Актан Тыныбек уулу жана 1916-жылкы Ички Теңир-Тоодогу элдик көтөрүлүш


үрөтчү Ю.Шыгаевдин 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу түрмөгүнөн. 12.2.2016)

1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн тарыхы үчүн өзгөчө баалуу булактардын бири – манасчы, акын, дастанчы Актан Тыныбек уулунун “Үркүн” дастанында Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш очогу тууралуу баяндалат. Тарыхчы Т. Чоротегиндин сереби.

1916-жылдын тарыхы үчүн баалуу фольклордук булак

Кожентте (Фергана өрөөнүндө) 1916-жылы текенин (июлдун) 4үндө башталган улуттук боштондук кыймыл көп узабай Борбордук Азиянын башка аймактарына жайылды. Ошол жылы баш оона (август) айында Чүйдө башталган элдик көтөрүлүштүн оту Кочкор, Ысык-Көлдөн тышкары Нарын жергесинде да алоолонуп жанды.

Тарыхка жаңы нук салган ошол доордун илебин жалаң гана падышалык архивдик маалыматтарга таянып жазуу – бир беткейлик. Көтөрүлүшчүлөрдүн саясий түшүнүгүн, маанайын, айрым лидерлерин, баатырларын, чыккынчыларын, окуяга байланыштуу жер-суу аттарын тактоо үчүн алардын арасында болгон инсандардын эскерүүлөрүн жана башка чыгармаларын астейдил үйрөнүү зарыл.

Ошондой баалуу булак болчу чыгармалардын биринин ээси – айтылуу Актан Тыныбек уулу. Анын “Үркүн” деген чыгармасы 1927-жылы жазылып калган (Караңыз: Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фонду. Инв. 100 (303). – URL: http://www.bizdin.kg).

Актан өзү кыргыздын залкар манасчысы Тыныбек Жапый уулунун баласы. Тыныбек жомокчу “Манас” дастанынын “Чоң Казат” бөлүгүнүн эң мыкты варианттарынын биринин жаратуучусу болгон. Тыныбектин үнү ушунчалык мукам, кубаттуу жана тунук болгон дешет. Уламышка караганда, ал Туюк деген төрдөн туруп “Манас” айтканда, доошу Оттук айылынын оозуна чейин угулчу дешет. Манас таануучулар “Тыныбектин мектеби” деп аталган өзгөчө кубаттуу жана салттык манасчылык мектебин айырмалап белгилеп жүрүшөт. Улуу манасчы Тыныбек 1902-жылы Нарындагы Байдулу жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон.

Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу өнөрпоз

Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу өнөрпоз

Анын урпагы, ата өнөрүн уланткан манасчы, дастанчы, акын жана комузчу Актан Тыныбек уулу 1888-жылы Миң-Булак жергесинде (азыркы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында) туулган.

Ал дастан айтып чектелбестен, көптөгөн күүлөрдү, анын ичинде «Манас» эпосунун салттык обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү да жараткан.

Актан ата «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөргөн.

1936-1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында өнөрпоз болуп иштеген. Анын кызы Батыйна эжеке коңшу Эчки-Башы айылына келин болду жана бизге орто мектепте орус тилинен сабак берчү. Эжеке 1939-жылы Кыргыз маданиятынын Маскөөдөгү он күндүгүнө Актан атанын катышып келгендиги жөнүндө саймедирлеп айтып берээр эле.

Актан атанын «Эр Табылды» дастаны Эр Табылды баатырга арналган колдогу варианттардын ичинен толугу жана идеялык мазмуну, көркөмдүгү жагынан көрүнүктүүсү саналат. Актан Тыныбек уулу “Үркүн” поэмасынан тышкары “Асан-Жамал” деген да көркөмдүк жактан өтө бийик поэманы жараткан.

Актан Тыныбек уулу 1951-жылы Миң-Булак айылына кирген Тегерек-Булак жергесинде дүйнөдөн кайткан.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, Тыныбектин небереси Табылды Актан уулу да “Манас” дастанын жана кыргыз тарыхын даңазалаган заманабыздын залкар өнөрпозу, драматургу, театр режиссеру, төкмө акыны.

 

Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш жөнүндө

Айрым калемгерлер көтөрүлүш Нарын облусунун ичинен Кочкордо гана болгон деп натуура жоромол айтып жүрүшөт. Нарындын Долон ашуусунан түштүктөгү аймагы да 1916-жылдын баш оона айында көтөрүлүштүн олуттуу чордонуна айланган. Мындагы көтөрүлүшчүлөр Чүй, Кемин, Кочкор, Ысык-Көлдөгү окуялардан кабардар болуп турушкан.

Бул аймактагы көтөрүлүштүн айрым очоктору тууралуу Актан Тыныбек уулу таасын жазат.

Анын чакан дастанынан Кулмат деген баатырдын оторчул бийликтин өкүлүнө каршы айбаты, элди көтөргөн уюштургучтугу, аны колдоого алган Алай Калчаке уулу деген бай киши сыяктуу эл уккан тың чыкмалар жөнүндө кабардар болобуз.

Актан Тыныбек уулу жазгандай, оболу нарындыктар башка өрөөндөрдөгү кырдаал жөнүндө так кабар чогултуу ишин жүзөгө ашырган.

Элдин баарын кабарлап,
Жыйнайлык деп кошунду,
Уккан элдин баарысы,
Уктабай карап отурду.
Бул кабарды таратып,
Туш-тушка кабар салалы.
Кат жазып киши чаптырып,
Калктан кабар алалы.
Кара жол тосуп с
өз угуп,
Алыстан кепке каналы.
Каракол, Токмок, Пишпектен,
Кандай экен кабары.
Кыргыздын калы
ң жеринен,
Анык с
өзгө каналы.
Баркка тийбей калбады,
Падышанын залалы.
Деп с
үйлөшүп биздин эл,
Алайга с
өздү тапшырды.
Т
өрт тарапка төрт киши,
Ат берип Алай чаптырды.
Бардарлык кылды бали деп,
Алайды ар ким жактырды.
Токмокко чейин бар дешти,
Кадимки Кулмат баатырды,
Калчакенин Алайы,
Кара койлуу бай эле,
Карактап кыскан конокко,
Камылгасы шай эле.
Мактангандай болбосун,
С
үт менен күлчөтай эле.
Боз жорго менен ч
ү коюп,
Борукчу элин кабарлап,
Алак
өз менен кабаадан
Адамды
үзбөй чабарлап,
Арык менен Надырбек
Аралап барып кабарлап,
Ажы менен Субанга
Алдаканча сапарлап,
Алай барып келди деп,
Угуп турдук атайлап.

Чөлкөмдөн бир кыйла маалымат топтогон нарындыктарга оболу Чүй менен Кочкордогу көтөрүлүштүн алгачкы учурундагы ийгиликтер тууралуу шыктандырчу кабар келген:

Кабар уктук жер-жерден:
Ч
үй, Ысык-Көл, Кочкордон
Качты орус деп тил келген.
Надирбек менен Борукчу
Кочкордон кууду орусту.
Карагоону алды дейт
Талкалап кирип корукту.
Токмокту тынай алды дейт,
Орусту мыктап салды дейт.

Ошол кездеги элдик баатырлардын бири Ыбырай Төлө уулу Боом капчыгайында Орусиянын жазалоочу аскерлеринин курал-жарактарын тартып алгандыгы да нарындыктарга дайын болгонун Актан атанын чыгармасынан билебиз:

Төлөнүн уулу Ыбырай
Байдам-Талга барды дейт,
Т
өрт жүздөн ашуун бешатар
Т
үгөл алып келди дейт.
Ашырбайм бери салдат деп
Алматы жолун чалды дейт.
Эрдик кылып Ыбырай
Эл
үчүн тикти жанды дейт.
Элди зыян кылдырбай
Эсен алып калды дейт.

Нарындыктар Канаат Ыбыке уулу Кочкордо хан жарыяланганын угуп, шаттанышкан. Жалпы журт эгемендик үчүн козголгондо коомдогу ар кыл социалдык катмарлар жана иерархиялык тепкич унутта калган.

Орус, кыргыз беттешип,
Ок атышар к
үн келди.
Кочкор менен Жумгалдан,
К
өкүмбай, Канат, Курмандан
Угулду кабар ушундай
Урушка кыйын чы
ңдалган.
Канатты шайлап кан (ХАН) кылып,
Кай-кайсы жерге да
ң кылып,
Казаттан
өлгөн шейитти
Калкка угузуп ша
ң кылып.
Аскер жыйнап т
үптөлүп,
Ар кимдин дарты козголуп,
Жарды, жалчы, малайлар
Жалданбай башы бош болуп.
Кол чакыртып туш-туштан
Кош аттап киши чаптырып,
Ч
үй, Ысык-Көл, Нарындан
Кошулган элди бактырып,
Ашуунун баарын чалдырып,
Ар кайдан кабар алдырып,
Анжиян, Пишпек, Ташкенден
Салдат келсе кырууга
Аянбай мыкты кам кылып…

Ички Теңир-Тоонун калайыгы Ысык-Көлдө кыргыздар бир нече кыштакка чабуул коюп, өз байрагын тигип, эркиндик идеясын жар салганын да билишкен.

Ысык-Көл жагы жаман дейт,
Эл калбаптыр аман дейт.
Басалкени б
үт алып,
Майданды кыйын салган дейт.

<…>

Күңгөй менен Тескейди
К
үкүмдөтүп жатат дейт,
К
үндүз-түнү тынымсыз
Д
үпүлдөтүп жатат дейт.
Кырылганга карабай
Кыргыздар уруш салды дейт.
Кырк желдети б
үт барып,
Кызыл-Сууну алды дейт.
Жети-
Өгүз менен Шалбада
Желектин баарын сайды дейт.
Б
өрүбашты түптөгөн
Үч жүз салдат барды дейт.
К
үнү-түнү атышып,
Билимет менен тозду дейт.
Тескейдеги беш болуш
Биригип башын кошту дейт.
Бешатарга чыдашып,
Беш к
үнгө уруш созду дейт.
Ысагаалы, Берикбай
Кол баштачу болду дейт.
Кайрат кылып кыргыздар
Каптап чабуул койду дейт.

Албетте, көтөрүлүшкө чыгуу үгүтү кыймылсыз жаткан нарындыктарды уяткаруу менен кошул-ташыл жүргөн:

Эр Шабдандын балдары
Э
ңкейтиптир канды дейт.
Эмгиче Нарынды алалбай
Нарындык силер жанбы дейт.

Поэмада нарындыктар салгылашууга чыккан айрым учурлар жер-суу аталыштары менен бирге эскертилет.

Он-Арчанын боюндагы оболку кагылышуу куралы начар көтөрүлүшчүлөр үчүн ийгиликсиз болот:

Туралбай биз да жөнөдүк
Айылды к
өздөй чапкылап.
Он-Арчанын боюнан
Учур чыгып калыппыз,
Бизди отуздай салдат аткылап,
Бешатар огу чуулдап,
Беттетпей койду зуулдап.
Сары-Булак
өрдөй качканбыз,
Карагайды туурдап.

Андан соң Нарындын туш-тарабынан улам жаңы көтөрүлүшчүлөр келип жыйылып, Теңир-Тоо калкы оторчуларга каршы чабуулду жандантууга бел байлайт:

Сары-Күңгөй, Чычардан
Сандаган к
үчкө жолугуп,
Салдаттан с
өздү салдык биз.
Калы
ң күчтү жөнөтүп,
Кароол карап калдык биз.
Капчыгайдын жолдорун
Кара
ңгыда чалдык биз.
Кара-Каман, Балгарттан
Кабарлап тилге кандык биз.

<…>

Бул кабарлар угулуп
Биздин эл улам чыйралды.
Ажы, Субан, Надырбек
Алар да келип жыйналды.
Ак-Мойнокко чогулуп,
Аскерди б
өлүп шыйгарды.
Ар болуштан эки ж
үз
Алты ж
үз киши ыйгарды.
Нарындан каптап кир
үүгө
Атышып жоону с
үрүүгө,
Ат-Башы, Нарын кошулуп
Камайлык деп к
үнүгө,
Карылыктап найза алып,
«Казат!» деп жалпы аттанып,
К
өпүрөгө өрт койдук
Кара
ңгыда биз барып.

Бирок Чүй менен Кочкордогу көтөрүлүш очокторун басып, айоосуз жазалап, орус аскерлери Ички Теңир-Тоого илгерилеп келди.

Ошол тапта Сузак жана Тогуз-Торо аркылуу Нарындын жогорку башатына карай өрдөгөн жазалоочу аскерлерге каршы тогуз-торолук жаа ак-талаалык кыргыздардын жоокерлери салгылашкан.

Нарындын түмөн күчтүгү
Чоро менен саяктан,
К
өк-Артты ашкан салдаттын,
Жолун тосуп аяктан
Султангазы — Калпа ажы
Үй көчүрүп ат байлап,
Жолун тосуп салдаттын
Союшуна мал айдап,
Нарынга баштап келиптир.
Баарысын кырып салыптыр,
Карагайга жашынып
Деркенбай жалгыз калыптыр,
К
үлүгү кызыл ат менен
Качып ж
үрүп Деркенбай
Калганын даана тааныптыр.

Бардык тараптан кызыл кыргын улантылып, падышалык жазалоочу аскерлер Нарын шаарын көздөй жиреп келе берди. Нарындыктар атышып жатып Кытай тарапка чегинүүгө аргасыз болушту. Бул чегинүү айрым учурларда баш-аламан качуу менен да коштолду.

 

Малай Кыдык уулунун акыркы салгылашуусу

Улуу муундагылар урпактарына өткөргөн маалыматтардын бири – бабалардын эгемендик үчүн күрөштөгү эрдиги жөнүндө баян эмеспи.

Мен ыраматылык Сүйүмкан чоң энемден, анын сиңдиси болгон Сейдана таянемден, ошондой эле алардын сиңдиси Жамийла таяжемден да чоң таятам Малай Кыдык уулу тууралуу көп укчумун. Таякелерибиз менен бөлөлөрүбүз да укмуш окуялардын учугун чыгарып айтышаар эле.

Совет доорунда Малай Кыдык уулунун өтө бай киши болгону тууралуу маалымат “пролетариат диктатурасы” орногон мамлекеттеги пионер баланын кулагына коммунистик бийликке жакпаган жашыруун сыр айтылгандай эле угулган.

Малай Кыдык уулунун кыздарынын бардыгы өз учурунда жакшы таалим алышкан экен. Таянем Сейдана кичинекей кезимде, 1960-жылдардын соңунда, мага арап алфавитин үйрөтүүгө далаалат кылып, “Аптиектен” шыр окуп, тим эле мурду тердегиче сабак бергени эсимде. Оюнкараак учурум эле, чынын айтайын, бул алфавитти анда үйрөнө албадым, кийинчерээк гана, 1983-жылдан тартып Ташкенде жүрүп үйрөндүм. Айтайын дегеним, бул Малай чоң таятам Өктөбүр ыңкылабына чейин эле курман болгон (анын окуясы төмөндө айтылат), бирок ошол эски заманда эле кыздарын мектепке берип, сабаттуу кылган алдыңкы көз караштагы киши болгон көрүнөт.

Малай чоң таятам Нарын жергесиндеги улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандыгы, Эки-Нарын аркылуу Сырт жакка, андан Кытайга карай багыт алган качкындар тобунун коопсуздугун сактап салгылашып жүрүп шейит кеткендиги жөнүндө үй-бүлөлүк маалыматты эми гана башка көз каранды эмес булактан тастыктап отурам.

Актан Тыныбек уулу өзүнүн “Үркүн” деп аталган даректүү мүнөзгө ээ поэзиялык чыгармасында чоң таятабыз (таянебиздин атасы) тууралуу мындайча кыска баяндайт:

…Бала кыйра качыптыр,
Д
өбөлү менен Нарындан,
Тарагайды бет алып,
Далай эл к
өчүп камынган.
Качкынды кууган салдаттар
Капчыгайда кабылган.
К
өч артынан тааптыр
Кыдыктын уулу Малайды
Салдатты баштап эл кууган,
Кылган иши жарайбы.
Кыядан жалгыз атышып,
Малай да сойгон далайды.
Ок дарысы т
үгөнүп,
Отурган Малай
үшкүрүп,
Алды
ңкы эл узап кетсин деп,
Айла менен иш кылып.
Сары-Кыянын ташына
Салдаттар чыгып барыптыр.
Токтотуп жаткан Малайды
Топ салдат кармап алыптыр.

Малай Кыдык уулунун өмүрүнүн соңку учурларын анын улуураак кыздарынын бири Сейдана Малай кызы (биздин таянебиз) өзү көргөн экен. Окуянын андан аркысын тайыларыбыз оозеки калтырган үй-бүлөлүк баян толуктайт.

Курал-жарагы бар бир канча жигити менен Малай Кыдык уулу жазалоочу аскердин жолун тороп атышып турат. Актан атанын ыр саптарына караганда, акыры ал өзү жалгыз атышып калат өңдүү. (“Кыядан жалгыз атышып, // Малай да сойгон далайды…”)

Анан куралсыз бала-бакыра, карапайым калайык кан майдандан алысыраак узап кетүүсү үчүн убакыт утуу максатын көздөп, ал орус аскерлери менен сүйлөшүүгө барат.

Анын бала-бакырасы, уруулаштары жана жердештери өтө алыс качып барып, бийик тоодон калган окуяны байкап турушкан экен.

Орус жоокерлеринин башчысы тынчтык сүйлөшүүгө көнбөй койгон соң, Малай Кыдык уулу жайнамазын жайып, намаз окуй баштайт. Ал намазын бүтө электе эле жазалоочу аскерлердин бири аны кежигеге атып өлтүрөт.

Мунун бардыгын көрүп, ыйлап-сыктаган анын бала-бакырасы башка эл менен чогуу Ысык-Көлдүн Сыртына качат, андан ары Кытайга жөнөшөт. Кытайга өтүү үчүн өзгөчө ыңгайлуу болгон Торугарт (Торук-Арт) ашуусу падышалык Орусиянын мурдатан бекем кайтарылган чек ара бекети болгондуктан, качкындарга ал жак аркылуу кытайлык чек арадан өтүүгө эч мүмкүн эмес болчу. Нарындык качкындардын соңку толкунундагылар дал ошол себептүү түштүк жакка (Торугартка) кетпестен, далай тар жолдон, көпүрөсү жок тайгак кечүүдөн өтүп, күн чыгышты – Ак-Шыйрак, Бедел, Муз-Артты карай бет алышат.

 

Үркүн – аргасыз тактика катары карт тарыхка ээ

Көтөрүлүш жеңилген соң, качууга аргасыз болгон кыргыздар да жоокер элинин салтына ылайык коопсузураак аймактарга чегинишкен.

Мындай Үркүн окуялары XI кылымда да болгонун Махмуд Кашгари Барскани бабабыз өзүнүн 1072-1077-жылдары арапча жазылган “Дивану дугати т-түрк” чыгармасында тастыктайт. “Бодун үрктү” сүйлөмү “эл үрктү” дегенди туюнтат деп ал арап окурмандарына бул сөздү которуп түшүндүргөн.

Эмир Темир жана анын урпактары XIV кылымдын акыры – XV кылымдын башында Теңир-Тоого кыйсыпыр түшүрүп басып кирген учурларда да жергиликтүү тоолук бабаларыбыздын бир тобу Тарбагатай, Алтай тарапка чейин чегинип “үркүп”, кайра Теңир-Тоого кайтып турган. Үркүн – тоолук эл үчүн жоого жеңилбөөнүн, эч кандай кулчулукка моюн сунбоонун кылымдар карыткан аргасы эле.

Бул ирет да, 1916-жылдын баш оона жана аяк оона айларында, теңир-тоолук бабаларыбыз Батыш Кытайды көздөй самсып качууга аргасыз болушкан. Уюшкандыкта жапатырмак чегинүү жана качуунун ушул ыкмасы Актан Тыныбек уулунун чыгармасында деле “Үркүн” деп аталган. Ошол азаптуу доордон кийин нечендеген кыргыз балдарын Үркүнбай, Үркүнчү, Беделбай, Ашуубай, Турпан, Кашкарбай, ж.б. ысымдар менен аташкан. Уйгурлардын жана кашкарлык кыргыздардын таасири астында “ахун” сөзү да ысымдарга көбүрөөк жалгаштырылган. “Какшаал” сөзү каргыштын бир түрү катары кеңири таркалган.

Азыркы тапта айрым кыргыздар “Үркүн” сөзүнөн уялымыш болуп жатышат, деп айтсак, ошондогу бабаларыбыз тирилип келсе, балким, баш чайкап, “тарыхый доор калтырган ата-баба сөзүнөн уялбагылачы” деп айтып кейишмек чыгаар?

Көтөрүлүш жеңилген соң башталган ошол тагдырдын тайгак кечүүсү болгон Улуу Үркүн кезеңин акын жана дастанчы Актан Тыныбек уулу мындайча сүрөттөйт:

Ала-Тоо сени таянып,
Атышып бир аз жаттык биз.
Аёосуз кыргын салган со
ң,
Айлабыз кетип шаштык биз.
Жарак курал жогунан
Жан калкалап качтык биз.

Бирок, жогоруда айтканыбыздай, көтөрүлүшчүлөр качып баратып да уюмдашып, оболу бала-бакыраны алдыга жиберип, өздөрү кас душмандын жолун бууп аткылашат. Ал түгүл калп эле көп сандаган жоокер тургансып, жазалоочу аскерлерге сүр кылуу үчүн, аскердик ар кыл айла-амал жасашкан.

Ички Теңир-Тоодогу далай баатырлар жазалоочулардын жолун бууп, салгылашып жатып курман болушкан.

Актан Тыныбек уулунун бул ырынан ал өзү да ошондой эл четинде, жоо бетинде жүргөн жигиттерден болгонун баамдайбыз:

Кара-Саздан көчкөнбүз,
Кара Каман, Балкартты
Катары менен кечкенбиз.
Атка токтор жан калбай,
Атышалы дегенбиз.
Аял менен бала-чаканы,
Аман сактап калсак деп
Аманат жандан безгенбиз.
Жаман-Эчки ашканбыз,
Жасооту болуп шашканбыз.
Кароол-Т
өбө, Туруктан
Кароолго барып жатканбыз.
Кара
ңгыда жол чардап,
Каршы-терши чапканбыз.
Ка
ңырт салып туш-туштан,
Калп эле мылтык атканбыз.

Акындын мындагы “каңырт салып туш-туштан” дегени – көтөрүлүшчүлөрдүн атайылап чуру-чуу салып, арттан жиреп келе жаткан оор куралданган жазалоочуларга сес көрсөтүү аракетин чагылдырат. Анда-санда мылтык да атылып турган.

Актан Тыныбек уулу өз дастанында Улуу Үркүн маалындагы азап-тозокторду Ала-Тоону сагынуу сезимине жуурулуштуруп чагылдырат:

«Айланайын Ала-Тоо
Айрылдык сенден ажырап,
Ат-кунан чаап жатчу элек,
Аш менен тойдо шатырап.
Айланып кайра
үй тигип,
Сени к
өрөбүзбү батыраак.
Булагы
ң тунук сымаптай,
Му
ңкантат жанды чыдатпай.
Боору
ңа тарткын Ала-Тоо,
Боздотуп бизди ыйлатпай.
Жалтырап к
өлүң чайпалган,
Жел тийсе толкуп чайкалган.
К
үңгөй, тескей тоолоруң
Г
үл бурап чөбүң жайкалган,
К
үн барбы сени көрүүгө,
К
үкүгү таңшып үн салган.
Тоолору
ң токой карагай
Балыгы
ң туйлап баладай
К
өчкөнбүз сенден Ала-Тоо
К
өз жаш агып талаалай.
Кадыры
ң өтөр Ала-Тоо,
Кантелик сени санабай.
Жердетпей сени кууду го,
Желмогуз залим арам ай.
Тумандуу аска бийиги
ң,
Топтошуп ойноп кийиги
ң.
Кайрылып сени к
өрбөсөк
Канткенде чыгат к
үйүтүң.
Алтыны
ң сайдын ташындай,
Алма
ң бир аттын башындай,
Атырдай жыты
ң бурулдап,
Аба
ң бир салкын жымылдап.
Ала-Тоо сенден кеткенде,
Айлабыз барбы жашыбай.
К
үмүшүң сайдын ташындай,
К
өз жаштар агып тамчыдай.
Г
үл бурап чөбүң жайкалып,
К
өрөсөн төрүң чалкайып.
К
өз жеткис калдың аркада
К
өралбай көңүл жашыды…

Үркүн маалында жалпы элдик трагедия менен кошул-ташыл пенделик кубанычтар да болгонун, өлүм күчөгөндө деле өмүр үчүн күрөш жүргөнүн акын мындайча жазат:

Кээ бир киши кез келип,
Бала таап алышкан.
Үркүндө кудай берди деп,
Үмүт менен багышкан.
Тааныса алып коёт деп,
Далдалап ж
үзүн жабышкан…

Чыгыш Теңир-Тоо менен Тарим ойдуңун каптаган качкын кыргыздардын топторун ал мындайча сыпаттайт:

Атын угуп көрбөгөн,
Алты шаарды пааналап.
Ак-Суу, Турпан, Кашкарды,
Биздин эл кирди аралап.
Жалгыз жарым калгандар,
Жаматтуу элге каралап.
Колунда жок начарлар,
Малдууларды сагалап.
Бай-манап ж
үрөт кедейди
Мына урушкун деп табалап.
Ар ким ж
үрөт өзүнүн
Ал кубатын чамалап,
К
үчөргө кетти далай эл,
К
үндөп-түндөп сабалап,
Ата конуш жери жок
Ар кимдин башы ма
ң болуп.
Ак-Суу, Турпан, Какшаалдын,
Арасы туман ча
ң болуп
Туруктуу конуш жери жок,
Турпанга бардык сенделип.
Туура ч
өп калбай жеринде,
Туш-тушунан эл келип.

<…>

Улуу жолду чаңдатып
Убараны к
өп тартып
Уругун издеп туш-тушка
Чубап ж
үрдү жөө басып.
Кулжа, Текес жагында
Калмактан к
өрдүк кордукту,
Кайда болсо качкынга
Канкорлор кылган зордукту.

<…>

Өлүгүн жерге көмбөгөн,
Адаты экен калмактын
Акалакчы за
ңгиси
Манасы экен калмактын.
Кулжа менен Алтын каш
Калаасы экен калмактын.
Суур менен ач к
үзөн,
Тамагы экен калмактын.
Сураганын бербесе
ң,
Таягын жейси
ң калмактын.
Үрүмчү менен Күчөргө
Үркүгөн эл барды бул жерге.
Ушу к
үндө качкын бар
Котен менен Жеркенде.
Кыдырып далай ж
үрдүк биз,
Кыйноону кыйла к
өрдүк биз.

 

Кийинки доорлордогу аткан таңдарыбыз 1916-жылдан башат алган

Акын Актан Тыныбек уулу Кеңеш өкмөтү орногондон кийин качкындардын Батыш Кытайдан Атажуртка кайтуу учурлары, болшевиктик теңчилик реформалары тууралуу да поэмасында баяндайт.

Бадыша тактан кулаптыр,
Байлары кошо сулаптыр.
Балшабек деген к
өп элди
Башкарып закон чыгарып,
Кедейдин башын кураптыр».
Деп кабарды укканда,
Качкындын баары к
үлүңдөп,
Калбастан жалпы кет
үүгө
Качкындын баары камданып…

Чыгарма 1927-жылы жазылып алынгандыгын эстесек, албетте, падышалык оторчул режимге караганда 1917-1927-жылдардагы Кеңеш бийлиги асман менен жердей прогрессивдүү бийлик болгондугу талашсыз. Акын, албетте, ошол замананын агымы менен Ленин менен Сталинди да мактайт.

Мурдагы качкындардын жаңы майрамдык маанайын ал минтип чагылдырат:

Качкан элдин баарына,
Камдаптыр Совет жемишти.
Бунктка жыйнап толгон мал,
Б
үлөгө карай беришти.
Бадышаны кулатып,
Балшабек алган же
ңишти.
Ала-Тоого дыйкандар,
Ар т
үрлүү эгин эгишти.
Таалайыбыз ачылып,
Талааны совет ке
ңитти.
Жер-жерине жай алып,
Желбиреп кызыл туу алып,
Же
ңиштин гүлүн теришти.

Дал ошол Кеңеш бийлиги маалында 1922-жылы Тоолуу облус, 1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусу, 1926-жылы Кыргыз АССРи, ал эми 1936-жылы – Кыргыз ССРи негизделген. Бул советтик тең укуктуу жумурият – Кыргызстан – 1991-жылы өзүнүн конституциялык укугуна таянып, өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы ушул саналып өткөн баскычтарга жана эгемендикти калыбына келтирген соңку өзгөрүүлөргө жол ачкан улуу күрөштүн (1916-жылкы бабалардын боштондук көтөрүлүшүнүн) тарыхы – Актан Тыныбек уулу сыяктуу ошол доордун күбөсү жана жалындуу катышуучусу болгон залкар дастанчылардын чыгармалары аркылуу ажарына чыгып турат.

 

Кыскача түшүндүрмө сөздүк

Балкарт (Балгарт, Балык-Арт) – Ысык-Көл жана Нарын жергесиндеги бийик тоодогу өрөөндөрдүн бири. Балгарт өрөөнү Ички Теңир-Тоодо жайгашып, Жетим-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Өрөөндүн узундугу- 82 км, эң жазы жеринин эни – 7 км. Балгарт суусу Кичи Нарынга куят.

Балшабек – болшевик (орусча большевик).

Боз-Бешик – азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы кыштагынын түштүк-батышындагы дөңсөө. Бул дөңсөөдөн тегеректеги ири аймак алаканга салынгандай көрүнүп турат.

Бункт – орусча “пункт” (“түйүн”, “чекит”, “чогулуу жайы”) сөзүнөн.

Дөбөлү – азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү (Дөбөлүү) айылынын аймагы. Нарын дарыясынын түштүк өйүзү. Ал деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте, Нарын районунун борбору Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта жайгашкан.

Жаман-Эчки – Ички Теңир-Тоодогу мөңгүнүн жана тоолуу өзөндүн аталышы. Жетим кырка тоосунун түндүк ыптасындагы Жаман-Эчки мөңгүсүнөн башат алган Жаман-Эчки суусу – Тарагай суусунун оң куймасы.

Кара-Саз – Нарын жергесиндеги тоо койнундагы өрөөндөрдүн бири. Кара-Саз өзөнү – Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кичи Нарын суусунун оң куймасы. Капка-Таш тоосунун түндүк капталынан башталып, Кара-Каман жана Капка-Таш тоолорунун аралыгындагы түзөң, саздуу өрөөн аркылуу агат. Башатында Бел-Тепши, ортоңку агымында Чардак-Суу жанаТаш-Кечүү аталат.

Он-Арча – Нарын дарыясынын түндүк жактагы куймаларынын бири. Анын башаты Солтон-Сары жана Терс-Суу дарыяларынан куралат. Он-Арчага Оттук суусу куйган жерде 1916-жылы куралдуу кагылышуу болгон.

Сары-Кыя – Нарын дарыясынын башаттык жагындагы кыя. Нарындык качкындар аны өрдөп, андан ары Ысык-Көлдүн Сыртын карай, андан ары Кытайды көздөй сапарын уланткан.

Тарагай – азыркы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу тоолуу өрөөн (капчыгай). Ички Теңир-Тоодо. Нарын районунун аймагынын чыгышындагы бул өрөөн Сөөк (Жетим-Бел), Тескей Ала-Тоо жана Ак-Шыйрак кырка тоолорунун аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай Тарагай суусунун агымы боюнча 80 чакырымга созулуп жатат. ​Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарын дарыясынын башталышы) жана анын куймалары – Жаман-Эчки, Өкүргөн, Сөөк, Жетим-Бел, Май-Төр, Ара-Бел, Котур-Төр, Ит-Тиш (оң) жана Чолок-Төр, Борду, Сары-Төр, Кум-Төр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 31.07.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: