“Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов

от temirlik

Таңкы бурганак

Муздак жел кышты жулмалап,
Уюлгуп ак кар буйдалат.
Ак таңда чыксам ак дүйнө,
Аймалайт жүзүм бурганак.

Кечип мен аппак иримди…
Келатам салып изимди.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Агартчы көңүл, дилимди?

Сөгүлүп аткан таң сыңар,
Сөөгүмдөн, жандан зар чыгар.
Аруулай турган дүйнөнү,
Аппак кар силер барсыңар.

Ак бороон сени күтүнбөй,
Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй.
Кар бүртүк бетке чачырайт,
Апамдын эмчек сүтүндөй.

Жазылбай канча ыр калып,
Жанды эзип далай ыйладык.
Бурганак болуп кетким бар,
Буйдалып жүрбөй, буйдалып.

Күттүргөн жазы, күзү да,
Гүлдөгөн өмүр күчү да.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Алп Жердин эне сүтү да.

Ак таңда түндү кубалап,
Аппак кар жаашы уланат.
Асмандан түшүп атайы,
Аруула бизди бурганак…

Зайырбек Ажыматов,
“Кар” сынагына

About these ads

Комментарии (6) to ““Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов”

  1. Соз жок! Ыр сонун жазылыптыр! Мага абдан-абдан жакты.

    Күттүргөн жазы, күзү да,
    Гүлдөгөн өмүр күчү да.
    Ааламдан түшкөн аппак кар,
    Алп Жердин эне сүтү да.

    Укмуш берилиптир! Бар болунуз акын ага! Жакшы ырларыныз учун рахмат!

  2. Сонун ыр

  3. Мына, а бул болсо белгилуу чон акындын жазганы экени дароо байкалып турат.
    Ырдын мааниси, уйкаштыгы, баардыгы жайында.
    Бир окуганда шар окулуп, конулундо, журогундо кала турган ыр.

  4. Бирок бул белгилуу акынынардын кунгурт прошлыйы тууралуу эмне дейсинер…

  5. Ар бир адамдын откону болот. Бирок, менимче бул жерде акындардын жашоо-турмушуна киришип, кандай адам деп анын «кунурт прошлыйын» териштируучу жер эмес го дейм урматуу Жанара айым. Акындар деле жонокой эле адамдар: жанылышат, жашашат, суйушот, кайгырышат. Копчулук адамдар акындын ырын жактырышат, суйушот, а акындын озун тушунгусу келишпейт. Акындар идеал деп ким айтты? Деги эле бул дуйнодо идеал адам болбойт. Биз адамдарды кандай болсо ошондой кабыл алуубуз керек.
    А бул жер адамдарды сындан откорчу жер эмес. Ырларды сындан откорчу жер.
    Андыктан, ырдын озуно пикир калтырсак жакшы болоор эле…

  6. Бул жерде катуу сөздөр жүрө баштады окшойт. Адамдын аброюну шек келтирген сөздөр да айтылып калууда. Ушуга байланыштуу бир пикирди мен жалпынын назарына чыгарууга уруксат бербедим. Дагы бир эстетип кетким келет, бул жер айтылган макала, ыр боюнча гана пикирди айтуу, угуу үчүн, ага тиешеси жок нерселер колдоого алынбайт. Пикир алмашуу да маданияттуу болушу керек.

    КМБ

Добавить комментарий

Заполните поля или щелкните по значку, чтобы оставить свой комментарий:

Логотип WordPress.com

Для комментария используется ваша учётная запись WordPress.com. Выход / Изменить )

Фотография Twitter

Для комментария используется ваша учётная запись Twitter. Выход / Изменить )

Фотография Facebook

Для комментария используется ваша учётная запись Facebook. Выход / Изменить )

Google+ photo

Для комментария используется ваша учётная запись Google+. Выход / Изменить )

Connecting to %s

Отслеживать

Get every new post delivered to your Inbox.

%d bloggers like this: