Мухаммед Заман өз доорунун кашкөйү


XVII кылымда өткөн перс художниги Мухаммед Заман ислам художниктеринен биринчи болуп европалык художниктеринин сүрөт тартуу техникасын пайдаланган. Ал Персияда биринчилерден болуп май боёк менен да сүрөт тарткан. Ислам дини адамдын сүрөтүн тартууга уруксат береби?

Кээ бир адамдар өз заманынан озуп, чоң тарыхый бурулуштарды жасашат. Чыгармачылыгы 1649-1701-жылдарды камтыган Мухаммед Заман ушундай жаңычыл инсан болгон. Ал перс живописинде биринчи болуп сүрөт тартуунун европалык техникасын: жарык менен көлөкөнү жана перспективаны пайдаланган. Бул үчөө Ренессанс доорунан берки Европа живописинин эң чоң табылгасы эле. Мухаммед Заман перс художниктеринен биринчи болуп кендирге май боёк менен сүрөт тарткан. Ага чейин художниктер китептер менен кол жазма-манускриптердин бетин ар кыл өңдөгү сыя менен cызып, кооздошчу (Кытай художниктеринин таасири). Мухаммед Заман тууралуу теги ирандык художник Хуман Аскаринин кеби:

– Тарыхый документтерге таянып, Мухаммед Заманды Персиянын сефевиддер доорундагы революционер же жаңычыл художник деп айта алабыз. XVII кылымда жашаган Мухаммед Заман өз өнөрүнүн теңдешсиз чебери болгон. Ал Чыгыш менен Батыштын сүрөт тартуу манерасын айкалыштырып иштеген ирандык биринчи художник.

Мухаммед Замандын эмгектерин карап, анын сүрөт тартуу техникасы орто кылымдык Европанын, анын ичинде Италиянын художниктерине көбүрөөк жакын экенин көрөбүз. Мухаммед Заман сефевиддердин улуу падышасы, Шах Аббас тарабынан Римге сүрөт тартуу өнөрүн өздөштүрүүгө жиберилген. Башка бир маалыматтар боюнча, Мухаммед Заман тарса-христиандарга чокунуп, атын Паоло деп өзгөрткөн жана Мухаммед Заман Паоло Кермани болуп калган. Керман Ирандын ортолугундагы шаар. Кээ бир окумушуутулар Паоло Заман жана Мухаммед Заман такыр башка адам экенин айтышат. Бири динзар, экинчиси художник. Ошон үчүн аларды адаштырбаш керек дешет аалымдар.

Перс маданиятын терең казып изилдеген орус изилдөөчүсү А. А. Иванов XVII-XVIII кылымдарда Персияда аты белгилүү 19 Мухаммед Замандын бири да Италияга барбаганын, евроапалык темага үндөш сүрөттөр италиялык эмес, фламандиялык художниктердин эмгектеринин таасири астында тартылганын далилдеген.

 

Мухаммед Заман. Фирдосуинин "Шахнаме" дастанына иллюстрация. 1669-жыл. Метрополитен музейи, Нью-Йорк.

Мухаммед Заман. Фирдосуинин “Шахнаме” дастанына иллюстрация. 1669-жыл. Метрополитен музейи, Нью-Йорк.

Исфахан – дүйнөнүн жарымы деген сөздүн жандырмагы

Ал эми сефевиддер тукумунан чыккан Шах Аббас Европа искусствосун сүйгөн жана анын мияткери болгон деген миф анын Осмон империясына каршы Батыштан саясий санаалаштарды издөөсү, сооданы өнүктүрүүгө умтулуусу, падышалыктын байтакты Исфаханды Персиянын маданият борборуна жана түрдүү элдер жана диндер үчүн ачык шаарга айлантуусуна байланыштуу.

– Шах Аббас көркөм өнөрдү аябай сүйгөн, художниктер менен өнөрпоздорду колдогон. Шахтын мурастарын же ал кезде чогултулган көркөм дөөлөттөрдү Исфахан шаарынан бүгүн да көрө аласыз. Көпчүлүк ирандыктар Исфаханды “несф-е джеха́н” – дүйнөнүн жарымы деп аташат. Исфахандагы эң кооз жана архитектуралык жактан маанилүү имараттар Шах Аббастын учурунда бүткөрүлгөн. Шах Аббастын көркөм мурастарын сактоонун зарылдыгын 1979-жылы бийликке келген консерватор-диниятчылар да түшүнүшөт. Бендер-Аббас порту Шах Аббастын урматына али да Бендер-Аббас деп аталууда.

Мухаммад Заман аталган Аббас IIден (1532-1567) башка дагы шах Сулайман (1667-1694) жана Султан Хусейн (1694-1722) тушунда падыша сарайында сүрөтчүлүк кылган. Бүгүн анын кол тамгасы коюлган 24 эмгеги ар кайсы музейлерде сакталуу.

