Monthly Archives: Январь 2010

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны: "Асанкалый сөздүн гүлүн тандаган обончу эле"


– Белгилүү обончу, аткаруучу Асанкалый Керимбаевдин сиз менен болгон чыгармачылык байланышы жөнүндө кеп козгосок дедик эле. Кантип таанышып, мамыр-жумур болуп кеттиңиз? Эмне байланыштырып, эмне бириктирип турду деп ойлойсуз? – Биз таанышкан учур өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Асан Асанкалый бололек , Асан болуп турган мезгилге туура келет. Мен Памирден келип, “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеп аткам, обончулардын […]

ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ


Бул макала калың элге арналып жазылгандыктан, илимий терминдерди жөнөкөй түшүнүктөр менен алмаштырганга аракет кылдым. Башка арга жок. Эмесе сөз башынан болсун.

"Нурэл" гезити жарыкка чыгат


Жакында кыргыз рухунун дөөлөттөрүн, салт-санаасын, наркын, нукура тарыхын чагылдырган, изилдеген Манас таанууну тереңдетип жана социалдык-маданий тармактагы темаларды чагылдырган улаган кыргыз тилиндеги гезит  жарыкка чыгат. Башкы редактору журналист Абдымамбет Сарыев, орун басары Кадыр Кошалиев. “Zpress.kg”, 22.01.2010-ж.

Түштүк Кореяда 10 кыргыз фильми көрсөтүлөт


Кыргыздын он мыкты фильми Корея республикасынын кинотеатрларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик маданият агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады. Агентиктин башчысы Султан Раев КРнын Кореядагы элчиси  Туйгунбай Абдраимовдон Түштүк Кореянын кинотеатрларында  кыргыздын он мыкты тасмасын көрсөтүү тууралуу келишимге жетишилгендиги тууралуу кат алган. Султан Раевдин айтымында, учурда атайын комиссияга көрсөтүү үчүн тасмалар тандалып жатат. “Zpress.kg”, 22.01.2010-ж.

Гундула Салк: “Сүйүнчү! Тоголок Молдонун санжырасы тууралуу китебим чыкты”


Жакында белгилүү немис чыгыш таануучусу Гундула Салк айымдын жаңы илимий монографиясы жарык көрдү. Китеп айтылуу кыргыз жазма акыны жана санжырачысы Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжыралык мурасын иликтөөгө арналган. Дал ушул темада Гундула былтыр Германиянын Фрайбург университетинде жактаган доктордук диссертация эң мыкты баага татыган. Илимий чыйыр башаты Гундула Салк (Gundula Salk, бүлө күтө электеги тегаты […]

Кыргыз профессионал музыкасы колдоого муктаж


Адистердин айтымында – өкмөт тарабынан Кыргыз музыкасына деңгээлинде көңүл бурулбай, өзгөчө айлык маянанын аздыгынан музыка адистери чет жактарга кетип жана жаш таланттар окууларын ташташууда. Учурда Кыргызстанда жаш кезинен музыкалык багытта билим алып келген көп таланттуу жаштар окууларын таштап, башка кесиптерге өтүшүүдө же окуп бүткөндөрдүн көпчүлүгү жана ошондой эле музыкалык атайын билими бар көп адистер чет […]

Темир Бирназаров: "Жилик бөлүштүрүүнүн өзү чоң философия"


Ата-бабадан калган каада-салтка аттуу-баштуулар ар кандай пикирде. Бирөөлөр аны ыйык мурас катары сактап калалы десе, башкалары “эскиден калган калдык, аны жойбосок өспөйбүз” деп жүрүшөт. Дегеле каада-салттын бүгүнкү турмушта орду кандай? Керекпи же кереги жокпу? Ушул теманын айланасында сөз козгоону чечтик. Бул ирет режиссер Темир Бирназаровду кепке тартып, чыгармачылыгы тууралуу да суроого үлгүрдүк. Адамдын колу тийбеген, […]

Аалы Туткучев: "Эми мен шылдырак кагып ырдайм"


Бир топ жыл мурун Эстебес Турсуналиев атабыз, “Эл ырчысы Эстебес” атындагы фольклордук топту түзүп, өзү жетектеген эле. Андан кийин топту Тууганбай Абдиев колго алган соң, өзүнүн шакирти төкмө акын Аалы Туткучевге дайындаган экен. Учурда Аалы мырза өз ишин мыкты аткарып, ал топту жетектеп келет. Анда Аалы менен болгон маекке көз жүгүртүңүз.

Чачыңдан айланайын!..


Чач – аялзатынын көркү. Көркү эле болбостон, илгертен анын ыйман-ырысы, бактысы, ырыскысы деп эсептелип келген. Муну биз турмуштук тажрыйбалардан көп эле угуп-билип келебиз.

Курманжан датканы даңазалоо анын бейитинен башталса


Ар бир эле инсандын жашап өткөн өмүр жолу тарых үчүн кызмат кыла бербестиги сыяктуу эле, кадыр-баркы сиңген адамдарды урпактары эсинен “сууруп” алып таштоо мүмкүн эмес. Ага далил катары Х1Х кылымда орус генералы таңдануу менен “анык Алай ханышасы турбайбы” деп баа берген Курманжан датканын 180 жылдык мааракеси 1991-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, “Көкөтайдын ашындай” көп эл жыйналганы […]

"Манас" эми жазуу түрүндө келди


Айкөл Манас” дастаны кылымдар бою жомок катары айтылып келе жаткан улуу “Манас” эпосун түрдүү имиштерден тазалап, андагы окуялардын реалдуулугун тактап, кээ бир өнүгүү себептерин түшүндүрүп, Манас атабыз тарыхый инсан экендигин далилдөөгө киришүүнүн илимий булагы болуп, азыркы учурда тарыхый дастан катары өз ордун ала турган абалга жетип калды. Анткени “Айкөл Манас” дастанын изилдөөчүлөр, окумуштуу тарыхчылар, андагы […]

Шилтемелерге толуктоолор


“Кыргыз маданият борборунун” шилтемелер бөлүгүнө дагы 3 кыргыз тилдүү Интернет булактары киргизилди: “Жаңы кылым” гезитинин сайты “УСТА Медиа” гезитинин Интернет баракчасы жана Тынчтыкбек Чоротегиндин “Кыргызым” деген блогу. КМБ

Эсти оодурган эстеликтер


Шаарыбыздын борбордук аянты күндөн-күнгө жаңырып, жашарып жаткандыгын тана албайбыз. Биринчи күнү фонтан атылып, айланасы кызыл-тазыл гүлгө чулганып жыпар чачса, дагы бир күнү мамлекетибиздин туусу асман тирей желбирейт… Жаңылануу жагы албетте кубанычтуу дейли. Бирок, аянтыбызды ар кандай эстеликтер менен кооздойбуз деп оркойгон кемчиликтерибизди көрсөтүп жатабыз. “Манас” эпосунун каармандарын элестеткен айкелдердин чыры эмне менен аяктагандыгы баарыбызга белгилүү. […]

Бишкекте юбилейлик-персоналдык көргөзмө ачылды


Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт-өнөр музейинде 19-январда  Лидия Ильинанын 95 жылдыгына жана Андрей Михалевдун 100 жылдыгына арналган персоналдык көргөзмөнүн ачылышы өттү. Бул туурасында 20-январда “КАБАР» агенттигине музейдин кызматкерлери билдирет. Алардын имаалыматы боюнча, аталган жубайлар кыргыз графикасын негиздөөчүлөр катары эсептелет. Экспозицияда 100дөн ашуун эмгек: негизинен графика, ошондой эле акварель жана живопись тартууланган. Көргөзмө 15-февралга дейре созулат. […]

"Манас" Американы айланат"


Ушул айдын жыйырма үчүндө фольклор-этнографиялык “Ордо-Сахна” тобу менен бирдикте манасчы Рыспай Исаков Америкага аттанганы турат. Ал тараптын атайын чакыруусу менен бараткан кыргыз өнөрпоздору бир ай бою америкалыктарга элибиздин ыр, күү, “манасын”, элдик аспаптарын тааныштырат. Бул жакта “Манас” чатагы Кытай тарап менен күч алып турганда бул иш-чара оңбогондой эле олжо. “Манас” кимдики экенин, дүйнөгө ким тааныта […]

Ильич алдыда "Алышты" иликтейт


Белгилүү журналист, КТРде “Ала-Тоо” маалымат программасынын алып баруучусу, “Ильич иликтейт” долбоорунун автору жана алып баруучусу Ильич Кулназаров учурда “Алыш” күрөшү боюнча иликтөөлөрүнүн үстүндө иштөөдө. Алдыдагы берүүсүндө “Алыштын” түзүлүшү, учурдагы абалы, келечектеги максаттары тууралуу кеңири маалыматты угуп, көрсөңөр болот. Айтымда, буюрса ушул жылы “Алыш” күрөшү боюнча биздин өлкөдө дүйнөлүк чемпионат өтүп, анда дүйнөнүн көптөгөн балбандары күч […]

Опералык ырчы Кайынбек Кускаков жаңы партияларды алып чыгат


Опералык ырчы Кайынбек Кускаков атактуу италиялык композитор Джузеппе Вердинин опералары боюнча жаңы партияларды даярдоодо. Ырчы жаңы партиялары менен чет жактарга чыгармачылык сапарга чыгуу алдында турат. Кайынбек Кускаков 2010-жаңы жыл алдында Кыргыз президенти Курманбек Бакиевден эки бөлмөлүү квартира алды жана ага удаа эле “Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти”  наамы ыйгарылды. Мындай ийгиликтер анын чыгармачылыгына жаңы дем, жаңы […]

Классикалык музыкага жаштардын кызыгуусу төмөндөөдө


Республиканын музыкалык окуу жайларында классикалык музыкага кызыгуулар төмөндөөдө. Бул туурасында бүгүн “Кыргызстанда профессионалдык музыка билимин өнүктүрүүнүн проблемалары жана перспективалары” деген республикалык илимий-практикалык конференцияда эстрада ырчысы жана педагог Гүлзинат Суранчиева билдирди.

А. Пазылов: 2010-жылы бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартылат


Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартышат. Бул туурасында Кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазылов билдирди.

Малик Аликеев: ”МӨЛМӨЛҮМДҮ” ЫРДАЙМ ДЕП КЕМПИРЛЕРДЕН ТИЛ УККАМ


“Болор-болбос баш баккан, бөдөнө тумшук мамагың…” деген саптарды укканда эл «айт-уйт» болуп укмуш кыйкырат эмеспи. Мына ошол саптарды камтыган “Мөлмөлүмдү” ийине жеткире ырдаган Малик Аликеев менен болгон маек назарыңыздарда.

Кыргыз цирки "Монте Карло" эл аралык цирк искусствосу боюнча фестивалда “Күмүш клоун” номинациясына ээ болду


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Цирки “Монте Карло” эл аралык цирк искусствосу боюнча фестивалга катышып, анда “Күмүш клоун” номинациясын жеңип алды. Фестиваль 14-24-январга чейин Монте-Карло (Франция) шаарында өтүүдө. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев билдирди.

Былтыр республиканын маданият тармагына 707 миллион сом каралган


Бүгүн мамлекеттик маданият агенттиги 2009-жылдын жыйынтыктарына арналган коллегияны өткөрдү. Анда агенттиктин директору Султан Раев былтыр маданият тармагына 707 миллион 827,7 миң сом каралгандыгын айтты. Анын айтымында жогорудагы сумманын 460 миллион 880,8 миңи республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жылдан жылга каржылоо жогорулоодо. 2007-жылы 351,9 миллион сом бөлүнсө 2008-жылы бул сумма 366,3 миллионго жеткен. Маданий жайлар, клубдар, кинотеатр, театрлар […]

Бишкекте "Китепке кайрылуу" деген аталыштагы акция өтөт


Республикадагы жаш жазуучулар жана акындардын “Ковчег”  демилгечилер тобу үстүбүздөгү жылдын 23-январь күнү “Китепке кайрылуу” деген аталыштагы акция уюштурат. Бул тууралуу топтун мүчөсү Сабина Рейнгольд билдирди. Анын айтымында мындай акция жаштар арасында китепке болгон кызгууну арттырат. “Китеп жан дүйнөнү азыктандырат. Биз жаштарга ушул нерсени түшүндүрүшүбүз керек. Атайын жолугушууларды өткөрүп ал жакта жаштар акыркы окуган китептери, басылмалар […]

Фамилияны кыргызчалатуу мезгили келдиби?


Ушул тапта Кыргызстанда фамилияны эне тилге ылайык жазуу мезгили келдиби? Статистикалык эрежелерди бузбаш үчүн кандайча өзгөртүү зарыл? Дегеле кыргызча фамилия алып жүрүүгө кыргыздардын кызыкчылыгы барбы? Жогорку Кеңеш трибунасында туруп, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Улан Мелисбек фамилияларды кыргызчалатууга чакырды.

Көп кырдуу талант


“Азаттык” радиосунун кабарчысы Аманбек Дилденбай бүгүн эл ортону элүү жашка чыгып олтурат. Аманбек Жапаров бүгүн коомчулукка төбөсү көрүнгөн белдүү журналисттердин бири катары эле эмес, актер, режиссер катары да таанымал. Аманбек Жапаров учурда журналисттик кесипти аркалаганы менен чыгармачылык жолун театрдан баштаган.