Акын Туяк Эрназар уулу жөнүндө кызыктуу алты факты. Даанышман жана ойчул


Быйылкы “Тарых жана маданият жылына” карата өкмөттүн токтому менен бекитилген юбилейлик мааракелер боюнча иш-чаралардын катарына ырчы Туяк Эрназар уулунун 160 жылдыгы да кирген. Бул сапар Sputnik Кыргызстан агенттиги Туяк ырчы туурасындагы жети фактыны сунуштайт.

Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист акын болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.

Эртелей жетим калган.

Эрназар аймагына кадыр-баркы бар, таланттуу уста болгон. Анын усталыгы кийин уулуна да өткөн. Туяктын атасы менен энеси эрте көз жумат. Мындай тагдырдан кийин ал жакын агалары болуп кеткен Эшназардын колунда калат.

 

Азыркы күнгө чейин изилдене элек айдың.

Бул акын тууралуу азыркы күнгө чейин заманист ырчы катары маалыматтар аз топтолуп жана эл арасында аты кеңири тараган эмес. Андыктан, бул кыргыз адабиятындагы изилдөөгө ала турган жаңы айдың экендигин айтсак болот.

 

Көп кырдуу талант.

Дээринен таланттуу, зирек Туяк жаштайынан жамактатып ырдап жүргөн. Дээринде ырчылыктын үрөнү калган бала тойлордо ырдап акырындап элге тааныла баштаган. Ырчылыктан сырткары комузда, кыл кыякта ойной билип, ал музыкалык аспаптарды өз колу менен чаап, жасап алганын эскеришет.

 

Коконго барып ырдаган.

Аны ошол аймактын атактуу кишилеринин бири Садир бий да ээрчитип ырдатып жүргөндүгүн Эрматов өзүнүн поэмасында да жазган жайы бар. Эл арасында анын Кокондогу хан ордосу тарапка барып ырдаганы туурасындагы имиш кептер айтылып келет. Туяк ырчы кезегинде Фергана өрөөнүнүн бир топ аймагына аты тараган. Анын бетке айткан, кээде бай-манаптын ооматтуусу келсе да ийилбеген сапатын да кеп кылып келишет. Адабиятчылардын чоң тойдо атактуу Токтогул Сатылганов менен айтышкан деп жазганы бар.

 

Заманисттердин өкүлү.

Акындын ырлары, өзгөчө “Акыр заман”, “Не болосуң замана?”, “Замана” аттуу бизге жеткен чыгармаларын окугандан кийин, аны “замана” агымынын өкүлдөрүнө киргизүүгө болот.

Туяк акындын бир кылымдан ашуун мезгил мурда айтылган ойлору, жазылган саптарын окуп, алдыны көрө билүүчүлүгүнө, даанышмандыгына ынанууга болот.

…Уулуң кетет Урумга,
Кызың кетет Кырымга.

Миңгениң темир ат болот,
Окуганың кат болот.

Береке кетип үйүңдөн,
Агайын-тууган жат болот…

Же болбосо

… Кыянат кылган кишинин,
Кыңыр иши бат болот.

Мээнет кылбай пул табып,
Мингени темир ат болот деп айткан экен.

 

Жалгыз эмгек.

Болгону акын, экс-депутат, азыр Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын жетекчиси Эгемберди Эрматов маалыматтарды эл оозунан жыйнап Туяк акын туурасында китеп чыгарган. Аталган китепке акындын жыйырмага чукул ырлары жана ал туурасында айтылган аңыз сөздөр, эскерүүлөр кирген. Мындан сырткары Эрматов Туяк ырчыга арнап поэма жазган.

21-майда акындын 160 жылдыгына карата ал туулуп-өсүп жана жашап өткөн Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында салтанат болду.

Sputnik Кыргызстан, 21.05.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: