Сезим кытыгылаган секетбайлар


Көркөм дүйнөдө секетбай темасы элдик оозеки чыгармачылыктан уланып, заманга жараша өзгөрүп, өркүндөп келаткан темалардын бири. Айрыкча эгемендик алгандан кийин бул багыт кеңейип, бардык жанрларда учурап келет. Бирок арзуу темасын эротикалык багытка буруп, тасмаларында “ачык” сценаларды кошуп кеткен режиссерлорго, интим маселесин ырга айланткан акын, жазуучуларга карата коомчулукта көз караштар ар башка.

Учурда секетбай ырларды ийине жеткире жазган акындардын бири Бурулкан Карагулова. Төмөндө акындын сезим ыргагын черткен ырларынан үзүндү окуп көрөлү:

* * *

Колдорум тоңуп калтырап,
Жазылбай калды арман кат.
Кымбаттуу к
үйөөм колумду,
Колдору
ң менен кармап жат.

Ысыкчан элем катма-кат,
Ылыгым кайтып баратат.
Ардактуу к
үйөөм бутуңа,
Буту
ңду кыпчып ала жат

Бирок акындын айтымында, ал өзүнүн мындай темадагы ырларын атайын жазбайт:

– Ар кимге ар кандай сап туш келип калат экен. Мен мындай ырларды жазганым үчүн кемсинбейм. Мен бул жерде эротикалык ыр жаздым деп ойлойбойм. Болгон чындыкты гана жазам.

Элдик оозеки чыгармачылыктын тарыхына көз салсак, секетбай ырлар кыргыз поэзиясында илгертен эле жашап келатат. Мисалы, ХIХ кылымда жашап өткөн обончу, акын, ырчы, уз Бурулча тууралуу аңыз кептер азыр да айтыла калат. “Бурулчанын ырлары”, “Бурулчанын күйгөнү”, “Бурулчанын селкинчек” деген обондуу ырлар азыр да жашоосун улантууда. “Менин атым Бурулча, мейли салтың бузулса” деген, табиятынан эркин жаралган Бурулча кези келгенде көкүрөгүн өрттөгөн махабатын да өзү каалаган жигитке эркин билдиргени айтылып жүрөт.

Барпынын, Корголдун, андан берилесек Мидин Алыбаевдин да секетбай темасын ашыра ырдап жибергени жазылып келет. Кезинде Алыбаевдин ошондой жашыруун ырларын китеп кылып чыгарган Жаныбек Жанызактын пикиринде, мындай ачык теманы эч кандай диний чектөөлөргө баш ийбеген, табиятына эркин жаралган эл гана ырдай алат:

Бул чыныгы турмуштун өзү. Ислам келгенден кийин эле Мидинди жана башкаларды жокко чыгаруу туура эмес болуп калат. СекетбайларМанастынөзүндө турса, анан биз кайда бармак элек? Өмүрдүн жарымы секетбай менен өтөт да. Анан аны кантип айтпай коймок эле? Бул ырлар бизге дин сүңгүп кире элек кезде жашаган акындардын ыры.

Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын пикиринде, кийинки кездерде ашыктык ырлары өтө эле майдаланып, ашмалтайы чыгып кетти. Абылкасымова бала кездеги секетбай ырлар такыр башкача болгонун кеп салып берди:

Атар го, атпас таң бекен,
Антташкан жары
ң бар бекен.
Атпаган таңдын эркиби,
Айтышсак аркы-беркини,дейт илгеркилер. Азыркылар болсо “сени сүйдүм, өбүштүк, анан керебет калды кыйчылдап” деп жазып жатат.

Ошол эле учурда Майрамкан Абылкасымова өзү махабат темасын ачык жазбаганын, сезимин төмөнкүдөй ырлары менен туюнтуп келгенин айтты:

Ар күнү сен жетишпей турасың ээ,
Бактылуу ким болду экен кучагы
ңда ээ.
Чынында турмуш ээлеп кеткенби дейм,
Болбосо мени бир маал сурачу эле.

А кимдер бул бакытын чала кармап,
Эртеңкиге өкүнүчүн ала бармак.
Өтүмсүз күндөр өтүп, түндөр өтүп,
Жан дүйнөңдү четинен талап алмак.

Жалбырагы тонолгон дарак сымал,
Окулбастан саргайган барак сыңар.
Тирүү болуп жашоодо жашап бирок,
Көкүрөктө тарабай калат кумар… мына менин сүйүүм.

Адабиятчы Бакыт Баймырзаев сүйүү лирикасы секетбай жана күйгөн ыр деп экиге бөлүнөрүн айтып, булардын ичинен аял-эркектин жеке мамилесин чагылдырган ашынган секетбайларды элге жарыялап кереги жок деп эсептей турганын билдирди:

– Биринчиден, секетбай менен күйгөн ырды ажыратып тактап алыш керек. Бүгүнкү күндө баары аралашып кетти. Кыргызда бул маселелерди жеңелер ансыз деле жылдырып түшүндүрүп турушкан. Мисалы, мен Манас менен Каныкейдин үйлөнгөнүн жазуунун кереги жок деп эсептейм.

Муну менен бирге Бакыт Баймырзаев бул тема кыргыз маданиятында искусство катары эмес, көрүүчүлөрдү өзүнө тартуу, элдин көңүлүн эптеп бурдуруу же пайда табуу максатында иштелип чыкканын айтат. “Азыркы мезгилде адамдар аруу, таза сезимдерге умтулуп калды. Ошондуктан адабият да тазарыш керек”, – деп эсептейт адабиятчы.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 22.10.2016-ж.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: