Daily Archives: 05.10.2010

Базыл баатырга – 300 жыл


Кыргыздын тарыхында белгилүү уруулардын бири жедигер деп аталган. Жедигер уруусунан тарагандар республиканын түндүгү менен түштүгүндө көп учурайт. Бирок, жедигерлердин басымдуу көпчүлүгү учурда мекендеп турган жери Жалал-Абад облусунун азыркы Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылы, Таш-Көмүр чөлкөмү десек болот. Чындыгында жедигер уруусунун түпкү теги “Манас” эпосунун доорунан башталганы белгилүү. Көчмөн эл катары карт тарыхта айтылгандай кыргыз элинин […]

Жарк этип келген чыгарма


Тарыхты дайыма жеңгендер жазат” дейт эл лакабы. Мунун өзү – тарых эч убакта эки тарапка бирдей калыс жазылбайт дегенди билдирмекчи. Тагыраак айтканда, жеңилгендер ар дайым жексур образында көрсөтүлөт деген сөз. Бирок, доор дегениң тим тура бербей, бат эле аласалып-алмашып кетмеги бар тура. Ошого каниет. Анткени, жаңы доор келсе тарых кургур өзүнүн чындыгын издеп, карайлап, акыры […]

"Кыска, нуска өмүр сүргөн көп кырдуу талант…"


Баарыбызга белгилүү, өткөн кылымдын 1960-жылдары Советтик жазуучулар менен журналисттер, анын ичинде кыргыз калемгерлери турмуш чындыгын кеңири, терең изилдөөгө жигердүүлүк менен киришкен. Ошол кезде адабиятка аралашкан муунду биз сөз кыла турган Калыгул Токтомамбетов өңдүү жаш таланттардын чоң толкуну, жаңы генерациясы толуктайт. Калыгул Токтомамбетов, Токтосун Самудинов, Кубатбек Жусубалиев, Мелис Абакиров, Мырзаян Төлөмүшөв, Дайырбек Казакбаев, Төлөгөн Мамеев өңдүү […]

Кожомкул – теңдешсиз балбан


Өмүрү жана өнөрү улам кийинки муундарга өрнөк боло турган тарыхый инсандардын бири – Кожомкул балбан 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, 1955-жылы 67 жаш курагында өмүрдөн өткөн. Айтылуу балбан кечээ, жакынкы убактарда эле жашап өткөнүнө карабай, эмнегедир, эл ичинде анын боюнун узундугу, салмагы тууралуу эки ача маалымат бар экен. Биринде: баатырдын бою 2 метр, 30 […]

Ыйык жер. Байдөөлөттүн керемети


Аскараалы Абдылдаев – бүгүнкү күнү 86 жашта. Ал Тогуз-Тородо 63 жыл айыл чарбасында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Айыл чарбасынан тышкары кыргызчылыкка байланыштуу айта турганы арбын аксакалдын төмөнкү баяны окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

Акын Алик АКИМАЛИЕВ: "Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүүгө убактысы жок"


Адабиятка сырттан көз салып жүргөн кээ бир окурмандар тамаша-чынын аралаштырып “Мамлекет адабият менен маданиятка көңүл бурбай калгандан бери көпчүлүк калемгерлер чыгарма жазбай башка иштер менен алектенип кетти. Бирок жалгыз гана Алик Акималиев тээ союз учурундагы акын, жазуучулардай эле эч жерде иштебей чыгармачылыктын артынан түшүп, догурунуп болсо да ыр жазып жүрдү. Ошол гана чыныгы акын экен” […]

КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ: "Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна кыянаттык кылган"


Чубактын кунундай чубалган ремонт иштери кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрында биртоп жылдан бери бүтпөй келет. Сыртынан караган адамга баары жайында, кыбырап иштеп аткан театр көрүнгөнү менен бул жердин чечилбей жаткан ички маселелери, көйгөйлөрү көп. Чоң театрдын жүгүн, жоопкерчилигин мойнуна алып, жетекчи болуп шайланган жаңы директор, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВди кепке тарттык.

Кыз-келиндердин зер жасалгалары


XIX-XX кылымдарга таандык күмүштөн, шурудан, каухардан, мончоктон ж.б. түстүү металлдардан жаралган асем буюмдарына: шакек, билерик, топчу, оймок, сөйкө, бой тумар, желбирөөч, чолпу, чач учтук, чачпак, күбөк, чачкап ж.б. өңдүүлөр кирип, үлгү кармоодо зергерлер “сыя төгүү” (“мина төгүү”, “себет төгүү”), “тордоо”, “ийүү”, “эшүү”, “согуу”, “сиркелетүү”, (“таруулатуу”), “калыпка куюу”, “чегүү” (“чапкылоо”) сыяктуу ыкмаларды колдонушкан. Кыз-келиндер тагынган күмүш […]

Тилим менин – дилим менин


“Мажүрүм тал Оштун символу” деп обон салса, бул сөз курамы нукура кыргыз тилине көп коошпогондой түр калтырат. Азыркы кезде мындай коошпостуктар, өөн учураган сүйлөм-сөздөр кыргызча теле-радио, рекламага окшогон калктын табитин калыптандыра турган маалымат каражаттарынан көп эле кездешип, адатка айлана баштады. Көп учурда мындай көрүнүш орус ж.б. тилдерден сөзмө-сөз механикалык которуудан келип чыгууда. Ушуну кеңейтип айтканда, […]

Ат – адамдын канаты


Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү. Ат чабыш Кыргыз элинде: “Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө. Ат, аттан кийин жат”,-деген макалдар бекеринен айтылып калбаса керек. Кыргыз эли байыркы замандан бери мал чарбачылыгы менен кесип кылып, […]

Сүйөркул Чокморов: Токулган токтомдор, тургузулбаган эстелик


Аттиң ай, бири кем дүйнө. “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деп айтып келебиз. Бирок атагы ай- ааламга кеткен замандашыбыз, КРнын эл сүрөтчүсү, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элеси көпчүлүктүн эсинде болгону менен, колубуздан келгенди да жасабай, элесине татыктуу таазим кыла албаганыбыз өкүндүрөт. “Эстелигин тургузабыз” деген 1997-жылдан бери өлкөдө бир канча өкмөт башчы алмашты, маданият тармагынын канча […]

Айтматов менен Садырбаевден калган «АРМАН»


Фашисттер бейкапар жаткан Советтер Союзунун аймагына кирип келишти. Бейкут жаткан эл будуң-чаң түшүп, кол арага жараган жигиттердин бардыгы мекенди коргоо үчүн согушка аттанышты… Ошол согуш каарын көрүп, тестиер Чыңгыз Айтматов эс тартканы бир үйдүн жалгыз уулу согуштан кайтпай калганын чыгарма кылып жаратты. Ал чыгарманы даанышман кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев тасмага айлантты.