Мидин Алыбаев


(1917–1959)

Акын, драматург жана котормочу. Жумгал районунун Чаек айылында 1917-жылы туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу.

1930-жылдардын башында Фрунзедеги борбордук педтехникумга окууга кирет. 1936–1938-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде иштейт. 1938 – 1940-жж. Советтик Армиянын катарында болуп, ак финдерге каршы согушка катышкан. Согуштан кийин республикалык гезит-журналдардын редакцияларында иштеген.

М.Алыбаевдин чыгармачылыгы педтехникумда окуп жүргөн кезинде башталып, «Сабаттуу бол» аттуу дубал гезитке ырлары үзүлбөй чыгып турган.

Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген.

1937-жылы Мидин Алыбаевдин “Бактылуу жаштык” деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк “Акчүч”, “Мидин” жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан.

Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор тандык. Анын “Маяковскийге поэзиялык отчет” публицистикалык поэмасы, “Курорттогу окуя”, “Жантектин керээзи” аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет. Акын ошондой эле Г.Гулямдын, В.Саяновдун бир катар чыгармаларын которгон.

1939-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси “коноктор келгенче сейилдеп” келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына каттуу сокку жеп оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен.

Уикипедия жана Спутник-Кыргызстандын сайтындагы маалыматтардын негизинде даярдалды

 

Мидин Алыбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Мидин минткен экен… 

 

Ырлар

ЖИНДИ СУУ

Акындар төгөт термени,
Түгөнбөс ырдын кендери.
Эми уккула, жолдоштор,
Термени жаңы мендеги.

Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан,
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.

Карабайт кары-жашыңа,
Капаны үйөт башыңа.
Жүргөн жери ызы-чуу,
Эч кимге жакпайт жинди суу.

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал.
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып.
Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.
Жамандыкка жинди суу
Жарчы болот турбайбы.
Айтып коюш парс экен,
Жаш, карыга мындайды,

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макулда.
Тумандатып башыңды,
Зыяны тиет акылга.

Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрлүү гүлдөргө.
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө.

Шек билгизбейт жымыңдап,
Көзүн ымдайт кымыңдап.
Кез-кезде гана азырак,
Башың коет зыңылдап.

Анан өзү келет акылга,
Аракка арак макул да.
Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.

Анан түгөнбөс пахмел башталат
Баш ооруйт кайда качасың.
Бир стакан ичкенде,
Арстан кылат өзүңдү.
Өзүңө жанды теңебей,,
Арбытат айткан сөзүңдү
Кекеттирет сүйлөтүп,
Аңтарылтат көзүңдү.
Арстандыктан өткөзүп,
Анан мышык кылат жинди суу.
Бирине бирин апчытып,
Ошондо кызык кылат жинди суу.
Отсуз, майсыз күйгүзүп,
Сызык кылат жинди суу.

Чакырган үйдү жадатат,
Отурган элди таратат.
Эртесинде шылкыйтып,
Уялтып жерди каратат.

Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок, арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Баткактарга оонатып,
Чочко кылат жинди суу,
Адам жебес, ит жебес,
Сени ботко кылат жинди суу.
Дайым эле ошентпейт,
Кээ бир кезде билги суу
Обу жок кээ бир киши бар,
Оозуна албайт аракты,
Бирдемең барбы кана деп,
Коньяксыз ичпейт тамакты.
Коньякты таштап ичпеске,

Карыялардан бата алат.
Бирок, пивону согот чакалап,
Мен ичкенди койгом деп,
Көрүнгөндү жакалап,

Айтамын сөздү баарыңа,
Салгыла кулак жабыла.
Жарашпайт экен ичкилик,
Айрыкча көк ала сакал карыга.
Тамактай көрбө бозону,
Тарта ичкиле ошону.

Балбанды аттан оодарган,
Баатыр болот жинди суу.
Көйнөгү жок төшүндө,
Жакыр болот жинди суу.

Акын болсо үнүн жейт,
Жаштын терип гүлүн жейт.
Чечендердин сөзүн жейт,
Сөзүнөн кийин өзүн жейт.

Айтылуу сулуу келиндин,
Көрөсүң көркү кеткенин.
Өзүңчө туруп кейийсиң,
Көргөндө мастын өпкөнүн.
Ак шайы көйнөк эми жок,
Ак тубар жоолук деги жок.
Кийип калган этине,
Апасынын чепкенин,
Ырдап калат тийишип,
Абийиринин кеткенин.
Мастардын бүтпөс сөзү ошол,
Сөз кылат айым өткөнүн.

Бирин-бири макташат,
Бирин бири жакташат.
Элдин баарын тилдешет,
Көңүлүңдү зилдетет.
Бирин-бири өбүшөт.
Анан бирин-бири сөгүшөт.
Кайра баштан сыйлашат,
Жин тийгенсип ыйлашат.

Куран окуйт мас болуп,
Күйгөндөн ырдайт жаш болуп,
Эстеп ыйлайт атасын,
Илгерки өлгөн апасын.
Карап турсаң мастарды,
Чоң кызыкка батасың.
Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар намыс,
Чоң касиет адамга.
Түбөлүк жашап каласың,
Эмгегиң сиңсе заманга.
Көрктөнөт киши жумуштан,
Элиие кызмат кылыштан.
Кээ бир, кээ бир көпкөндөр,
Адашат жүрүш-туруштан.
Алы жетпейт арбайып,
Бөтөлкөдөн чыгыштан.
Душман көрөт өзүңдү,
Ичпе деп жардам кылышсаң:

Айткан тилди албайбы,
Кубалаш керек андайды.
Азыраак айтып мастардын
Кылыгын санап талдайлы.
Акындар айтпайт бизди деп.
Алардын көңүлү калбайбы.

Жинди болот мас киши,
Элүүсүндө жаш киши.
Элдин баарын үркүтөт,
Кутуруп жүргөн өз киши,
Чындыгында кемпайлар,
Өзүнө өзү кас киши.
Адегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат,
Кекиртектен кетти деп,
Ал, кыргызга бүтүн угулат.
Боору ооруган начальник,
Аны кайра алат ишке калкалап.
Ашып кетсе алты күн,
Араң жүрөт чалкалап,
Ичпейм деп айтат күчтөнүп,
Үч күн жүрөт тиштенип.
Кылжыңдап келет бир күнү.
Шляпасы бүктөлүп.

Кызматчылар жабылып,
Башын чайкап турушат.
Столдорго чалынып,
“Соомун” деп кайра урушат.
Акыл айтса өзүңө,
Ошондо куйкаң курушат.

Эми койдум анык деп,
Түгөнбөгөн убада.
Учу-кыйры билинбейт,
Убада байкуш убара.

Жан-жагыңды карасаң,
Күлүп турат жарашып.
Кыз-келиндин бардыгы
Сүйгөндөй сени карашып.
Башка сөзгө көчөсүң,

Барып калат айлына,
Баардыгын салат кайгыга.
Көк мээ кылып көп сүйлөп,
Көз көрүнөө айлына.

Орусча сөгөт энесин,
Ыйлатат жакын жеңесин.
Бээлерди үркүтүп,
Быт-чыт кылат желесин
Жакының болсо ичкичтен,
Уялып элден өлөсүң.

Көркүнө чыгып гүлдөгөн,
Жериң менен иши жок.
Көкөлөп өсүп бараткан,
Элиң менен иши жок.
Жакындатат кылмышка,
Жабыркатат турмушта.
Өнөрүң болсо өргө чап
Ашыгып иште, күн кыска.

Кең Ала-Тоо керилген,
Келберсиген жериңден.
Атыр аба, агын суу,
Баары бизге берилген,
Ойноп-күлүп көрүп өт.
Кутулуу жок өлүмдөн.
Оюн-күлкү болбойбу,
Ичмейинче аракты?
Асманатып сыздырбай,
Сындырат арак канатты.
Жөн эле жегин тамакты,
Карматпай эски адатты.

Азамат болуу аста-аста,
Айран болуу бир паста.
Ууртап-татып көнбөгүн,
Миң таштаба, бир ташта.
Сөз кадырын сыйлаган,
Бир сөз жетет бир башка.

Койгун деп элиң асылат,
Койбосоң бир күн басылат,
Жымыя күткөн ырыскы,
Томсоро качып жашынат,
Эн тамгасын бөлөктөп
Салып коет жинди суу.
Акыры менден өлөт деп,
Алып коет жинди суу.
Чөнтөгүнө култуйтуп,
Салып коет жинди суу.

Ичкичтердин түрү бар,
Алардын түрүн билип ал.
Чатагы жок шимирген,
Жүк көтөргүч пили бар.
Бирок, көйнөгү арак жыттанып,
Күйүп кеткен түрү бар.
Элден-журттан бөлүнгөн,
Бечара тарткан үйү бар.

Тандабай кызыл агынан,
Табылса соккон таңынан.
Кызыл мурун деген бар,
Мына, ошолор жаман баарынан.

Каны тарткан ичине,
Жутуп алса кичине,
Эртесинде шишиме,
Ичсе кирген күчүнө.

Тартипсиз болот чачтары,
Тайтаң-туйтаң басканы.
Аракка кетет ар дайым,
Антип минтип тапканы.

Арканы жок, жиби жок,
Байлап алат жинди суу.
Жылаңайлак-жылаңбаш,
Айдап алат жинди суу.
Анан өзүңдү өзүң билесиң,
Өөдө төмөн жүрөсүң.
Куш сайрабас, күн тийбес,
Түнт токойго киресиң.
Ачуу-ачуу кыйкырып,
Аржаңдап жалгыз күлөсүң,
Айлыңа жакпайт мүнөзүң.

Анын эч ким жетпейт түбүнө,
Ал жетет сенин түбүңө.
Көзүңдүн агы жоголуп,
Коркурак кирет үнүңө,
Өз балаң коркуп бекинет,
Көргөндө сенин түрүңө.
Агайын-тууган бириксе,
Сөз бербейсиң бирине.
Таамай-таамай сайрайсың,
Тибиртке чыксын тилиңе.

Бүчү менен топчуңду,
Буфеттерде үзөсүң,
Ысык-Көлдө жүргөнсүп,
Кургак жерде сүзөсүң.

Калтыратат колуңду,
Ийри кылат жолуңду.
Жайдын күнү кийгизет,
Кышындагы тонуңду.

Күн кайнаган жайында,
Июль, август айында,
Кийиз өтүк бутуңда,
Мына, анык күлкү ушунда.
Суу кечкен теке кейптенип,
Плащчан коет кышында.
Батинкесиз, өтүксүз,
Эски галош бутуңда.
Айылдан ичсең аракты,
Көрсөтөт түрдүү санатты.
Мугалим болсоң бир жерге,
Окуттурбайт сабакты.

Эл базарга барганда,
Сен да калбай барасың.
Көйнөксүз эрдин бир тобун,
Көк базардан табасың,
Ок тийгендей оп этип,
Аттан кулап каласың.

Өткөн, кеткен күлүшөт,
Жанында иттер үрүшөт.
Күүгүм кире күн бата,
Чөнтөгүңө киришет.

Таппайсың туруп атыңды,
Чеңгелдейсиң башыңды.
Бутуңда жок өтүгүң,
Суу болуп жатат көчүгүң.

Сай-сөөгүң сыздап жүлүндөйт,
Чылпактап көзүң ириңдейт.
Оозу-башың бүлкүлдөп,
Сүйлөгөн сөзүң билинбейт.

Оолукма кылат өзүңдү,
Опсуз кылат сөзүңдү.
Ата-энеден тилдетип.
Акшыңдатат көзүңдү.

Тамактан такыр каласың,
Суусап күйүп жанасың.
Ичкиң келсе айла жок,
Бир сомдук арак аласың.

Стаканды карайсың,
Бир тамчы болсо жалайсың.
Тааныш издеп сандалып,
Беш сом акча самайсың.

Ашаткан тери жыттанат,
Үстүңдөгү кийгениң,
Жинди бойдон өлөсүң,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн.

Ит каппайт сени адам деп,
Кыз сүйбөйт сени жаман деп.
Милицияда жатасың,
Штраф кайдан табам деп.

Айтканымды ойго алар,
Акылы бар жаш бала.
Ардактуу асыл башыңды,
Аракка кылба маскара.

 

АДАБИЯТТЫК ПАРАД

Мына, адабияттык парад,
Көргүлөчү, өзүңөр карап.
Ар-бирин чымчып өттүм,
Аша чапсам, баары биригип –
Мени “төө бастыга” алат.

 

МУСА ЖАНГАЗИЕВГЕ

Сан жагынан Жангазиевди алсак,
Жакындап келет Лев Толстой, Бальзак.
Тигил экөөнү сатат…
Окуучулар талашып, жаңжал-чатак.
Жангазиев жаны тынч складда жатат.
Ушундайда билинет экен сапат…

 

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВГО

Драматургияда эмгегиң ак.
“Тар капчыгай”, “Кумдуу чап”.
Коюлул турса болот эле кап!
Эмки ишиң ийгиликтүү болсун
“Атабектин кызын” жакшы бак!

 

ШИМЕЕВ СМАРГА

Билип бер–деп акындан сурап,
Кыйнап жатат лирика деген чунак,
Булбулдун кирпигинен
Мончок жаштар кулап.
Бир жагынан шолоктойт салкын булак.
“Анык лирик мени кыйбайт эле”–деп,
Асманда ай турат.
Кейип-кепчип, акынды жоктойт,
Керимсел жүргөн кечки убак.
Эң аягында кыздар:
– Эми эле карып калдыбы дейт,–Смар!

 

ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВГЕ

Эч ким чыкпаган соң сындап,
Халтуранын кашка чымыны–
Учуп жүрөт дыңылдап.
Кээ бирөөлөрү сынчылардын–
Тим эле, мурдуна конот ыр-ырдап.
Эгер Өмүркул шыйпанып койсо,
Бир чымындын буту сынмак.
Ошондуктан унчукпайт,
Өмүркул сак, Өмүркул кылдат…

 

НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВГО

Кыйын бастың кырманды,
Оп, майда, оп майда, оп!
Түшүмүң: “Жаш муундар”–
“Салтанат” жана бир топ.
Азыркы китебиңдин аты:
“Акыркы ок”
Деги “акыркы” дебей жүрчү,
Кээ бирөөлөр айтпасын:
– Мындан башка дүрмөтү жок!

 

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВГЕ

Бир жагынан жомокко жакындап,
Экинчи жактан романга жакындап.
Кээде повестти такымдап,
Түзүк жазылды “Каныбек” –
Кара шакылдак.

Автордун оюна койсо:
Какемди улам өзгөртүп турмак,
(Кээде калпак кийгизип, кээде тумак)
Илимдер Академиясына –
Мүчө корреспондент кылмак,
Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.

 

АЗИЗ САЛИЕВГЕ

Азиз – сынчы.
Аны ырчы деп айтсам жаңылам.
Бирок, өзүн көрсөтө элек абыдан.
Бир эмгекти сынайт деген үмүт бар:
Эң жок дегенде… философиялык жагынан.

 

ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ

Ыр жазам деди Темиркул,
Ак алтындуу талаадан.
Анжиян,
Араван, Караван,
Жазган ырың али жок,
Көп жыл өттү арадан.

 

КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВГО

Жаңыртып эмгек берсе деп,
Жалпы элдин турса оюнда.
Миңдеген сиздин окуучу,
Милдетти такса моюнга,
Көп олтуруп алдыңыз,
Көгөргөн “Көлдүн боюнда”.

 

ЯСЫР ШИВАЗАГА

Чыдай албай чыныга жазды ыр
Биздин Ясыр.
Чыны сынып калат,
Кагазга жазар кез келди азыр.

 

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО

Түгөлбай жазам десе далай сыр бар,
“Тоо арасында” өткөрдү нечен жылдар.
“Апий ботом”ду айтып бүттү “Абысындар”.
Эми Түкөм тоо арасынан ылдыйлап келсе,
Завод, фабрика, пахта жөнүндө бирдеме берсе.

 

ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ

Аалыкем, эл акыны – элүү бир жаштагы,
Бирок, күчөп эми чыкты таскагы!
– Карылыктын алды ушу – деп,
Кара сөздөн баштады.
Этек жагын ырдап кетпесе экен,
Эсине түшүп жаш чагы.

 

АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВГЕ

Көпчүлүккө чыксаңыз,
Көөдөнүң ырдын кениндей.
Жазуу жакка келгенде
Жай жүрөсүз эринбей.
Кашаң тартып кеттиңиз
Камчыланбай, теминбей.
Төрдө олтуруп көнбөңүз
Төркүлөгөн келиндей.

 

СААДАТ–КАНДИДАТ

Арыштап, алга шилтеп кадам,
Көбөйсүн билимдүү адам!
Илимдин, техниканын азаматына
Кубанбаганда,
Кантет элек анан?!
Ошондой болсо да,
Кайсы бир “Илимпоздорго”
Таң калам…

Иликтеп билгендер кеп кылат,
Анын илимдерге кандайча
Кандидат болгонун,
Тапкан жолдорун,
Кантип бул атка конгонун.
Жалооруп көзүн карап,
Жумшак тили менен жалап –
Бир “кокуй” профессордун
колдорун,
Ишенбегендер,
Алган темасынан эле болжогун.

Кээ бирөөнүн алган темасы
“Чегирткенин үнү”
Жээ “жарганаттын жүнү”
Ушуларды
“Изүүлдөгөн” имиш күнү-түнү.
Кээ бирөөнүкү,
Жөн эле эчак белгилүү
Иштердин бир түрү.

Андайлардын максаты
Эптеп эле кандидаттыка илинсе.
(Темасынын байланышы
Болсо дагы, болбосо да илимге).
Кээ бирөө мындай деп жазат:
“Төкөлдөштөрдүн тили
Кыргыз тилинде”
Бирок,
“Музоо” деген сөз
“Мосоо” болуп жүрөт биринде.

Мына ушундайдын бири –
Айдаркулов Саадат.
Биздин Саадат.
Башкалар күндөп өссө,
Бул “өстү” сааттап.
“Мына бул тамга –  “Ың”
Куйрук коюлуп жазылары чын” –
Деди “айкындап”.
Аспирантураны бир айда аттап,
Эң эле бат,
Боло түшкөн,
Илимге кандидат.
Биздин Саадат,
Ырас, билет кат.
Бирок, оордук кылат
Кандидат
Деген ат.
Антпесе,
Дагы алга жылат эле го
Адымдап?!
Он жылдап,
Ордунда турат,
Эскирди го
Бул кандидат,
Эң көп басып эңилчек, дат?!

 

БЮРОКРАТ

Ууру,
Ушакчы,
Кошоматчы.
Ушулардын бардыгы,
Капитализмдин калдыгы.

Дагы бирөө–
Ал–бюрократ!
Анын турпаты–
Дароо эле билинип турат.
Салам айтсаң,
Араң–
Башын ийкейт көңүл улап.
Үстүнө кирсең,
Газета окуп жатып–
Сени карабастан колун сунат.
Сөзүңдү,
Таптакыр–
Көңүл койбой угат.
Бюрократ,
Мына ушундай чунак!

Мен,
Ушундай типтен –
Бирди билем.
Кабинети жасалга,
Жумшак диван,
– Килем.
Ал кишиге,
Үч-төрт күн жүрүп,
Араң кирем.

Иштеген иши:
Же ЗАВ,
Же ГЛАВ,
Же директор.
Айтор
“Чоң”!
Деги киресиң да,
Жумушуң бар болгон соң.
Бирок,
Сөзүңдү айттырбайт,
“Шаңгыр” деген сайын–
Жарым сааттан сүйлөшкөн телефон.

Ушинетип,
Олтурганда бюрократ.
Ага кирүү үчүн, –
Эшикте толгон эл турат.
– Бошодубу? –
Дешет –
Секретардан сурап.
Ошол кезде
Дагы башка жак менен сүйлөшөт,
Телефонду улам бурап.
Бюрократ,
Мына ушундай чунак.
Бир жумушту,
Бир ай сүйрөйт эң кеми.
Бирок,
Чыдайсың,
Улам тырмайсың желкеңи.
Ал үчүн,
Суук да эмес,
Ысык да эмес,
Ошондуктан түгөнбөйт, –
Бюрократтын “эртеңи”.
Ал “сүрсүтүп” катып салат,
Эмгекчилердин арызын.
Бурчтарына,
Кол койгон болот,
Окубай туруп баарысын.
Сурап калсаң:
– Эчак жооп берилген деп,
Куушуруп коет далысын.
“Кирген из бар,
Чыккан из жок”.
Дегендей,
Ал арыздар,
Кайра кайдан табылсын?!

Бюрократтын,
Дагы бир мүнөзү:
(Буларга,
Мүнөздүү болот бул өзү)
Заматта,
Тааныбай калышат –
Кечээ эле,
Окууда,
Же армияда,
Бирге жүргөн жолдошун.
Бат эле,
Басыгын таштап,
Чыгара баштайт “жоргосун”.
Жупунулук,
Унутулуп,
Муздак гана –
Мамиле кылат тоңдоосун.

Сизди кайдан көрдүм эле – дейт,
Үйүндө сүрөтүң –
Турса да илинип.
Ушундан турат –
Бой көтөргөнү билинип.
Айласыздан айткың келет:
–Тааныбай калдыңбы, сен?
Баягы эле мен!
Келген жокмун–
Өлүп, кайра тирилип.
Мына ушул бюрократ,
Качан,
Кызматтан,
Түшсө кулап,
Жолугар замат,
Мурун эле колун сунат.
Ошондо сага көңүл бурат.
Жаны калбайт,
Өзүң түгүл,
Кайындарыңдын–
Ден соолугун кошо сурап.
Бюрократ,
Мына ушундай чунак!

Булардын мүнөзү,
Эскиден калган.
Мындайды
Жек көрөт, биздин заман.
Таза денеде,–
Болсун таза кан.
Аз учураса да,
Жоюлсун,
Коомубузга кереги жок!–
Бюрократ адам!

 

КОШОМАТЧЫ

Жолдош Окуучулар,
Эсиңиздерде Бар чыгар,
Чехов жазган “Хамелион”.
Учурунда “Хамелион”
Болуучу–
Жалгыз эмес, миллион.
Ал заман,
Эчак жоголгон.
Бирок,
Арабызда азыр да бар
Саркындылар
Ошондон.
Андайды биз да айтабыз:
“Хамелион”.
Баары бир кошоматчы болгон соң.
Ошондуктан,
Чехов Антон
Келиштирип,
Ат койгон.

Жолдош окуучу,
Эмкини
Эскинин копиясы деп жүрбө,
Азыркы “Хамелион”
Өңү да,
Өзү да,
Башкача түрдө
Булар бизде,
Жолугушат,
Анда-сандап.
Жүрүшөт өзүнүн начальнигин,
Же анын жээн-таякесин
Чукул жандап.
Булар кылыгын
Сыртка чыгарбайт дуу,
Өзүлөрү куу,
Кошоматчы сүйлөгөндөрдү,
Таап алышат тандап,
Кайсы бирөөлөрдү алдап,
Отун-суусун,
Оңой эле,
Беришет камдап.
Мына ушул кошоматчы,
Начальнигине ичи ысып,
“Мага келсе экен” дейт,
Сизге тийген кырсык.
Кошоматчынын–
Сөзү “сылык”
“Аксакал” дейт,
Фамилиясына тили келбейт,
(Анткени аны тергейт),
Акындыгы жетпейт,
Болбосо–
Жөн эле мактай бермек ыр кылып.
Жыйналышта,
Эчак
Жазылат жарышка,
Сөз алат,
Трибунага барат,
Адегенде,
Астыртан мактай турганын карап,
Анан,
Элге көз салат.
Колунда кагазы
Барак-барак,
“Аксакалынын” ишин,
Сынга алган болот азыраак.
Фактыларды,
Процентти
Бармак менен санап.
Кээ бирөөнү мойнуна алат.
Кээ бирөөнү
Кашкая эле танат.
Суудан жутат,
Таңдайын таптап.
Баштайт
“Аксакалын” мактап.
Ошол кезде элди карабай,
“Эмне деп жатат”
Дегенсип,
Улам бат-бат,–
Президиумга бурулат
Кылчактап.
Токтот десе да болбойт.
Трибунду бек кучактап.
Кошоматчы,
Өзүң айтчы,
Сени жакшы көргөндүн–
Өзү кошоматчы.
Ойлосоң керек,
“Менин,
Кылганымды көпчүлүк сезбейт”.
Биздин заманда,
Сага,
Эмне жетпейт.
Кошоматты койбосоң,
Коом сени жектейт!

 

“АК ЧҮЧ!…”

I

Рас,
Аялдар
Биздин коомдо чоң күч.
Бирок,
Арасында (анда-санда) бар:
Аккол
“Акчүч”.
Аккол дейбиз,
Ал анткени–
Колу тийбейт
Оор же кара жумушка.
Эзелтеден эби келбейт
Кечирээк жатып, эрте турушка.
Чоочунча коомай карашат
Коомдук жана үй турмушка.
Эри “эрксизден” эч нерсе айта албайт.
Тарелканы
Асманга ыргытып урушса.
“Акчүч” дейбиз,
Ал анткени–
Бир демеге
Ачуусу келсе эле,
Жата кетет үшкүрүп.
Күйөөсү “акчүч, жаным!” деп турат,
Кокус калса чүчкүрүп.
“Байкуш” эри,
Көптөн бери
Сырын алдырган–
“Музоосунда сүздүрүп”…

II

Жолдош окуучулар!
Сиздер ойлобогула:
–“Булар,
Күнгө күйбөс,
Суук тийбес,
Жерде багылган”.
Алган
Жардан сыймык көрүү–
Ал аялдын “багынан”
Ошондуктан,
Аккол жеңе–
“Багы” менен кабылган.
Аны
Жары
Артык көрөт жанынан.
Айланып
Көзүнүн агынан,
Сылап турат далыдан.
Мына ушундай
Эркелетет абыдан

III

Ошенткен сайын,
Күчөп дайым,
Ал жөн эле ак маралдай керилет.
Өз төшөнчүсүн
Өзү жыюудан эринет.
Басса бир жакка,
Же бир чака–
Суу алып келсе,
Долондун белин ашкандай
Демигет.
Күндө жеген тамак,
“Күнөөкөр” немедей болуп,
Араң жагат.
Кээде этти танат,
Кээде нанды танат,
Кээде котлет,
Кээде салат–
Каймагы жок болуп калса,
“Каран түндү” ошондо
Салат…

IV

Эрмеги күзгү–
Улам карап
Деги,
Өзүнө-өзү
Качан канат?
Биринин жеңи,
Биринин иреңи–
Туура келбейт–
Же жибек
Же баркыт халат.
Дагы күзгүгө барат.
Анан кантип балдарына көз салат?
Аларды “прислуга” багат.
Эң кичүүсүн,
Эки күндө–
Бир колуна алат.
Кайсы бир баласынын,
Канча жашка келгенин–
Унутуп да калат.

V

Бийик така,
Жапыс така,
Венский така,
Жыйырмадай жыйылып жатат–
“Босоножка”,
“Танкетка”,
Кайырма жака,
Ачык жака,
Туюк жака,
Мүчөсү.
Же өзү
Жарашпай калса,
Анда портной ката!
Күзгүгө да капа,
Өзүнө да капа.
Көзүнө жаман көрүнөт”
Эки эле жума
Мурда алган шляпа…

VI

Өкмөт бергенби,
Же төркүнүнөн келгенби,
Айтоор “Победа” минет.
Жаңы пальтого топчу издеп,
Базарга машина менен кирет.
Майда жумушка:
Кээде, бир кило тузга
Минет,
Уят экенин,
Уят эмес экенин кайдан билет?
Күйөөсү
Калгысы келбейт–
Анын “каарына”,
Макул болот баарына.
Антпесе,
Адаты бар таарынма–
Өзү минет,
Өзү билет,
Дароо кетет–
Кыштын күнү:
–Дарбыз сатылып жатат–десе–
Нарында!..

XII

Өмүрүндө
Оорубаса да ырымга.
Бир ай,
Эки ай
Курортко барат жылында.
Же Кавказга,
Же Крымга,
Чынында,
Чыдай албайт да
Жайкы чаңга,
Чымынга.
Экиленет,
“Оору” деп
Жүрөгүм,
Кабыргасын,
Бөйрөгүн.
Путевканы алат,
Чемоданга салат–
Курортко кийүүчү
Он бештей көйнөгүн.
“Ак чүч!” жеңе менен–
Аккол жеңе–
Жолугаар замат эле
Сүйлөшкөнү соода
Же болбосо мода!
Бирөөнү ушактайт,
Биринин сөзүн-бири мактайт,
“Ушундай”, “ооба…”
–Баланчанын аялы–
Алыптыр жибек килем.
–Ооба, кокуй,
Ошонун баркына жетип урунабы,
Анын
Сырын билем…
–Баланча кечээ кызматтан түшүптүр.
–Түкүнчө,
Түндө мас болуп теректи сүзүптүр.
–Баланча–
Болот дейт министир.
–Он алты министерство
Биригиптир.
–Меники орунбасарга илиниптир.
–Баланчанын,
Акча жегени билиниптир.
–Менин эрим,
Билбейм кайда иштээрин,
Ушуга жүрөгүм “зир зир”.
–Деле кызмат берилер бир,
Капа болбой жүрчү, жерге кир.
“Ак чүч” жеңе,
Аккол жеңе
Билимдүүсүнүшөт эң эле.
Же иштебейт бир жерге
Араң билишет
Автордун атын
Китептин атын,
Канчалык окуганын,
Көрөсүң–
Байкап турсак акырын,
–“Евгений Онегинди” жазыптыр–
Чехов деген акын.
Пьеса жазуу жагынан,
Лермонтов–
Тургеновго жакын,
–Сизге кайсы жагат–деп
Сурасаң.
Дароо жооп берет:
–Эң жакшы экен,
Маяковский жазган роман!
Биз айтышыбыз керек
Түптүз эле бетине:
Күнө “селкиде”
Жана “беркиде”
Эрлери коомго жек көрүнөт
Жетелетип коюп.
Аккол, “ак чүчтөрдүн”
Эркине!…
Элдик лакап,
Айтылган так
“Айып–
Кемикте гана эмес,
Керкиде!”
Биз буларды сынга алсак,
Жүрөгү түшүп калмакпы?
Ансыз деле
Чыдап келдик
Кесе тиштеп бармакты.
–Мен киммин!–деп
Күзгүсүнөн сураса,
–Аай!!!–деп
(Айтар эле айнек)
–Сен, жатып ичер жанбакты
Жеке эле
Мени тиктебей
Карасаң боло
Элди
Жерди–
Жан-жакты
Төмөн түшүрбө,
Советтик аял деген ардакты!
Рас,
Аялдар–
Биздин коомдо чоң күч!
Бул чоң күчкө качан кошулат
Өзү
Куштун көлөкөсүнө тоңгон,
Элге күлкү болгон
Аккол, “ак чүч”!!!

 

ТЯНЬ-ШАНЬ

Береке! Байлыкка мол Ата Мекен.
Жүрөккө барлыгынан жакын экен. Тияншан!
Деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.

Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тияншан кышта жылуу, жайда салкын.

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,
Ардагың артык мага, Тияншаным!
Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи
Ителги имерилген көк асманың.

Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын,
Кулакка симфония берет дайым.
Бейкутка, берекеге белги болуп,
Термелет тентек желге арча-кайың.

Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,
Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө,
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.

Балбылдап, жылдызыңдан жагылат шам,
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан,
Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар,
Сталин көркүн ачкан кең Тияншан!

Тептегиз телегейиң алга барсын,
Алтын эл беш жылдыкта мөөрөй алсын.
Челекке айран, жуурат батпай ташып,
Шарпылдап сары саамал саба жарсын!

 

ЫЙЛАБАЧЫ

Билесиң го
Кансыз согуш болбосун?!
“Кан”–деп учат,
“Жан”–деп учат коргошун.
Кан майданда
Каза болгон көрүнөт,
Каалап тийген,
Кадыр шерик жолдошуң.
Эрдин эри
Кармашууда тандалат,
Эрлер чыгат,
Эл эрчитип алгалап.
Октор учат, эрегишкен кезекте,
Ажал издеп,
Этек жеңди жалмалап.
Ошол кезде,
Балким бир ок жаңылган…
Кимди билет?
Кимди тандайт?
Ал урган.
Кара кийдиң,
Кайран, эрден айрылып,
Сөгүлчүдөй бүт кайышып кабыргаң.
Кайрат кылчы,
Кара көзүн аарчычы,
Саамайың жый!
Садагасы сабырлан.
Жашык болуш
Жаман адам белгиси.
Күйпөл жүрөк,
Күйүткө бел алдырган.
Ыйлабачы!
Мончок жашың төкпөгүн.
Эмне мынча,
Эзип ичти өрттөдүң?!
Турасың го,
Элестетип, элжиреп,
Коштошордо,
Колуң кысып өпкөнүн!!
Ыйлабачы!
Кара чачың жайбачы,
Кайрат кылчы,
Катуу белиң байлачы.
Кайрылгысыз,
Колдон учкан шумкардын,
Кагылайын,
Кайдан болсун айласы.
Ыйлабачы!
Ирмебечи жашыңды,
Сар оорусуң,
Санааң жаман басыңкы.
Койчу жеңе!
Эрлер учат күрөштө,
Ант да ушул,
Шарт дагы ушул азыркы.
Ырас аяш!
Ичиң бышат жалындап,
Коңултактайт,
Бир капшытың аңылдап.
Бирок ойлон,
Өзүң эстүү адамсың,
Канча ыйласак,
Эми кайдан табылмак.
Дагы ойлончу!
Не болмокпуз, немецке–
Үйдө жатып,
Бак таалайдын,
Баары жогун алдырсак.
Ыйлабачы!
Тырмабачы!
Сулуу беттин анарын,
Кийбе!
Ташта!
Кереги жок каранын.
Жыл оңолот
Кемтик толот,
Жаш кетет,
Жашын тиле
Эмчектеги балаңын.
Тетигине!
“Кек кетирбейм”–дегенсийт,
Дүңгүрөтүп атып жаткан жарагың.
Оң бурулчу!
Карабачы жүгүңдү.
Ыйлабачы
Муңдуу созуп үнүңдү.
Жеңиш тиет,
Эрдин өчүн алабыз:
Каткырасың
Кайра ачасың гүлүңдү.
Тили чыгып,
“Аталаса” каралдың,
Унутулар,
Кан жутканың бүгүнкү.
Ыйлабачы!
Кайгыны ичке батыргын,
Сабыр кылчы,
Айтканын ук акындын:
Коркок бирөө,
Коюнунда жаткыча,
Аты жакшы,
Жесири бол баатырдын.

 

ШАРКЫРАТМА

Үшкүртөт, үлп этпейт жел. Ысык аптап…
Июлдун лапылдаган күнү кактап,
Оозго тил күрмөлүп, деле батпай,
Шилекей такыр кургап таңдай так-так.
Ич жалын, боргулданып жетип бардым,
Тарткылап мобу турган биздин тоо жак.
Сан жетпейт самсаалаган жалбыракка,
Коюлган айрым жыгач аркыл атка.

Түгөнбөй көк кашка суу куюп турат,
Аскадан мойнун созуп артылат да.
Миңден бир касиети капчыгайдын,
Капырай ушул тура шаркыратма.

Чечиндим жонду тоздум мен да үн коштум
“Ичикий… шаркыратма калтыратпа!
Ичикий… шаркыратма калтыратпа!
Ичикий кетким келди ысык жакка
Ысык-суук кээде жакпайт адамзатка…”

 

АЛА-ТООГО

Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө.
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи
Шыктанамын, минип кыял кемесин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай сонун немесиң?!
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң…

Өс алтын тоо! Өзүм өскөн турагым,
Уяң болбо улуу жолуң улагын,
Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысын,
Канга дары, каштай тунук булагың.
Ай ааламдын мунарасы болуп кал,
Аз калса да асманга тий турбагын!
Ээрчий берсең, бир сонунга жетесиң,
Улуу орустун Волга менен Уралын.
Улуу орустун Волга менен Уралын…

 

СӨҢ-КӨЛ

Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан,
Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан.
Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы?
Калдайган колхоз малы баш адашкан.
Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей
Тарыхта тагы калган Тулпар таштан.

Кылааңда кымыз ичип өмүр сүрсөм,
Кыз-келин аймалашып ойноп күлсөм.
Суугуңа, ысыгыңа ыраазы элем,
Жай-кышы жан-жакаңда жашап жүрсөм.
Картайып жедеп жашым жеткен кезде,
Жаныңдан жайын тапса менин мүрзөм.

Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,
Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,
Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,
Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.
Берилип, куштар болуп, жедеп сага,
Кээде, шат, кээде мени алат санаа.
Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,
Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…

Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап,
Мелтиреп кадимкидей көктү карап,
Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин,
Болжошту айтыш кыйын атаганат…
Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,
Эскирген сары кагазда ырым калат.

Тынчыбай ойго кеттим удургудум,
Калкыгын үстүңдөгү булутуңдай,
Элесиң эске түшсө, элжиретсе,
Канткенде кайрат кылам улутунбай.
Бул ырды жаздым Соң-Көл калсын үчүн,
Карааның көз алдымдан унутулбай.

 

ЖАЙКЫ ЖАМГЫР

Мен десе, ыргып турган алтын, жеңе:
Эсиңде бир кызык кез калган беле?
Эмесе эстетейин элестеткин,
Үшкүрбө, улутунба! “ырас чын” де!

Көк конуш, көбүргөн бел кең Суусамыр.
Ак жаздык чыканактап мен жазган ыр,
Кылгырып кымыз сунуп, тик карабай
Ээн үйдө олтурганың эсте бардыр…
Көңүлдү көтөрүлтүп, сүрөп коштоп,
Жабыктан жаагын жанган жайкы жамгыр…

Көк конуш, көбүргөн бел, кең Суусамыр,
Биздин үн, кээде күлкү, кээде шыбыр,
Кылчайып ушул кырдаал келеби–деп
Айтылып аягы жок, түгөнбөс сыр.
Кадимки камбаркандын күүсүн чертип,
Үзүктөн үнүн кошкон жайкы жамгыр.

Ал кезди кантип жеңе унутайын,
Бүт бойдон көкүрөктө турат дайым.
Ошондо мага нечен кыналдың го,
Чагылган улам чарт-чурт эткен сайын.
Бир гана сен түшүндүң, мен түшүндүм,
Жамгырдын, чагылгандын маани-жайын.

Көк конуш, көбүргөн бел, кең Суусамыр.
Көшүлүп малга толуп өзөн, адыр,
Жан сергип, көк силкинип, көркү чыгып,
Канчалык касиеттүү жайкы жамгыр.
Төл аман, малың семиз болгон үчүн,
Баягы сен сыйлаган так ошол жыл.

 

КЫЗ ЖАНА ГҮЛ

Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,
Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.
Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,
Биле албадым гүлүн кимге арнаган?

Жыттап коет. Эки жагын каранат.
Жапжай басат аллеяны аралап.
Карындаштын колундагы кызыл гүл
Кимге буйруп, болсо керек аманат…

Кыз алдынан чыга келген бир жигит.
Токтой калды кызыкканын билдирип.
– Гүл жыттатчы – деди жигит шар айтты
Кыйын ишко, жаш кездеги жиндилик?!

– Койгун жигит, колтуктаба жанашпа!
Койгун жигит, колдон гүлдү талашпа!
Орой мүнөз одоно өскөн окшойсуң
Оозум барбайт сени теңтуш санашка!

Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,
“Өзү сонун, өңү сонун бул ким?” деп.
Шар айталбай көзүн тикти гүлүнө
Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.

Кыйгач басты кыз көңүлүн салбады.
Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.
“Бирөө орой, бирөө жеткен уяң” деп
Оолак басты оңдоп гүлүн кармады.

Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан.
Бирок гүлдү сураган жок колунан.
Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:
– Албайм – деди – гүлүң эчак солуган…

 

* * *

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,
Кантип сенин кыялыңды табамын?
Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,
Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың…

 

ОЙЛОНЧУ

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.
Жүралбаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелмиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш–ак чыныда карагат,
Көп караба, жүрөгүмдү жаралап,
Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр
Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.
Жооп берчи, же жок дечи керилбей.
Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,
Июлдагы көк конуштун желиндей.

Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам.
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт
Кайсы күнү–кандай жоолук салынсаң…

 

САГА

Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
“Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…”

Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
“Эсен тур”–деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.

 

СҮЙГӨНҮМДҮН СҮРӨТҮНӨ

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу, мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.

 

АЙТЧЫ ЖАНЫМ

Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн,
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Алтын айтчы, качан сенден түңүлөм?..

Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коесуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим…

 

ӨЗҮҢ БИЛ

Жаш кылгырат кирпигимди ирмесем,
Аза күтөм эгер түшкө кирбесең.
Мен шар суумун кулагыңды тундурган,
Кантмек элем какшаганды билбесең.

Саламат жүр, табияттан суранам,
Жетпесем да, жеңиши жок убарам.
Сүйбө, бирок кол берүүдөн эринбе,
Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам.
Жүрөт белем карааныңа жалынып,
Менде болсо, жүрөктөгү бурамаң.

 

БАЯГЫ

Ким ойлосун өткөн ишке жетем деп,
Бирок болбой, кыял бийлейт жетелеп.
Бир кубантып, бир өңүмдү кумсартып,
Чиркин бир түн, дагы эле эстен кете элек.

Жаш кыз элең жаңы таштап лентаны,
Уялтчу эле кара бактын эл жагы.
Сүйө билген, бирок сенден сүрдөгөн,
Ошол кезде жаш болчумун мен дагы.

Сен жер карап, уялчу элең ар качан,
Бир сыр менен жумшак колуң кармасам.
Кетейинчи, апам тилдейт дечү элең,
Шайтан басып, эми унутуп калбасам…

Жылдар өттү. Капыс жерден кабылдым,
Көзүң жылуу… тааный албай жаңылдым.
Бешкөкүл кыз! Бетиң башка болуптур,
Чач агарды, мен да жашка багындым.

Сен тааныдың, көзүң-көзгө кадалды,
Бирок, алтын, айта албадың саламды.
Айлам кетип, амандыгың сурабай,
Алып өптүм колуңдагы балаңды.

Өткөн ишти эми кайдан табасың,
Бир козгодук эски жүрөк жарасын.
Балаңды өпсөм, өзүңдү өпкөн эмедей,
Жаш чалыптыр кирпигиңдин арасын.

Сүйдүм, сүйдүң бир кезекте ченебей,
Минутунду миң жылдарга теңебей.
Таалай укмуш! Сүйүү бүткөн капкачан,
Тартылды бейм көз алдыдан кемедей.

Өткөндү эстеп бузба, жаным, каныңды,
Жаш кезекте ким кечпеген жалынды.
Эскини эстеп элжирөөнүн ордуна,
Эми сыйла сүйүп алган жарыңды.

Өткөн сүйүү жүрөгүңдү жаралап,
Билем, алтын, санааң алыс таралат.
Мени көрдүң, кылт эсиңе түшкөндүр,
Баягы түн, жашыл шибер, кара бак.
Заман жыргал сен да шайыр, мен шайыр,
Калган өмүр өтсө болду саламат.

 

КОЛ ЖООЛУК

Көп жүрдүк го сыр чечишип жүрөктөн,
Көп ойнодук, шап алышып билектен.
Кеп түгөнбөй, келечекти көп айтып,
Уйкусу жок нечен укмуш түн өткөн.
Алтын келин! Али менде катылуу
Атыр куйган ак жоолугуң жибектен.

 

БИР ЭЛЕС

Өзгөчө го өткөн элес кызыгы?!
Өчпөс болуп өмүрлүккө сызылды…
Дале болсо даана менде сезилип,
Алма беттин албырттаган ысыгы.
Ким өптү деп апаң айткан эместир –
Эрке кыял сүттөн таза кызымы?!

 

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: