Ырчы Мыскал Өмүркановатууралуу 10 факты. “Алымканга” Сталин эмес, Хрущев кол чапканда


Мыкты аткаруучу, комузчу, коңгуроодой үндүү кыргыздын таланттуу кыздарынын бири – Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканова туурасындагы 10 фактыны беребиз. Бул жаатта бизге ырчы тууралуу иликтеп, китеп жазып жүргөн журналист Айбек Шамшыкеев жана музыка таануучу Балбай Алагушев кеңешчи болду.

Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы 1915-жылы Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган.

Ал кыргыз искусствосуна, анын ичинен ырчылык өнөрдүн өнүгүшүнө чейрек кылымдан ашуун, 30 жылга чукул салымын тынбай кошуп келген. Кыргыз үнүн узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирип келген уникалдуу талантка ээ ырчылардын көч башында турган улуу инсан.

 

14 жаштагы кошок.

Мыскал Өмүрканованын апасы төрөттөн кайтыш болот. Ошол учурда 14 жаштагы Мыскал сиңдилери Нускал менен Токонду кучактап алып, энесин жоктоп кошкон кошогу алигүнчө эл оозунда айтылып келет.

Жети канат боз үйдү,
Жыя кармап капшырдың.

Жетиле элек жетимди,
Эми кимге тапшырдың? деп башталып, узакка кошкон дешет.

 

Комузду кийинчерээк үйрөнгөн.

Мукам үндүү ырчы комузду турмушка чыккандан кийин, жубайы Сагынаалынын аракети менен үйрөнгөн. Бул туурасында ырчы музыка таануучу Балбай Алагушевке өзү айтып берген жайы бар. 30-жылдары айылдагы хорго катышып, ал эми жалгыз ырдаганда күйөөсү комуз менен коштоп берип жүрөт.

“Комуз билбейм. Сагынаалы чертет. Анын коштоосунда ырдайм. Ал “Ырчы болом десең комуз черткенди үйрөн. Ырчы деген комузду эркин чертип, эркин ырдашы керек. Али жашсың. Келечегиң алдыда. Сөз бүттү. Эртеңден баштап, кааласаң да, каалабасаң да комуз үйрөтөм” — деди. Бир топко кыйналдым, бирок аракетим текке кетпеди. Сагынаалынын талыкпаган көшөрө эмгектенүүсүнүн натыйжасында комузду кадимкидей чертүүгө жетиштим”, — деп эскергени бар.

 

Кожомкул балбандын көмөгү.

Мыскалдын эл арасына таанылган ырчы болушуна кадимки балбан Каба уулу Кожомкулдун салымы чоң экендигин айтып келишет.

Ал айыл башчысы болуп иштеп, жыйым-терим кезинде талаадан өтүп бара жатып, заңкылдап ырдаган Мыскалдын үнүн угуп, бастырып келип кайра-кайра ырдаткан дешет.

Кийин балбан Мыскал менен күйөөсү Сагынаалыны алгач райондук, андан кийин Нарын облустук театрга барууга багыт берип, булактын көзүн ачкан деп айтып келишет.

 

Алгачкы чоң сахна.

Мыскал Өмүрканова чоң сахнада 1937-жылы октябрда эл чыгармачылыгын олимпиадасына чакырылып, Кыргыз ССРинин музыкалык-драма театрында “Ак толкун” деп аталган сөзү Аалы Токомбаевге таандык элдик ырды баш кылып, бир топ чыгармаларды аткарган. Бул иш-чара Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасына катышууларды тандоо үчүн өткөрүлгөн. Калыстар тобунун мүчөсү “Мыскал ырдап жатканда кантип дем алып жаткандыгын түшүнө албай койдум. Мага дем албай эле ырдап жаткандай сезилди” деген экен.

 

“1939-жылы Мыскалга Сталин тура калып кол чапты деген туура эмес”.

“Мыскал Өмүрканова 1939-жылы Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасына “Алымканды” 3 мүнөт созгондо Иосиф Сталин тура калып кол чаап, ал тургай тост көтөргөн” деген маалыматты журналист Айбек Шамшыкеев четке кагып, бул чындыкка туура келбейт деген пикирин айтты.

“1939-жылы Мыскал эжебиз уулу Бектурсунду төрөп, Москвадагы 1-декадага катыша албай калган. Ал мезгилдери Нарын театрында эмгектенип турган. Жогорудагыдай калп-чыны аралаш уламыш кеп элге тарап кеткен. Менимче, 1958-жылы 2-декадага баргандыгын, биринчисине алмаштырып алышкан. Мен кызыгып болушунча иликтеп көрдүм, бирок, 39-жылдагы декада тууралуу өзүнүн да, аны менен бирге иштеген залкардардын да эскерүүлөрү табылган жок. Анын атагы, элине калтырып кеткен көөнөрбөс мурасы 1-декадасыз эле эбегейсиз болуп кала берет”, — деди Шамшыкеев.

 

1958-жылы Хрущев тура калып кол чаап, үнүн кайра-кайра уккан.

Мыскал Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 2-декадасындагы жыйынтыктоочу концертте обон созгондо Хрущев тура калып кол чаап, басып келип, кайра-кайра ырдаткандыгын Эл артисти Турсун Уралиев эскерген.

Мыскал “Алымканды” бир нече мүнөт созгондо акустикасы мыкты Чоң театрда ала-тоолук ырчынын үнү дене бойду дүркүрөтөп, укмуш жаңырыптыр. Албетте, кол чабуудан зал жарылып кете жаздайт.

Балкондо отурган Хрущев Мыскалдын жанына келип, “Алымкандын” созгон жерин кайра-кайра кайталатып, абдан таасирленип уккандыгын, ал ирмемди кинокамералар тартып калгандыгын Уралиев айтып берген жайы бар.

 

Көмүскөдө калган обончулук, айтылбай калган сыр.

Өмүрканова ырдоочулуктан сырткары бир топ обондорду чыгарганы менен аны элге айтып, жар салбаганын музыка таануучу Балбай Алагушев жазган.

“Өзүмө ылайыктуу ырлардын аздыгынан көңүлүм түшкөн ырларга обон чыгара коюп, ырдап жүрдүм. Бирок, эл мени ырчы катары билгендиктен анымды эч кимге деле айтпай, концерттерде элдики деп аткарар элем. Иштешкендердин ичинен Осокем (Осмонкул Бөлөбалаев) билчү”, — деп айтып берген экен.

 

Талантты барктап, сыйлай албай…

Өмүрканова 1941-жылдан тарта 1965-жылга чейин Кыргыз филармониясында алгач, хордо кийин өзүнчө ырчы болуп эмгектенген. Ал элүүнүн кырына жеткенде эмнегедир филармония жетекчилиги тарабынан пенсияга “жөнөтүлгөн”. Мындай чукул чечим ырчынын өзү, коомчулук жана кесиптештери үчүн күтүүсүз болгон. Сахнадан алыстап, ырдабай калуу Мыскал үчүн бир топ оор болгондугун анын замандаштары, жакын санаалаштарына дароо байкалган. Өмүрканова эс алууга узатылса да, үйдө отура албай, келип-кетип жүргөн. Бирок, мурдагыдай гастролдобой, чыкса да Фрунзенин айланасындагы айылдарда, шаар ичинде ырдап калган. Ошентип, талант буулугуп, ызага баткан.

 

61 жаш…

1976-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында ырчы көз жумган. “Ал бул кутмандуу курактын аралыгында турмуштун таттуу да, ачуу да даамын татты. Бирок, ырчыны билгендердин, ырларын уккандардын жана өзүмдүн жүрөгүмдө ак көңүл, ичинде кири жок, кең пейил, бар оокатын ортого салган, жокко кейибеген, атак-даңкка чиренбеген, элди сүйгөн, иш дегенде ичип жаткан ашын таштай коюп жөнөгөн, кичипейил асыл, инсан, улуу ырчы, обончу катары сакталып калды”, — деп жазат Алагушев.

 

Өмүр издери.

Ал эми ирет (1951-1959-жылдары) Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болот. Ленин, эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. 2015-жылы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык масштабда белгиленди. Залкар таланттын юбилейине карата журналист Шамшыкеевдин сценарийине белгилүү режиссер Темир Бирназаров “Мыскал эже” аттуу даректүү тасма жаратты.

Sputnik Кыргызстан, 08.05.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: