Аалы Токомбаев. «Күүнүн сыры»


ңгеме)

Узак жолдо карыя менен жолдош болдук. Анын сыйда, буурул сакалы тараза боюнча атайлап жасап койгондой эле. Анын кебетесине караганда элүү, элүү беш жаштарда деп айтууга мүмкүн болучу. Ал сүйлөгөндө кандайдыр, бөтөнчө жалындуу күчү бар сыяктуу, тыңшаган адамдар магнитке жабышкан темирдей болуп сезилер эле.

Жолоочуларга эмнелер жолукпайт, добулдуу нөшөргө дуушар келдик. Анда-санда жарк эткен чагылгандын учушу, көздү ачып жумгандай болот. Жүрүүгө мүмкүн эмес. Бир бирибизге сүйлөнүп коргологон болдук.

– Аттиң ай, мындай да коркунучтуу болорбу… Кыян жүрүп кетип жүрбөсүн, – деди жолоочунун бири.

– Таң аман болсун. Кыянды таң жараткан жок. Добулдун аягы кыянга жетпейт. Бул арамза добул, – деди бирөө күлүп.

– Бизди алчу добул жок, эми таңдын кучагына киребиз, – деп сөздү чукул кайырдым да, көрүнбөгөн жолдошторума карагансыдым. Так ошол учурда табияттын күчтүү оттугу [1] жарк эте түшкөндө, карыянын көзү күтүп тургансып, көзүмө тигиле калды.

– Карыя, – дедим, – сиздин магниттүү көзүңүз менин көзүмдү бийлеп алса керек… Чагылган «жарк!» эткенде, көзүңүз жалт эте калды. Али да болсо көзүңүз мени арбап жаткандыр? Бирок сиз мага көрүнбөйсүз. Ушундайбы? Эми көрө албасаңыз, сөзүңүз менен арбаңыз, – дедим.

Жолдошторумдун бири:

– Узун жолду, күчтүү коркунучту саймалуу сөз жеңет, – деди.

– Силерди сүйлөгүлө дейин десем, чапанды жакасынан киет дейсиңер го?… Болуптур. Өз нөөмөтүмдү [2] мен өткөрө берейин. Силер дагы өз кезегиңерди унутпагыла, – деп тамагын жасап алды да:

– Эмесе кулагыңарды салгыла! – деди карыя.

Добул дуулдап өтүп жатты. Карыя аңгемени мындайча баштады:

– Өмүр чаккан оттук сыяктуу жарк этип дүйнөгө көрүнө түшүп, кайта жалп этип өчкөнчө шашат. Мен силерге айта турган аңгемемди кечээ эле уккансыйм. Мен анда жыйырмада болсом керек.

…Жайлоонун кызык учуру. Мен жолоочумун. Коюу шибер атчан кишинин үзөңгүсүн чалып, баштарын эрксиз чайкап кала беришет. Өзүм чарчап да болгон элем, жатып калайын десем кардым ач. Эмне болсо да кыраңдан ашайын, айыл жок болсо, үмүттү үзүп биротоло жатайын деп, кыраңга чаап чыктым. Кең чалкактагы айылдар, куду деңиздин үстүнө орношкондой болуп, жаңы конуштагы шиберге бөлүнүп калыптыр.

Кабарчыдай чапкылабай, кере-кере бастырып дөбөдөгү чогулган элге барып салам бердим. Элдин четиндеги олтурган кызыл куру бар жигит жүгүрүп келип, атымды алып кетти.

– Кел, балам! Кел, – деп элдин ортосунда олтурган олчойгон сары киши оң жагын жаңсады.

Ал кишинин кабагына караганда, качандыр атактуу баатыр киши болгон сыяктуу кабагы бийик. Көздүн чарасы тереңден көрүнгөн кудуктай, көзүнүн кареги араң гана жылтылдайт. Мурду берендин [3] тумшугундай болуп, тиши жок оозуна карай имерилип турат.

Анын өлчөмсүз чоң жана толук жүзүнө караганда анча кары деп айтууга болбойт. Бирок калдайган купкуу этсиз кулагы, оңкойгон арык мурду анын карылыгын алда кайдан далилдейт.

Анын колундагы өрүктөн жасалган комуз карыя менен эбактан бери жолдош болгон сыяктуу кара күрөң тартып чыныгып бүткөн. Комуздун тепкеси манаттай [4] болуп арчадан жасалгандыгын жана көп жашагандыгын байкатат.

– Балам, жол болсун? – деп карыя сурап койду да, күңгүрөнгөн муңдуу күүнү акырын гана чертип чыкты.

Менин сөзүмдү тыңшадыбы, жокпу аны карыядан байкоого болбойт. Анткени ал бир калыпта өзүнүн гана алдын карайт, эчтемени тыңшабагандай сезилет. «Бул барып турган кесирдүү киши го, же алжыган го» деймин. Чынында андай болуп чыккан жок.

– Балам, дурус балам экенсиң. Жолоочу кишини тойгузуп туруп сүйлөшүү керек. Кымыз алып келчи! – деп комузунун кулагын көтөрүп койду да, баягы муңдуу күүнү дагы созолонтту.

– Балам, узак жолдон чыккан экенсиң, насыбай тартасыңбы? – деди күүсүн токтото коюп.

– Чекчү элем карыя, – деп тим болдум. Анткени насыбайым жок эле. Кур чакчамды берүүгө болбоду. Ал менден чакча күткөн жок. Нөкөрлөгөн[5] кең өтүктүн кончунан килейген мүйүз чакчаны сууруп алып:

– Чек, балам. Чек – деди. Бирок чакчанын алкактай жез чагарагын шаркылдатып, насыбайды өзүнүн алаканына салды да, насыбайын чекпей туруп, чакчаны менин алдыма таштады. Мен насыбай чеккенче, өзү чалкалай түшүп оозуна кагып жиберип, баягы күүнү, дагы сыздатты.

Кымыз ичип, үйгө киргенче, жалгыз күүсүн карыя он чакты кайтарып чертти.

Олтургандарга күүнүн кызыгы жокпу, же түшүнбөйбү? Ал тууралуу эч ким эчтеме деген жок. Күүнүн аягына чыкканда гана:

– Ии, балам! Элиңер эсен жатабы? Ии, балам! Бугу атууга даярданып жатасыңарбы? Ии, балам! Эмне өнөрүң бар? – деп коёт да, баягы күүнүн башынан түшөт. Карыянын нээти ошол гана күүнүн айланасында турган сыяктуу. Каш карарганда гана:

– Ии, балам! Үйгө кирелик? – деди карыя.

– Кой союлуп казанга түшкөнчө, карыя жалгыз күүсүн алда канча чертип жиберди.

– Аксакалдын бул күүсүнүн аты эмне? – дедим, жанымдагы кара сакал кишиден сурап.

– Билбеймин, муну эч ким да билбейт, – деди.

– Сиз ушул айылдансызбы? Эмне үчүн билбейсиз? – деп ал кишиден дагы сурадым.

– Ооба, иним, – деди жылмайып, – ушул эле айылданмын. Мен бул кишиден элүү жаш кичүүмүн, сураганга жооп бербейт. Сурап билгидей курбулары да жок. Ошондуктан, эч ким билбейт, – деди.

Бул кишинин сөзү мени ого бетер кызыктырды. Кандай болсо да бул күүнүн сырын чечейин деген ойго түштүм, карыя күтүп турган эмедей:

– Ии, балам! Комуз билесиңби? – деди комуздун кулагын бурап туруп:

– Чертүүнү тагдыр мага берген эмес, карыя. Ошого абдан өкүнөм. Бирок угууга мени атайын жараткан, – дедим.

– Ии, балам! Ошондой, турмуш ошондой болот. Болом десе эле болуп калса, анда элдин баары эле олуя болуп албайбы. Анда муң болобу, анда кызыктар да туулбайт, – деди карыя, чертүүгө даярданып.

Мен чыдай алганым жок.

– Карыя, сизден бирдеме сурап алгым келет. Бир элдики экинчи элге таберик [6] эмеспи. Бербей турган болсоңуз уят болбоюн, – дедим.

– Жок, балам! Конок – кут [7] болот. Коноктон аяган, Кудайдан аяган менен тең болот. Сураганыңды ал – деп, комузунун билегинен кармай калды да, шыбыш байкаган бүркүттөй какая калды.

– Элге эр кымбат. Эрге эли менен жер кымбат. Анын баарына туюлбаган өнөр кымбат. Мен үчүн сиздин күүңүз туюлбаган өнөр, чечилбеген суроо сыяктуу. Сиз мукактанып чертип жатасыз, тарыхы караңгы. Мүмкүн, эчен жылы ушинтип черткендирсиз? Бирок эч ким билбейт. Сизге кыянат болбосо, күүнүн сырын чечип берсеңиз? – дедим.

– Олда, балам-ай, – деди карыя, – эми болбостур. Сураганыңды ал, – деп оозумдан да чыгып кетти. Бул сыр жетимиш жети жылдан бери чечилген эмес эле. Бул күүнүн башталганы жетимиш жети жыл болду. Анда мен он алтыга араң чыккан элем. Он мүчөлүмдө [8] айтмакчы элем, ушундай антым бар эле. Кантейин, антты арбактар кечирсин. Өлгөн арбактан коркуп, тирүү адамдын көңүлүн калтырбайын, – деп карыя сөзгө даярданды.

Сүйлөөдөн мурун чагарактуу чакчаны нөкөр өтүктүн апкытына шыкылдатып ургулап, шыкылдатып насыбайды алаканына салды да:

– Тос, балам, колуңду, – деп өз колундагы насыбайды мага берди да, унчукпай гана жерге үңүлүп, бир далайга чейин дагы олтурду. Качан мен насыбайды түкүргөндө, карыя сөзүн мындайча баштады.

– Аңгеме так ушул журттан башталат, анан ушул журттан бүтөт, балам, – деп карыя сөзүн созду.

Жайлоонун толгон кези, так ушул убак эле. Дайыма кулундарды агыткан кезде жылкыны булакка чейин өзүм айдап барчу элем. Дайым мингеним өзүмдүн жайдак кер кунаным болор эле. Бир күнү кулундарды агыткан кезде, жөө туман басып турган эле. Мен адатымча жылкыны булакка жеткирдим да, кер кунан менен кайта тарттым. Алдымдан кызыл буурул ат минген, алачыктай болгон кызыл жигит жолукту да:

– Айыл кимдики? – деди. Мен жооп бергенче кекилик алган бүркүтчө кунанымдан чеңгелдеп ала койду. Мен эчтемеден коркконум жок. Атамдын баатыр жолдоштору мени далай ошентип эркелеткен эле. Мен ошолордун бири го деп ойлодум. Бирок кармаган колу бүркүт апчыгандай болуп, сөөктөрүмдү сыздатып жиберди.

– Байке далым ооруп кетти, – дедим. Ал тааныш немече:

– Эчтеме болбойт, – деп чапанынын өңүрүн көтөрүп, бөктөрүнчөгүнө отургузду да, кайта кумтуланып койду. Анын кумтуланганы менин өпкө-боорумду кысып жиберди. Жүрөгүм опколжуй түшкөндө:

– Атаке! – деп тыбырап бакырдым.

– Унчукпай жүр! – деп чапанынын эки өңүрүн такымына бегирээк бүктөдү да: – Сен ыйласаң өлтүрөм, унчукпа! – деди.

Жаагым жап боло түштү. Өзүмдүн туткун болгондугума ачык түшүндүм да:

– Байке, кайда алып барасың? – дедим, солуктаган бойдон.

– Менден эчтеке сураба. Оозуңду ачып сүйлөсөң өлөсүң, – деди.

Мен экинчи унчукканым жок. Солуктап гана жүрүп олтурдум. Ким алып бара жатканын жана кайсы жакка баратканымды көргөнүм да жок. Түн киргенде талаага түшөт. Куржундан тамак алып өзү жейт, мага берет. Бирок ооз ачып сүйлөбөйт.

Бир күнү эл орунга олтурганда [9] калдайган калың айылга кез келдик. Ошол күнү мени чүмкөгөн эмес эле. Айылдын баш жагында жумурткадай аппак чоң үй турат. Жигит анын төмөн жагындагы кичирээк боз төбөл үйгө келди да, бирөөнү атынан чакырды. Үйдөгү кишинин үнү чыгып, өзү үйдөн чыга электе:

– Мына баягыңар! Алгыла, – деп мени тапшырып берип, өзү кете берди.

Мен түшкөн үй атактуу байдын коңшусу болуп чыкты. Тизеси оозуна тийген кара кемпир, жыртайган суз көзү менен бир далайга мени карап олтурду да:

– Балам, сен дагы бирөөнүн чырагыдырсың? Чочубай олтур. Сенин да энең бардыр? Энеге баладан кымбат эчтеме болбойт. Эне бала үчүн күйөт, балага кубанат. Бирок салт ушул, мен жашагандан берки салт ушул! – деп башымдан сылап, маңдайымдан өптү да: – Тамак ич, кулунум! Тамак ич, – деди кемпир.

Ошол эле күнү кулдуктун кебетеси башталды. Айылдагылар келип көрө башташты. Адегенде бөжөк сындуу корунуп олтурсам да, ар кимиси бир суроо берип жатышып, мени тилге киргизишти.

Эл жата баштады. Мага бөтөнчө шектенүү да болгон жок. Анткени менин качпай тургандыгым аларга белгилүү эле.

– Тетигил төөнүн комун [10] салынып, тетигил кементайды [11] жамынып жат, балам, – деди баягы кемпир. Ал үйдө андан артык төшөнчү да жок эле. Айла канча, жаттым. Уйкуда ар барбы? Кыялдын дарыясына канчалык аксам да, уйку багындырды.

– Ой, балам! Тур, – деген үн менен кошо көзүмдү ачтым. Таң атып калыптыр. Жубардай ак кыз эңкейип мени карап турат.

– Кайсы жерден келдиң? Кайсы элсиң? – деди кыз жылмайып.

– Билбеймин.

– Эчедесиң?

– Ондомун.

– Бир тууганың бар беле?

– Жалгызмын.

– Жүр, эмесе. Сен өзүмдүн өргөөмдө [12] болосуң, – деди кыз. Кызды ээрчип келген эки келин бир ооз да унчугушкан жок. Кыздын арка чачтарын кармалашып, өздөрүнчө шыбыраша беришти.

Мен кийинип жатканда коңшунун кемпири:

– Кызым! Жалгыз жаның бар, кор кылбай жумша. Эне сүтү оозунан кете элек бирөөнүн жалгызы экен. Баладан бардыгын күтүүгө болот. Бала чегилбеген жумуртка менен бирдей. Жумурткадан карга да чыгат, шумкар да чыгат. Эр болсо элдин ырысы, ини кылып ал, кагылайын, – деди.

– Энеке – деди кыз жылмайып, – сиздин айтканыңызды аткарам, ини кылып алам. Жүдөп баратса, мага айтып туруңуз. Атың ким? – деп, ылдый карап турган мени ээгимден көтөрдү.

– Зарлык.

– Аа, айланайын… Бирөөнүн зарлап көргөн жалгызы тура. Ата-энең Зарлыгынын зарын тартып калгандыр? Өлбө балам, өлбө, – деп кемпир маңдайыман сылап, чекемден өптү да: – Бара гой, кулунум. Эжең менен бара гой, – деди.

Карыя сөзүнүн ушул жерине келгенде, самсаалаган буурул каштарын оң колу менен сылап-сылап койду. Сүйлөп жаткан сөзүн кокусунан унутуп кетти да, адат болуп калган күүсүн күңгүрөтүп жиберди.

– Чал, комузуңду коюп, сөзүңдү бүтүрбөйсүңбү? – деди карыянын байбичеси.

– Макул, макул! Сенин да уккуң келип калган экен, ээ, – деп карыя жылмайган болду да, комузун дайым жазбаган тизесине жөлөй салды.

– Бул балам болбосо, ушул сөзүң көрүңө кошо кетет эле, сүйлө, – деди алтымыштарга барган кемпир.

– Ооба, ооба, байбичем! Чын айтасың, – деп койду да: – Ошентип баягы кыздын колунда алты жыл жүрдүм. Кыздын атасы бир элдин мыктысы жана байы болгондуктан, анын салтанаты да бөтөнчө экен. Кызынын өзүнчө өргөөсү бар. Анын кол алдында бир үйлүү коңшу малайы бар. Алар оту менен кирип, күлү менен чыгышат. Мен кыздын чайчысы болуп калдым.

Малайдын аялы жаш гана келинчек эле. Ал сөзгө уста, ишке чебер, кыймылы куюндай, шамдагай киши болчу. Мен ага жакын болуп кеттим. Бирок жатагым малайдыкы эмес, өргөөнүн улагасы.

Кыздын улагасында кул жатыш, ал кезде бөтөнчө атак болор эле. Ал адат азыр калып баратат, балам.

Мени ким, эмне үчүн алып келгендигин, ошол келинден түшүндүм.

….Сен тигил кыздын калыңына келген кулсуң. Сени алып келген кыздын күйөөсү, ашкан баатыр. Ал жигиттин Кызыл буурул деген аты, Ак чыгыр деген мылтыгы бар. Кыздын атасы:

«Ошол экөөнү бересиң, аларды бербесең, үч кул бересиң», – деген. Жигит ат менен мылтыкты бербестен, үч кул алып келип берди. Ошонун үчүнчүсү сенсиң. Экөөнү мурун алып келген эле, ал экөөнү олжого эки киши алып кеткен. Сенин бактың бар экен, олжого кетсең куруйт элең. Эми сени кыз менен кошо берет, – деди келин.

Кыз кээде эркекче кийинип, жигиттер менен талаага кетер эле. Кайта келишкенде: бугу, аркар, карышкыр, кээде жолборс атышып келишчү. Эмнени ким атканын ким билсин, эмне сөз болсо да чоң үйдө болор эле. Ал үйгө барууга табиятым тартчу эмес. Анын үстүнө кулунун тооруктуу [13] болушу элге да аңыз [14] сөз болор эле. «Баланчанын кулу ток маарек [15] , ач көз эмес» деген сөзгө өзүм да кубанып, ошол атактан түшпөөгө тырышчумун. Ошондуктан чоң үйдөгү көп сөздөн кур калчумун. Көбүнчө сөздү кыздын өзүнөн угар элем. Эрмек үчүнбү, мактануу үчүнбү, же мени аягандыктанбы, уйкусу келбесе, төшөгүнө жатып, түрдүү сөздөрдү сүйлөр эле.

Аны мен «Эрке эже» дечүмүн, анткени элинин бардыгы: «Эрке кыз» деп айтышчу.

Эрке кыздын күйөөсү жигиттери менен келип, бир-эки конуп кетчү. Күндөрдүн биринде, жайдын толгон кезинде, күйөө дагы келди. Ал келишинде жалгыз гана келди. Жалгыз келсе да, мурунку тартип боюнча, конок жатагы башка үйдө болду. Каада боюнча жеңелери кызды күйөөгө жолуктуруп жатаарда өргөөгө кайта алып келишти.

Ал кездеги балдар азыркыдай чабал болчу эмес, балам. Эмнеге болсо да эртерээк жетишчү. Мен уктабай жаттым. Эл уктай электе жигит колуктусуна келди. Мен ал жигитти көргүм келбейт. Бирок «баатыр» деп элдин баары аны макташат. Анын эмне баатырдыгы бардыгын мен эмдигиче билбеймин. Демимди ичиме жыйнап, алардын сөздөрүн тыңшадым. Бир оокумда сөздөрү чатакка айланды.

Кыздын сөзү өкүм чыккан сайын, менин жаным кирет.

«Ушул жигит кыздан ылайым айрылып калса экен» деп тилеймин. Алардын сөзү да эсимде, – деди карыя.

Карыя сөөмөйү менен комуздун кылын өйдө, төмөн сейрек дилдиретип койду да, күйөөнүн сөзүн баштады:

– …Эркем! Эми калың болсо бүттү. Атаң дагы чатак кылып жатат. Качпайсыңбы? – деди жигит.

– Жок, мырзам! Атамдын жалгыз кызы болсом, той тойлотпой туруп, босогодон аттабаймын. Атам эмне чатак кылып жатат? – деди кыз.

– Кызыл буурулду, же Ак чагырды бербесе, кызымды бербеймин, – дептир.

– Экөөнүн бирөөнү берип, атамды ыраазы кыл. Атам айтканын кылбай койбойт.

– Жок, мен атым менен куралымдан айрылып, кыз албаймын, – деп жигит чорт гана айтты.

– Экөөнүн бирин атам алмайынча, мен сага барбаймын, – деп кыз жигиттин сөзүн кесе сүйлөдү.

Жигит кыз менен көп сүйлөшүп олтурган жок:

– Экөөнүн бирин берсем, сени албай эле энемди алып калайын, – деди.

Кыздын кербездиги ого бетер күчөдү.

– Экөөнүн бирин бермейинче сага тийсем, мен атама тийип калайын, – деди.

Өзүңөр билесиңер, кыргызда мындан чоң каргыш, мындан чоң ант жок. Кыз менен күйөө катуу эрегишип кетишти.

– Сени атаңдын төрүндө карытам: өзүм да албаймын, эрге да бергизбеймин. Бирөөгө бере турган болсо, айылыңарды кызыл кереге [16]кылып чабам. Өзүңдү жайдак атка мингизип барып, күң кылам, – деди.

Кыз тайманган жок:

– Үч айдын ичинде экөөнүн бирин берип албасаң, мен өзүм билип кул болсо да күйөөгө чыгам. Эр болсоң кегиңди менден ал. Мен үчүн айыл айыптуу эмес, – деди кыз ордунан козголбой.

– Үч айдын ичинде ыктыярың менен барбасаң, түбөлүк күңдүккө кармаймын, эсиң барда акылыңа кел, – деди жигит каарданып.

– Күң кыла албасаң, төшү түктүү жер урсун!

– Эрге тие албасаң, төбөсү ачык көк урсун! Булар экинчи сүйлөшкөн жок.

Күйөө кеткенден кийин кыз бир топ күнгө тилсиз немедей болуп жүрдү. Менин кубанычым койнума батпай, кыз ошого тийбесе экен деп жүрдүм.

Бир күнү кыз жатууга даярданып, жибек жууркандарын толкундатып силкип жатып:

– Бөбөгүм! – деди мага жылмайып, – сен төргө мага жакын жат. Мына бул жуурканды салын, – деп кара кашка ыпча жуурканды төргө таштады да: – Жаздыктын бирин алып жазданып ал, – деди.

Мен анын төшөгүнө жакын жаттым. Ичим эле кымылдайт. Бирок түшүнбөймүн.

Жатар менен кыз мени суракка ала баштады:

– Сенин атаң атактуу кишиби? Кайсы жактан келгениңди билесиңби? Мындан эче күндүк жол? – деди. Менин жүрөгүм сүйүнгөндөн ээлигип түштү. Атамдын кадырын ого бетер чоңойтуп жана билбегенимди «билем» дей баштадым.

– Атаң элден доо алып, же доого жыгылганын билесиңби? – деди.

– Билем. Мен сегиздеги кезимде чоң уруш чатак болуп, биздин элге тогуз эрдин куну түшкөн. Менин атам ошол тогуз эрдин кунун таптакыр бербей койгон. Биздин эл абдан көп жана баатыр болот. Кул доолаганды кайта айыпка жыгып, үч тогуз [17] , бир кыз тартуу алышкан, – деп калп айтып жибердим.

Кыз менин калпыма түшүндү окшойт, үнүн чыгарып күлүп жиберди да:

– Мен сени менен качкым келет. Сен мени сүйөсүңбү? Куткарып кете аласыңбы? – деди.

Кул өсүп калгандыктанбы же жаштыгымданбы, төшөгүмдө жатып сүрдөдүм. Бирок тез жооп бердим:

– Эмне үчүн куткарбаймын. Мен да жигитмин, менин да элим бар! Мен эми бөрүдөй болуп өстүм. Элге кур кетүүнү ылайык көрбөй жүргөн элем, – деди кишисинип.

Кыз дагы ачыгыраак күлдү. Ал менин кур кайратыма жана кетүүгө дилгир экендигиме ачык түшүнгөн болуу керек.

– Сен жашсың, бирок жүрөгүң эрдикиндей. Сен көркөм, сүйкүмдүү жигит болосуң. Сенде акыл да бар. Ошондой болсо да сен ойлонбоюраак шашып жатасың, чынбы? – деди кыз.

– Жок, мен ойлонуп эле чын айтып жатам. Бир кызды куткармакка эмне! – дедим.

– Мейлиң, чын айтканың жок, – деп колун сунуп, менин башымдан сылап эркелеткендей болду.

Мен жыйырмадагы жигиттей болук элем жана жүрөктүү элем…

– Мен эми сеникимин. Бирок элиңе жеткенде, башым кутулганда гана сенин эркиңе өтөм. Азыр сенин каалооң аткарылбайт. Эртең менен туруп, малга барып, келген жолуңду байка. Төөлөрдүн ичинде жез буйлалуу [18] боз инген [19] бар. Ошону кармап минип сууткун, – деди.

– Кайсы инген, абамдын тушуна байлануучу эмеспи?

– Ошонун өзү. Ал төөнүн желмаяны [20] . Атам аны уурудан коркуп өзүнүн тушуна байлатат. Дайым анын кепшегенин тыңшап жатат. Сен ал төөнү үч күнү жашырып сууткун. Үчөөндө тең түн ортосунда туруп атамдын тушунан агытып жибер. Бирок буйласын чубалтып жибер, – деди.

Эмне үчүн деп сураганым жок. Айтканындай иштей баштадым. Биринчи агыткан күнү, төө үйдөн аз эле алыстаганда кыздын атасы чыга калып, аны кайта алып келип байлады.

Экинчи күнү агытканымда төө узап кеткен эле. Кыздын атасы чыгып карады да, кайта кирип жатты. Үчүнчү агытканымда кыздын атасы чыккан жок. Бирок эртесинде:

– Желмаянды кандай байласам да, болбой бошонуп кете турган болду. Жарыктык Ойсул [21] ата колдоп жүрсө керек, – деп сүйлөгөнүн уктум да, тим болдум.

– Атам төө тууралу эмне сүйлөсө, мага айт, – деген болучу кыз. Мен бул укканымды дароо кызга сүйлөдүм.

– Абдан сонун, атам алданды, – деди кыз. – Эми эл жатар менен төөнү коктуга алып барып, мына бул килемдер менен комдогун [22] . Мына бул жууркандарды үстүнө кошо комдо, – деп бардыгын мага көрсөтө баштады.

Кыздын атасыныкында конок болгондуктан, алар өтө кеч жатышты жана меймандар эшикке жайланышты. Бул көрүнүштөр биздин качышыбызга жолтоо сыяктуу болуп көрүндү.

Ай батууга жакындады. Тойгон коноктор тез гана коңурукка кирди. Мен төөнү алып коктуга жөнөдүм. Төөнү тиздей [23] салып, өргөгө кирсем, кыз бирдемелерди жыйнап жаткан экен:

– Тез, таң атып кетпесин, – деди. Ал эркекче кийинип, белин курчанып жаткан эле. Килем-килче менен төөнү комдоп жиберип кайта келдим. Кыз эки чоң куржунду араң сүйрөп, босогодон өткөрө албай шашып жатат. Мен бирөөнү көтөрө чуркамакчы болуп сермегенде, куржун былк эткен жок. Кыз күлүп жиберди. Эки колдоп тартканда араң гана сүйрөлдү. Эптеп төөгө жеткенде:

– О, кокуй, – деди кыз кыжырлангансып, – жаман токупсуң. Тез чеч! – деди.

Мен чечип жибердим. Кыз төөнү кайта комдоп, эки куржунду текчейтип артты да:

– Сен капа болбосоң, мен алдыга минейин. Сен төөнүн сырын билбейсиң, – деди да, менин жообумду күтпөй өзү гана мине баштады. Анткени койлордун кайсы бирлери бышкырып, буту-колун керип жаткан эле. Мен дароо түшүндүм, койдун бышкыра башташы, таңдын атышынын белгиси болот.

Ал минди да: «Тез мин» деп аркандын чөлмөгүн көрсөттү. Ал чөлмөк атайын жасалган үзөңгү эле.

– Жайландыңбы? – деди кыз.

– Жайландым.

Менин жүрөгүм ордунда болгон жок. Айылдан узабай колго түшчүдөй көрүндүк. Бирок «жайландым» дегенден башка бир ооз да унчукканым жок.

– Бек олтур, коркпо, – деди да, төөнү тургузуп, камчылангандай болду. Мен ыргып кете жаздадым. Төөнүн буту жерге тийип баратабы, же учуп баратабы анысы билинбейт. Жер эле айлангансыйт. Жок жерден шамал жаралып, көзүмдөн жашым куюла баштады. Түлкү качырган бүркүттүн дуусундай гана добуш угулат. Ал добуш кимдики экенин адегенде ажырата албадым.

– Жакшы келе жатасыңбы? – деп кыздын үнү чыкканда:

– Ооба! – дедим жана күркүрөгөн дабыш, урган шамал биздин илебибиз экенин биле койдум.

Таң аппак атты. Айланада айыл түгүл мал да көрүнгөн жок. Кайсы жерде баратканыбызды да тааныганым жок. Күн бута атым көтөрүлгөн кезде, кыз төөнүн буйласын тарта баштады. Бирок төө токтоно албай үрккөн эмедей ээлигип, көбүгүн чача баштады. Күн так төбөгө келгенче жай жүрдүк. Андан кийин канаттуудай учуп дагы жөнөдүк. Эл орунга олтурган кезде, өзөн суусунун боюна келип, төөнү тиздеп коюп, тамактана баштадык.

– Баатыр жетсе, бизге эртең жетет. Андан башка киши бизди кубалабайт. Качсак кутулбайбыз. Бирок анттын аягына чыгуу керек. Качып кетүүгө болбойт. Туурабы? – деди кыз.

Мен тилим менен жооп кайтара алганым жок, башымды ийкедим. Кыз жылмайып күлдү да:

– Ал деле адам, андагы өнөр бизде да бар. Сен коркпо, өлсөк экөөбүз бирге өлөбүз, – деди.

Мен оюма келбеген ишти кыз өзү баштап, сүйүүнүн отун өзү тутантса да, менин сүйгөнүм аныкынан күчтүү сыяктуу эле. Мен аны менен өлүүдөн тартынганым жок. Кыса-кыса кучактап өпкүлөп жибердим.

Эртесинде, көлөкө бойдон узунураак болгон кезде, арт жактан созулган куюндун чаңы көрүндү.

– Тетиги чаң – баатырдын чаңы. Эми коркпо, – деп кыз төөнү токтотту да, текенин мүйүзүнөн жасаган саадагын алып, даярдана баштады. Баатыр көз ачып жумганча жетип келди да, кыйкырып:

– Абийирсиз! Эми туткун болдуңбу! – деди. Кыз төөсүн туура тартып тура калды да:

– Мен убадама жеттим. Атыңдын башын тарт, өлөсүң! – деп төөнүн мойногун тээп саадагын кезеди.

Бута атымдай жерге келгенде ак чагырды колуна алып, атайы токтоп туруп:

– Өлө элегиңде менин жаныма кел! Келсең дагы күң кылам! Качсаң да күң кылам! Ушуну ук! – деди жигит.

– Тил алсаң кайт, сага менин колум барбайт. Сен менин колумдан өлбө. Мен намазымды алдым, – деди кыз экинчи эскертип.

Жигит келүүгө намыс кылды да, катуу буйрук берди.

– Кел жаныма! Кел, жүгүн! Жаныңды калтырам, түбөлүк күң кылам!

Кыз эрегишке туулган эмедей:

– Күң кыла албасаң, энеңди экинчи ал! – деп төөнү бура тартып, бастырууга киришти.

Жигит ок тийген арстандай бакырып:

– Өлдүң! Өз убалың өзүңө! Өлдүң! – деди. Анын мылтыгынын оозу бизди тиктеп үңүрөйүп калган эле. Ал ок чыгарганча кыз бура тартып, мурунку калыбына келе калды да:

– Чатаксыз кайт, менин колум сага барбайт, – деп үчүнчү эскертти.

– Кел дегенде кел! Сен менин түбөлүк күңүмсүң!

Багынасыңбы, жокпу? Айт, канчык! – деп мылтыгын шыкаалатып кыздан жооп күттү.

Жигиттин кайтпасына кыздын көзү жетти. Сөз менен жооп берүүнүн ордуна, саадагын тартып жиберди. Машаада турган жигиттин колу ийнинен чабыла түштү.

– Кош, тил албадың. Түбөлүк эсиңде болсун, – деп кыз жолго түштү. Төө каадасынча учуп жөнөдү. Жигит оң колунун сыныгына көп буйдалган жок. Сол колуна кылычын ала коюп, оозун ачып карышкырдай качырды.

Кызыл буурулдун таманы жерге тийсе тиет, тийбесе жок. Жигит кылычтын сырты менен камчыланып уруп келе жатты. Чабалекей куйруктанган саадактын огун кыз дагы учурду. Учуп келе жаткан буурулдун алдыңкы шыйрагы сыртына чабыла түштү. Күүлөнгөн буурул токтогон жок, бизге жете бергенде гана сүрдүктү.

Ат омуроосу менен жерге тийгенде, жигит жыгылбастан чуркап кетти. Анын оң колу, буту сынып качкан кийиктин шыйрагындай салпактап, оң жагын чапкылап жиберди.

Кыз саадагын кармап тура калды да:

– Мен антымды орундадым. Сага койгон антымды сенин эрдигиң үчүн кечтим. Намыс эркек менен ургаачыга бирдей экендигин көргө киргенче унутпа, – деп жолго түшкөн экен! – деди бизге сүйлөгөн карыя.

Карыя так ошол жерге келгенде чагылган жарк этип учуп өттү. Карыянын колу менен сыйда сакалын сыйпалап олтурганы көрүнө калды.

– Карыя, сөз казнасынын капкагын эми ачтыңыз окшойт. Добул дагы эстен чыкты. Таңга дагы жакын калды. Эми кыз менен жигитти элине келтире көрүңүз, – дедим.

Жолдоштордун бири:

– Ай, жигит да эр экен! Кыз ченсиз укмуш экен! Эмне болор экен? – деди.

Карыя тамагын жасап алды да:

– Эмне болсо да укканымды айтып бүткөнүмдө көрөсүңөр. Ал кишинин өз оозунан уксаңар өлгөнчө унутпас элеңер, – деди.

– Сиз андан бетер, куду өзүңүз аралашкандай сүйлөп жатасыз, – деди ыктагандардын бири.

– Жигит сол колу менен аттын башын кучактап, ээн талаада унчукпай олтуруп калды. Кыз саадактын бир огун ала коюп, унчукпай сындырды да, жолго түштү. Кыздын күчтүү касиетине мен ошондо гана түшүндүм.

Созулган жел аз-аздан күчөп, ээн талааны чаң менен бүркөдү. Ким билсин, ал чаң ошол жигиттин күйүтүнүн элесидир?..

Биз үч күн жол жүргөндөн кийин:

– Байкачы, Зарлыкжан! Мына бул тоолор силердин тоого окшойбу? – деди кыз.

– Көзүмө эң эле жылуу учурайт, бирок таамай тааныбай жатамын.

Кыз бир аз жылмайып туруп:

– Эмесе түштүккө кайчы өтүп кетиппиз. Те, тигил мунарык тоо силердин элдин тоосу болуу керек, деп төөнү ошол жакка тартты.

Эртеси түшкө чейин жүрүп белден ашкан кезде:

– Эркем, сүйүнчү! Бул биздин жайлоо. Мына бул белдин бөксөсүндө калың токой, андан төмөн камыш бар. Ошол токойдун башында биздин айыл болчу эле. Мен так ошол жерден туткун болдум эле. Мүмкүн азыр да ошол жердедир, – дедим.

– Сүйүнчүңө өзүмдү бердим. Мындан аркы бийлик өлгөнчө сенин колуңда, – деди кыз.

– Биз белге чыга бергенде, жайылган жашыл тукабага көмкөрүлгөн чыныдай, аппак үйлөр көрүндү. Мен кубанган бойдон:

– Мына, биздики! – деп бакырып жибердим.

– Чынбы?

– Чын!

Менин бүткөн боюм солкулдап кетти. Ал жаркырап мени тиктеди да:

– Шашпа, жаным. Эми айылга каш карарганда баралы, – деди, мен макул болдум.

Айылдын бери жагындагы өзүбүздүн суу алгычка токтоп, төөнү чөгөрүп, сууга жууна баштадык. Ойногон балдардын чыңылдаган үндөрү угулуп турду. Энесинен адашкан козулар биринен сала бири маарап, үргүлөгөн кечки тынчтыкты эркине койбой жатты. Менин көңүлүм жашып, өпкөм көөдөнүмө батпай, жүрөгүм опколжуй берди.

– Мына, эми мен толук сеникимин, садага! – деп төбөсүндөгү чачын жазып, мага даярдаган кийимдерин кийгизди да, өзүнүн кымбат кийимдерин кие баштады. Сүттөй айдын жарыгында суйкайып көрүнгөн анын сулуу денеси, менин көзүмө укмуштуу болуп көрүндү.

Мен андан мурун кийиндим да, анын туптунук бетинен өпкүлөп жибердим. Анын жыпардай [24] жыты эми да мурдумдан кетпейт…

Тыңшап олтурган аялы анын сөзүн орой бузган жок, бирок тумшугун чүйрүп, эрдин чыгарып:

– Эми алжыбасаңчы, – деди. Карыя анын сөзүн уккан жок. Сөзүн созо берди.

– Биз жасанганча козулардын үндөрү да жайланды, чыңылдаган балдар да тынчыды…

– Эми садага, сен барып аманчылыктарын билгин. Ата-энең тирүү болсо, алардын моокун кандыр. Анан кийин мени келип ээрчитип кеткиле. Шымаланып сени менен кошо барганымды салт көтөрбөйт, – деди кыз.

Мен чуркап айылга жакындаганымда, иттер чуулдашып үрүп алдымдан чыкты. Койчулар кыйкырып, иттердин багытын улап келип, мага жолугушту.

– Сен кимсиң?

– Жолоочумун.

– Кайда барасың?

– Чоронукуна. Ал киши аман-эсен барбы?

– Чокем бар, көзү көрбөйт, – деди койчу.

– Кемпири барбы?

– Бар, төшөктөн турбайт. Жалгыз баласынын кайгысынан карып болуп калышты, – деди экинчи койчу.

– Эмесе, курдаштар, мени ошондо ээрчитип баргыла, мен алардын жоголгон жалгызымын.

– Сүйүнчү, Чоке! Сүйүнчү! Зарлыгың келди, – деп, койчулар кыйкырган бойдон, мени үйгө карай сүйрөштү. Үйдөгү кишилер чыга чуркашып, мени тегеректеп кучакташкан бойдон үйгө алып киришти.

Таягын колуна алып калтаңдап күтүп турган атам менен кучакташып көрүштүм. Этек-жеңиме асылып чуулдаган кишилер боруктуруп жибере жаздашты…

– О, кулунум… – деген энемдин алсыз кыңылдаган үнү угулду жана купкуу болгон жүзү мага карай араң гана бурулду. Мен «апаке» деп телмирип чуркаганда, анын арык колу мага карай сунулду. Бирок, мен жеткиче колу төшөгүнө түштү… Экинчи анын арык колу кыймылдаган жок, үнү да чыккан жок… Жылуусу таркай элек апамын көкүрөгүнө ысык жашымды төктүм… Атам калтыраган бойдон:

Энең ыраазы… Энең үнүңдү укту, балам? – деди… Дүрбөлөң менен кубаныч мени эсимден тандырды.

Иңирде чыккан ай асмандын ортосуна келгенде:

– Кана, балам, кантип келдиң? Кайда жүрдүң? – деди атам. Менин эсиме кыз ошондо түштү.

Атаке, аны мен жайыраак айтайын. Сизге келин алып келдим. Суу алгычта күтүп калды, – дедим. Элдин бардыгы мени тегеректеп алып, сууга карай чуркашты. Менин башыма суу айлантып чачкан кемпир, чөйчөгүнө суу куюп алып, кошо жөнөдү.

Сууга келсек, кыз да жок, төө да жок.

– Кана? – деди бирөө өзүнчө.

– Үйгө жакын барып тургандыр, корккон го, деди экинчиси менин карап.

– Тигине! – деди үчүнчү киши колу менен көрсөтүп, анын көрсөткөнү булдуруктап кыймылдады. Кары кишилер токтой калышты. Биз шашып чуркадык.

Бизден мурунураак кеткен бирөө:

– О, кокуй! Иш болбой калыптыр! – деп тим боло калды да:

– Кокуй! Жолборс алып таштаптыр! – деп бакырды…

Кыздын колу өзүнүн башын кучактаган бойдон кыймылсыз жатканы көрүнө калды. Төө чала жан болуп, узун мойнун жерге ургулап, буттарын тыбыратып жатыптыр. Мен кызды кучактап жыгылдым.

Мына балам, бул муңканган күү өзүм менен бирге эс алат. Эми өзүм менен бирге жатат. Күүнүн сыры ушул, балам! – деди.

Эртесинде карыя мени ээрчитип келип, кыздын мүрзөсүн көрсөттү да:

– Мына, балам! Кыз ушул жерде жатат. Аны куржундарын ачтырбай туруп, ошол бойдон көмдүргөм. Куржунда эмне бар экенин көрдөн башка эч ким билбейт… Карачы, балам! Муну көр деп эч ким тааныбайт. Дүмпөйгөн гана жашыл чым. Жакында түптүз жер болот… Мен жүз үчтөмүн. Мен дагы жакындап баратам, – деп чала билинген жашыл мүрзөгө сүйөнүп олтуруп калды.

Мен ошол кишини эми да көргөнсүп турам. Кандайдыр, комузун күңгүрөтүп тирүү жүргөнсүйт. Бирок ал киши кызы менен эчак сүйлөшкөндүр… Баягы баатыр менен эчак кездешкендир? – деп карыя сөзүн бүтүрдү.

Карыя бул аңгемесин бүткөнчө добул токтоп, таң атты. Кийимдерди күнгө жайып таштап, карыянын экинчи аңгемесин тыңшадык.

1940-жыл.

  1. Оттугу – мында чагылган жөнүндө айтылып жатат.
  2. Нөөмөт – кезек.
  3. Берен – алгыр куш, бүркүт.
  4. Манаттай – мында кыпкызыл деген мааниде.
  5. Нөкөрлөгөн – саймаланып кооздолгон.
  6. Таберик – кызыктуу белек деген мааниде.
  7. Кут – ырыскы, бакыт.
  8. Мүчөл – ар бир мүчөлөгөнү он эки жылды түзөт. (эскиче жыл эсеби).
  9. Эл орунга отурганда – түн киргенде.
  10. Ком – төөнүн токулгасы.
  11. Кементай – жука кийизден жасалган чапан.
  12. Өргөө – жасалгалуу боз үй.
  13. Тоорук – сатылып келгени.
  14. Аңыз – кызыгыраак, кызыктуу.
  15. Ток маарек – зыкым эмес.
  16. Кызыл кереге – кыйратып талкалаймын деген мааниде.
  17. Үч тогуз – калыңга, байгеге же айыпка берилүүчү тогуз мал
  18. Буйлалуу – мурдунан тешип байлаган.
  19. Инген – беш-алты жаштагы ургаачы төө.
  20. Желмаян – төөнүн күлүгү
  21. Ойсул – (миф – төөлөрдүн олуясы), төөнү колдоочу ээси.
  22. Комдогун – артып, токугун.
  23. Тиздеп – төөнү чөгөрүп, алдыңкы буттарын байлап коюу.
  24. Жыпар – аңкыган жакшы жыттуу зат.

 

a_tokombaev_mА.Токомбаевдин башка чыгармалары

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: