Салижан Жигитов аганын күлкүсүнөн…


Салижан акенин массалык маалымат каражаттарына чыккан, эл оозунда айтылган шайыр тамашаларынын айрымдарын колмнист Кабыл Макешов чогултканга аракет кылды.

Салижан Жигитов кандай кырдаал болбосун, чукугандай сөз тапкан, өөдөсүнгөндүн “өпкөсүн үзүп”, кыйынсынгандын катыгын бере жооп айткан, не бир опурталдуу окуялардын, кырдаалдардын арасында жүрсө да жамандыктан да жылт эткен шайыр тамаша таба билген, айтор, адамдан башкача жаралган керемет инсан эле.

Көзү тирүү болгондо бүгүн, 17-мартта ал 80 жашка чыкмак, бирок элди туурап тоюн өткөрмөк эмес. Себеби, той-топурга башынан эле каршы болчу. Бирок, 80 жылдыгына арнап, даяр турган 7 томдук чыгармалар жыйнагы чыгып калса дурус болмок…

Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт…

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында кыргыз телевидениеси андан интервью алууну пландаштырат. Бул сый-урматтуу иш Салижан Жигитовго жүктөлөт.

Теледен кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетпей, калган аңгемени көчөдөн улантып, көпкө туруп калышат.

– Ие, Салижан, мен тияк-биякта командировкалап көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, жаштардын дүбүртү кандай?– десе, жообу даяр, шайыр Сакем:

– Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт, – деп каткырган экен.

Айтматовдун машинесине түшпөй койгом деп айтканга жакшы

Чыке менен Саке телестудиянын алдында көпкө аркы-терки басып, аңгемелешип, убакыттын өткөнүн да байкабай калышат. Бир маалда Чыке саатын карап:

– Ой, Саке, кеч болуп калган турбайбы, кетели, – деп калдалаңдап шашып, кызматтык “Волгасынын” арткы эшигин ачып, Сакеге “кел, түш” дегендей ишарат кылат.

– Жок, түшпөйм, – деп Саке кетенчиктеп, артка кетет.

– Сага эмне болду?– деп Чыке түшүнө албай чочуп кетет.

– “Сенин машинеңе эмес, керек болсо кезинде Чыңгыз Айтматовдун машинесине да түшпөй койгом” деп кийин айта жүргөнгө жакшы, – деп адатынча карсылдап каткырып тамашалап күлгөн экен.

Колго тийгенин алдык да ээ

“Кыргызстан маданиятында” Кукеш деген өзү ыргайдай арык, көзү жүлжүк, өңү серт жаш кабарчыбыз бар эле. Редакцияда түштөнүп олтурсак, Салижан аке келип калды. “Келиңиз, агай” деп сый-урмат менен төргө өткөрдүк. Баягы жаш кабарчы Кубанычбек “менин артыман далай сулуу кыздар чуркаган, аялды тандап жүрүп албадымбы” деп өзүнүн жымшыйган кебетесин унутуп, катуу мактанып олтурду.

Бир убакта чыдабай кеткен Салижан аке:

– Ие, Кукеш, экөөбүздүн кебетебиз бу, боюбуз тиги болсо, анан кайдагы сулуу кыздарды тандамак элек? Колго тийгенин алдык да ээ, туурабы?– десе, кыраан-каткы, күлбөгөн киши жок дейт…

Ит менен арстандын айырмасы

Академик, профессорлор арасынан ким бирөөсү:

– Э, Салижан, башка окумуштуулардын баары эле 10-15тен аспиранттарды чыгарды, а сен Искендер Жумабаевден башка эч бир аспирант тарбиялабапсың да, – десе, Сакебиз:

– Ит менен арстандын айырмасы эмнеде? Иттин тукуму көп, арстандыкы бирөө эле болот, – деп жаагын жап кылыптыр.

Бир мээ да сатып алыш керек болот турбайбы

Кайсы бир жылдары адабий томдуктарга жазылуу абдан мода болуп кетпеди беле. Анан бир күнү Салижан акеге Ош университетинин бир профессору конокко келип, чай үстүндө Толстойдун он томдугун, Хэмингуэйдин төрт томдугун алганын айтып мактана кетти дейт. Аны угуп “ии, жакшы, жакшы” деп отурган Салижан аке бир оокумда тигиге “Эми мунун баарын окуп чыкканга бир мээ да сатып алыш керек болот турбайбы” деп хахалап күлүптүр.

Халтурщик акынды кайра келгис кылып көөмп келатам

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтып берди эле: “Бир күнү келатсам алдыман Салижан аке чыгып калып экөөбүз чогуу бастык. Салижан аке, каяктан келатасыз десем, “бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына кайра келгис кылып көөмп келатам” деп Каныбектин боорун эзиптир.

Өзбектердин беш принциби

Салижан аке Өзбекстанга элчи болуп барса, ал жакта 22 чет мамлекеттин элчилиги бар экен. Ошолордун ичинен өзбекче билген бир гана Салижан аке турбайбы. Ошонун аркасы менен абдан популярдуу болуп кеткен Салижан акенин кабинетинен, айрыкча, дипломаттык кабыл алуу, банкеттер болгондо журналисттердин, чиновниктердин буту үзүлбөйт дейт, орусу болобу, өзбегиби, башкасыбы айтор, Салижан акени айланчыктап… Көрсө Сакең жанагыларга шайыр анекдоттордон айтып, боорун эзип, айтор өзүнө абдан байлап алган экен да. Бир күнү Шараф Рашидовдун тышкы иштер министри болуп иштеген күйөө баласы “Салижан ака, анекдотуңуздан битта шиңгил таштап коюң” деп таза суранып калбаспы. Ошондо Сакеңдин айтып берген аңгидоту бул: “Еврей туулганда андан сурашкан экен, бул жарык жашоого эмне максат менен келдиң?” деп. Еврей билим алып, байлык топтоп, адамзатты башкарганга келдим дептир. Жаңы төрөлгөн орустан сурашса, бул дүйнөгө арак ичип, ойноп кеткени келдим дептир. Өзбек төрөлүп, бул дүйнөгө нимага келдиң дешип ага да суроо узатышат. Өзбек болсо “бу дүйнөгө Ислам Абдуганиевичтин беш принцибин аткарганы келдим” дейт имиш. Анекдот бутага дал тийген окшойт, ошондон беш айдан кийин эле нота келип, Салижан аке элчилик кызматтан чакырылып алынган экен.

Эң сыйлуу конокторго жапкан жууркандарыбыз ушундай

Эсил кайран СССРдин заманында Теңдик Аскаров жазуучулар Союзунун биринчи секретары болуп иштеп, ооматы келип турган чагында Салижан Жигитов менен Аман Токтогулов дем алыш күндөрү анын үйүнүн тушунан өтүп баратышып учураша кетели деп кире калышат.

Теңдик Аскаров менен жубайы күтүүсүз келген конокторго дасторкон жайышат. Дасторконго бышкан чучук, колбаса, чөп-чар, кешиктен калган бир аз эт, нан, ичкилик коюлат.

– Каап, айтып келсеңер болмок экен, дасторкондун жайы болбой калбадыбы, – деп Теңдик ага менен жеңе бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, наалый беришсе Сакең:

– Ой, Теке, ой, аяш, айланайындар, биз эң сыйлуу коногубузга бир айлап камынганда да мындай дасторконду алдын-ала даярдай албайбыз. Ыраазыбыз, дасторконуңар, сыйыңар мыкты болду, – деп көңүлдөрүн тынчытат.

Андан көп өтпөй Аман Токтогулов Салижан акеникине айттырбай келип калат.

– Жеңе, Сакем үйдөбү?– десе, Кимия жеңе:

– Байкең үйдө айланайын, кир, – деп үйгө кийирет.

Залга киришсе, залда жок. Балконго чыгып кеткенби деп балконго чыгып карашса, Салижан акенин окуп жаткан китеби колунан түшүп, үстүнө сөгүп жүнүн жууйун деп таштап койгон, жедеп эскилиги жетип жүнү ар кайсы жеринен булайып чыгып турган жуурканды жамынып уктап жатыптыр…

Тигилердин кобурунан ойгонуп кеткен Салижан акеге Кимия жеңе: “Ой, тиги жакта жакшынакай жууркандар турса ушуну жамынасызбы?” деп уялганынан бир тиет. Жеңенин уяла түшкөнүн байкаган Аман Токтогулов: “Эч нерсе эмес, жеңе, уялбаңыз, биздин үйдө эң сыйлуу конокторго жапкан жууркандарыбыз ушундай” деп Салижан акенин ыкмасы менен кайра өзүн тамашалаптыр…

Эми орустар кетип, биз түрктөрдү эзебиз

Кыргызстан жаңы эгемендикке жетишкен жылдары Түркиядан делегация келип, Бишкекти кыдырып көрүп жүрүшөт. Аларды коштоп жүргөндөрдүн ичинде Салижан Жигитов да бар. Көпкө кыдырышкан соң коноктордун бири түрк тилин мыкты билген Салижан акеге: “Силерди канча жылдар бою орустар эзип келгени көрүнүп турат, караңызчы, борбор шаарыңыздар го жакшы жерде жайгашыптыр, бирок архитектуралык жасалгасы өтө эле көзгө комсоо экен, өңчөй бозоргон, бир кылка имараттарды кура беришиптир, – десе, Салижан аке: – Ой, гардаш, орустар бизди эмес, жетимиш жыл бою биз аларды эздик, шаарларды, завод-фабрикаларды курдурдук, жол салдырдык, ушул шаарды да ошолор курган, кыскасы болгон иштин баарын жасатып алдык, мына эми биздин эзүүдөн кутулуп, өз өлкөсүнө кетип жатышат, – дебеспи. Анда таң кала түшкөн түрк: – Орустар го кетип жатыптыр, эми кимди эзесиңер?– деп сураса, Салижан аке: – Силер келип жатпайсыңарбы, эми силерди эзебиз, – дейт имиш шак эле.

Кабыл Макешов, Sputnik Кыргызстан, 17.03.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: