Азиз БИЙМЫРЗА уулу, жаш манасчы: “Манасымды эл тааныбаса – анда мен, мен эмесмин…”


Элибиз уулдарды “атадан кем, атага тең жана атадан артык уул” деп баалайт эмеспи. Анын сыңары, атадан артык болбосо да аталардын аруу жолун улап, мурастарын муундарга жеткирүүнү самап, өзүнүн жаштыгына карабай улууларды жандап, такшалгандар менен бирге жарышка түшүп, сөздү таптап сүйлөп, жигиттик курчтугун курал кылып жашаган жаш манасчы Азиз Биймырза уулу эл ичинде көпчүлүктүн көңүлүнөн орун табууда. Бүгүн биз дал ушул жигит менен маектешип, өзү жана өнөрү тууралуу маалымат алдык.

– Алгач, сенин мүнөзүңдүн калыптанышына, салт-наркка ыктап өсүшүңө кимдин тарбиясы таасирин тийгизгендиги тууралуу айтып берсең?

– Мен алты айымдан тартып чоң атамдын тарбиясын алып, койнунда жатып, колунда чоңойдум. Ошого жараша кулк-мүнөзүм, жүрүш-турушум, сүйлөгөн сөзүм да чоң атама окшош болуп калды. Анын айтканынан чыкпай, атама кошулуп саяпкерлик кылып, ат менен канатташ өстүм. Ошондуктан, менин тарбияланышымда эң чоң таасирди чоң атам берди. Бир кездерде мен дагы чоң атама окшоп кейикчил болуп кеткем, анткени, чоң атам салт бузулду, нарк кетти деп кейий берчү. Мен анын тарапташы элем. Кийин билсем, улуттук баалуулуктардын жана салттуулуктун абалы кайрадан жанданып, өзөгүбүзгө кайткандардын катары артууда экен. Учурда да демилгелүү жаштар көбөйүп, улуттук баалуулуктар жанданууда

– “Манас” дүйнөсүнө канча жашыңда кирип, ушул касиетти алып жүргөндөр менен качан кеңири тааныша баштадың?

– Мен бала кезимден эле Таластагы Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде манас айтып, устатым Камил Мамадалиев манасчыны ээрчип жүрдүм. Таласта жашап, көбүнчө ошол жакта жүргөндүгүмө байланыштуу, мен теңдүү манасчылар бар экендигин деле билген эмесмин. Кээде, борбордо “Манас-Мурас” коому бар деп угуп калчумун. Бирок өзүм көргөнгө чейин көзүм деле ачылбаптыр. Дегеним, ал кезде өзүмдү кудуктагы бакадай, Камил устатымды асмандагы турнадай элестетчүмүн. Көрсө, ошол учурда аймактарда да мага окшоп жетилип жаткан жаш манасчылар көп экен. Кийин Бишкекке окууга тапшырып, ошондо манасчылар менен жакындан тааныштым. Кыргызда “мөмөнү көрсө, мөмө бышат”, “ырыс жугушат, бакыт оошот” дегендей, курдаш манасчыларды көрүп такшалып, шыгым артып, өнөргө болгон кызыгуум арта баштады.

– Манасчылык менен катар акындык өнөрдү да аркалап келээриң тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Ушул туурасында да айтып өтсөң.

– Биз, манасчылар, акындарга окшоп күнүмдүк көргөнүбүздү, элдин көйгөйүн, турмушту, көртириликти айта албайбыз. Манасчылар бир гана даңазаласак да Манасты, жактасак да Манасты жактайбыз, өзүбүздүн өзөгүбүздө, көкүрөгүбүздө күйүп, эргип аткан нерсе болсо, “Манастагы” окуя аркылуу чыгарабыз. Ал эми чыгармачыл адамдар кош өнөрдү алып кетүүнү самайт. Анткени, эргүү келген кезде кең ааламга батпай кетебиз дагы, анан бир нерсе чыгарыш керек болот. Мен болсо мындай учурда калем кармап эркин ыр жазам, комуз кармап курбалдаштарым менен айтыша калам. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Кара-Көл шаарында “Достук Шаңы” деген аталышта төкмөлөр, комузчулар, элдик бийчилер, дастанчылар ж.б. өнөр адамдарынын арасында кароо-сынак болуп өттү. Ошондо төкмө акындардын арасынан 3-орунга ээ болгом. Кээде төкмөлүктү деле ала кетсемби деп ойлоп коём, бирок эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан арам өлүптүр болбой, манасчылыкка эле ыктайын деп калам.

“Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол”, “Өнөрүң болсо – өргө чап” дегендей, биздеги болгон өнөрдү эл арасында көрсөтүп жүрөбүз. “Айтыш” же “Саякбай манасчы” Коомдук Фондуна барып, курбалдаштар менен черди жазып, кемтигибизди толтуруп, жыртыгыбызды бүтөп жыргап калабыз.

aziz_baymyrza1

Өмүрдө өнөр адамы үчүн кандай көйгөй же кыйынчылыктар болушу мүмкүн?

– Өнөр адамы же сөз баккан киши үчүн эң кыйын көйгөй же эң төмөн кордук болуп анын колун кесип салуу же бир нерсени кыл деп кыстоо саналбайт – алар үчүн сөздүн баркын билбеген, тереңин түшүнбөгөн адамдардын жанына түшүп калуу чыныгы кордук болуп саналат. Учурда, кудайга шүгүр, акындардын катары артып барат, ошого жараша коомдун колдоосу жакшырып, сөздүн тереңин түшүнгөндөр, өнөр сүйгөндөр өсүүдө.

– Элибизде мурдагыдай залкарлардын кайрадан жаралышы же калыптанышы үчүн эмне талап кылынат?

– Жеңижок, Арстанбек, Эсенаман, Нурмолдо, Барпы, Алымкул, Эстебес сындуу мурдагы залкар акын аталарыбыз учурунда бир жаралган феномен инсандар болгон. Алардын ырдаган ырлары гана эмес, айткан сөздөрү да кайталангыс десек болот. Анткени, алар табиятынан башкача жаралган жандар болсо керек. Келдибек, Балыкооз, Нармантай, Акылбек, Чоодан, Назаркайып, Дыйканбай, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай сыяктуу улуу манасчы аталарыбыз манас айтканда күн күркүрөп, жер силкинип, суу тетири агып, кереге-уук карчылдап, кыш бузулуп жай болуп, жай бузулуп кыш болгон учурлар болгону айтылат. Алардын кырк күн токтобой манас айтып, керек болсо байлатма жиндилерди айыктырууга касиет-күчү жеткен. Алар миңдин бири болуп саналышкан.

Бүгүн биз ошол улуу аталарыбыздай боло албай жатабыз деп мен кейишим мүмкүн, бирок, эл кейибеши керек. Анткени, ошол улуу аталарыбыздын жолун улантуучулар али да болсо бар. Мен бүгүн улуу дастанга кошумча кошо албайм, менин милдетим, мага берилген улуу мурастын чыпчыргасын коротпой улап айтуу. Себеби, улуу дастан байыган, гүлдөгөн, өзүнүн кутун, касиетин орноткон маал же эпикалык доор Тыныбек, Сагынбай аталарыбыздын убагында өткөн. Ал эми мурдагы төкмөлөр тууралуу айтсак, алар негизинен олуялар болушкан. Мисалы, Арстанбек атабызга Жеңижок акын алгач жолукканда анын каргышка калып калганын, ошондуктан тукумсуз өтө тургандыгын айтып ырдаган. Бул туурасында мурда-кийин маалыматы болбосо да, көрөгөчтүк кылып абалды анык ачып берген. Ал эми Барпыны Токтогул көрөөр замат “сен акын экенсиң, оозуңда сөзүң бар экен” деп жанына алып ырдаткан. Дал ушундай касиеттер азыркыларда бар, бирок ал нерсе канда, демде ойгоно элек деп билем.

– “Манас” сен үчүн…?

– Манас жандуу, тирүү касиет. Аны биз бир нерсеге сыйдырып коё албайбыз. Манасчылар ошол касиетти бизге чейин жеткирип берүүчү. Өнөр казынасы, улуу мурасыбыз чыкпаса, мен түпөйүлмүн. Мен канчалык бакытта балкып жашабайын, Бакайымды эл тааныбаса; канчалык манчыркап, мансаптын үстүндө турбайын, Манасымды эл тааныбаса – анда мен, мен эмесмин, керек болсо эч ким болбой калышым мүмкүн. Мен Манас атам менен, ушул касиет менен элдин сүймөнчүгүнө жетүүдөмүн. Манас болбосо, мен катардагы кыргыз жараны да боло албай калаар элем. Анткени, атуулдук сезими бар, көрөңгөсүндө, угутунда кыргыздын каны бар кыргыз Манасты таанып, түшүнөт.

Манас – бул сөздүн атасы. Ааламдашуу жараяны жүрүп жаткан кезде Манасыбыздан, улуттук баалуулуктарыбыздан ажырап калышыбыз мүмкүн дегендер бар. Менимче, бүгүнкү жетишкендиктер маалында “Манас” ансайын күч ала берет. Тарыхтын далай сыноосунан өтүп, катуудан казан, жумшактан күл калган кезди басып, кыйын кырдаалда эки кыргыздын башы кошулган жерде кайрадан айтылып, улана берчү “Манас” – жарык бойдон жашай берет.

“Манас” – бир кыргызды он кыргыз кылган, он кыргызды жоон кыргыз кылган, жоон кыргыз биригип Манастап ураан чакырып, айгай салып жүрүп өзүнүн элдүүлүгүн алган. Ошондуктан, Манас – бул улуттун уюткусу десем болот. Манас – бул казына. Ал кең жана баарына тең, каалагандар азыктана берсе болот. Бирок, элибизде ыйык нерсе туюк болот деп коёт, ошондуктан, Манастын сырдуу тарабы, касиети ачылбастан калуусун каалайм. Ал эми учурда “Манас таануу” теле долбоору, окуу курстары аркылуу Манаска кызыккан жаңы агым жаралып, нугу улам күчтөнүп жаткандыктан, кези келгенде улуу дастаныбыздын даңкы дагы да артат деп ишенем.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу, “Көк асаба”, 04.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: