Чыныгы талантты эскерүү


Мезгил учат демекчи, жыл артынан жыл, ай артынан ай, күн артынан күн өтө берет турбайбы. Быйылкы 2016-жыл көп эскерүүлөр жана мааракелер менен эсте калат. Президентибиздин жарлыгынын негизинде “2016-жыл-Тарых жана маданият жылы” деп белгиленүүдө. Ошол маданияттын бир чордону болгон Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драм театрынын уюшулуп негизделгенине да 90 жыл толуп олтурат. Ушул театр түзүлгөндө биринчилерден болуп кирип, окуп иштеген кыргыздын таланттуу инсандарынын бири Ашыралы Боталиевди 110 жылдыгына карата эскерип кетүүнү чечтим.

Ашыралы Боталиев 1906-жылы ал мезгилдеги Фрунзе областынын Иванов районунун (азыркы Ысык -Ата) Киров айлында төрөлгөн.

Атасы Жайлобаев Боталы 1860-жылы жарык дүйнөгө келген. энеси Жайлобаева Балапан 1868-жылы төрөлгөн. Ашыралы Боталиевдин бала чагы ошол мезгилдеги жалпы кыргыз эли кабылган катаал учурга туш болгон. 1916-жылда болгон улуттук боштондук көтөрүлүштөгү каргашалуу, кайгылуу окуяда тестиер бала болсо да кыргыз элине түшкөн мүшкүлдү ата–энеси, бир туугандары менен бирге тарткан.

Чүй өрөөнүнөн эл менен кошо үркүп жөө жалаӊдап Кегетинин ашуусу аркылуу Кочкор, Жумгалга чейин барып, 1917-жылы Суусамыр аркылуу кайра келишкен.

1918-жылы атасынан көп өтпөй 1919-жылы энесинен ажыраган. 13 жашынан баштап өз кара жанын өзү багып ошол кездеги орус, дунган, кыргыз байларынын кызматын кылып жалданып иштеген. Жаш кезинен жөндөмдүү болгондуктан орус тилин жакшы өздөштүрүп алган. Ал ошентип 1921-жылга чейин иштеп келген. 1921-жылы Токмоктогу балдар үйүнө кабыл алынган. 1926-жылы борбор шаарга келип Н. Еленин менен А. Кутубаеванын тандоосу аркасында жаӊы ачылган музыкалуу–драма студиясына кабыл алынган.

Ал ошол убактагы табигый шыкка мол, келечеги кеӊ жаштар менен окуйт. Актердук чеберчиликти, сүйлөө техникасын, сахнадагы кыймылды, музыкалык сабатты үйрөнгөн. Студияда окуп жүргөн кезинде Н. Елениндин “Молдо Насирдин” деген спектакли коюлуп, полковник Хайдардын ролун ойногон.

1934-жылы музыкалуу драма студиясы Кыргызстан мамлекеттик драма театры болуп, А. Боталиевдин чыгармачылыгында жаӊы изденүүлөрдү пайда кылган. Ошол мезгилде драматург Ж. Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасындагы башкы каарман Искендердин образын түзүү менен өзүнүн актердук чеберчилигин, талантын элге көргөзгөн. Талыкпаган эмгеги, чеберчилиги бааланып, Кыргыз ССРнин эл артисти деген наам берилген.

1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун декадасында коюлган спектаклдерде А. Боталиев башкы ролдорду мыкты аткарып, элдин эсинде калган. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, А. Боталиев ыр менен жазылган драмаларды да аткарган. Композиторлор В. Власов, В. Ференин “Алтын кыз” музыкалуу драмасынан Жапардын, “Айчүрөктөн” Семетейдин, “Кызжибектен” Бекежандын ролдорун жогорку деӊгээлде аткарган. А. Боталиевдин эмгеги бааланып, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат.

1940-жылы музыкалык драма театрдын базасында Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры түзүлөт. Опералык театрдын негиз салуучулары А. Куттубаева, А. Малдыбаев, М. Мустаева. С. Кийизбаева, Ж.Садыков. М. Махмутова, К. Эшимбековдор менен бирге вокалдык жактан татаал, ар түрдүү күлк мүнөздөгү ролдорду аткарат. Ал опера жана балет театрында 1952-жылга чейин эмгектенген. Ушул жылдар аралыгында нечендеген ролдорду жаратып өзүнүн талантын элге тартуулаган. Андан соӊ, өз өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик драма тетрында эмгектенип, сахнадан түшкүс образдарды жараткан А. Боталиев театр менен гана чектелип калбастан киного да тартылган. Биринчилерден болуп кинофильмдердеги кыргыз сөздөрүн үндөштүрүүнү да өздөштүргөн. Талыкпаган эмгектин натыйжасында таланттуу актердун эмгеги жогору бааланып, эки жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдары менен сыйланган.

1979-жылы 24-февралда Кыргызстан компартиянын Борбордук комитетинин буйругунун негизинде Фрунзе шаарындагы Херсон көчөсү А. Боталиев атындагы көчө болуп аталган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине 1972-жылы А. Боталиевдин өздүк документтери жана сүрөттөрү тапшырылган. Борбордук мамлекеттик архив А.Боталиевдин документтерин кабыл алып, өздүк фонд ачылып, ага 2774 номери берилген. Фонддун ичинде А.Боталиевдин жеке өзүнө тиешелүү кол жазмалары, өмүр баяны, театрда ойногон ролдорунан сүрөттөр жана мамлекет тарабынан алган сыйлыктары боюнча маалыматтар сакталат.

Ушул быйыл 2016-жылы А. Боталиевдин туулганына кылымдан ашык убакыт өтсө да элеси искусство сүйүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө кала берет.

Б.Жолдошбекова, КР Борбордук мамлекеттик архивинин жетектөө археографы,
«Кутбилим», 01.07.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: