Журналистика дыйканы, ырдын төрөсү элең, кечир, Жолдошбек. Сени барктай албадык…


Журналист, акын жана котормочу Жолдошбек Зарлыкбеков узакка созулган оорудан 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал тууралуу бир окуган группалашы жана калемдеши Кабыл Макешов эскерүү жазды.

Атаңдын көрү дүнүйө, Жокем тууралуу эскерүү жазам деген ой үч уктасам түшүмө да кирген эмес. Анын көзү өтүп кеткенин угуп, ишенип-ишене албай, кабыргам кайышып отурам. Экөөбүз Кыргыз улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүндө бир группада беш жыл окуп, бир учурда “Алтын бешик” жатканасында бир бөлмөдө дагы бирге жашап калдык эле. Анын түркүн кылык- жоруктарын, дүйнөлүк классик акындарды казып окуганын, сулуу кыздарды сүйүп-күйүп далай ырлар жазганын, жакшы китеп көрсө кыя өтпөй “кымырып” алганын, ал түгүл Ленин атындагы китепканадан китеп уурдап, аз жерден окуудан чыгып кала жаздаганын, немис тил мугалимин шылдыңдап, ал эжей декан Сансызбай агайга даттанганын эстеп турам. Ал абдан сылык-сыпайы, элпек жан эле. Жоке терең эле, ошол тереңдиккке өзү чөгүп кете берди. Бир далайыбыз стипендия алыш үчүн, жакшы баа алыш үчүн жанталашып, марксизм-ленинизмди, тишибиз өтпөгөн сабактарды жаттап жүрсөк, Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада, куркуйган башын катып, ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип, Дүйшөн, Молдосалим болуп, аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, оозун басып күлүп калаар эле. Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле.

“Айн, свайн, немис тилинин энесин урайын”…

Дене тарбия менен чет тил сабагын жек көрчү элең. Мен англис тили тобунда окуп, сен немис тилинен “айн, свайн, немис тилинин энесин урайын” деп коюп Абилова деген эжейге жакпай, андан деканыбыз Сансызбай Иманалиев агайдын айкөлдүгү менен зачет алганың да кызык болгон эле. Немис тилчи эжей агайга сен тууралуу арызданып жатса, агай кайра ага “айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп эле немис тилин окутуп жатпайсыңбы, Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен “айн, свайн..” деп жатат да, зачет коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала” деп чын дилинен сага күйүп, эжейдин жанын кашайткан эле. Эжей эмне дээрин билбей күйүп-бышып, аргасыздан күлгөнүн өзүң кайра жомок кылып, бизге айтып, факультетке жайып жиберген элең.

Далайлар сенин кызматыңды көрүп, бирок…

Студент кезинде эле “Кыргызстан маданияты” жумалыгына корректор (ката тергич) болуп орношуп, адабият чөйрөсүнө да бат алынып, окууну бүтөөрү менен ошол учурдагы эң таасирдүү “Ленинчил жаш” гезитине кабарчы болуп, далайдын ичин күйгүзүп, журналистикага баш-оту менен кирип кетип, ырын өгөй катындын баласындай карап калганын көрүп, бир мыкты акын эрте өлүп баратат деп койдум эле. Жокенин өзүнө да далай жолу “ырыңды таштаба, китебиңди чыгар” деп айттым… Быйыл университетти бүткөнүбүзгө 30 жыл болот эле. Группалаштар бир чогулуп, өткөн-кеткенди эскерип, Жокенин ал-абалын сурап, бир черди жазалы деген тилек бар эле. Ал күлүк аттай, аргымактай эле. Аны далай редакторлор “минип” кызматын көрүп, гезиттин баа-баркын көтөртүп, анан “бул ичет экен” дешип, итке салып берип, четке чыга беришчү. Жаш баладай энөө, жан дүйнөсү таза жан эле. Элди туурап, айланасындагы карышкырларды көрүп, карышкыр болгусу келчү, түлкүдөй жойлогон тиги жээкте, бул жээкти бирдей жайлаган алчы-таасын жеген журналисттерди көрүп, түлкүдөй болгусу келчү. Бирок, карышкыр да, түлкү да боло албады.

Бир карасаң абдан назик, абдан сыпайы, жоош жан эле. Сыртыңдан жоош, момун көрүнгөнүң менен ички дүйнөң буркан-шаркан кайнаган жылма тентек элең. Бирок тили калемпирдей курч, болоттой өткүр, макалалары чучукка жеткидей таамай эле. Кезинде кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге көтөрүп, далай гезиттин жүзүн ачкан күжүрмөн калемгер элең. Гезит суудай, уудай экен. Сен иштебеген деле гезит калбаптыр. “Кыргызстан маданияты”, “Ленинчил жаш”, “Жаштык жарчысы”, “Эркин тоо”, “Асаба”, “Агым”, “Бишкек таймс”, “Аалам”, “Де-факто” гезиттеринин майын чыгардың.

“Күндө жазсаң күндө жок, күндө гезит жеп коет” болуп жүрүп, аттиң деп арман кылып, бармак тиштеп акыры өкүнүп да жүрдүң… Гезиттердин күнүмдүк тегирменинде айланып, күлгүн жаштыгы, ырлары артта калып, элүүдөн ашса дагы бир китебин чыгара албай, арманда кете берди. Анан дагы бир китеби жарык көрбөй туруп, СССРдин жазуучулар союзуна мүчө болгон жалгыз акын сен болдуң, Жоке! Анан дагы мыкты котормочу элең. Гейненин, Стаффтын, Рилькенин жана башка классиктердин ырларын кыргызча сүйлөттүң эле.

“Жөө кеткен жол”, “Жүрөк менен кошо карыйт сагыныч”…

“Турар” басмасынын директору Тилек досубуз сенин чыгармачылыгыңды баалап, демөөрчүлүк кылып ырдан, кара сөздөн турган жыйнагыңды чыгарып берүүгө убада кылса дагы кенебей же оорунун айынан чыгынып барбай, буга чейин термелеп жазгандарың эки килейген китеп болуп, жарык көрбөй жетимсиреп артыңда кала берди. Билем, сенин далай ырларың жоголуп, ар кайсы редакцияда калып кетти. Окуп жүргөндө эле илхам келип калганда, гезиттердин актай четине же китептин актай булуң бурчуна ырларыңды жазып калаар элең. “Жоголгон бычактын сабы алтын” дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларыңа менин деле ичим ооруп, кейип алам. Сенин публицистикалык макалаларың, котормолоруң деле эки-үч китеп болмок.

Алдаганды билбейт элең, элди туурап бизнес кылам деп, банкрот болуп, карыздан араң кутулганыңды айтып калаар элең. Сыртка чыгарбай ичиңден эле өзүңдү кыйнай берген, өзүңдү өзүң жей берген адатың бар эле. Көртирликте көйгөйүң көп эле. Байып кетем деп кокусунан алдамчыларга туш болуп калып үйүңдү барымтага кое салып акча алып берип, аның качып кетип, банктан алган акчанын пайызы өсүп анын азабын далай тарттың.

Чачылып-чабылган сага Асия жеңе гана түттү окшойт. Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындардын китептери батпай, Асия жеңеден далай тил угуп, колунан китеп түшпөй жүрөөр эле. Жокени баары тамашалашат. Аны шылдыңдап күлүшөр эле. Бирок анын кылы кыйшайбайт, мыйыгынан жылмайып коер эле… Адамгерчилигиң бийик жаркылдаган жакшы жан элең. Айтор, чабылып, чачылып жүргөн учурларың көп болду. Жакшы көргөн жездең Алым Токтомушевдин артынан Жокем да сапар алыптыр. Ай, Жоке, арманың, сырың ичиңде кете берди окшойт. Сен жаратылыштын кубулуштарын укмуштай чебер сүрөттөп, ыр тизмектерине шөкөттөйт элең. Сен сүрөткер акын элең. Сендей эч ким терең философиялуу ырларды, курч макалаларды жаза албайт. Сен журналистиканын дыйканы, акындардын төрөсү элең, көзүң тирүү кезде баалап, барктай албадык, кечир бизди… Сен тууралуу эскерүүлөр али алдыда. Сенин жан дүйнөң, чыгармачылыгың, кылык-жоругуң бир-эки баракка батаар эмес. Жакын арада кочкорлук агайын- туугандардын демилгеси, колдоосу менен басмага даярдалган “Жөө кеткен жол”, “Жүрөк менен кошо карыйт сагыныч” аттуу китептериңди окуп каларыбыз бардыр.

Кош бол, Жоке!

Аргасыздан эскерүү жазган, бирге окуган курбуң Кабыл Макешов.

Sputnik Кыргызстан, 11.05.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: