“Манас” эпосундагы кыргыздын улуттук оюндары


Балбан күрөш

Балбан күрөштө Жолой менен күрөшүүгө адам даабай, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой чыгат. Күрөшүп күч сынашаар алдында Манас атайын Каныкей даярдаган кандагайды алп мүчөлүү Кошойго берет. Балбан Кошой Манаска “балалуу бол” деп бата берип, Жолойду жыгып намыс алат. Андан кийин балбан күрөшкө кытай тараптан түктүү таман Түкүбай, кыргыздан “Бүткөн бою тарамыш, чыканактай Эр Агыш” чыгып, байгени кыргыз балбаны жеңип алгандыгы айтылат (Саякбайдын варианты). Эки балбан белгилүү тартип боюнча жекеме-жеке кармашып, күчтүүсү күчсүзүн жыгат. Балбан күрөш байыртадан белгилүү болгон элдик оюн. Чоң-чоң аш-тойлордо ойнотулуп келет.

Жалпы журт карап туруптур,
Тоодой Жолой балбанды,
Томкоруп жерден алганы,
К
өтөрүп жерге уруптур,
К
өпчүлүк карап туруптур. (Сагымбай варианты)

 

Ордо

Эки топко бөлүнүп ойнолуучу байыркы элдик оюн. Оюндун негизги жүрүшү тегизделген жерге чийилген чоң айлананын так ортосуна “кан” тигилип, анын тегерегине көп чүкөлөрдү тизип туруп чийиндин сыртынан томпой менен атып, же чертип чүкөнү чийиндин сыртына чыгаруу. Оюндун бул көрүнүшү сырттан каптап келген аскер башчыны (оюндагы “кан”) айланасындагы жоокерлери менен кошо (оюндагы чүкөлөр) жок кылуу максатында негизделген. Ордо оюнунун аталашы “орто”, “ортолук”, “ортонун” (элдин) деген сөздөн пайда болгону жүйөлүү.

Кырк таман ордо чийдирип,
Кылым журтка билдирип,
Кыркалай ч
үкө атышат,
Кызыгын журтка с
үйдүрүп,
Чийинин басып аткылап,
Чогултуп ч
үкө үйдүрүп. (Сагынбайдын варианты)

 

Тогуз коргоол

Кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан көөнөрбөс эстелиги, акыл-ой байлыгынын казынасы, көчмөн турмуштун, жоокердик мамилелердин сырдуу түйүнү жана көпчүлүктүн черин жазган ортолук оюну. Тогуз коргоол оюну “Манаста” чагылдырылган негизги оюндардын бири катары айтылат:

Жалпак жыгач чаптырып,
Чараларын оюшуп,
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Үй чыгарып коюшуп,
Ою менен олтуруп,
Ташын салып толтуруп,
Тогуз коргоол ойгону,
Ордо тогуз коргоол деп,
Жаш Манас кылып койгону.
(Сагымбай варианты, 1.172).

 

Жаа тартуу

Согушта, аңчылыкта, мелдештерде жаа менен жебе тартуу өнөрү. Жаа тартуу өтө зор чеберчиликти, кайраттуулукту, күчтүүлүктү талап кылат. Жааны тизелеп олтуруп да, жөө да, атчан да да, басып баратып да, ат чаап баратып да тартышкан. Жаа тартуунун мыкты үлгүлөрү “Манас” эпосунда өтө таасын сүрөттөлгөн. Көкөтөйдүн ашында Манастын чоролору төрткө бөлүнүп, жоокердик түрдүү оюндарды көрсөтүшкөн (С.О. 3.166-174)

Шарт этип саадак тартылды,
Өнөрү журттан артылды.
Саадактын огу жеткени,
Б
өркүнө таккан чокуну,
Үзгөн бойдон кеткени.
Саадактан к
өрдү огуну
Баары кыркып
өтүптүр
Тебетейдин чогуну
. (СОВ)

 

Жамбы атуу

Жамбы атуу мелдеши “Манас” эпосунда чагылдырылган. Жамбы атууда жаа, милтелүү мылтык, бараң колдонулган. Эпостун каармандары жамбы атуу жана башка оюндар аркылуу жоокерчиликке, мергенчиликке машыгышкан. Көкөтөйдүн ашында жамбы атуу үчүн атайын кыйып даярдалган карагайлардын “Алты жүзүн асманга, Чыгарып ийди улатып” (СО, 3. 164) деп сүрөттөлөт. Андан кийин орнотулган устундун башына туурасынан кагылган жыгачка бири-бирине байланыштырып түйүштүрүлгөн жип менен жамбы байланган. “Жамбыны бийик зоо кылды, Сары алтынды жоо кылды, Кырк эки танап боо кылды” (СОВ). Салт боюнча атканы жаза кетпеген, ашкан мергендиги бар белгилүү баатырлар мелдешке катышып, “Ат менен чаап жөнөл деп, Атып алсаң өнөр деп” (СОВ), – оболотуп асманга илип койгон жамбыны аты менен чаап келип атышкан. Бул да болсо кыргыздардын элдик оюдарынын бири. 10-15 метр узундуктагы шыргыйдын башына 3-4 метрлик туура жыгач бекитилген. Туура жыгачтын ар кайсы жерине ар түрдүү чоңдуктагы бир, же бир нече жамбыны аттын куйругунун кылына илип байлашкан. Ал учур төмөнкү сүрөттөөдөн айкын көрүнөт:

Арчатору закымдап,
Жамбыга жетти жакындап,
К
өтөргөндө мылтыкты
К
өк түтүнү бурады,
К
өктөгү жамбы кулады.
Т
үркүгүн түптөп сындырды,
Д
үйнөнүн көөнүн тындырды.
Туура та
ңган жыгачын
Туйгуну
ң Манас сындырды,
Душмандын к
өөнүн тындырды,
Тууганга кубаныч кылдырды.
Т
үшүрдү көктөн жамбыны,
Т
үмөнгө сөзүн даң кылды.
Арчатору чуратып
Арыстан Манас жеткени,
Тоголонуп калганча,
К
өктөн түшкөн жамбысы
Токтоп орун алганча
Чапкан баатыр жеткени,
Кыргый илген торгойдой
Илип алып кеткени,
Арстан Манас баатырдын
Адистиги эмей неткени.
(СОВ).

 

Эр эңиш

Эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу. Бул оюн-зооктун келип чыгуусу куралынан ажырап калган атчан жоокердин ат үстүндөгү кармашуусуна шартталган. Жоокерчилик заман үчүн бул кармашуу өтө зарыл болгондуктан, бара-бара аскердик оюндардын катарына кирип, бүгүнкү күнгө чейин ойнолуп келе жатат.

Алар эңиш салсын деп,
Чабандеси же
ңсин деп,
К
өкбөрү кылган улактай,
К
өрүнөө аттан эңсин деп. (СО, 3-254)

 

Эр сайыш

Жоокердик мезгилде согуш маселеси негизги орундардын бирин ээлеп, пикир келишпестиктердин көбү куралдын күчү менен гана чечилген. Эр сайыш жоокерчилик коомунун аскердик тарбия берүүсүндө негизги талап болгон. Оюндун жүрүшүн Көкөтөйдүн ашында Манас менен Коңурбайдын сайышынан көрүүгө болот. Жоокерчилик замандан бери аш-тойлордо эр жүрөк баатырлар жекеме-жеке чыгып ат үстүндө күч сынашчу. Эр сайыш согуш мезгилинде гана эмес, тынч убакта да атайын эрежеси иштелип чыгып, аскердик оюн катары аш-тойлордо өткөрүлгөн.

Күлүктөн тандап минишип,
К
үрөөкө тондон кийишип,
К
үчү менен тийишип,
Айтканына к
өнүшсүн,
Ажалдуусу
өлүшсүн,
Найза колго алышсын,

Арага сайыш салышсын. (СОВ)

 

Көк бөрү

Улак тартуу бардык эле той-аштарда жана майрамдарда ойнолуучу улуттук оюн. Улак тартышуунун тартиби боюнча, улакты алып келип таштай турган белгилүү жер болот. Аны таштоочулардын ала турган байгелерин жарчылар элге угузат. Маселен, төрт урук эл болсо, ар бир уруктан бештен, алтыдан киши чыгып тартат. Анда аттын күлүгү менен азаматтын балбаны, же атка чыйрак чабандес, атка коркпой минген жана улакты көп тартып машыккан кишилер барышат. Улак тартуу элдин каалоосуна жараша өтөт. Торпок тартабы, же эркеч тартабы, аны оюнчулар же уюштуруучулар өздөрү тандайт. Кээде улакты алып кеткен кишинин олжосу ошол алып кеткен улагы гана болот. Азыркы учурда көк бөрү оюуну күч алып турган кези. Келечекте олимпиада оюндарына киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу быйыл экинчи ирет Ысык-Көлдө өтө турган көчмөндөр оюнун айтсак болот.

Бөлүнүп ордо, чын мөрөй
Атпай турган жер бекен
Жатпай оюн, к
өк бөрү
Тартпай турган жер бекен.
(СКО).

 

Ат чабыш

Ат чабыш эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук оюндарынын бири. Байыркы замандан бери кыргыз эли өз өмүрүнүн ар кандай кубанычтуу учурун улуттук оюн-зооктор, көңүл ачуулар менен өткөрүп келген. Мисалы “Манас” эпосунда кан көтөрүү, кан түшүү, кан тартуу өңдүү салттык үрп-адаттарды, аш-тойлорду дайыма элдик оюндар, көңүл ачуулар коштоп жүргөндүгү менен далилденет.

Ат чабыш байыртадан белгилүү болгон оюн. Ал үйлөнүү үлпөтүнө да, башкача айтканда, кызга үйлөнүүчү баатырга коюлган ар түрдүү шарттардагы сыноо-талаптарга да байланыштуу болушу мүмкүн. Баатырдык эпостордо чагылдырганы боюнча кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса, ошол кызды алууга татыктуу болгон. Талапкерлердин өнөрүнө көбүнчө үч мелдеш – ат чабыш, бута атуу, күрөш мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол ат чабыштын да кыргызда бир канча түрлөрү бар. Алар аламан байге, чоң байге, кара жарыш, көр байге, мүрзө байге, кемеге байге деп бөлүнөт.

Аламан байгеде аттар орто аралыктарга чабылып, күлүктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбайт. Чоң байгеде болсо (Кыргызда конолуу байге, коно ат чабыш, түнөтөр байге деп да атайт) өтө алыс аралыкка байге сайылат. Буга ашкан күлүк аттар гана катыша алат.

Кара жарышта аттар жакын аралыкка чуркап, байге сайылбайт. Бул чоң байгенини алдында өткөрүлүп, аттарды сыноо, бой-келбетин байкоочу милдетти гана аткарат.

Көр байге өлгөндүн урматына өткөрүлгөн. Ат чабыштын бул түрү маркумду жайына койгон учурда чабылып, байгесине анын урунган айрым буюмдары, дүнүйөсү сайылган. Эпосто бул көркана (СО,3.43) деген ат менен учурап, Көкөтөйдү койгондо анын сансыз малынын байгеге сайылышы сүрөттөлөт:

Баш байгеге сайганы,
Сексен ми
ң жылкы, миң аттан,
Жана ж
үз миң кой болду,
Тогуз ми
ң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду.
Жабык башы кундуздан
Жана токсон
үй болду,
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар,
Экиден шайдоот к
үң болду. (СОВ 3.146)

Азыркы учурда кыргыздын кыз куумай, балбан күрөш, эр эңиш, улак тартыш, ат чабыш жана башка оюндары ушул кезге чейин улуттук оюндардын катарында сакталып келе жатат.

«Саресеп», 16.03.2016-ж.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: