооздоп жасалган кепич, бүргөн (шыбакка окшош өсүмдүк), даражы (эки бети бирдей өңдө токулган жука жибек кездеменин бир түрү), кежим (жалтылдаган алтын жиптен токулган кымбат баалуу ат жабуу), күбөк (күмүштөн же жезден жасалган сөйкө), мун (кемчилик), чагырмак (кымыздан тарткан арак) сыяктуу сөздөр менен сөз байлыгын байыта алары турган иш.

Фактыларды даярдоодо Сапарбек Закиров баш болгон адабиятчылардын Тил жана адабият институнан чыккан эмгектери пайдаланылды.

«Sputnik-Кыргызстан», 02.07.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: