“Саринжи-Бөкөй” жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма


Бүгүн “Саринжи-Бөкөй” аттуу элдин чыныгы турмушунан алынган эпос туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул — манаптык доордун манчыркаган кесирлигин бекем сүйүү кантип жеңгенин баяндаган позитивдүү чыгарма.

“Саринжи-Бөкөй” — социалдык-турмуштук эпосторго кирет. Анда кыргыз элинин өткөндөгү турмушунун мүнөздүү жактары, үрп-адаты көркөм, оозеки чыгармачылыктын ыкмасы менен кеңири баяндалат. Эпостун сюжетин аныктаган негизги окуя катары үй-бүлөлүк көйгөйлөрү, уруулардын өз ара чатактары, келишпөөчүлүктөрү сүрөттөлөт.

Чыгарманын түйүнү бир туугандар Жамгырчы жана Бөкөйдүн мамилесин көрсөтүү менен башталат. Жамгырчы өлөр алдында бир тууганы Бөкөй менен коштошуп, жаш баласы Саринжини ага тапшырууну чечет. Атасынын бул оюн Саринжи туура таппайт, Бөкөй жаман адам экендигин, анын колунан жакшылык келбесин айтат. Саринжинин сөзүнө таарынып, Бөкөй өлүм алдында жаткан агасы Жамгырчы менен коштошпой кетет. Жамгырчы өлгөндөн кийин Бөкөй менен Саринжинин ыркы келишпей, ынтымак кете баштайт. Бөкөй Саринжинин колуктусу Бермет аттуу сулуу кызды тартып алууну ойлойт. Көп кагылышуулардан кийин Саринжи Бөкөйдүн туткунунан Берметти бошотуп, жеңишке ээ болот.

Нике жана үй-бүлө мамилелери “Саринжи-Бөкөйдө” кеңири орун алган. Өткөндөгү нике, үй-бүлө мамилелеринин калдыктарын сындоо күчтүү, андай көз караш аркылуу патриархалдык-манаптык коомдун көрүнүш-адаттары, нравалары да даана чагылдырылат.

Чыгармадагы каармандар — ак көңүл Жамгырчы, арамза Бөкөй, жаш, курч Саринжи, акылдуу Бермет сулуу. “Саринжи-Бөкөй” эпосунун образдары толук жана ар кыл мүнөздө иштелген. Мына ушул жагынан алып караганда Жамгырчы, Бөкөй, Саринжи, Ак Бермет, Коңур, Курмандын образдары толук иштелип бүткөн, эпикалык чыгармалардын талабына толук жооп берген образдар.

Дастан үч кишиден жазып алынган “Саринжи-Бөкөйдү” 1920-38-жылдары акын Алымкул Үсөнбаевден, айтуучу Конокбаевден фольклорчу-жыйноочу Каюм Мифтаков жазып алган. Ал эми 1958-жылы Ала-Бука районунан Тил жана адабият институтунун фольклордук экспедициясы дагы бир айтуучу Сатыбалдиевден жазып алгандыгы маалыматтарда берилген.

Эпосто төрт саптан турган ырлар сейрек учурай турган көркөм ыкма. “Саринжи-Бөкөй” эпосунда строфалык ырларга караганда, ырдын маанисине жараша бөлүнүшү айрыкча көп учурайт.

Эгер айтуучу эпосто сулуу аялдын портретин тартууну ойлосо, ал өзүнчө сүрөттөөлөрдү издебейт, даяр традицияга айланган ыр саптарды колдонот:

Ак бетинин актыгы
Пияланын агындай;
Как ортоңку кызылы
Ак тооктун канындай.

Же төмөнкүдөй формада:

Отуң менен кирейин,
Күлүң менен чыгайын,
Азан-заар турайын,
Ар кызматын кылайын деп айтылат.

Апыртуучулук жок, жөнөкөй жашоону чагылдырган. “Саринжи-Бөкөй” эпосу жалаң ыр менен айтылган варианттардан тышкары, кара сөз менен айтылган кошумча деталдар аркылуу берилген варианттардан да турат.

Фантастиканын, окуянын жомоктук чиеленишинин жоктугу, образдын кеңири баяндалышы “Саринжи-Бөкөй” эпосунун реалисттик чыгарма катары мүнөздөйт. Тагыраагы, чыгарманын өзөгү элдин жөнөкөй жашоо-турмушунан алынгандыгынан кабар берет.

Саринжи менен Ак Берметтин образдарында элдин турмушу, сонун тилектери, коомдун идеалдары — патриотизм, эркиндикти сүйүү темаларын чагылдырат.

Күү коштогон чыгарма. Аталган эпостун негизинде күү да жаралган. “Саринжи-Бөкөй” күүсү эл арасына негизинен Болуш Мадазимовдун аткаруусунда көп тараган.

“Sputnik-Кыргызстан”, 10.09.2016-ж.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: