Илгеркинини изи – “Изги шөкөт” жаңы көргөзмөсү


Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде сүрөтчүлөр Арстанбек Мырзаев жана Гүлжан Ирештин «Изги шөкөт» аталышындагы туш кийиздер топтомунун көргөзмөсү ачылат жана ал эки жумага созулат.

Мына ушул жакшы саамалыктын алдында Арстанбек мырза менен Гүлжан айымды сөзгө тартып, кыскача маек курдук.

tushkiyiz1

– 2014- жылдын аягында паннолордон турган «Боз жол» аттуу көргөзмөңүздөрдү өткөрүп атып, 2016-жылы туш кийиздер топтомун көргөзөбүз деп айттыңыздар эле. Мына ошол күндүн кезеги да келип, элди өзүңүздөрдүн дагы бир керемет көргөзмөңүздөр менен тамшандырган жатасыздар. Бул жолку ишиңиздердин маани-мазмуну боюнча айта кетсеңиздер?

Арстанбек МЫРЗАЕВ: – Биздин энелерибизден калган көөнөрбөс туш кийиздерди эл арасынан чогултуп, реставрациялап, ага экинчи өмүр берип, жаңы түс, заманбап жасалгалоо менен элге тартуулоо – көкүрөгүбүздөгү негизги максаттардын бири болчу. Буга көптөн бери даяданып келатканбыз.

Бир кылым, жарым кылымды карыткан 70тен ашуун туш кийиздерди чогултканбыз. Ошол эски туш кийиздердин жаңыча тартууланышы менен катар эле, көргөзмөгө жаңы саймаланып жасалган бүгүнкү күндүн 20 туш кийизи да коюлат.

tushkiyiz2

– Гүлжан айым, жакында эле «Жибек Жолдун Ак Конушу» долбооруңуз Европаны ийгиликтүү кыдырып келди. Ошол долбоорду да туш кийиз көргөзмөсү коштоптур. Батыштын шаарларын басып келген бул долбооруңуз боюнча азыноолак сөз кыла кетсеңиз?

Гүлжан ИРЕШ: – Бул долбоор «Кристенсен фонду» тарабынын колдоого алынып каржыланды. 21 кишиден турган чыгармачылык топтун көчү Щвейцария, Франция, Бельгия, Нидерланды, Австрия мамлекеттеринин Берн, Линк, Париж, Гаага, Лоссер, Вена шаарларында көчмөн маданиятынын ажарын көрсөтүп, кыргыздын мурасынын бир өңүтүн тааныштырышты.

Бул көчтө кыргыздын этно-музыкасын «Ордо Сахна» тобу жана ырчы Гүлзада Рыскулова тартууласа, кол өнөрчүлүгүн биздин паннолор менен туш кийиздердин көргөзмөсү, ошондой эле сүрөтчү Шералы Сооронбаевдин нукура териден жасалган картиналары жана Айдай Асангулованын кийизден жасалган буюмдары коштоду. Ал эми этно-кийим жагынан менин «Хантун» коллекциям жана жаш дизайнер Алтай Осмонун «Алтай» коллекциясы тартууланды.

Ар бир шаарга барган сайын концерттик залды көргөзмөлөрүбүз менен жасалгалап, концертибизди болсо улуттук кийимдер топтомунун коштоосунда тартуулап аттык.

– Демек, чет элдиктер залга киргенде эле бардык тарабынан кыргыз дүйнөсүнүн курчоосуна алыныптыр да…

– Ооба, көрүүчүлөр кирери менен кыргыз дүйнөсүнө сүңгүп, кол өнөрчүлүгүнө тамшанып, күү дастандарына, ырларына арбалып, күмүш жана жибек менен шөкөттөлгөн кийимдерге суктанып, алардын тарыхы тууралуу сурамжылап, аябай баа берип атышты.

– Европа элинин мындай кабыл алуусу жеке сиздин сезимиңизге эмине берди?

– Долбоордун ийгилиги мен күткөндөн да алда канча бийик болду. Сезимим байып, кыргыздын өнөрүн дагы-дагы башка элдерге, башка улуттарга көрсөтүүгө, тааныштырууга сөзсүз түрдө ишимди улантам деп жүрөк толкуп, ого бетер шыктануум күч алды. Буйруса, Батышты кыдырып келген топ көчмөндөрдүн маданиятын дагы башка көптөгөн өлкөлөргө алып чыкканга көңүл дегдетип, күч-кубат алып кайттык.

– Арстанбек мырза, унутта калып бараткан өнөрлөрдү сактап, аны кайра жандандыруу жаатында бир нече жылдардан бери салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар. Айтсаңыз, туш кийиздерди бапестеп сактооңуздардын артында кандай ойлоруңуз жатат?

– Менимче, жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир адам улуттун мурасынын сакталышы, уланышы үчүн салымын кошуш керек. Себеби, бул – ата-бабаларыбыздын мүдөөсү, бул – салт, бул – парз. Өзүбүз болсо колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз. Биз көргөзмөгө 70тен ашуун туш кийиз коюп жатсак, мындай топтомдун санын 200, 500гө чейин жеткиргендер бар. Бирок, кеп анын санында эмес, кеп, сенде бирөө болсо да, ошону жакшы сактап калганыңда. Анткени ал кыргыз энелеринин мээнетинен, эмгегинен жаралган кыргыз өнөрүнүн баалуулугу.

tushkiyiz3

– Алдыда дагы кандай максаттар бар?

– Биздин кийинки максатыбыз – чоң этно-борбор же этно-музей ачуу. Буйруса, жакында курулуш иштерин баштайбыз деп турабыз. Этно-музейдин зарылдыгы – буга чейин чогулткан жана аларды кайра жандандырып жасап чыккан иштерибиздин баардыгын бир жерге көргөзмөлөп илип, кайсы убакта болбосун көрөм деп эңсеген элге каалгабызды ачык кармап, байыркынын баасынан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Мындай музей өзүбүздүн эл үчүн да, чет элден келген туристтер үчүн да өзгөчө жерге айланат деп ишенем.

– Гүлжан айым, туш кийиздин биздин жашообуздагы орду кандай?

– Сайма өнөрүн жандандыруу, туш кийиздерди сактап калуу жөнүндө көп эле жазып келатам. Аянычтуу бир мезгилди басып өттүк: болбогон баа менен далай туш кийиздерди чет өлкөгө чыгарып сатып, далайын майдалап кесип, баштыкка, жер төшөккө, капчыкка, бут кийимге айлантып кордодук. Чоң эне, таене, апаларыбыз мээримин төгүп, тилегин берип, көз майын коротуп, жамандыктан сактасын деп сайган саймалары заманбап күндүн бизнесине айланып чар тарапка тарап кеткени, дубалда баркталып илинбей майдаланып кескиленгени өкүнүчтүү көрүнүш. Бул биздин кечирилгис жаңылыштыгыбыз. Кудайга шүгүр, азыркы учурда элдин аң-сезими өзгөрүп, мурас катары калган буюмдарга аяр мамиле кылып, атаман калды эле, энемен калды эле деп көз карегиндей асыроого аракет кыла башташты.

Туш кийиздин биздин жашоодогу орду чоң. Анткени, үнүнүн угулбаганы гана болбосо, оюларына бүтүндөй бир философияны камтыган бул саймалар кандай гана сүйлөйт, эмнелерди гана айтып бербейт…

Туш кийиз – бул өзүнүн ичине эмне деген кубанычты, жылуу сезимдерди, жарык сүйүүнү камтыган – казына. Ал казына энелердин жүрөгүнөн чыккан.

Туш кийиз – бул нарктуулугун, барктуулугун жоготпой, жамандыктан сактап, жакшылыкты жалгап келаткан – тумар.

Туш кийиз – бул кыргыздын башынан өткөн нечендеген чамынуусу менен чалынуусуна, жеңиши менен жеңилишине күбө болгон – табылга.

Үйдүн төрүндө гана баркталып илинип турчу тушкийиздин наркын, касиетин, күчүн баалап-сезүүгө кыргыздар үчүн али да кеч эмес.

Ар бирибиз көкүрөгүбүздү ойготуп, мурас калган өнөрлөрүбүздү сактап калбасак, улутту улут катары кармап турган өзөктөрүн кемитип алабыз. Башка өнөрлөр менен кошо туш кийизди, анын касиетин кошо сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө, алардын өмүрүн дагы-дагы кылымдарга узартууга чакырат элем.

tushkiyiz4

– Быйыл сизди көп ийгиликтер коштоду, эми болсо көргөзмө күндөрүнө улай жашооңузга чоң өзгөрүү кирип жатыптыр. Биздин редакциянын атынан сиздин үй-бүлө куруу бактысына кадам таштаганыңызды куттуктай кетели!

– Чоң рахмат! Жар болуу, бала күтүү – бул ар бирибиздин бу жашоодогу чоң бактыбыз да, парзыбыз да деп эсептейм. Болбосо, азыр эле айтып жаткан иштерибизди улантчу, изибизди жаңыртчу – бул ар бирибиздин тукумубуз. Ал эми эл мурасын улантчулар – урпактар эмеспи.

– Соңку суроом, 30-сентябрда ачыла турган “Изги шөкөт” көргөзмөсүнө келе турган көрүүчүлөргө кандай кайрылууңуз бар?

– Эки жумалык бул көргөзмөгө келе турган көрүүчүлөргө айтаарым: кыдырып эле көрүп коюп кетип калбастан, чоң эне, таене, апалардын сайма сайган кезин эстеп, эскерип, алардын үнсүз добушун укканга, ички дүйнөңөр аркылуу алар менен сүйлөшкөнгө, туш кийизге жөлөнүп отурган күндөрдө уккан жомокторду, санжыраларды кайрадан көкүрөк менен укканга аракет кылыңыздар.

Балалыктын туш кийиздери, мээримин төккөн уз энелердин деми, касиеттүү оюлар сиздерди күтүп атат… Керемет дүйнөгө келип, керемет ыргакты кармаңыздар…

Бул да болсо биз убагында барктабай, баамдабай колдон чыгарып алган, адашып кеткен күндөр үчүн, түшүнбөстүктөр үчүн кечирим суроонун бир мүмкүнчүлүгү… Көргөзмөбүзгө кош келиңиздер!

Кымбат ЖОЛДОШЕВА, «Көк асаба», 29.09.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: