Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы тууралуу жети факты


Романдын элге дароо эле алынып, сүйүктүү чыгармага айланып кетишинин бир сырын автордун баяндоо чеберчилигине байланыштырышат. Замандаштарынын айтымында Жантөшев “билбеген кыргыздын төл сөздөрү сейрек болгон” экен.

“Каныбек” — Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана негизги каарман каардуу заманда жашаган кулдун оор тагдыры, кыйын турмушу сүрөттөлөт.

Төмөндө кезегинде ар бир кыргыз жазданып окуган “Каныбек” туурасында жети фактыны айтып беребиз.

Тогуз жыл. “Каныбек” романынын 1-китеби 1939-жылы, 2-китеп 1941-жылы, 3-китеп 1948-жылы басылып чыккан. Чыгарманы автор тогуз жылга чукул убакыт жазган.

Жазданып окулган чыгарма. Роман кыргыз окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган. Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы улуу-кичүү дебей ар бир кыргыз жазданып жатып окуган чыгарма болгон. Элге эң кеңири тарап, Каныбек аттуу каарманды кыргыз окурмандарынын арбыны жадында жаттап калган эле. Бул боюнча драма жазылып, көркөм тасма да тартылган.

35 жаштагы ийгилик. Жантөшев “Каныбектин” биринчи китебин 35 жашында жазган. 30-50-жылдардагы кыргыз адабият айдыңында Касымалы Жантөшев замандаш калемгерлердин катарынан бөлүнүп турган. Адабиятчылар муну Каныбек чыгармасы алып келген ийгилик менен байланыштырат. Ал эми бул чыгармадан кийин төрөлгөн эркек балдарга “Каныбек” ысымы көп коюла баштаган.

Макал-лакаптардын энциклопедиясы. Касымалы Жантөшев бул чыгармасында башкалардан тилинин байлыгы, элдик макал-лакаптарды кеңири колдонгондугу менен айырмаланат. Бул чыгарманы кайсы бир деңгээлде кыргыздын канаттуу сөздөрүнүн, макал-ылакаптарынан энциклопедиясы сыяктуу кабыл алса болчудай. “Каныбектен” “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат”, “эбепке себеп, эгиз улакка айры шыбак”, “жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет” деген дагы бир топ канаттуу сөздөрдү кезиктирүүгө болот.

“Өтпөй калган” тасма. Анткен менен бул чыгарманын экрандаштырылган варианты элге кеңири сиңип кете албагандыгын айтышат. Режиссер Геннадий Базаров 1979-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында “Каныбек” көркөм тасмасын тарткан. Бирок, киносынчылар тарабынан режиссер фильмди ийине жеткире тарта алган эмес деген баа берилген экен.

“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек”. Чыгармада негизги каарман Каныбектин айланасындагы окуялар ар кыл өңүттө, кээде фантастиканын элементтери менен өнүккөн. Муну байкаган акын Мидин Алыбаев “Адабияттык парадында” азил ыр жазып, ал эл арасына тарап кеткен.

Бир жагынан жомокко жакындап,
Экинчи жактан романга жакындап.

Кээде повести такымдап,
Түзүк жазылды “Каныбек” –
Кара шакылдак.

Автордун оюна койсо:

Какемди улам өзгөртүп турмак,
(Кээде калпак кийгизип, кээде тумак)

Илимдер Академиясына –
Мүчө корреспондент кылмак,

Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.

Окумдуулугу боюнча алтынчы орунда. Улуттук китепканадан алынган маалыматтарда бул чыгармага суроо-талап азыркыга чейин бар экен. Ал эң көп окулган китептердин алтынчы сабында турат.

Sputnik Кыргызстан, 21.02.2016

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: