Сѳз сабаттуулугу деген эмне?


1930-жылдардан берки сексен жылдан ашык мезгил бою элибиздин эне тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Андагы ой, сунуш, курч сын пикирлерди топтоого алсак, нечен том-том китеп болор эле.

Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызга так, таамай, таза, сабаттуу, таасирдүү сүйлѳѳнүн зарылчылыгы барбы же бул анчейин эле маселеби? Сѳз байлыгыбыз муундан муунга кемип, эки сѳздүн бири орусча айтылып аткандыгы жакшыбы же жаманбы? Мындай кесепеттүүлүк жок кылыныш керекпи же кѳнүмүш кѳрүнүш боло берсинби? Эне тилибиздин табиятын, байлыгын, элестүүлүгүн, баа жеткис баалуулуктарын сактай албасак, анда акыры эмне деген эл болобуз? Кыргыз тилинин, мамлекеттик тилдин абалына жаны ачыгандар болгонун болгондой айтып чыгышса эле дароо: орус тилсиз ѳнүгѳ албайбыз деп, коомчулук пикирди бурмалап чуу салгандар, маселенин ѳңүтүн тескери бургандар деги эмне болгон адамдар, алардын кѳздѳгѳнү эмне? Кылымдар бою кыргыздын кыргыз болуп ѳсүп ѳнүгүшүнѳ ѳзѳк болуп келген кыргыз тили кѳчѳдѳ, иште, коомчулук жайларда, үй-бүлѳдѳ колдонуудан калган, же жакшылыктуу колдонулбаган, эне тилибиздин ээси ѳздѳрүн ѳздѳрү жээриген абалга кѳпчүлүк эл биротоло жатыгып калса, элибиздин тил табияты, табити биротоло соолуса эмне болорун алар неге айткылары келишпейт? Атайылаппы же түшүнбѳйбү?

Журналистика сѳз таамайлыкка , таасирдүүлүккѳ негизделген кесип. Теле-радио, жалпы эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элибиздин эне тил табиятына таптакыр жат сүйлѳм түзүлүштѳр журналисттердин ѳздѳрү тарабынан айтылып, жылдан жылга күчѳп баратат.

“Эт болсо мурунку баасын кармап турат”. Туура айтылышы: эт арзандабады; “Базар кыймылга толуп чыкты”. Кыргыз, “Базар кызыды” дейт; “Чечимди чакырып алды”. “Чечим артка кайтарылды” деп айтылса эне тилибиздин табитинде болмок; “Экономикалык кылмыштар менен күрѳшүү”. Кыргызча туура айтылышы : Экономикалык кылмыштарга каршы күрѳш; “Мыйзамсыз пара алуу”. Пара алуунун мыйзамдуу түрү эч убакта болгон эмес жана болбойт. Ошондуктан “пара алуу” деген сѳздүн ѳзү жетиштүү. Же болбосо “Пара алып мыйзамды бузуу” десе да маани ѳз ордуна келет; “Жалпы добуш берүүгѳ алынып чыкпайт”. “Жалпы элдик добушка коюлбайт” десе туура болмок; “Анын ийгилигинин артында эмгек жана аракет жатат. “Анын ийгилиги – эмгек жана аракеттеринин үзүрү” десе сүйлѳм эне тилибиздин табитине, табиятына айкалышмак. “Менимче” деп айтуунун ордуна “Мен ойлойм” деп сүйлѳгѳндѳр кѳбѳйдү.

Москвада жогорку окуу жайларынын биринде ондогон жылдар бою окууга ѳтѳм деп келгендерден экзамен алып жүргѳн филолог, окумуштуу окутуучу жыл сайын ошолордун оозеки жана жазуу жүзүндѳгү айтымдарындагы сүйлѳм түзүү сабатсыздыктарынын мисалдарына талдоо жүргүзүп, соңку он беш жыл аралыгында коошпогон копол сүйлѳмдѳр он эки пайызга күчѳдү деген тыянакка келиптир.

Ушундай талдоого алып, тыянактап, эне тилибизде сүйлѳм сабаттуулук маселесин жалпы элдик, коомдук, малекеттик маселе катары маанилеп, чара кѳрүү зарылчылыгынан кыя ѳтѳ албайбыз.

Россияда Владимир Путин президент болуп шайлангандыгынын алгачкы кездеринен баштап орус тилинин эл оозунда сабаттуу болушуна кѳңүл бургандыгы, Түркияда Мустафа Кемал Ата Түрк түрк эли эне тилинде оюндагысын ойдогудай айта да, жаза да билишине түздѳн түз ѳзү киришип, абалды оңуна келтиргендиги эске алына турган маселе.

Кенжалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК», 30.07.2012-жылы терилген

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: