Үркүн алдындагы Кыргызстандын экономикасы


XX кылымдын башы жана 1916-жылкы кыргыздарды Кашкарга тозуткан Үркүн алдындагы Кыргызстандын чарбалык-экономикалык абалы кандай болгон? Падышалык Орусия Орто Азия чөлкөмүн басып алгандан кийин бул жерде кандай саясат жүргүзгөн?

Кыргыздардын 1916-жылкы Үркүн алдындагы чарбалык жашоосу тууралуу кеп кылганда бүгүнкү Кыргызстандын аймагында 20-кылымдын башында өкүм сүргөн соода-экономикалык мамилелерге сөзсүз таянуу зарыл. Анан да кыргыздардын турмушун Орто Азия элдеринен бөлүп кароо мүмкүн эмес. Себеби, ал кезде чөлкөмдөгү элдер арасындагы карым-катнаш азыркыдан алда канча ургаалдуу жана тыгыз болгон.

 

Тышкы соода жолдору

Элдер арасындагы экономикалык карым-катнаш соода менен мүнөздөлөт. Бул жагынан алганда 20-кылымдын башында Кыргызстандын түндүк бөлүгү Олуя-Ата, Верный, Пишпек, Пржевальск аркылуу ал жагы Ортолук Орусия жана Сибирь менен соода кылган. Сибирге болсо Кара-Балта-Верный-Сергиполь почта тракты, Ортолук Орусияга Чимкент-Оренбург аркылуу катташкан.

Ички эң маанилүү почта жолу – Пишпек-Каракол тракты жана Көтмалды-Нарын тракты. Пишпек-Каракол жолундагы 14 бекетте (станция) соодагерлер менен жолоочулар эс алып, улоосун алмаштырып, уккан-көргөндөрүн бөлүшүп турган.

Пржевальск (Каракол) жана Преображенское (Түп) жолунда

Пржевальск (Каракол) жана Преображенское (Түп) жолунда

Түштүк Кыргызстан Орусияга Кокон, Кожент, Ташкен аркылуу чыккан. Кокон-Ош, Кокон-Наманган, Анжиян-Ош ортосунда почта байланышы болгон. 1904-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүн Наманган менен туташтырган жол курулгандан кийин бул жерлик кыргыздардын Фергана өрөөнү менен байланышы жакшырган.

Пишпек, Пржевальск оёздорунун кыргыздары XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында Семипалатинск, Омск, Ташкен, Олуя-Атага товарларын ат, төө, эшекке жүктөп ташыган. Ош, Анжиян, Фергана, Хожент тараптагы, ошондой эле Чүй, Көл боору жана Нарындагы кыргыздар Кашкар менен соодалашкан. Ташкенге каттаган кыргыз соодагерлер жөнүндө А. Токомбаевдин “Солдат элек” повестинде баяндалат. 1913-жылы Пржевальск жана Пишпек оёздорунун кыргыздар жашаган бөлүгүндө 2 500 дүкөн жана башка соода жайлары болгон. 1915-жылы Анжиянды Жалал-Абад менен бириктирген темир жол пайдаланууга берилген. Бул, албетте, Жалал-Абаддын экономикалык да, саясый да маанисин көтөргөн.

 

Кыргызстан “типтүү колония”

Орус падышалыгы Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанды басып алып, өз колониясына айланткандан кийинки соода-экономикалык мамилелердин абалы профессор Ташманбет Кененсариевдин айтымында, оторчулардын кызыкчылыгына багыңкы болгон.

– Кыргызстан ал кезде Орусиянын колониясы эле. Кыргызстанды азыркы тарыхнаамада “типтүү колония” деп атап жүрөбүз. Ар кандай метрополия колониясындагы жерлердин ар тараптуу өнүгүп кетүүсүн каалабайт. Адатта метрополия колонияларды өз кызыкчылыгын канааттандыра турган абалга чейин гана өнүктүрүп, андан ары өнүктүрбөйт. Ошондуктан орус падышалыгы Кыргызстанды колония катары метрополиянын өнөр жай жана соода саясатын канааттантчу деңгээлге чейин гана өнүктүргөн. Муну ошон үчүн бир жактуу өнүгүү деп атоо керек. Бирок Кыргызстандын аймагында кен казып алуу, айыл чарба продукцияларын иштетүү жагын тейлеген өнөр жай ишканалары пайда болгон.

20-кылымдын башынан тартып, Петербург жана Москвага Кыргызстандан эт жибериле баштайт. Мисалы, 1906-жылы 99 322 баш мал жөнөтүлсө, 1912-жылы 142 862 баш мал жөнөтүлгөн. Андан тышкары тери, булгаары, койдун жүнү, эчкинин тыбыты, жылкынын жалы ташылган.

 

“Орустун көмөчүнө күл тарткан саясат”

Дюрмшмидт деген германиялык ишкердин фирмасы Орусиянын Европа бөлүгүнө кой жана бодо малдын ичеги-карындарын да ташыган. Анын Ошто, Пишпекте, Пржевальск жана Токмокто заводдору болгон. Түштүктөн Орусия тарапка пахта жана пахта майы, Кашкар менен Турпанга атластын түрлөрү, темир буюмдар ташылган.

Дүйнө бейкабар балалык

Дүйнө бейкабар балалык

Нарында жашаган Нежиров деген орус Германияга жыл сайын кербен-кербен элик-кийик жана башка жапайы айбанаттарды жөнөтүп турган. Бул ишкер совет бийлигинин алгачкы жылдары кызылдар тарабынан үй-бүлөсү менен түгөл атылып кеткен.

– Отор доорунда Кыргызстандын экономикасы көп тармактуу эле болгон,- дейт Т. Кененсариев.-Бирок, өнөр жай деп айтканда эки принципиалдуу нерсеге көңүл буруш керек. Биринчиден, Орусиянын оторчулук саясатын канааттандырган гана өнөр жай тармагы уюштурулган. Экинчиден, ал ишканаларга Орусиядан тышкы капиталдын салынышына уруксат берилген эмес. Муну меркантилдик саясат деп атасак туура болот. Мисалы, Кыргызстанга капитал салууга франциялык, германиялык жана башка инвесторлор кызыккан. Бирок, алар Түркстанга киргизилген эмес. Эгер чет элдик инвесторлор өз ишканасына акционер катары Орусиянын жарандыгы бар орус улутундагы, христиан дининдеги адамды кошкон болсо, ошондо гана алардын ишмердигине атайын чечим менен уруксат берилген. Еврей улутундагыларга таптакыр тыюу салынган.

Түркстан губернатору франциялык ишкер Эдуард Леватка Фергана өрөөнүндө кен казууга уруксат бергенине карабастан, бул чечимди падыша Николай II колдобой койгон. Бирок да чет элдик капитал менен чогуу түзүлгөн товариществолор Сүлүктү менен Кызыл-Кыяда көмүр, Майлы-Сууда мунай казган жана Баткен аймагындагы Кан-и-Гут күмүш кенин иштеткен. Экинчи дүйнөлүк согуш алдында орус геологдору Чаувай, Улуу Тоо жана Айдеркен сымап кендерин чалгындашкан.

– Б.Ш.Чормонов жана А.С.Сидоров деген кыргыз окумуштуулары 1960-жылдары эле Кыргызстандын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки өнөр жайынын абалын изилдешкен. Алардын изилдөөлөрүнө жана андан кийин такталган архивдик маалыматтарга караганда, 1913-жылы Кыргызстандын аймагында баары 32 ишкана болуптур. 16 киши эмгектенген жай ишкана деп эсептелген. Алардын эң ирилери: таш көмүр казуучу 7 кенде 1 миң адам эмгектенген. Андан тышкары мунай өндүрүүчү 2 ишкана, 2 пахта заводу, жүн жуучу 7 завод, 2 тери заводу, май чыгарчу 2 завод, пиво кайнатчу 2 завод, ун тартчу буу менен иштеген 5 тегирмен жана башка ишканалар 2 миңдей адамды иш менен камсыз кылган.

Совет заманына чейинки Кыргызстандагы эң ири өнөр жай ишканалары түштүктө жайгашкан. Профессор Кененсариевдин айтымында, Кызыл-Кыяда 598, Сүлүктүдө 207 жумушчу иштеген.( Бул эки шаарга падышалык бийлик саясый сүргүндөрдү айдашкандыктан, жумушчулар түркүн улуттардан болгон). Токмоктогу жүн тазалоочу заводдо 100, Пржевалскиде – 235, Оштогу пиво кайнатуучу заводдо 84 жумушчу эмгектенген. Кара-Сууда жана Араванда пахта тазалоочу завод болгон.

 

Татар көпөстөр, немис-менониттер…

Орус, дунган ишкерлери менен көпөстөрү түштүктө жана Чүй өрөөнүндө активдүү болушса, Пржевальскиде алар менен татар көпөстөрү атаандашып турган. Татар ишкерлер Жети-Өгүздүн Жаргылчак айылында такта тилгич, Караколдо тери иштетчү завод ачышып, Ысык-Көлдө чакан флот уюштурушкан. Алардын бири Чыңгыз Айтматовдун таятасы Хамза Абдуллаев эле.

– Чыңгыз Айматовдун апасы Нагиманын атасы Хамза Абдуллаев өз кезегинде Ысык-Көлдөгү белгилүү ишкер, бай, ошол эле учурда билимдүү жана меценат адам болгон. Ал Орусиядан Түркстанга кездеме тартып, жайлоолордон бери кыдырып кездеме саткан. Кийин Абдувалиевдер Көл боюнда түрдүү өнөр жай буюмдарын саткан соода тармактары бар чоң ишкерлерге айланган. Каракол шаарынын түштүк жагына курган тери заводунун иштеткен тери буюмдары Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын аймактарына, атүгүл Орусияга да белгилүү боло баштагандыгын изилдөөлөр көрсөтөт.

Орусиялык келгиндер Кара-Балтада

Орусиялык келгиндер Кара-Балтада

Падышалык Орусияда Екатерина заманынан жашап келаткан диний азчылыктарга карата болгон саясат өзгөргөндөн кийин империянын Европа бөлүгүнөн качкан немис-менониттер Талас өрөөнүнө келип баш паанек табат. Аскерде кызмат кылууну ишеними боюнча жамандык деп эсептеген бул немистерди Орто Азияга генерал-губерантор, теги немис Кауфман чакырган жана аскерий милдеттен куткарган. “Кыргызстандын аймагындагы биринчи илимий иштерди ошол Таласта отурукташкан немис келгиндери жүргүзгөн”, дейт Ташманбет Кененсариев.

-1880-жылдардын башында Таласта теги голландиялык немис-менониттердин беш колониясы пайда болгон. Алар Орлово, Романовка, Николай-поле, Андреевка жана Владимировка кыштактары эле. Бул адамдар мал чарбасын мыкты билген. Совет заманы кулаганга чейин Таластын ала уйларын алып жүрбөдүкпү. Ала уйларды Таласка дал ошол менонит немистери алып келишкен. Алар уйдун тукумун жакшыртып, Ташкенге жана башка жактарга сатып турушкан. Быштак жасоо аларда эң жакшы өнүгүп, Ташкенде орус бийликтери менониттердин быштактарын күтүп турчу экен. Атүгүл алар быштакты Москвага чейин жиберип турган.

Кыргыз, өзбек жана дунгандардын арасынан да орустар менен татарларга катар мал сатууга ыңгайлашкан соодагерлер болгон.

– Мал чарбасы да бир топ өнүгүп, тармакта примитивдүү соода капиталынын башаты пайда болгон. Малды өстүрүп, башка жактарга сатууга адистешкен адамдардын (орусча, скотопромышленники деп коёт) арасында түндүк жана түштүк Кыргызстандан кээ бир кыргыздар болгондугун булактар көрсөтөт. Алар малды жана мал чарба продукцияларын Талас, Чүй боорунан Фергана өрөөнүнө Олуя-Ата, Ат-Башы жармаңкелери аркылуу же Яссы, Көгарт, Чаңгыр-Таш, Кең-Кол, Каргыш сыяктуу ашуулар менен жеткирип турушкан. Ал эми четке, маселен, Кашкар тарапка Ат-Башыдан Торугарт аркылуу, Фергана, Оштон Эркечтам аркылуу соода кылышкан. 1915-жылы андай соодага аралашкан 50 кыргыз, 75 өзбек жана уйгур, 20 дунган жана 13 орус болгон.

 

Николай падышанын ишке ашпаган максаты

Профессор Кененсариев падышалык Орусиянын Орто Азия чөлкөмүндөгү экономикалык саясаты орусташтыруу деген чоң максатка кызмат кылганын баса белгиледи.

– Экономикалык, соода, өнөр жай, административдик жана келгиндер саясаты орусташтыруу деген чоң принципке кызмат кылган. Орусиянын колониялары Батыш Европанын колонияларынан айырмаланып, метрополия менен чет жакадагы колониялар ортосунда океан же адам өтө алгыс тоо кыркалары болгон эмес. Биринчи күндөн баштап эле Түркстанды, Сибирди жана башка жерлерди чыныгы орус жерине айландырыш керек деген стратегиялык максат коюлган. Алсак, Урал тоолорунан тартып, Ыраакы Чыгышка чейинки жерлерде мурунку убактарда башка элдер болсо, азыр алар орустан айырмаланбай эле калбадыбы. Так ушундай болочок Түркстанды, анын ичинде Кыргызстанды да күтүп тургандыгы чындык. Болгону бул стратегиялык планды 1917-жылкы Февраль буржуазиялык жана Өктөбүр пролетардык төңкөрүштөрү бузуп жиберди.

Кыргыздарды келгиндерге берилчү жерлердин планы менен тааныштырууда

Кыргыздарды келгиндерге берилчү жерлердин планы менен тааныштырууда

Орто Азияны орусташтыруу максатында 1917-жылга чейин регионго Орусиянын Европа бөлүгүнөн 1,5 миллион адам көчүрүлгөн же жиберилген. Падыша Николай экинчи 1904-жылы Жети-Суу областынын аскер губернаторунун келгиндерди жайгаштыруу боюнча отчетуна “бул аймакты колонизациялоону туруктуу алга жылдыруу керек”, деп резолюция жазган.

Советтик тарыхнамаларда айтылгандай, XX кылымдын башында кыргыздардын ахывалы абдан оор болгон, кунарсыз жашаган деш натуура. Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романында колдонулган маалымат боюнча, Биринчи дүйнөлүк согуш кезде (бир гана) Пишпек оёзунун кыргыздарынан уруштагы аскерлерге жардамга деп 30 000 рубль, 1 000 тон, 10 000 байпак, кийиз жана башка буюмдар чогултулган. Манаптар менен аксакалдар түтүн башынан 1 рублден 3 рублге чейин салык төлөйбүз деп милдеттенме алышкан.

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 15.05.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: