Daily Archives: 12.01.2010

Москвада Кыргызстандын адабият жана фольклордук үлгүлөрүн камтыган жыйнак жарык көрдү


Жаңы жылдын алдында Москвада Кыргызстандын адабият жана  классикалык фольклордук үлгүлөрү камтылган “Түбөлүктүн үнү” деп аталган жыйнак жарык көрдү.

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев 69 жашка чыкты


Бүгүн белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 69 жашка толду. Ал 1941-жылдын 12-январында Фрунзеде туулган. 1962-жылы Лариса Шепитьконун Чыңгыз Айтматовдун “Бото көз булак” повести боюнча “Аптап” фильмине тартылган. 1965-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетин А.Згуридинин өнөрканасында аяктаган. “Манасчы”, “Чабан”, “Караш ашуусундагы атышуу”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Ак кеме”, “Адамдардын арасында”, “Эрте жаздагы каркыралар”, “Бөрү зындан”, […]

Обончу Рыспай Абдыкадыров бүгүн 69 жашка чыкмак


Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январь күнү Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүтүрүп, эмгектенип жүргөн райондук маданият үйүнөн 1962-жылы Жалал-Абад театрына которулган. 1963-жылы Ош педогогикалык институтунун музыка факультетине кабыл алынган. Ошол  эле мезгилде Ош шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп дагы  иштеген.

Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмуна 75 жыл толду


Жаңырган жылдын май айында Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюму 75 жылдык мааракесин белгилейт. Ага бир катар мамлекеттин кыл калем чеберлери келет. Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы Таалай Курмановдун билдиргенине караганда учурда мааракеге карата даярдыктар көрүлүүдө. Анын айтуусунда 75 жылдык мааракенин алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүлөрү чет элдик кыл калем чеберлери менен пленерге чыгышат.

Мамлекеттик орус драма театрында Ыйык Валентин күнүнө карата "Ромео жана Жульетта" спектакли коюлат


Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында У.Шекспирдин “Ромео жана Жульетта”  пьесасы боюнча жаңы спектаклди даярдоо башталды. Бул туурасында 11-январда “Кабар” агенттигине театрдын басма сөз кызматынын жетекчиси Владимир Трофимов билдирген.

Блогдун "Издөө" кызматы жакшыртылды


Блогдун “Издөө” кызматы жакшыртылды. Мурда издөөгө киргизилген сөздүн жыйынтыгы түшүнүксүз символдор болуп чыгып жатса, эми ал туура көрсөтүлө баштады. КМБ