 

Cалт жана дин

Персияда сүрөтчүлүктүн, анын ичинде миниатюранын, ошондой эле европалык живопистин өнүгүүсүнө XVI кылымдын башында сефивиддер династиясынын сунниттер башындагы Халифаттан расмий түрдө бөлүнүүсү жана исламдын шиит агымын падышалыкта расмий дин деп жарыялоосу да оң таасир эткен. Бул биринчиден. Экинчиден, Хуман Аскари айткандай, Иранда сасаниддер доорунан бери келаткан салт бар болчу.

– Иранда эски падышалык династиялар сасаниддер доорунда эле (224-651) эчендеген сүрөттөрдү заказ кылышкан. Ал кезде жана андан мурдакы ахеминиддер династиясы кезде сүрөтчүлүк гүлдөп өскөн. Ал мезгилге таандык архитектуралык имараттар, скульптуралар, сүрөттөр, мозаикалар, барельефтер Шираздын жанындагы байыркы Персеполис шаарында жаралган. Персеполисте жаралган көркөм байлыктар дүйнөнүн түрдүү музейлеринде сакталуу.

Мухаммед Заман. "Чекилдек гүлү". (1663-64). Бруклин музейи, Нью-Йорк.

Мухаммед Заман. “Чекилдек гүлү”. (1663-64). Бруклин музейи, Нью-Йорк.

VII кылымдан кийин пайда болгон убактылуу боштукту Мухаммад Заман сефевиддер доорунда толтурган. Мухаммад Замандын ирандык башка художниктерден айрымасы: Батыш художниктеринин манера жана техникасын биринчи болуп колдонгонунда. Мухаммад Заман китептерди да көркөмдөгөн. Анын сүрөттөрүнүн эң атактуулары Низами Гянжевинин (1141-1209) беш поэмадан турган “Хамса” жыйнагына жасаган 16 иллюстрациясы.

Мухаммад Замандын “Бахрам Гур ажыдаарды өлтүрүүдө”, “Атчан канзаада жана жөкөрлөрү”, “Шах Түрктазынын сыйкырдуу Түрктаз багына барышы” жана башка эмгектери европалык сүрөттөргө аткаруу техникасы боюнча, ал эми “Египеттен кайтып келүүсү” болсо диний темадагы сүрөттөргө сюжеттик жактан бир кыйла окшош. Май боёк менен тартылган “Чекилдек гүлү” болсо ислам живописи үчүн чоң жаңылык.

 

Суннизм адамдын сүрөтүн тартпа дейби?

Суннит мусулмандарында тирүү жандын, пайгамбардын жүзүн тартууга жана айкелин жасоого тыюу салынган деп, Арабия жарым аралында ислам эми пайда болгон кезге таандык жобо айтылып жүргөн. Суннизм адамдын сүрөтүн тартууга байланыштуу эмне дейт? Суроого Шейх Садыкжан Камалиддин мындай жооп берди:

– Бисмилла ир-рахман ир-рахим! Бул (адамдын ажарын сүрөткө тартуу) бир аз талаш- тартыштарга себепчи болгон маселе. Ислам дининин келиши менен Каабадагы буттарды, сүрөттөрду жок кылып, алардын ордуна жалгыз Аллага гана табынуу зарылдыгын адамдарга түшүндүрүп, адамдардын колу менен жасалган нерселерге ибадат кылууга, сыйынууга тыюу салынган. Азыр 1437- хижра жылы. Ушунча убактан бери жаны бар адамдар сүрөткө тартылбасын, жаны жок, руху жок нерселер тартылса эчтеке болбойт деп айтылат динибизде. Адамдар сүрөт тартып, ошол сүрөттү ыйык көрүп, ага сыйына баштайт деген көз караштан улам исламда адамдын сүрөтүн тартууга тыюу салынган. Ошон үчүн пайгамбарыбыз жана анын сахабалары сүрөткө тартылган эмес.

Абд ал-Раззак. "Мухаммед пайгамбар Каабанын үстүнөн учуп өтүп баратат". Низаминин "Хамса" дастанына иллюстрация (1494-1495). Британия музейи, Лондон.

Абд ал-Раззак. “Мухаммед пайгамбар Каабанын үстүнөн учуп өтүп баратат”. Низаминин “Хамса” дастанына иллюстрация (1494-1495). Британия музейи, Лондон.

Бул маселе боюнча дагы бир ислам аалымы, Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун кеби мындай болду:

– Бисмилла ир-рахман ир-рахим! Чынында бул суроо бир караганда жеңил көрүнөт. “Жок. Сүрөт тартканга болот же болбойт!” деп айтып койсо деле болот. Бизде ошентип айткан радикалдуу көз караштагы “кургак молдокелерибиз” да бар. Мен “молдоке” дегенде жалпы ислам ааламын айткым келип турат. Экинчиден, бул жерде философиялык маңыз бар. Ар бир сүрөтчү жандуу нерсени тартканда ошо нерсеге жан киргизип коё тургандай ышкы менен ага өзүнүн рухун киргизип жаткандай болуп, мисалы, кашын иймеп жиберсе, оозу кыймылдап сүйлөп жиберсе же мени карап, күлүп ийсе дегендей эйфорияга жибип кетип, өзүн кайсы бир деңгээлде толук кудай сезбесе дагы кудайдын кайсы бир аракети ошо адамдан табылгандай сезим адамда болбосун деген таризде айтылган.

Эгер кимде-ким жандуунун сүрөтүн тартса, кыяматта кудай таалам ошол адамга жан салып бер деп кыйнайт деген маанидеги хадис да бар. Бул адам эч убакта өзүн кудайлык макамга жеткире турган иштерди жасабоосу керек дегенди каңкуулайт.

 

Художниктерден айла качып кутулбайт

Бирок бул тартип араб дүйнөсүн албаганда Иранда, Орто Азияда жана Индияда катуу сакталган эмес. Бул үч аймакта миниатюра живописи кеңири жайылган. Буга XII-XVIII кылымдарда жашаган сүрөтчү-миниатюристтерден калган көптөгөн эмгектер далил. Белгилей кетели, атайын изилдөөлөрдө айтылгандай, араб миниатюрасы жокко эсе. Алдагы үч аймакта табиятка катар адамдар тартылган миниатюранын жаралышын кантип түшүнсө болот? Бул тууралуу Чубак ажы Жалилов:

– Жогоруда мен айткандай жагдайга карабастан, ислам аалымдары жандуу нерсени толук камтыбаган, анын элесин кайсы бир деңгээлде: мурдун тартып, көзүн тартпастан, же нары карап турганын тартып, же жүзүнүн жарымын тартып экинчи жарымын чачы менен жаап койгондой кылып, айтор бар адамды эмес, жок нерсени элестүү кылып тарткан болсо, андай нерсени шарият боюнча жокко чыгарышпайт. Бирок “кургак молдокелер” категориясындагылар адамды таптакыр эле сүрөткө тартканга болбойт деп айтып жүрүшөт. Алар көркөм оймо-чиймелерди жана арап жазуу маданиятын бетке тутат.

"Мухаммед пайгамбар тозокту барып көрүүдө". "Миражнаме". Герат, 1436. Улуттук китепкана, Париж.

“Мухаммед пайгамбар тозокту барып көрүүдө”. “Миражнаме”. Герат, 1436. Улуттук китепкана, Париж.

Ал эми Кураны каримде жана Хадистерде адамдын же жандуу нерсенин сүрөтүнө байланыштуу эмне деп айтылат? Шейх Садыкжан Камалиддин:

– Куранда бул тууралуу ачык айтылган аят жок. Хадистер бар. Пайгамбар үйгө кирсе, азирети Айшага белекке келген шейшеп сыяктуу нерсени көрөт. Анын сүрөтү чырайлуу экен. Азирети Айша аны пайгамбар жашачу бөлмөнүн кыбыла тарабына жайып коёт. “Бул менин оюмду алагды кылат экен. Арт жакка алып койгула. Намаз окуй турган жакка койбогула”,- деп пайгамбар аны алдырып койгон. Демек, кооз, чырайлуу нерсени пайгамбарыбыз “жоготкула” деген эмес. Сүрөт бар үйгө, ит бар үйгө периште кирбейт деген хадис бар. Бөлмөнүн кыбыла, Кааба жагында сүрөт болсо, ошол үйдө намаз окуу дурус эмес. Фотография эмес, кол менен сызылган сүрөт болсо, ошол үйгө периште кирбейт деген да хадис бар. Ушундан келип, Исламда кол менен адамдардын сүрөтүн тартуу мүмкүн эмес деген пикир жаралган.

 

Персиянын тарыхы жана живопись

Иранда же Персияда адамдардын же тирүү жанды сүрөткө тартууга эмне үчүн мүмкүн болгон? Анын себеби, бир жагынан өйдөдө айтылгандай Персиянын тарыхына байланыштуу болсо, экинчи жактан шиитерде 14 ыйык адамдан башка Кудайдын пенделерин сүрөткө тартууга болот деген ачык айтылбаган жобого байланыштуу, дейт Хуман Аскари.

– Шииттерде 14 ыйык адамды: 12 имамды, Мухаммед пайгамбарды жана кызы Фатимадан башка бардык адамдарды сүрөткө тарта берсе болот. Шииттерде ай календары боюнча мухаррам жана сафар айларында 14 күн имам Хусейндин (ибн Али) сүрөтүн динзарлар көтөрүп жүрүп, анын азаптуу өлүмүн эскерип аза тутушат. Ал сүрөт имам Хусейндин көзү тирүүсүндө тартылган эмес, анын символикалык элеси.

Дал ушул жагдай XVII кылымда жашаган Мухаммед Заманга сүрөт аркылуу адамдардын жашоосун, ой-мүдөөсүн чагылдырганга жана жаңы европалык художниктердин техникасын пайдаланууга мүмкүндүк берген.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 12.04.2016-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: