Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык


Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын “Койлуу булак” чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен.

Кыргыздын залкар актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак. Бул күнү аны эскерип, иштешип калган, таазим эткен, чыгармачылыгын иликтеген адамдар менен сүйлөштүк.

Кыргызстандын театр сахнасында жана кино өнөрүндө жүздөгөн образдарды жараткан таланттуу артист көптөрдүн эсинде ошол келбеттүү, ошол сөөлөттүү образдары менен калды.

“Төкөлдөштүн төрт кызынын” бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал сахнада, экранда мыкты ролдорду жаратуу менен чектелбестен, бир топ таланттарды тарбиялап кетти.

Кыдыкееваны аны менен сахналаш болуп калгандардын бири Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова төмөнкүчө эскерди.

“Биринчи жолу Бакен Кыдыкееваны 17 жашымда көргөм. Анда бул киши баралына келип, даңкы ашып-ташып турган кези экен. “Салтанат” киносуна тартылып, театрда укмуштуудай мыкты ролдорду аткарып жаткан. Тим эле куурчактай татынакай болучу. Азыр баамдасам, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева эжелер чыгармачылык доордун эң бийик чокусунда турган кездери экен. Бакен эже өзгөчө эле, сахнада басып жүрсө жомоктон келгендей көрүнчү”,— деп айтып берди Сейдакматова.

Ал театрдагы жаштар кантип таасирленгенин, анын артынан ээрчип алып, идеал туткандыктарын айтып берди.

“Таасирленгенибиз да өзүнчө болчу. Мени менен тең курактуу жаштар аркасынан ээрчип алчубуз. Биз үчүн ал идеал эле. Буттары түптүз, моюну койкойгон, айтор, кыргыздарда андай мүчөлүүлөр аз. Басканын туурачубуз, манераларын, кыймыл-аракеттерин окшоштурганга аракеттенчүбүз. Анткен менен мүнөзү катаал, кескин болчу. Массовкада турганда сүйлөп койсоң, ушундай бир караганда жерге кирип кетпе жаздачубуз. Гримдеп жатканда кезекке тура калып, кыздар чачын майдалап өрүп берчүбүз. Анан коюлган спектаклдерде массага катышкан кийимдер калат эмеспи, аны кадимкидей талашып кийчүбүз”, — дейт Жамал Сейдакматова.

Кыдыкеева алгачкы кадамын 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаптыр. Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын “Койлуу булак” чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен.

Драматург жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов болочок актрисанын сахнага чыгышына атасы каршы болуп, кийин кызынын талантын урматтаган, эң жакын күйөрмандарынан болуп калгандыгын айтып берди. Айтмакчы, ал Кыдыкеева туурасында жазылган “Талант жана тагдыр” драмасынын автору.

“Кыдыкеевага башкы роль берилип, аны ойноп Кыргызстанга даңкы чыгып, атасы аны гезиттен окуп, билип кызынын күйөрманы болуп калыптыр. Кийин, тескерисинче, ар спектакль сайын кызына бир кучак гүл көтөрүп келип турчу экен”, — дейт Кулманбетов.

Кулманбетов: Бакен эже 70 жылдык юбилейин өткөрүү алдында каза тапты

Драматург талантты өмүрүнүн соңунда барктай албагандыгыбызды айтып, 70 жылдык юбилейин өткөрүү алдында каза болуп калгандыгын айтты.

1993-жылы анын 70 жылдыгын өткөрүү алдында, кесиптеши, курбусу Алиман Жангорозова менен коштошуу үчүн театрга келип, андан чыккандан кийин эле автоунаа коюп кетип, каза болгон.

“Өзүнүн деңгээлинде өмүрүнүн соңунда барктай алган жокпуз, биздин театрдын, кинонун даңкын жараткан, кыргызды тааныткан адамдардын бири болучу да. Орто Азияда казактар да, өзбектер да киносуна чакырганга куштар болуп турушар эле. Андай актрисаны биз ардактай албай калдык”, — деди ал.

Актриса жөнүдөгү “Теңирдин оту” пьесанын автору, акын Алтынай Темирова чыгарманы жаратууга Кыдыкееванын трагедиялуу өлүмү себепкер болгондугун айтат.

Актрисаны 30-декабрда жолдон автоунаа уруп кетип, бир нече күн эч ким билбей өлүкканада жатып, кийин гана кызматкерлердин бири Бакен Кыдыкеева экендигин таанып, жерге берилген.

“Пьеса жазган себебим Бакен эже таланты менен гана суктандырбастан, анын өлүмү да элге күтүүсүз болду. Элдин башына түн түшүп, ар ким өзү менен күлала болуп жүргөндө өзүнүн трагедиялуу өлүмү менен элди, тирүүлөрдү селт эттирди. Эмне болуп жатабыз, эмне болуп кетти, таланттар эмне болуп жатат деген суроону кабыргасынан койду”,— деди Темирова.

Каражаттын жоктугунан улам пьеса жазылгандан кийин ортодо акча табылбай жүрүп, 2002-жылдары сахнага коюлган.

Бакен Кыдыкеева 14 жашында чыгармачыл дүйнөгө алгачкы кадамын жаш көрүүчүлөр театрынан таштаса, ортодо бир нече театрларда эмгектенип, өмүрүнүн соңунда ошол жайда иштеп жүрүп, бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жарым кылымга жакын иштеген Токтоболот Абдымомунова атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан анын туулган күнүнүн урматына эч кандай иш-чаралар белгиленбегендигин айтышты. Теардын жамааты учурда Эл аралык “Арт-Ордо” театр фестивалына катышууда.

Кыргыз коомчулугу үч жылдан кийин актрисанын 95 жылдык юбилейин белгилейт.

Sputnik Кыргызстан, 21.10.2015-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: