Кѳңүл


Теңирим сага тартуулаган жарык жашоодо кѳңүлдүн орду, таасири ѳзгѳчѳ мааниге ээ. «Бир ооз сѳздѳн калат кээде кѳрктѳнүп, бир ооз сѳздѳн дүйнѳ кетет ѳрттѳнүп» деп элибизде айтылгандай, адамдар кѳңүлдүн кѳрѳңгѳсүнѳ, жараткан маанайына, андан тапкан таалайына анча маани бербей келишет. «Жашоонун жыргалы да кѳңүл, азабы да кѳңүл» болорун бүгүнкү маектеш каармандарым ачып бермекчи.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, тѳкмѳ акын:
«Көңүлүң болбосо, ѳмүрүңдүн маңызы билинбейт”

Элмирбек мырза, жашоодо адам үчүн кѳңүлдүн орду канчалык?

– Мен үчүн кѳңүл ѳзгѳчѳ ыйык түшүнүктѳрдүн бири. Жашоодогу ѳмүрүңѳн кѳңүлдү бѳлүп кароо мүмкүн эмес. Жүрүм-турумубуздун баары кѳңүлгѳ байланыштуу, керек болсо кѳңүлгѳ жараша тагдырың болот. Биздеги бардык байланыштын башатында кѳңүл турат, ошондуктан «кѳңүлүм келбей калды», «кѳңүлүм жок», «кѳңүлгѳ алба», «кѳңүлүңѳ кетпесин» дейбиз. Мына ушунун баары биздин ѳмүрүбүз кѳңүл менен тыгыз байланышта турарынын далили. Кѳңүлүң болбосо, мал эмес же адам эмес, бир жандыкка айланып каласың. Элибиздин меймандостугунун түпкүлүгүнѳ катылган сыры да ушунда, бир кичинекей кѳңүл үчүн канча убактысын, канча эмгегин, канча кубатын сарптайт кыргыздар.

Кѳңүлүңүз чѳгүп турган учурда эмне кыласыз, андай абалдан чыгуу иш-аракеттерин жасайсызбы?

– Ушул жѳнүндѳ ырас сурадыңыз. Кѳңүл чѳктүргѳн абал болуп калды дейли, ушунун ѳзүнѳ да ырахмат айтыш керек, себеби, ал баары бир сен басып ѳтѳ турган кечүү болчу. Ошол абалды кѳңүлгѳ орнотуп албай, кармап туруп албай, туура түшүнүү менен ѳткѳрүп жибериш керек. Себеби, мындай кадамдын артында сѳзсүз кайрымы болот. Мен кийинки убакта кѳңүлүмдү чѳктүрүп, кайра андан чыгууга күч коротконумдан кѳрѳ, кѳңүлдү чѳктүрбѳшүм керек деген камылгада жүрүп калдым. Мындай чечимге келип, буга кам кѳрүп баштаганыма бир жыл болуп-боло элек. Бул абдан жакшы ыкма экен. Анткени, 2007-жылдан бери ден соолугум ѳйдѳ-ылдый болуп жүрѳт. Мунун себебин абдан үңүлүп, тереңин карап кѳрсѳм, ден соолуктун солгундашы да кѳңүлгѳ байланыштуу тура.

Кѳңүлүңүздү кантип көтөрөсүз?

– Мен таң калам, ѳзүмѳн-ѳзүм эле бир күнү сүйүнүп, кубанып калам. Ал кубаныч сага  каяктан келди билбейсиң. Мындай сезим мага кѳбүнчѳ эртең мененки убакта келет. Кѳрсѳ, таң атып келатканда ошо учур менен кошо адамга кайталангыс маанай тартууланат турбайбы. Биз, адамдар, үңкүргѳ кирип алгансып, ошол табият тартуулап жаткан маалды сезбей, кѳңүлдү бага албай калыптырбыз. Ѳзүнүн кѳңүлүн аздектей албаган адам башканын да кѳңүлүн сыйлай албайт. Бул – чындык. Ѳзү кѳп таарынып, кѳп капа болуп,  кѳп наалып, кѳп доомат кылган киши башка бирѳѳнү таарынтып койгондон, башканын кѳңүлүн калтырып койгондон чочубай калат. Бул адам баласы үчүн коркунучтуу абал. Кѳңүлдү аздектеп жашаган адам «бул мага берилген жашоо, бул мага берилген ѳмүр» деп, кубанганды, кубандырганды билип жашайт. Мындай адамдар экинчи бир адамдан сулуулукту тапканды билет. Ар бир нерседен, окуядан, адамдардан күнүгө жакшыны кѳргѳнгѳ аракет кылып баштасаң, кѳңүлүң ѳсүп, ишиң илгерилей баштайт. Муну ѳзүнѳ кайдыгер эмес ар бир адам тажрыйба кылып байкап кѳрсѳ болот.  Дүйнѳнү кандай кабыл алсаң, ошого жараша кѳңүл түздөлөт. Ошондуктан, жашоонун ар бир ирмеминен кѳңүлдүн шайкештигин таба билүүнү ѳздѳштүрүш керек.

 

Шайыр КАСЫМАЛИЕВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
“Көңүлдү гүл баккандай өстүрүү керек”

– Күнүмдүк турмушта кѳңүлгѳ кандай мамиле кыласыз?

– Адам баласы болгондон кийин кѳңүлдүн орду абдан маанилүү. Ден соолук кандай керек болсо, кѳңүл дагы ошончолук керек. «Кѳңүл гүлдѳй назик» дегендей, назик нерсеге татыктуу мамиле кылуу – кѳңүлдү бийик, ыйык туткан адамдардын гана колунан келет деп ойлойм.

– Кѳңүлүңүз чѳккѳн учурда ал абалдан кантип чыгасыз жана көңүлүңүздү кантип көтөрөсүз?

– Мен эл аз, тынч, жѳнѳкѳй жерге барып эс алганда кѳңүлүм кѳтѳрүлѳт. Эс алганда кѳңүлүмѳ топуктук алып келем. Же болбосо ѳзүмчѳ отуруп алып бир нерсе токуганда, ал токуган буюмдарым кѳңүлүмдѳгүдѳй чыкканда абдан куштарланып, ѳзүмѳ-ѳзүм ыраазы болуп, аябай кѳңүлүм кѳтѳрүлѳт. Негизи эле кѳңүлүмдү кѳтѳрчү нерселерди атайылап кылганды аябай жакшы кѳрѳм.

Көңүлүмдү көтөрүүдө мен көбүнчө жаш кезимдеги кѳңүл кѳтѳргѳн учурларды эстейм, эстеген сайын жашыма улам жаштык кошулгансып, маанайым сергек болуп турат. Бул менин кѳңүл ачуудагы купуя сырларымдын бири. Басып ѳткѳн жолдоруңду талдап, ѳзүңѳ ѳзүң баа берип, сенин кѳңүлүң сүйгѳн адамдар кимдер, сен аларга канчалык деңгээлде керексиң, ушул тууралуу терең ой жүгүртүп, ѳзүңдүн ордуңду баалап билсең, бул дагы кѳңүл ачкандын бир түрүнѳ кирет.

Эгерде жагымсыз окуя менин кѳңүлүмдү чѳгѳрүп жатса, “ушул учурду кийин эстесем кандай абалда болмокмун” дейм да, алдын-ала ага карата болгон мамилемди байкайм. Кѳп учурда ал маанисиз болуп калаарын, буга ден соолугумду, кѳз жашымды, нервимди сарптоонун зарылдыгы жок экенин билип, ал абалдын жообун табам. Тапкан жообума жараша, болуп жаткан жагдайга кээде күлкүм келет, кээде «буга кайгыруунун эч кандай зарылдыгы жок» деп туруп, кѳңүлүмдү чѳгѳрѳ турган жагдайларга калкан коем.

Гүл ѳстүргѳн багбан сыяктуу кѳңүлдү да убагында жерин жумшартып, убагында сугарып, мээрим тѳгүп бакканды билиш керек. Ички жан дүйнѳңѳ, ар бир мүчѳңѳ, сени курчап турган табиятка туура, аяр мамиле кылганды билсең, атайын бирѳѳ келип сенин кѳңүлүңдү оорутпайт. Себеби, ошондой шарттардын жаралышына ѳзүбүз себепкер экенибизди кээде таптакыр унутуп калабыз. «Сактансаң сактаймын» дегендей, адам ѳзүнѳ аяр мамиле кылса, башкадан да ошол мамилени кѳрѳт, башкага да аяр мамиле жасай алат.

 

Атыргүл АБДРАЕВА, “Бакдөөлөт” коомунун ишкери:
“Кѳңүлүң эмнеде болсо, Кудай ошону берет”

Эмне үчүн адам баласы үчүн кѳңүл негизги орунга ээ экенин айта аласызбы?

– Кѳңүлдүн жашоодогу орду ѳтѳ негиздүү экенин өзүм аркылуу түшүндүм. Сенин кѳңүлүңдѳ санаа же кайгы туруп алса, анда жашоодогу жакшы нерселерди такыр кѳрѳ албайсың. Кѳңүлүң таза болбосо, жаныңдагы кубанып турган адамдын да кубанычын түшүнѳ албайсың. Маселен, мурун батирдин тѳлѳмү келип калган учурда сарсанаага алдырып, «кантип тѳлѳйм, ушул абалдан кантип чыгам» деп ошол санааны багып, «мен сарсанаа болбой койсом Кудай мага жардам бербей коёт» деген адашкан ой менен ѳзүмдү болушунча кыйнай берчүмүн. Көрсө, ошол кайгыруу билинбестен кѳңүлүмдү чѳктүрүп, ишимди, өзүмдү ого бетер артка тарта берчү экен. Бара-бара айланамдагы адамдардын кубанып жашагандарына иликтөө салып, «Эмне үчүн менде мындай кубаныч болбойт?», «Эмне үчүн максат койсом ага жете албайм?», «Эмне үчүн кээ бир адамдар бир нерсени ойлоп койсо эле ага жетип калышат?» деген суроолорду өзүмө бере баштадым. Бул суроолорго жоопторду издеген сайын адамдын ѳсүүсүнѳ багытталган китептерди кѳп окуй баштадым.  Окуган китептеримен улам «Кѳңүлүң жакшыда, кубанычта болсо, алдыдагы максаттарыңа тез жеткенге мүмкүнчүлүк ачылат» деген тыянакка келдим. Кѳрсѳ, адамдын кѳңүлүндѳ эмне болсо, Кудай ошону берет турбайбы. Азыр мен колуман келишинче кѳңүлүмдү ѳстүргѳнгѳ аракет кылып жатам.

А адам кѳңүлүн кантип ѳстүрүш керек?

– Кѳңүлдү ѳстүрүш үчүн, биринчиден, Кудай жараткан табиятка кѳбүрѳѳк кѳңүл буруп, суктанганды билиш керек. Күлкүлүү же сүйүү жѳнүндѳгү кинолорду кѳп кѳрсѳң кѳңүлүң кадимкидей жарык сезимге толот. Ошондой кинолорду кѳргѳндѳн кийин жакындарыма мурда жасай элек ѳзгѳчѳ жакшы мамилелерди жасай баштайм…

Кѳңүл адамга чоң кубат берет. Кѳңүлдү кирдетпей, эгер кирдеп калган болсо анда тазаланып, кѳңүлдү туура эместиктерден арылтыш керек. Кѳңүлдү ѳстүрүүнүн эң негиздүүлѳрүнүн бири – адам ыраазы болгонду билиш керек. Азыркы учурда ыраазычылык ыргакта турган адамдар аз. Эгер ыраазычылык ыргакка жетип алсаң, адам үчүн ѳтѳ чоң күч. Ыраазы болгонду эң жѳнѳкѳй нерседен башта: алты-саныңдын амандыгына ыраазы бол, жаныңдагы жакындарыңа ыраазы бол, ѳз мекениңде эркин жашап жатканыңа ыраазы бол, кыргыз болуп тѳрѳлгѳнүңѳ ыраазы бол ж.б. Айтор, адам канчалык ыраазы болгон сайын Кудай кубанычтуу жагдайларга ошончолук кѳп жолуктурат.

Кѳңүлдү өстүрүш үчүн аны кирдетпөө зарыл, ал эми кирдетпештин эң алгылыктуу ыкмасы – эч качан таарынычка алдырбоо. Таарынычтан толук арылбаган адамдын эч качан кѳңүлү өспөөсүн өзүмдөн билем. Ошондуктан, адам баласы бири-биринин кѳңүлүн таап турганы оң. Эң жѳнѳкѳй мисал, эгер чѳйрѳңдѳгү кайсы бир адамдын жарашыктуу кийим кийип келгенин байкасаң, чын жүрѳгүң менен ага карата жакшы сѳзүңдү арнап кой. Ага арнап айткан жакшы сѳзүң ал адамга шык, дем, кубат берет. Жашоодо бири-бирибиздин кѳңүлүбүздү кѳтѳргѳнгѳ маани берсек, жашообуз шаң менен коштолоору анык.

Мундуз АСАНАЛИЕВА, “Көк асаба”, 04.05.2015-ж.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s

%d bloggers like this: