Daily Archives: 25.01.2010

КОЖОМКУЛ


Ала-Тоону мекендеген ак калпак кыргыз элинен илгертеден эле баатырлар, балбандар чыккан. Биз бүгүн тарыхый инсаныбыз Каба уулу Кожомкулду эскермекчибиз. Анын эрдиктери бүткүл Орто Азияга белгилүү болуп, ар ким өз көзү менен көрүп, колу менен кармап көрүүгө боло турган мурастары сакталуу. КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал […]

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ТУТАНАБЫ?


Кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгып, кыргыз керемети деген атка конгон 60-70-жылдар эсиңизде болсо керек. Жапайы кыргыз деп эсептеген башка улуттарга кыргыз эли таланттуу эл экенин тааныткан кыргыз киносу, кино ишмерлери, албетте, сөз кылганга арзыйт. ТАРЫХЫ 1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген […]

Кыргызстандын кинематографисттери Локарнодогу кинофестивалда эмгектерин көрсөтүшөт


Кыргызстандын кинематографисттери Швейцариянын  Локарно шаарында боло турган 63-эл аралык кино фестивалда эмгектерин көрсөтүшөт. Борборазиялык  режиссерлорду кинофестивалга катышууга аталган иш-чаранын форум программасынын директору Мартина Малакрида чакырган. Кино экперт Гүлбара Төлөмүшева билдиргендей, кинофестиваль  2010-жылдын 4 -14- августунда  Локарнодо өтмөкчү. Бул форумдун “Ачык эшиктер” программасы Борбор Азияга арналат. Фестивалга катышуу үчүн заявкалар ушул жылдын февраль айынын соңуна чейин […]

Celtic Aire музыкалык тобу Кыргызстандын шаарларында концерт берет


«Бүгүн (25-январда) Бишкекке “Celtic Aire” музыкалык тобунун келиши күтүлүүдө», – деп билдирди Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн музыканттардан түзүлгөн “Celtic Aire” тобу ирландыктардын салттуу ырларын, аспаптык пьесаларды аткарышат. Музыканттар 25-январдан 2-февралга чейин Бишкек, Кант шаарларында жана Тамгада концерт берери маалым болду. Ж.Ж., «Кабар» МА, 25.01.2010-ж.

Бишкекте "Из" даректүү фильминин премьерасы болот


Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүндө 29-январда республиканын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери Бекеш Абдылдаевдин  “Из” даректүү фильминин премьерасы болот. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине Кинематография боюнча департаменттин басма сөз борбору билдирди. Кинотасма белгилүү сүрөтчү-мультипликатор Сагын Ишеновдун өмүрүн жана чыгармачылыгын баяндайт. Картинанын оператору Кыргызстандын эл артистти Нуртай Борбиев. Ал, басма сөз борборунун маалыматы боюнча, ошондой эле быйылкы […]

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны: "Асанкалый сөздүн гүлүн тандаган обончу эле"


– Белгилүү обончу, аткаруучу Асанкалый Керимбаевдин сиз менен болгон чыгармачылык байланышы жөнүндө кеп козгосок дедик эле. Кантип таанышып, мамыр-жумур болуп кеттиңиз? Эмне байланыштырып, эмне бириктирип турду деп ойлойсуз? – Биз таанышкан учур өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Асан Асанкалый бололек , Асан болуп турган мезгилге туура келет. Мен Памирден келип, “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеп аткам, обончулардын […]

ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ


Бул макала калың элге арналып жазылгандыктан, илимий терминдерди жөнөкөй түшүнүктөр менен алмаштырганга аракет кылдым. Башка арга жок. Эмесе сөз башынан болсун.